Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

АХМЕТ ЯСАВИ «ДИВАНИ ХИКМЕТ» китебинен

Мазмуну

БООРУКЕРДИК ЖАНА МЭЭРБАНДЫК

Издегенге чындыкты нурдандырган жер бетин.
«Бисмилла» деп сөз баштап, чачтым сөздүн берметин.

Бекем туткан напсимди сабыр болуп жарагым,
Экинчи том китептин ачтым жаңы барагын.

* * * *

Жетим-жесир, карыптын элчи сурап абалын,
Ошол түнү мираждан көрдү Алланын жамалын.

Карыптарды сурады ал мираждан кайтканда,
Мен да издейм карыпты жакшы сөзүм айтканга.

Пайгамбарым айтыптыр: «Эгер болсо ким жетим,
Биле жүргүн чыныгы ошол менин үммөтүм!»

Көрүп калсаң жетимди, кордобогун, урбагын,
Ыза болсо байкушту сура, карап турбагын.

Сууга муктаж болгондо суусап сууга жетпеген,
Тирүү туруп өлгөндөй көздөн жашы кетпеген.

Эч ким болбос карыптын абалына кызыккан,
Болсо дагы ал байкуш ошол карып биз уккан.

Карыптыктын турмушу жүрөк эзген карыптар,
Карыптыктын абалын анык сезген карыптар.

Турмушунун айынан алыс кеткен карыптар,
Туугандыктын баркына калыс жеткен карыптар.

Карыптык да эй досум, өтө кыйын иш экен,
Ал анткени карыптар алсыз, момун киши экен.

Кана эми кел Ахмед карап көргүн өзүңө,
Сен да ошондой карыпсың башкалардын көзүнө.

АЛЛА ЖАНА ПАЙГАМБАР (С.А.В.) СҮЙҮҮСҮ

Жаным курбан, күбөлөйм: Аллах жалгыз! Аллах бар!
Мага берсең сүйүү бер ансыз мага дүйнө тар.

Сопу тилеп мечитти, аалым китеп самаган,
Мажнун сүйсө Лейланы, а мен сени самагам.

Дүйнө керек капылга, акылдууга – акырет,
Минбар десин насаатчы, мага сүйүү насип эт.

Атым менин Кожо Ахмет өчпөйт отум күнү-түн,
Мага жалгыз сен керек эки өмүрдө үмүмтүм.

Дуба кылып өзүңө колум жайып олтурдум,
Оо Улук Зат жүрөгүм сүйүү менен толтургун.

Ибадатты кылуудан жан азыгын аламын,
Сүйүүң үчүн өзүңө жаным курбан чаламын.

Туура жолго сала көр алып барчу жаныңа,
Махшер күнү мээримиң шапаат болсун жаныма.

* * * *

Куран, дуба окууга түндө турган Мухаммед,
Жакыр, жетим-жесирге колун сунган Мухаммед.

Адашканга чындыкты баяндаган Мухаммед,
Муктаж болгон адамдан аянбаган Мухаммед.

Айтты Алла элчиси: «Сахабалар уккунуң!
Акыретке жол тарттык даярданып чыккының.

Тозогуна күйбөйм деп үмүт кылсаң жаныңдан,
Орозо тут, намаз кыл, зекет бергин малыңдан».

Расул ишин таштабай «үммөтүмүн» десе ким,
Кур калтырбайт Мухаммед шапаат күнү эсебин.

Сөздөрүнө Алланын ишенбеген үммөтүн,
«Үммөт» дебейт Мухаммед аткарбаса сүннөтүн.

Үммөт болсоң чыныгы карыптардан качпагын,
Хадис аят окулса тетир жакка баспагын.

Эмне насип кылса да каниет кыл карагым,
Сабыр кылып мына мен ичтим сүйүү шарабын.

Аллах сүйөт өзүнө ашык болгон жандарды,
Ошон үчүн аларга дүйнө болбойт жан-кайгы.

Ашык болду көз жашын тыйбай кечип жанынан,
Кыяматта Алланын жүзүн көрөт жанынан.

Жакындоону кудайга каалагандар күнү-түн,
Тынбай зикир чалышат үзүшпөстөн үмүтүн.

Ашык болсоң Кожо Ахмед дүнүйөнү таштагын,
Акыреттик азаптын камын көрө баштагын.

ЗУЛУМДАР ТУУРАЛУУ

Эгесине Жараткан махабаты болбосо,
Адам эмес андайлар шайтан жолун жолдосо.

Дүйнө сөзүн сүйлөшүп ыйманына келишпейт,
Жоготсо да ак динин ага назар беришпейт.
«Кош келдиң!» деп тургандар минтип аалым болушту,
Акыр заман аалымдар чыны заалым болушту.

Акыйкатты сүйлөгөн дербиштерге кас болду,
Мына достор ошолор, шум заманда пас болду.

Бир Алланы улукта, дүнүйө-мүлк дебегин,
Кыл көпүрө кыйнайт го киши акысын жебегин.

Көрүнүү үчүн элдерге орозону туткандар,
Колго алып теспени намаз кылып чыккандар.

Чын сүйбөстөн калп эле «Кудай» дешип алышкан,
Сурабагын арсыздар алар жолдо калышкан.


Пир кызматын кылабыз дербишбиз дей беришет,
Арамдарын айрыбай баарысын жей беришет.

Жаман ишти жасашып, тыйылышпайт арамдан,
Теспе алып, жасалма эки жагын каранган.

Арам малга качырып пара алып иштеген,
Акыретте өкүнүп бармактарын тиштеген.

Алыс болуп арамдан напсилерин жеңишкен,
Акыйкатты сүйгөндөр жеген адал жемиштен.

Кулмун дебе Кожо Ахмет сөзүң менен, эгерде –
Көргөзүү үчүн иш кылсаң – баары кетет бекерге.

Которгон Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ

Башына