Тогузунчу сан

ИМАМ АЗАМ ТУУРАЛУУ ИКАЯЛАР
Мазмуну
Шамшидин МАМАТКУЛОВ
shamshidin@mail.ru
Имам Азам Абу Ханифа Ислам дүйнөсүнүн залкар жана эң чыгаан аалымдарынын бири. Ал билими терең, акыл-көрөңгөсү менен дүйнөтаанымы кенен бир кеменгер катары гана таанылбастан, адеп-ахлак жаатында да мусулмандарга үлгү болуп, эчендеген адамдардын көңүлдөрүндө жашап келет. Ошондой эле, анын илим менен билимге болгон көксөөсү бийик, адамдарга болгон мамилеси сылык болгонундай, Алла Таалага болгон ибадаты, такыбалуулугу да жогору болчу. Анын кырк жыл куптан намазындагы даараты менен багымдат намазын окугандыгы айтылат. Мындай риваяттар анын такыбалуулугун, башкача айтканда, түнкүсүн да үзгүлтүксүз ибадат кылгандыгын айгинелейт.
Өз жашоосун соода-сатык менен өткөргөн Имам Азам чынчылдыкты баарынан жогору коюп, өзүнөн мурда башка адамдарды ойлогон жана өз кызыкчылыгынан мурун өзгөлөрдүн кызыкчылыгын жогору койгон улуу аалым болгон. Күндөрдүн биринде ал жибек көйнөк сатып жүргөн бир аялга туш келет. Имам Азам көйнөктүн баасын сураганда, аял аны жүз дирхамга (күмүш теңгеге) сатаарын айтат. Анда Имам Азам Абу Ханифа:
- Жок. Мунун чыныгы баасы жүздөн көп болсо керек. Жакшылап ойлонуңуз, канчага бересиз, - дейт. Аял биринчи айткан баасына улам жүз дирхамдан кошуп айтып олтуруп көйнөктүн баасын төрт жүз дирхамга чыгарат. Абу Ханифа дагы:
- Көйнөктүн баасы мындан да жогору турса керек, - дейт. Анда аял бир аз ачууга алдырып:
- Эмне, сен мени тамашалап, же шылдыңдап жатасыңбы? – дейт. Абу Ханифа:
- Жок, мен сизди эч кандай тамашалаган да, шылдыңдаган да жокмун. Келиңиз андан көрө бир киши чакырыңыз, ал көйнөктүн баасын бычып берсин. Мен да көйнөктү чакырган кишиңиз бычып берген баада алайын, - дейт.
Аял бир киши чакырып келип көйнөктүн баасын бычтырат. Ошентип акыр аягында Абу Ханифа ал аялдан көйнөктү беш жүз дирхамга сатып алат. Бул баяндама (риваят) да Имам Азамдын өз кызыкчылыгынан мурун өзгөнүн кызыкчылыгын жогору коё тургандыгын күбөлөп турат.
Ал соода иштерин дайыма Ислам дини көрсөткөн нукта гана алып барган. Ошондуктан ал өзүнүн соода-сатык иштерине арам же болбосо шарият тарабынан тыюу салынган нерселерди аралаштырбоого өтө кылдат мамиле жасаган.
Бир жолкусунда ал сатып жаткан буюмдарынын арасында бир кийимдин жараксыз экендигин өзүнүн шеригине айтып, эгерде ал кийимди сата турган болсо, алуучу адамга кийимдин жараксыз экендигин көрсөтүүсүн эскертип коюп, өзүнүн жумуштары менен кеткен болчу. Бирок шериги ал кийимди саткан учурда алуучуга кийимдин жараксыз экендигин көрсөтүүнү унутуп калат. Анын үстүнө сатып алган адамды да тааныбайт эле. Бул окуядан кабардар болгон Имам Азам ошол буюмдардан түшкөн токсон миң дилдени садака кылып таратып жиберген.
Имам Азам Абу Ханифа өз ырыскысын маңдай тери, башкача айтканда, адал жол менен гана тапканга аракет кылган. Ошондой эле күмөндүү иштерден оолак турууну өзүнө эреже катары кабылдаган. Бир күнү Абу Ханифа жашаган Куфа шаарынын айланасындагы айылдарды каракчылар карактап, айыл элинин койлорун уурдап кетишет. Абу Ханифа ал уурдалган койлор шаарга алып келинип, шаардын базарларында сатылып жатса керек деген ойдо болгон жана койлордун көп болсо жети жыл жашаарын билгендиктен жети жыл бою койдун этин жеген эмес.
Ал өзүнүн гана камын ойлобостон элдин камын көргөн улуу зат болгон. Анын мындай сапатка ээ экендигин мына бул окуя таасын көрсөтөт.
Абу Ханифанын бир жаш кошунасы бар болчу. Ал ичкиликке берилип кеткендиктен, үйүнө дайыма мас болуп келип, кошуналарынын тынчын алып кыйкырып, бакыра берчү. Бир күнү тартип күзөтчүлөрү аны камап алышат. Эртеси эле Абу Ханифа: «Күндө тынчыбызды алып турчу кошунабыздын үнү угулбай калды. Ага эмне болду экен, силер билбейсиңерби?» деп сураганда, талабаларынан (окуучуларынан) бирөө анын абакка алынганын айтат. Кошунасынын жаман абалга кириптер болгонун уккан Абу Ханифа валиге (аймактык башкаруучуга) барат. Вали аны көрөрү менен эле ордунан туруп, жакшылап тосуп алат. Абу Ханифа валиге эмне себептен келгендигин айткан соң вали ага: «Мындай майда-барат иштер үчүн убара болбой эле бирөөлөр аркылуу кабар берип койсоңуз деле болмок» - деп, Абу Ханифанын өтүнүчү боюнча анын кошунасын абактан чыгартат. Абу Ханифа абактан чыккан кошунасынын жанына жакын барып ага: «Көрдүңбү кошуна, биз сени унутпайбыз», - дейт жана ага бир ууч дирхам берип туруп: «Бул акчага керектүү буюмдарыңды алаарсың», - деп коёт. Абу Ханифанын мындай жумшак мамилесинен таасирленген жигит мурда жасаган жаман иштери үчүн тобо кылып, Абу Ханифанын талабаларынын катарына кошулат. Кийин ал жигит фыкых (Ислам укугу) илими боюнча күчтүү аалым болуп чыга келген.
Улуу Имам ибадат маселесине көңүл бурганындай эле Ыйык Куранга көрсөткөн таазими да жогору болчу. Ал уулу Хаммад Фатиха сүрөсүн толук бойдон үйрөнүп бүткөндө уулунун устазына беш жүз дирхам белекке берет. (Башка бир риваятта миң дирхам бердирет).
Анда Хаммаддын устазы:
- Эмне себептен мага мынча акча бердирет? – дейт.
Анда Имам Азам ал устазга барып:
- Сага белекти аз өлчөмдө бергендигим үчүн кечирим сураймын. Уулумдун үйрөнгөндөрүн аз дебе! Алланын атына касам ичем! Эгерде жанымда мындан башка да акчам болгондо Ыйык Курандын урматы үчүн акчамдын баарын сага берет болчумун, - деген экен. Мына, Ыйык Куранга болгон урмат-сый!
Имам Азам аалым гана болбостон, сөзгө чечен жана тапан адам болгон. Ал өзүнүн доорундагы көптөгөн туура эмес агымдагы адамдар менен талашып-тартышкан жана өзү менен талашка түшкөн адамдардын ыкмаларын өздөрүнө карата колдонгонду билген. Анын атеисттер менен болгон талаш-тартыштары тууралуу китеп-журналдарда көп эле айтылып келет. Биз да ошол талаштарынан бирөөсүн мисал катары айта кетүүнү туура көрдүк.
Алла Тааланын бар экендигин четке каккан, кудай жок деп кудайды танган бир атеисттен Имам Азам:
- Эгерде сага бирөө мен катуу шамал жүрүп турган учурда толкундуу чоң деңизде, ичинде капитаны да, матростору да жок, бирок буларга карабастан адашпастан, өз багытын жоготпостон бир багытта бара жаткан бир кемени көрдүм десе, сен ал адамдын айткандарын “туура” деп айтат белең? - деп сураптыр. Анда атеист:
- Жок! Ал адамдын антип айткандары абсурд. Ал акылга да сыйбай турган жана логикага да туура келбей турган нерсе. Андай нерсенин болуусу таптакыр мүмкүн эмес, сөзсүз түрдө ал кемени туура бир багытка багыттаган бир нерсенин, же болбосо кандайдыр бир күчтүн болуусу керек, - деп жооп бергенде, Имам Азам дароо:
- А андай болсо мына бул чоң ааламды жана анда болуп жаткан жараяндарды (процесстерди), жан-жаныбарлар менен бирге өсүмдүктөрдү, тоо-таштарды жараткан Алла Тааланы кантип танасың? Кантип кудай жок деп айтып жүрөсүң? - деп, береги атеисттин оозун жап баскан экен.