Тогузунчу сан

Жайкы эс алуу
Мазмуну
Шамшидин Маматкулов
Ааламдагы жандыктардын ичинен эң таалайлуу болмуш бул – адам баласы, адамдардын ичинен эң таалайлуусу - момун мусулман. Анткени, Пайгамбарыбыздын осуяттары боюнча момун мусулмандын саламдашуусу, бири-биринин ал-абалын сурашы, жетимдин башын сылоосу, жолдогу ташты алып четке ыргытуусу, Алла Тааланы эстеп, аны зикр кылуусу, китеп окуусу ибадат болуп саналат. Атүгүл, күнүмдүк жашоосунда Пайгамбарды өрнөк тутуп, ал баскандай басып, ал тамактангандай тамактанып, ал жаткандай жатып, жада калса, ал уктагандай уктаса, бул дагы ибадат. Кыскасы, момун мусулмандын өмүрүнүн ар бир учуру колдон чыгарылбас дөөлөт. Бул дөөлөттөр момун мусулмандын акыркы демине чейин берилип турат. Мындай дөөлөттөрдү колдон чыгарбай, тутуп калган адам бакытка бөлөнөт. Антпесе, бул дүйнөдөгү дөөлөтүн жана бакытын кыйратканы аз келгенсип, кыяматтагы дөөлөтүн да ойрон кылат.
Жаркыраган жай мезгили да кирип келди. Өспүрүмдөрдүн бардыгы жайкы эс алууда. Көпчүлүктүн пикири боюнча жайкы эс алуу бул – бош убакыт. Бирок момун мусулмандын жашоосунда «бош убакыт» деген түшүнүк болушу керекпи? Тагыраак айтканда, жайкы эс алуу мезгилинде мусулман баласы эмне менен алектениши абзел? Убакыт – Алла Тааланын ак жолго пайдалансын деп берген аманаты. Убакыт кош миздүү курч кылыч сымал. Пайдалуу жолго колдонулса, адамды жарыкка чыгарат. Терс же пайдасыз жолго жумшалса, кыямат күнү каршы чыгып абийирин төгөт.
Учурда мектептен баштап жогорку окуу жайларга чейинки диний билим берүү маселеси өксүп тургандыгы же такыр эле берилбей жаткандыгы орчундуу маселе. Бул муктаждыкты орундатууда окуучулар жана үй бүлөлөр үчүн жайкы эс алуу мезгили табылгыс мүмкүнчүлүк. Убакыттын кадырын жана пайдалуу колдонууну аңдап-билүү бир гана билим берүү аркылуу ишке ашат.
Мектептен баштап жогорку окуу жайларындагы билим берүү мезгили 1-сентябрдан июнь айынын ортолоруна чейин созулат. Бул мезгил арасында миңдеген абитуриенттер самаган кесибине жараша түрдүү факультеттерге тапшырышып, келечектеги даарыгерлер, инженерлер, адабиятчылар ж.б.у.с. кесиптерге ээ болуп чыгышат. Ошентип, жыл сайын миңдеген бүтүрүүчүлөр жашоо агымына кошулушат. Бирок түрдүү ой-пикирге ээ болуп чыккан бүтүрүүчүлөрдөн эмне үчүн ушунча жыл коротуп билим алгандыгын сурап көрсөк, жалпысынан бардыгы келечегин түзүү, эч кимге муктаж болбоо, тактап айтканда өзүнүн максатына ылайык жашоо таризин куруу сыяктуу жоопторду беришет. Арийне, убакытыбыздын 90% пайызын жада калса, бардыгын жумшаган бул жарык дүйнө - убактылуу. Бейиш менен тозок күтүп турган түбөлүктүү кыямат жашоосуна салышытырып көрсөк, бул дүйнөнүн убакыты өтө эле кыска. Андыктан, өлүмгө чейин аманат кылынып берилген ар бир 24 саатты тиги дүйнөдө жардамы тийе тургандай кылып пайдалануу бардык адамдардын негизги милдети. Биздин негизги мүдөөбүз акыреттеги жашоо, эч бир адам кыяматтагы жашоосун тозоктун түпкүрүндө өткөргүсү келбейт. Ошондуктан убакыттын кадырына жетип, жайкы эс алуу мезгилин ак жолго пайдаланып, убакыт дөөлөтүн колдон тайдырбашыбыз кажет.
Жайкы эс алуу мезгилин кантип пайдаланабыз?
Балага тарбия берүүдө тарбиянын материалдык жана руханий эки тарабына бирдей маани берип, дин жана адеп-ахлак тарбиясын көз жаздымда калтырбоо абзел. Анткени бул эки тарап бирдей берилбеген бала үй бүлө жана коомчулук үчүн жараксыз болуп чыгаары көптөгөн тажрыйбалардын негизинде далилденип чыккан. Өзгөчө баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, тарбиянын негизги максаты баланы Алла Тааланы ыраазы кыла турган адеп-ахлакка ээ кылуу жана алкоголдук ичимдиктер, наркотикалык заттар, уятсыз көрсөтүүлөр сыяктуу диний жана адептик баалуулуктарды кыйраткан ыплас адаттардан коргоо болушу зарыл. Жаш муунду мындай ыпыластыктардан коргоо боюнча Алла Таала Куранда мындай дейт: «Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла!». Бул аят түшкөндө Аз. Умар (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарга кайрылып: «О, Алланын Элчиси! Өзүбүздү тозоктун отунан коргойбуз. Бирок балдарыбызды кантип коргойбуз?» деп сураганда, Алланын Элчиси: «Алла Таала тыюу салган нерседен коргоп, буйрук кылган нерселерин үйрөтүү жолу аркылуу коргойсуңар» деп жооп кайтарган.
Ошондуктан адеп кыла турган ишибиз бизге өмүр тартуулаган, ырыскысызды ар дайым үзгүлтүксүз берип турган, бизди бизден дагы жакшы билген Жаратуучубуздун сөзү Куран окууну үйрөнүү жана үйрөтүү болуп эсептелет. Куран окуу ибадат болуп саналат. Атүгүл Куранды ачып көз жүгүртүү өзүнчө сооп. Көбүнесе адамдар ойлогондой Куранды арапча окуу эмес. Бул Куран окуунун алгачкы баскычы. Куран окуунун негизги максаты, аны окуп түшүнүү жана анын буйруктарын амалга ашыруу. Анткени, Куран бир гана ибадат жана ишеним китеби эмес. Ал адамдарга бардык шарттарда жол көрсөтүүчү. Адамдын жан дүйнөсүн дарылаган, кайгыдан куткарган, ар кандай көйгөйлөрдү чечкен, коомчулукту тынчтыкка жана ынтымакка үндөгөн, адамды караңгылыктан жарыкка чыгарган китеп. Андыктан Куранды окуп, анын негизине жетүү ар бир мусулманга парз. Жогоруда белгиленгендей алдыда 2-3 айлык эс алуу мезгили турат. Бул кыска убакыттын ичинде жашоого эң керектүү негизги диний маалыматтарды окуп үйрөнүүбүз абзел. Башкача айтканда, мусулман баласы адегенде эмнелерге жана эмне үчүн ыйман келтириши, ыйманды таза тутуу үчүн кандай аракет кылуу керек экендиги үйрөнүшү керек. Андан соң Алла Тааланын адам баласына жүктөгөн кандай милдеттер бар экендигин, ибадат деген качан жана кандай аткарыларын, ошондой эле адамды адамдык бийик касиетке жеткирген адеп-ахлактык баалуулуктарды үйрөнүшү ырас.
Бул багыттагы милдеттерибиз
Адептүү бала тарбиялоо динибиз Исламда өтө маанилүү. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алайхи васаллам) осуяты боюнча аркасына кайырлуу бала таштап дүйнөдөн кайтса же бала ата-энесинен мурун көз жумса, ата-эненин амал дептери жабылбай сооп жазыла берет. Тескерисинче, адепсиз, динден кабарсыз тарбияланган бала ата-энесине көптөгөн жамандыктарды алып келет. Кыямат күнү бул балдар Алла Таалага: «Оо, Жараткан! Мени ыймандан жана Исламдан алыстаткан, Сенден коркпогон адепсиз кылып тарбиялаган, мусулман болуп төрөлсөм да, мени Ислам динине жакындатпаган ата-энем күнөөлүү. Буларда менин доом бар» деп даттанышат. Буларды билгендер же билип туруп кылбаган ата-энелер өздөрүн жана балдарын жамандыкка дуушар кылышат. Наристе чагынан баштап баскан турганына, кышында жылуу кийингендерине, сабактарына көз салган, күн сайын мектепке жөнөткөн, жада калса акча төлөп ар кандай курстарга жиберген ата-энелер балдарынын диний тарбиясына да ушундай кылдаттык менен мамиле кылышабы? Эгерде жооп «ооба» болсо, анда, ал ата-эне жана балдар армансыз бактылуу адамдар. Ал эми жооп «жок» болсо, анда алардын акыбети абдан өкүнүчтүү.