Тогузунчу сан

АХМЕТ ЯСАВИ ТУУРАЛУУ АЗЫНООЛАК СӨЗ
Мазмуну
Неждет Тосун
ОшМУ
Арашан теология факультети
Кожо Ахмет Ясави - Орто Азия элдеринде «Түркстан пири» деп аталган жана алардын диний жашоосунда таасири чоң сопу (мутасаввуф, тасаввувчу) жана акын болгон. Ахмет Ясави орто Азиянын Чымкент шаарында жарык дүйнөгө келген. Айрым булактарда анын Яссыда туулгандыгы айтылат. Ал эми туулган жылы тууралуу так маалыматтар жок. Бирок, Юсуф ал-Хамаданинин (өл. 535/1140-41) айтканына таянсак, XI-кылымдын экинчи жарымында же XII-кылымдын баштарында туулгандыгын айта алабыз. Атасы Аз. Алинин тукумунан келген шейх Ибрагим, ал эми энеси Муса шейхтин кызы Айша болгон. Ахмет Ясави алгач энесинен, андан кийин атасынан айрылган. Кийин эжеси Гавхар Шахназ менен инисин алып Яссыга жер которгон.
Яссыда окуй баштаган Ахмет Ясави жаш болгонуна карабай айланасындагылардын көңүлүн өзүнө бура алган. Уламыштарга таянсак, ал жети жашында Арслан Бабанын кол алдында тарбияланган. Арслан Бабанын туура жолго салган тарбиясынын таасири менен Ахмет Ясави кыска убакыттын ичинде мартабасы жогорулап, даңкы айланага угула баштаган. Бирок, ошол жылдары Арслан Баба көз жумат. Устатынын өлүмүнөн кийин Ахмет Ясави ошол убактагы илимий борборлордун бири болгон Бухарага келет. Мында да эң илимдүү аалымдардын бири шейх Юсуф ал-Хамаданинин шакирти болуп калат. Ал өлгөндөн кийин Абдуллах Баракиге, андан кийин шейх Хасан Андакиге шакирт болот. Хасан Андаки өлгөндөн кийин Ахмет Ясави өзү устаздардын катарына кошулуп, элди туура жолго үгүттөгөндөрдөн болуп калат. Бир канча убакыт ал жерде болуп, андан кийин ал ордун шейх Абдулхалык Гуждуваниге тапшырып, өзү Яссыга келип, өмүрүнүн аягына чейин ал жерде үгүттөө (даават) иштерин жүргүзөт.
Ахмет Ясави алтымыш үч жашына келгенде шакирттерине теккесинин короосуна чилекана даярдатат да өмүрүнүн калганын ошол жерде ибадат кылуу менен өткөрөт. Ал чилекананда канча убакыт калганы белгисиз. Айрым булактарга таянсак, Ахмет Ясави хижранын 562-жылында (1166-67жж.) өлгөн.
XIV – кылымдын аягында Амир Темир Орто Азияда, өзгөчө Түркстан жана Кыргызстан аймагында атак-даңкы жана таасири кеңири жайылган Ахмет Ясавинин кабырын зыярат кылып, кабырына күмбөз тургузууну буйруган. Бир топ жыл ичинде күмбөз, мечит, дербиштер үйү жана медресени өз ичине камтыган диний-окуу комплекси курулган. Бүгүнкү күндө Казакстандын Яссы (Түркстан) шаарында жайгашкан бул күмбөз Орто Азиянын эң маанилүү зыярат жерлеринин бири.
Ахмет Ясавинин Ибрахим аттуу бир баласы болгон, бирок ал көзү тирүүсүндө эле бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Ал эми тукумун улаган жалгыз кызы ар башка булакта Гавхар Шахназ, Гавхар Хошназ жана Гавхар Хоштач сыяктуу аттар менен белгилүү. Мавараауннахрда болгондой эле Орто Азияда да өздөрүн Ахмет Ясавинин тукумунанбыз деген бир топ көрүнүктүү инсандар чыккан. Мисалы, самарканддык шейх Закарийя (Өзбекстан), үскүптүк Ата жана Челеби (Түркия) ж.б.
Ахмет Ясави устаттык милдетин баштаган учурда Орто Азияда, Жетисуу аймагында исламдашуунун таасиринен улам тасаввуфчулук иш-аракеттер кеңири жайыла баштаган эле. Ошол жылы Мавараауннахрды басып алган Султан Санжар өлүп (1157ж), Хорезмшахтар ислам мамлекети катары күч ала баштаган. Бул учурда Ясави Ташкент жана Сырдарыянын ары жагындагы талааларда жашаган көчмөн түрк элдеринде кадыр-барк күтүп, таасирлүү адамдардын бири болуп калган. Эң жакшы илим алган Ясави ислам негиздерин, шарият өкүмдөрүн, тарикатынын адеп, шарт жана жол-жоболорун жөнөкөй тилде үйрөткөн. Ошондуктан, түшүндүрүү ыкмасы катары элдик адабияттан алынган уйкаш ыргактагы ыр саптарын колдонгон. Хикмет (даанышмандык) деп аталган бул ыр саптары дербиштердин жардамы менен алыскы түрк элдерине чейин жеткен.
Ахмет Ясавинин миңдеген окуучулары болгону жана анын окуусунун көптөгөн аймактарга жайылганы ар кандай булактардан белгилүү. Анын алгачкы халифасы Арслан Бабанын уулу Мансур Ата эле. Экинчи халифасы (орун басары) Хорезмдик Саид Ата, үчүнчүсү сопу (суфист) Мухаммад Данишменд, төртүнчүсү болсо Ясавинин ырларына окшош хикметтери жана икаялары менен түрктөр арасында атагы чыккан Сулайман Хаким Ата эле. Хаким Ата Хорезм аймагында байыр алып, ал жерде үгүттөө иштерин баштаган. 1186-жылы ал өлгөндө Аккурганга көмүлгөн. Хаким Атанын эң таанымал муриди (шакирти) Зенги Ата болгон. Зенги Атанын алгачкы муриддери Узун Хасан Ата, Садыр Ата жана Бадр Аталар эле. Ясавилик тарых өзгөчө Саййид Ата менен Садыр Атадан башталат. Ясави дербиштери Орто Азиядагы түрк элдеринин мусулман болушунда маанилүү роль ойногон.
Ахмет Ясави жогорку деңгээлде билимдүү болгон жана билим алуу менен чектелип калган эмес. Билгендерин айланасындагы элдерге жана көчмөндөргө алар түшүнө ала тургандай жөнөкөй тилде жеткизе алган. Анын эл сүйлөгөн жатык тил менен тарикатты түшүндүрүүсү Ясавиликтин сунни түрктөр арасында кеңири жайылышынын негизги себептеринин бири болуп эсептелет.
Шакирттеринен сопу Мухаммед Данишменддин «Мирату аль–кулууб» («Дилдердин күзгүсү») аттуу эмгегинде Ахмет Ясавиден которулган: «бизден кийин акыр заманда ушундай бир шейхтер келет, шайтан алардан сабак алат жана алар шайтандын ишин кылышат. «Ахли сүннөт вал- жамаат» агымын душман көрүп, ахли бидатты (бидат жаңылыкчыл жолун тутунгандарды) жактап жана туура эмес жолду тандашат» деген сыяктуу сөздөрү - Ахмет Ясавинин сунни жана Ханафий мазхабынан болгондугун ырастайт.
Ахмет Ясавинин сөздөрүн ичине камтыган эң эски чыгармалардын бири суфий Мухаммед Данишменддин «Мирату аль–кулууб» аттуу чагатай тилинде жазылган эмгеги болуп эсептелет. Ясавинин икаяларын ичине алган эң эски эмгек болсо Хусамаддин Сигнакиге (өл.711/1311) салыштырылган фарсча икаялар китепчеси. Бул эмгектердин экөөсү тең Неждет Тосун тарабынан Түркияда басылып чыккан. Ахмет Ясави өзүнүн насаат ырларындагы асыл ойлору жана өзгөчө икаяга айланган өмүрү менен Орто Азия тасаввуфунун эң таанымал инсанына айланган.
Ахмет Ясави ак көңүл, сабырдуу адам болгон. Бир ырында мындай деген:
Каапырды да кордобо сүннөт экен, жаманбы?...
Алла сүйбөйт кордоочу, таш боор, мерез адамды.
Ахмет Ясавинин Аллага болгон сүйүүсүн төмөнкүдөй ыр саптары менен билдирет:
Аалам билди жүрөккө ашыктыкты салганда,
Сен керексиң күнү-түн беш күндүк бул жалганда.
Ашыктыкка толтурду сүйгөндөрдүн жүрөгүн,
Шүгүр кылып Аллага оттой жанып жүрөмүн.
Эки ааламдын мен үчүн эч бир баасы калбады,
Ашыктыкка берилип сүйдүм жалгыз Алланы.
Бир ырында болсо мындай дейт:
Он сегиз миң ааламга таң болушкан ашыктар,
Алла нурун таба албай маң болушкан ашыктар.
Дүнүйөдөн оолактап башы айланган ашыктар,
«Кудай» дешип көзүнөн жашы айланган ашыктар.
Азирети Пайгамбарыбызга (с.а.в.) арналган ырларынын бири:
Он сегиз миң ааламга жол баштаган Мухаммад (сав),
Отуз үч миң сахаба кол баштаган Мухаммад (сав).
Намаз окуп ыйманга бекем турган Мухаммад (сав),
Ибадатка берилип жашоо курган Мухаммад (сав).
Ахмет Ясави жетим-жесирлерге жардам берүү тууралуу мындай деп жазган:
Кайдан көрсөң жардам бер жаны ачыган адамга,
Жолдо калса мусапырга жанаш, бирге кадамда.
Кыяматта ошондо Жаратканга жакын бол,
Менменсинген адамдан качтым алыс үзүп кол.
Чыгармалары: Дивани Хикмат: Ясавинин хикматтарын (ырларын) ичине камтыган китептин аты. Хикматтар түрктөр арасында жакындыкты жаратууда мааниси чоң. Дивани Хикмет эски жана жаңы тамгалар менен бир нече жолу басылып чыккан. Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө бир нече жолу басылган. Кыргызстанда да басылып чыгып окурмандарга сунулуусу маанилүү бир иш болору шексиз.
Ясавиге таандык «Факирнама» болсо «Дивани Хикматтын» Ташкент жана айрым Казань басылмаларында кездешет. Өзүнчө бир китеп болуп, Дивани Хикматтын кириш сөзү катары басылган «Факирнаманын» «Дивани Хикматтын» өзүндө жок болушу, анын Ахмет Ясави тарабынан эмес, китепти топтогондор тарабынан жазылып, кошулгандыгын көрсөтөт. «Факирнама» Проф. Др. Кемал Ераслан тарабынан Түркияда басылып чыккан.