Интернет магазин мебели стенки туалетный столик. . Bill enjoy modern metatrader4 and never complains about it. . Next best thing - casino slots sites . giochi baccarat online italia. . Продаем пенопласт для утепления стен.
Журнал КР Адилет министрлигинде катталган.
Каттоо кубөлүгү №1125.
Журналга келген кол жазмалар кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Журналга жарыяланган материалдар редакциянын толук көз карашын билдирбейт.
Журнал редакциянын компьютердик борборунда даярдалды.
Ак Башат журналы Кыргызстандагы руханий, маданий жана адабий багытта жарыяланып жаткан жалгыз журнал. Журнал илимий жактан тастыкталган жана Ислам дининин негизинде калыптанган маалыматтарды элге сунуп, кыргыз журтчулугунун руханий кенчин арттыруу, диний түшүнүгүн жогорулатуу, Ислам тарыхында жана өз тарыхыбызда опол тоодой оруну бар залкарлардын өмур чыйырындагы мыкты сапаттарын, үлгү болоорлук изги ахлагын, мурастап кеткен акылга бай кеп-сөздөрүн элге кеңири жеткирүү, жаш муундун келечегинин оң жагына багытталышына аз да болсо таасир калтырууну максат кылат. Ак Башат журналынын башка басылмаларга салышырмалуу эң бир өзгөчөлүгү - нечен кылымдардан бери элибиздин кан-жанына сиңип калган Ислам дининин баалуулуктарынын ажатын ачып, түрдүү темалардан кеп козгойт.
Демилгени Ош мамлекеттик университети Арашан гуманитардык институту теология факультетинин деканы Өмер Челик которуп чыккан. Журналдын алгачкы редактору болуп Кемал Гёз дайындалды. Чыгармачылык топто дизайнер: Насыпбек Асанбаев; корректор: Төрөбай Эшеналиев; котормочулар: Бакыт Конурбаев, Мирзат Жапаров, Жаркынбай Себетов жана Мурзали Шакиров аттуу жаштар иштей баштаган.
Ак Башат журналы алгачкы санын 2005-жылы октябрь айында жарыкка чыгарды. Ошондон бери журнал үзүрлүү эмгектенип, Кыргыз элинин руханий жашоосуна аз да болсо салымын кошуп, талыкпай арыш керип келе жатат.
Журнал билим берүү, ыйман сабагы, Ислам маданияты, тарыхый инсан, суроо-жооп ж.б.у.с. ар тараптуу рубрикалардын айланасында макалаларды жарыялайт.
Албетте «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей, Кыргызстандагы ушул багытта алгачкы журнал болгондуктан, адеп жарыкка чыга баштаганда айрым катачылыктарды башынан өткөрдү. Ошондон бери чыгармачылык топ ар тараптан тажрыйбаларды топтошуп, шыктарына шык, демдерине дем кошулуп, кыргыз калкы үчүн үзгүлтүксүз эмгек кылышууда. Ал эми учурда кыргыз журтчулугуна таанымал Асан Саипов журналдын башкы редактору; жазуучу Садык Гавай жооптуу редактор; медиа баяндамачы болуп Мыктыбек Арстанбек өңдүү тажрыйбалуу адабий ишмерлер иштеп жатышат.
Өз аты айтып тургандай эле, Ак Башат журналы ак жолдун башаты.
«Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат! Мүмкүн алар Туура Жолдо болушар» (Тооба сүрөсү, 18-аят).
Алланын Элчиси мындай дейт(с.а.в.): «Ким Алланын ыраазылыгы үчүн бир мечит
салса, Алла Таала ал адамга бейиштен бир кансарай даярдайт» (Муслим, Масажид, 24).
Намаз – Кудай Тааланын пенделерине ары мүшкүлдөн коргоочу, ары бактылуулукка
жетектөөчү, кыскасы бардык жакшылыктардын башаты катары берген белеги.
Адамбаласы качан гана Жаратканына жалбарып, ибадат кылганда гана чыныгы
мусулмандыктын даамын татар. Ошондой эле Алла Таала ибадатчыл мусулмандарга
баа берерин Ыйык Куранда маалыдаган. «Намазды туура окугула жана зекет бергиле! Эмне жакшылык жасабагыла, аны Алланын даргөйүнөн табасыңар. Шек-күмөнсүз Алла Таала бардык иш аракеттериңерди көрүп турат» (Бакара сүрөсү. 110-аят)
Бул бөлүмдөн болсо, мына ошол намаздын пайдаларын, убакыттарын жана ошондой
эле жеңил үйрөнүү жолдорун таба аласыздар.
Ыйман жөнүндө дагы пайдалуу маалымат үчүн Ислам.KG
Урматту коноктор!
Эгер кандайдыр ой-пикириңиздер болсо, сунуштарыңыз, же балким жакшы
макалаңызды биздин журналдын келерки санында көрүүнү кааласаңыз, каалаган
убактыңыздарда бизге кат жазып, чалып, офиске келип байланышсаңыздар болот.Эшигибиз сиздер үчүн дайыма ачык!