Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

Түркстандык олуя Хаким Сулайман Ата

Мазмуну

Фархат Юсупов
farhatyusf@mail.ru

Хаким Сулайман Ата Түркстандан чыккан олуя. Ахмад Ясавинин көрүнүктүү орун басары. Алишер Навои Хаким Сулайман жөнүндө: «Анын сөздөрү түрк дүйнөсүндө кеңири таралган» дейт. Ал Хорезмде төрөлгөн. Кайсы жылы төрөлгөндүгү тууралуу так маалыматтар жок. Өз аты Сулайман. Бакырган деген жерде байыр алган. Ошол себептүү ал Бакырганий деген ат менен да таанымал. Өмүр таржымалы жөнүндөгү маалыматтар «Хаким Ата китеби» (Казан шаары, 1846) деген аталыштагы китепте жарык көргөн. 1186-жылы одүйнө салып, сөөгү Бакырганга (Ак-курганга) коюлган.

Сулайман жаш тайынан диний билим алып баштаган. Иралды Куран окууну үйрөнгөн. Куранга болгон урматынан улам өзүнүн курдаш достору сыңары Куранды мойнуна асчу эмес, төбөсүнө көтөрүп алар эле. Жараткандын Сөзүнө (Ыйык Куранга) абдан жогору урмат көргөзгөн береги жеткинчек өзү окуп билим алган мектебине арка салчу эмес. Үйүнө чейин жүзүн мектеп тарапка бурган калыбынан эч жазбай барчу. Күндөрдүн биринде Ахмад Ясави аны ушул калыбында үйүнө баратканын көрүп, ага өзүнчө ичи жылыйт. Ата-энесинин ыраазылыгы менен Сулайманга Курандан кошумча сабак берип туруу үчүн аны өз карамагына алат. Ошентип, ал он беш жашка толгон кезде Ясавинин чыныгы шакирти болот.

Бир күнү Хызыр (алейхиссалам) Ахмад Ясавиге келет. Бул учурда Ахмад шакирттерин отунга жөнөтөт. Алардын арасында Сулайман да бар эле. Шакирттер отундарын топтоп, мына эми кайтабыз деп жаткан кезде капилеттен жамгыр төгүп кирет. Отундун баары суу болот. Бул учурда отунун кийими менен жаап калган Сулаймандын гана отуну кургак келет. Хызыр (алейхиссалам) Сулаймандан себебин сурайт. Сулайман жамгыр себелей баштаганда кийими менен отунду жаап калганын айтат. Хызыр (алейхиссалам) Сулайманга ичи жылып: «Мындан кийин атың Хаким болсун» деп ак батасын берет. Хаким Сулаймандын ичи бир саамда нурга карк толот. Хызыр алейхиссалам анын берекесинен элдин да пайдаланышын буюрган кезде даанышман сөздөрдү сүйлөй баштайт. Ошентип, Сулайман Ахмад Ясавиден уккандарын ыр аркылуу элге жеткирген экен.

Ахмад Ясави бир күнү Хаким Атага: «Эртең сага таңга маал бир төө келет. Мына ошол төөгө мингин да, өз жайына кой! Төө кайсыл жерге токтосо, ошол жерден түш!» деп буюрат. Устаты айткандай эле, эртеси эртең менен эрте бир төө келет. Хаким төөгө минип, чылбырын өз жайына коет. Төө каалаган жерине бет алат. Хорезм жактарда бир жерге чөк түшөт. Хаким төөнү тургузууга канча аракет кылса да, аракетинен түк пайда чыкпайт. Айласы кетип кыйкырат, бакырат... Дале турбайт. Мына ушундан улам бул жер Бакырган деп аталып калат. Сулаймандын Бакыргани деген лакап аты да ушуга байланыштуу.

Ошентип, Хаким Ата төөсүнөн жерге түшөт. Бул жер Бугра хандын жылкылары жайыттаган жер эле. Жылкычылар Сулайманга бул жерден тезинен чыгып кетишин буюрат. Ал: «Мен болгону карып бир дербишмин, бул жерден башка жерге кетүүгө дарманым жок!» дээри менен жылкычылар ордуларынан ыкыс бере Сулайманга кол салууга кадам шилтешет. Сулайман дароо обочо жерде турган дарактарга үн катып, жылкычылардын алдын тосууларын буюрат. Дарактар ошол замат жылкычыларды тегерете бутактары менен ороп алат. Арасынан экөө качып чыгып, Бугра ханга барып жагдайды түшүндүрөт. Бугра хан өзү олуя адамдарды жакшы көргөн ыкласман кулпенде эле. Хан бул кабарга абдан кубанып: «Үч күндөн бери рухий көсөмдөрдүн аңкыган жыпар жытын алып жаткан элем. Демек, конушубузга Алланын сүйүктүү пендеси келген турбайбы» деп нөкөрлөрүнөн бирин жөнөтөт. Хандын нөкөрү Хаким Атага келген учурда береги дарактардан: «Жараткандын сүйүктүү пенделерине кол салгандар мына ушундай абалга тушугат!» деген үн келет да, дарактар өз-өз ордуна жыйрылып туруп калышат.

Бул керемет окуядан кабар алган Бугра хан Хаким Атанын көңүлүн алып, Жараткандын ыраазылыгына ээ болуу үчүн ага Анбер аттуу кызын берет. Ошондон тарта Бугра хан да, жан-жөкөрлөрү да Хакимге шакирт болушат. Ошентип, Хаким Бакырганга отурук алып калат. Күн өткөн сайын элге таанылып, атагы алыска кетет. Өмүрүнүн акырына чейин элди ак жолго үндөйт. Колундагы мал-мүлктү Жараткан Алланын ак жолунда каржайт. Хаким олуя Анбер энеден Мухаммад, Асгар, Хубби аттуу үч уулдуу болот.

Учурунда Хаким олуядан көптөгөн шакирттер таалим алышкан. Зенги Ата аттуу шакирти эң көрүнүктүү шакирттеринен болгон.

Хаким Ата Жараткандын ак жолу, Алланын акыркы Элчисинин сүннөтү боюнча жашап, ак жолду элге жатык тил менен жеткирген. Ал өрнөк акылагы менен атагы чыгып, насаат ырлары дастанга айланган. Хаким көз жумган соң Бакырганды Аму дарыясы көөмп калат. Олуянын мүрзөсүн кырк жыл бою суу каптап турат. Хаким олуя көзү тирүү кезинде эле муну, башкача айтканда, бир күнөөсүнө кеперет иретинде одүйнө салганда мүрзөсүн кырк жыл суу каптарын билдирген экен. Кырк жылдан кийин суу тартылган соң мүрзөнүн кайсыл жерде экенин эч ким таппай калат. Арадан бир топ жыл өткөн соң Жалал Кожо деген адам Хаким олуянын мүрзөсүн таап, ошол жерге күмбөз салган экен.

Хаким Сулайман олуянын «Бакырган», «Акыр заман» жана «Азирети Мариям» аттуу эмгектери бар. Өзгөчө «Бакырган» аттуу эмгеги Орто Азияда кеңири окутулган.

Хаким Сулайман Атанын мынабу эки сап ыры эл оозунда асыл кепке айланган:

«Ар көргөнүңдү Хызыр бил, ар түнүңдү кадыр бил»
«Жаамы жакшы биз жаман, жаамы буудай биз саман»

Башына