Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

Кожо Ахмед Ясавинин керемет дүйнөсүнөн

Мазмуну

док. Мурзараимов Б.
АГИ теология факультети
murzaraim@mail.ru

Ислам динин мистикалык маанайда өтө жөнөкөйлүк менен тааныта алган Кожо Ахмед Ясави Орто Азияда исламдын жайылуусунда өзүнүн чоң таасирин тийгизген. Азирети Түркстан жана Пири – Түркистан деген лакаптар менен элге кеңири таанымал болгон Кожо Ахмед Ясавинин турмушу укмуштуу керемет сырларга бай. Алардын кээ бири төмөндөгүчө:

***

Арстан Баб аттуу зат рываяттарга караганда сахабалардан эле. Аз. Пайгамбарыбыз катышкан кайсыл бир согушта сахабалар ачка калып, пайгамбарыбыздын жанына келишет да жегенге бирдеме сурашат. Пайгамбарыбыздын дубасынан кийин Жабреил периште бейиштен бир табак курма алып келет. Курманы сахабаларга сунганда бир даана курма табактан жерге түшүп калат. Анда Жабреил периште пайгамбарыбызга кайрылып: «Бул курма сенин үммөтүңөн Ахмед Ясави аттуу бир затка насип кылынган» - дейт. Ошондо пайгамбарыбыз ал курманы алып, бул аманатты өз ээсине тапшыруу үчүн Арстан Бабка тапшырат. Арстан Баб ал курманы жейт да, рываяттарга караганда 400 жыл жашап Ахмед Ясавиге дин жолунда устаттык кылат.

***

Кожо Ахмед Ясави күндөлүк убактысын үчкө бөлчү. Биринчи бөлүмүндө Алла Таалага ибадат кылчу. Экинчи бөлүмүндө шакирттерине билим берчү. +чүнчү бөлүмүндө болсо курсагын тойгузуу үчүн жыгачтан кашык – чөмүч жасап жан бакчу.

Бир рываятка караганда анын бир өгүзү бар экен. Ал /гүзү Кожо Ахмед Ясавинин тилин түшүнчү экен. Ясави жасаган кашык–чөмүчтөрүн ошол өгүзүнө артып койо берчү. Кимге кашык же чөмүч керек болсо алар өгүздө артылып турган жеринен алып ордуна тыйынын салып койчу. Ким тыйынын бербестен алып кетсе, өгүзү ошол кишинин артынан ээрчип кете берчү. Кеч киргенде Ясавиге кайтып келчү.

***

Кожо Ахмед Ясавинин атагы чыгып, шакирттеринин саны арта баштаганда аны көралбагандар ага душмандык кылуу үчүн: «Ясавинин сукбаттарына аялдар жолук салынбастан келет экен» - деген ушак-айың сөздөрдү тарата баштады. Бул ушакты угушкан аалымдар менен акимдер аны текшерүү үчүн аттанышат. Булар Ясавинин сукбаттарына жашыруун түрдө келип кете башташат. Бирок динге каршы келген эч нерсе таба албастан кайтып кетишет. Ясави бир күнү текшерүүчүлөргө сабак берүү иретинде бир кутунун ичине кызыган чок менен пахтаны салып, аларга берет. Текшерүүчүлөр өз мекендерине кайтып келип, кутуну ачышканда жанагы чок пахтаны күйгүзбөстөн ошол бойдон турганын көрүп таң калышат.

***

Баба Маачин деген бир зат Кожо Ахмед Ясави жөнүдө көп ушак сөз угат. Бир күнү Баба Маачин Ясавини туура жолго салуу үчүн анын сарайына келет. Сарайга келгенде Ясавинин буйругу менен шакирттери сопу Мухаммед Данышменд жана Хаким Ата аны кармап, коргондун ичиндеги түркүккө байлап, ага 500 камчы урушат. Бирок Баба Маачин эч үч чыгарбай, 500 камчыдан кийин дагы бир камчы урганда ал жаны ооругандан бакырып жиберет. Көрсө, Баба Маачиндин жоонунда бир жин болуптур. Ал жин 500 камчыдан кийн качып кеткен экен.

***

Пайгамбарыбыз 63 жашында дүйнөдөн кайткандыктан Ясави 63 жашынан кийин жашоону өзүнө ыраа көрбөдү да, өзүнө кабыр сыяктуу жер төлөө каздырат. Ал 63 жашынан кийинки жашоосун ошол жер төлөөдө өлү киши сыяктуу өткөрөт. Ошол жер төлөөдө шакирттерине билим берет. Бир күнү анын жанына Саййид Мансур деген калпа келет. Калпа анын жер астындагы жашоосун көрүп абдан капа болот. Ушундай тар, караңгы жана сыз болгон жерде кантип жашап жатат деп ойго батат. Бирок көп өтпөстөн Алла Таала калпанын көзүндөгү парданы бир убакка алып салганда калпа акыйкатты көрө баштайт. Караңгы жана сыз деп ойлогон тар жердин бир учун чыгыштан бир учун батыштан көрөт.

***

Шакирттеринен Хаким Атанын жетилип бышкандыгын байкаган Ясави ага мыйдайча кайрылат: «Сага эртең менен таң азанда бир төө келет. Сен ошол төөгө мингин да аны бош койо бер. Ал төө кайсыл жерге барып токтосо сен ошол жерде элди ислам динине чакырасың».

Эртеси айтылган убакытта төө келет, Хаким Ата ал төөгө минип, бош койо берет. Ал бир топ жерге чейин кетет. Анан бир жерге келип токтоп чөгөлөйт да ошол жерде катуу бакырат. Ошентип ошол жер Бакырган деп аталып калат. Хаким Ата ошол жерде элди исламга чакырат.

Башына