Журнал КР Адилет министрлигинде катталган.
Каттоо кубөлүгү №1125.
Журналга келген кол жазмалар кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Журналга жарыяланган материалдар редакциянын толук көз карашын билдирбейт.
Журнал редакциянын компьютердик борборунда даярдалды.
Астрахань областынын прократурасы азан чакыргандыгы үчүн шаардык мечиттин жетекчилигине штраф салды.
Астрахань областынын прократурасы түнүчүндө азан чакырып шаар тургундарынын
тынчын алгандыгы үчүн шаардык мечиттин жетекчилигине административдик штраф салды. Бул боюнча прократура тарабынан протокол түзүлүп, имамга 500 рубль, ал эми мечиттин өзүнө 1000 рубль штраф салынды. Мындан кийин азанчынын үнү көчөдөгү үндөн жогору болбоого тийиш.
Портал «Русская линия»
www.islam.ru
Казан Ислам университетинде экономика факультети ачылганы турат
Казан Ислам университети жаңы окуу жылында дүйнөлүк экономика илими боюнча өзүнчө факультет ачууну пландаштырууда. Жаңы факультеттин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик үлгүдөгү диплом алуу менен бирге Ислам экономикасы боюнча билимдерин жогорулатууга укуктуу боло алышат.
Университеттин ректору Рафик Мухаммедшиндин айтымында, факультет экономиканын жалпы негиздерин камтыйт. Бул факультетке Казан шаарындагы мамлекеттик университеттердин окутуучулары чакырылган. Рафик Мухаммедшин Ислам.ру сайтына берген интервьюсунда: «Ислам экономикасы боюнча сабактар үчүнчү курстан баштап окутулмакчы. Ислам экономикасы сабагы Куала Лумпур институтунун (Малайзия) атайын окутуучулар жамааты тарабынан өтүлмөкчү. Бул боюнча келишим түзүлдү. Бул институтта Ислам экономикасы тереңдетилип окутулат» дейт.
«Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат! Мүмкүн алар Туура Жолдо болушар» (Тооба сүрөсү, 18-аят).
Алланын Элчиси мындай дейт(с.а.в.): «Ким Алланын ыраазылыгы үчүн бир мечит
салса, Алла Таала ал адамга бейиштен бир кансарай даярдайт» (Муслим, Масажид, 24).
Намаз – Кудай Тааланын пенделерине ары мүшкүлдөн коргоочу, ары бактылуулукка
жетектөөчү, кыскасы бардык жакшылыктардын башаты катары берген белеги.
Адамбаласы качан гана Жаратканына жалбарып, ибадат кылганда гана чыныгы
мусулмандыктын даамын татар. Ошондой эле Алла Таала ибадатчыл мусулмандарга
баа берерин Ыйык Куранда маалыдаган. «Намазды туура окугула жана зекет бергиле! Эмне жакшылык жасабагыла, аны Алланын даргөйүнөн табасыңар. Шек-күмөнсүз Алла Таала бардык иш аракеттериңерди көрүп турат» (Бакара сүрөсү. 110-аят)
Бул бөлүмдөн болсо, мына ошол намаздын пайдаларын, убакыттарын жана ошондой
эле жеңил үйрөнүү жолдорун таба аласыздар.
Ыйман жөнүндө дагы пайдалуу маалымат үчүн Ислам.KG
Урматту коноктор!
Эгер кандайдыр ой-пикириңиздер болсо, сунуштарыңыз, же балким жакшы
макалаңызды биздин журналдын келерки санында көрүүнү кааласаңыз, каалаган
убактыңыздарда бизге кат жазып, чалып, офиске келип байланышсаңыздар болот.Эшигибиз сиздер үчүн дайыма ачык!