Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

ИСЛАМДА ЭС АЛУУ

Мазмуну

Асан Саипов
asansaip@mail.ru

Ар бир динде болгондой эле, Исламда да эс алуу күндөрү бар. Эс алуулар жашообуздун эң керектүү бир бөлүгүн ээлеп тураары анык. Эс алуу дегенибизде бир жылдык же апталык эс алуу күндөрүнөн тышкары күнүмдүк убакыттарыбызды да ала турган болсок, маселенин маанилүүлүгү дагы да артаары белгилүү. Чындыгында эс алууну биз бош убакыт деп билебиз. Динибиз Ислам сөзсүз бош өткөрүлө турган убакытты белгилебейт. Куран аяттарында, сүйүктүү пайгамбарыбыздын (сав) хадистеринде да эч бир учурда убакыттын бош өткөрүлүүсүн буйурган эмес. Инширах сүрөсүндө “Жеңилдик, кыйынчылыктан кийин боло тургандыгын” эскертип, андан кийин “Эгерде бош боло калсаң, кайрадан тургун” деп буйрук кылат. Мындан биз, бир иштен же ибадаттан кийин болду бүттү деп тура калбай, иш бүтсө башка ишке өтүп, фарз бүтсө нафилге өтүп, намаз бүтсө, дуба кыл жеңилдик артсын, Жаратканга шүгүрдү көп кылган болосуң деп түшүнүүбүз керек..

Бул, Алланын сөзү бизге алектенүүнүн алмаштырылуусу менен эс алуунун мүмкүнчүлүгү боло тургандыгына ишаарат кылууда. Азрети пайгамбарыбыз (сав) тарабынан момундун апталык майрамы деп билинген, Ислам жаңыдан келген мезгилде мектептерде (хужраларда) жана иш жерлеринде апталык эс алуу деп кабыл алынган жума күнүнө байланышкан аятта бош убакыттын кантип өткөрүлөөрүн ачыктаган: “Эй, ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылса, Аллахты эскерүүгө шашылгыла. Баардык соода-сатык ишиңерди токтоткула! Эгер билген болсоңор - бул силер үчүн эң жакшы. Качан намаз аяктаса жер бетине таралгыла жана Аллахтын ырайымын издегиле...” (Жума, 9,10)

Аятка көңүл бура турган болсок, бул апталык эс алууда эки нерсеге негиз бергендигин байкайбыз:

1 - Иштин бир күн бою калтырылуусу эмес, намаз саатында гана ташталуусу.

2 - Намаздан кийин таралып, Аллахтын берешен-жоомартыгынан ырыскы издөөсү.

Мындан, мындай тыянак чыгаруубуз керек. Соодагер соодагерчилигине, аалым изилдөөсүнө, талаба сабагына барып, сабагын же ишин улантып Аллахтан ырыскы сураса болот. Аяттагы “фазл” сөзүнүн келүүсүнүн өзү өтө маанилүү. Ошентип мешру (шаръи) болгон баардык нерсенин аркасынан жума күнү чуркаса боло тургандыгына белги берет. Сахабалардан, мечитте калып ибадат кылууга калгандарды да пайгамбарыбыздын (сав) сүннөтүнө баш ийүү үчүн жума күнү намаздан кийин чыгып, шаарды, базарларды кыдырып, андан кийин кайра ибадат кылуу үчүн мечитке келгендерине күбө болуудабыз. (Хайсами: 2/194) Пайгамбарыбыз (сав) өзү да аятка баш ийип ушундай кылгандыгын баарыбыз тарыхтан билебиз.

Ошондуктан мусулмандар, жөөттөр менен христиандар сыяктуу ишсиз эс алуулардан узак болуулары зарыл. Себеби, алардын диний китептеринде алтынчы күнү иштөөнү четке каккан мыйзамдары бар. Алардын батыл ишенимдеринде Кудайы асман, жерди алты күндө жаратып, жетинчи күнү чарчагандыктан эс алууга чыккан имиш. (Таквин:1/31) Ошондуктан алтынчы күнү иштөө арам деп эсептелинет.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (сав) бир топ хадистеринде, адамдарды убакытты коромжу кылбоо жана ден соолуктун кадырын билүүгө чакырат. “Эки жакшылык бар, адамдардын көпчүлүгү бул эки нерсенин баалуулугун биле беришпейт, бул: Ден соолук жана бош убакыт”. (Бухари, Рикак:1, Тирмизи, Зухд:1. Ибну Маже, Зухд: 15).

Дагы бир хадисинде мындай деген: “Беш нерсенин баалуулугун беш нерседен мурун бил: Карылыктан мурун жаштыктын, оорудан мурун ден-соолуктун, кедейликтен мурун байлыктын, алектенүүдөн мурун бош убакыттын, өлүмдөн мурун өмүрдүн”. (Мишкат:2/651; Фатхул-Бари:14/9)

Бул айтылган сабактардын баары убакыттын бош өткөрүлбөстөн, кайра эң көп көңүл бөлүнүүсүнө түрткөн эскертүүлөр экендигин билүүбүз абзел. Баардык нерседен мурун динибиздеги эс алуу күндөрдө, диний баалуулук бар экендигин билишибиз зарыл нерсе. Эс алуунун өткөрүлүүсүндө динибиздин койгон талаптарынан сытркары чыкпоо керектигин унутпообуз керек.

Биринчиден, диний эс алуулар белгилүү күндөрдө. Булар көбөйүп же азайбайт дагы. Бир жылдагы Орозо айт жана Курбан айт майрамдары менен бирге, бир апталык жума күндөрү бардык мусулмандарга белгилүү эс алуу майрам күндөрү.

Мусулмандар бул эс алууну майрамдап, башка диндегилердин майрамдарын ээрчип, жактабоолору керек. Пайгамбарыбыз (сав) Мадинага хижрат кылганда, жергиликтүүлөрдүн караңгылык салттарына ылайык жылда эки башка майрам тоскондорун көрүп, мындай деп буйрук кылган эле: “Аллах аларды силер үчүн дагы жакшыраак эки майрам менен алмаштырды: булар Орозо айт жана Курбан айт майрамдары”. (Насаи, Lydeyn:1) Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан караңгылык доорундагы майрамдардын четке кагылуусун баалаган ислам аалымдары, эгерде бутпарастардын майрамдарын мусулмандар аларга окшотушса макрух деп эсептешкен.

Ал эми мектеп жана иш жерлериндеги эс алуулардын системасы башкача болушу да мүмкүн. Мектептер тууралуу эң эски булак деп эсептелген Кабисинин (403/1012) Рисаласындагы эс алуу жөнүндөгү ачыктоодо: “Балдардын эс алуу күнү жума күнү. Сахнун мындай деген: (Устат) жума күнү уруксат берет. Бул, башталгандан бери мугалимдердин адаттары. Эч ким муну айыптаган эмес. Мухаммед Ибн-и Абдулхакамдын мугалим тууралуу: “Айлык акча менен кармалат, жума күндөрү жана элдин эс алуу деп эсептеген күндөрүн эс алышат, бул, сүйлөшүүнүн шарты сыяктуу.” дегени айтылган. Бейшемби күнү асрдан кийин балдарды койбергенге келсек, бул да элдин эс алуу деп эсептегенине байланыштуу. Мугалимдер арасында бул кабыл кылынган болсо, анда бул да жума күнүнүн эс алуу күнү өкүмүндө. Бирок бейшемби күнүн толугу менен эс алуу күнү деп алуу узак болуп калат... Ибну Сахнун атасынан сурады: “Мугалимдин майрам күндөрү балдарга канча күн уруксат берүүсүнө макулсуз?” Атасы: Орозо айт майрамында бир күн уруксат берилет, бирок үч күн берилсе да боло берет. Курбан майрамында үч күн уруксат берилет, беш күн уруксат берилүүсүнө каршылык жок. Абул-Хасан мындай деген: Орозо айтта үч күн эс алуу менен арапа күнүн, майрамдын биринчи жана экинчи күнүн айтып жатат. Курбан майрамында беш күн деген: Дагы арапа күнүн жана майрамдын үч күнүн жана майрамдын төртүнчү күндөгү ташрик күндөрүнүн аягын максат кылып айткан... Хатим үчүн бир, бир жарым күнгө чейинки эс алуу, элдин дайыма аткарып жүргөнү. Бирок, бардык аталардын уруксаты болбой туруп, мындан ашык уруксат берүүгө болбойт. Себеби, мугалим алардан – айлык акы алат”. (Кабиси: 58-59)

Азыркы учурдагы эс алуулар динибизден бир кыйла алыстап кеткендигин баарыбыз жакшы билебиз. Мушриктердин эс алууларына окшогон эс алуулар, алардын майрамдарына окшотуп майрамдап алганыбыз, өзүбүздүн динибизден кыйла алыстап кеткендигибиздин белгиси. Эгемендүүлүк алдык деп кайсы жерде болсун мактанганыбызды айтпа. Эгемендүү мамлекет болдук деп, сүйүнүп, жыргап жүргөнүбүзгө 16 жылдын жүзү болсо да тилибизди туура сүйлөй албай, мыйзамдарыбызды иштете албай жүрөбүз.

Өзүбүздүн ак мөңгүлүү көк мелжиген бийик тоолорубуздай таза, тунук баалуулуктарыбыз турса, бабаларыбыздан келген динибизди чанып, Европанын, Американын жарабай калган жамачы мыйзамдарын Конститутциябызга жармаштырып, жерибизди каалагандай сатып, бирибиз качып, экинчибиз чачып, жардылардын үстүнөн жеп-ичмей көбөйгөн доордо жашап калбадыкпы. Мындай учурдагы эс алууну айтып да болбойт. Эх, шордуу кыргызым!!! Манас, Бакайдай аталарыбыздын урпагына эмне болгон?! Эртеңки келечектин ээси боло турган урпактарга эмне деп жооп беребиз?! Жараткан Аллах Тааланын алдына барганда кандай ахыбалда калып, сурагына кантип жооп беребиз?! Оо, Жараткан колунан эч нерсе келбеген бир кулуңдун кейигенинен эмне өзгөрмөк. Бир Өзүңө сыйынып, бир Өзүңдөн жардам сураймын. Мамлекетибиздин өнүгүп өсүшүнө салым кошконго, ыймандуу жаштарды тарбиялаганга себепчи кыла гөр оо Жараткан!!!

Жогору жакта Исламдагы эс алуу күндөрү кайсылар, кандай өткөрүү керектигин биздин келечек жаш муундарыбызга жазып тартуулаганыбыздын пайдасы болоор деп үмүт кылабыз. Жок дегенде азыркы учурдагы жаш жеткинчектерибизди элибизди, жерибизди сүйдүрүп тарбиялап, бабалар мурас кылып калтырган жерибизди, мамлекетти кантип башкаруу, канткенде бүгүнкү кризистен чыгууну туура үйрөтүп кете алсак кана келечек биздики болоору анык. Ошондуктан урматтуу эс алуудагы студент, мектеп окуучусу үч айлык убакытты туура үнөмдөп, динсиздердей бекер эс алып жата бербей, Жараткан Аллахтын аты менен баштап Куран окуганды, динибиздин баалуулуктарын, бабаларыбыздын тарыхын изилдеп, үйрөнүп, өзүңдү Жараткандын мыйзамы менен тарбияла. Куран окуудагы максат - аны окуп түшүнүү жана анын буйруктарын амалга ашыруу. Анткени, Куран бир гана кулдук кылуу жана ишеним китеби эмес. Ал адамзатка бардык шарттарда жол көрсөтүүчү. Адамдын жан дүйнөсүн дарылаган, кайгыдан куткарган, ар кандай көйгөйлөрдү чечкен, коомчулукту тынчтыкка жана ынтымакка чакырган, адамды караңгылыктан жарыкка чыгарган китеп. Ошондуктан Куранды окуп, анын негизине жетүү ар бир мусулманга парз. Пайгамбарыбыз (сав) жаш кезде үйрөнүлгөн билим менен эр жетип калган мезгилдеги билимдин айырмасын мындай деп эскерткен: «Жаш кезде үйрөнгөнүң таш үстүнө басылган тамгадай, бойжеткенде үйрөнгөнүң муз үстүнө жазылган жазуу сыңар».

Ошондуктан урматтуу жаштар, жаш кезде убакытты үнөмдөй билип, эс алуу учурунда да өзүбүзгө пайда алып, ата-бабаларыбыздын “Убакыт кылыч сыяктуу, сен аны кеспесең, ал сени кесет” деген улуу сөзүнө терең маани берип, берилген убакытты бир байлык деп эсептеп, туура жолдо тарбияланышыбызды Аллах Таала насип кылсын.

Башына