Тогузунчу сан

КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛДИН ДИНГЕ БОЛГОН МАМИЛЕСИНИН ЖОГОРУЛООСУ
Мазмуну
М. Шемсеттин Үнал
Советтер Союзу ыдырагандан баштап Орто Азиянын эли өздөрүнүн тарыхый, улуттук, этникалык, маданий жана диний мурастары менен байлыктарын издей башташкан. Башкача айтканда бул аймакка коммунизм орногонго дейре кимиси кандай болсо, ар кимиси өзүнүн негиздерине кайта башташкан. Бир кылымга жакын дин ордуна «атеизмдин» айланасына топтоло башташкан элдер көөнө улуттук жана рухий байлыктарына болгон көксөөсү менен самоосунун күчүнөн улам атеизмден жүз үйрүшкөн. Орто Азия аймагындагы негизги жандуу жана активдүү иш-аракеттер мындан кийин мезгилдерде өнүгө баштаган. Бул аймактын негизги жана түпкү эли болуп эсептелген түрк элдери (кыргыздар, казактар, өзбектер ж.б.) коммунизм доорунан соң диний жашоолорун жаңыдан түптөөдө бир топ машакаттарга тушуккан.
Мурунку мезгилде айрыкча диний таалим-тарбия берген мекемелердин Ташкентке топтолуусу жана Мир Араб медресеси менен Имам Исмаил аль-Бухари медресеси менен чектелип, катуу көзөмөлгө алынган диний таалим-тарбиянын берилүүсү менен бирге мусулмандардын жашоосунда диний таалим-тарбия жаатынан өзгөчө орунду ээлеп келген мечиттердин көпчүлүгүнүн жабылуусу элдердин мурдатан бери өчпөс от сымал өчпөстөн жанып келе жаткан диний байланыштарынын үзүлүүсүнө, же жоголуп бүттү дегенчелик даражада сүзүлүүсүнө (алсыроосуна) чоң роль ойногон.
Советтер Союзунун жүргүзгөн саясатынан улам мусулман элдердин Ислам дини менен болгон байланыштары аябай начарлаган. Мына ошентип көптөгөн мусулмандардын Ислам дини менен болгон байланышы жоголуп, алар иш жүзүндө (реалдуу жашоодо) эмес сөз жүзүндө гана мусулман болуп калышкан. Башкача айтканда ооз учунда гана мусулманбыз дешкени менен Ислам дининин негиздерин билишкен эмес жана шарияттын негизинде жашашкан эмес.
Эми Кыргызстан бул маселеде кандай абалда болгондугуна токтоло кетсек. 1992-жылга чейин Кыргызстанда бир да диний мекеме болгон эмес жана ошол жылдан тартып диний мекемелерди курууга уруксат берилген. Жаңыдан курула баштаган диний мекемелер 1996-жылдын 14-ноябрынан тартып каттоого алына баштаган. Ошентип Кыргызстанда Ислам дини менен байланышкан жана өз кызматын жүргүзө баштаган эки чоң мекеме курулган. Алар: мамлекеттик мекеме болуп эсептелген жана 1996-жылдын 4-мартынан бери көздөй өз кызматын жүргүзүп келе жаткан Кыргыз өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттиги (мурдагы аты Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча комиссия) менен мамлекеттик эмес жана өз алдынча бир статуска ээ болгон Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы, башкача айтканда муфтият болуп эсептелет.
Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн алгандан кийин гана курулган бул мекемелер өз жааттарында чоң иштерди бүткөрүүгө аракеттенип келишүүдө.
Советтер Союзунун убагында Кыргызстандын аймагында 39 гана мечит болгон болсо, азыр бул көрсөткүч 2500дүн төгөрөгүнө жеткен. Ошондой эле ал учурларда борбордук мечитте жума намазына келгендердин саны 10-15, ал эми айт намаздарына келгендердин саны 50-60 гана болгон болсо, азыркы учурда жума намазына келген жамаат мечиттин коргонунан ашып, көчөлөрдү да толтурууда, айт намаздары болсо чоң шаарларда шаардын аянттарында (М: Бишкек – Ала-Тоо аянты) эң эле бери дегенде 50 000–60 000 ден ашуун адамдын катышуусунда окулуп жатат.
Өлкөдө мечиттерге келген жамааттын 80 пайыздан ашыгын 25 жашка чейинки жаштар менен өспүрүмдөр түзөт. Ошондой эле ажыга баргандар менен орозо кармагандардын саны да барган сайын артууда. Булардын баары кыргызстандыктардын өз динин үйрөнгөн сайын диний баалуулуктары менен байлыктарына өтө көп көңүл буруп, өз диндерине болгон байланыштарын күчөйүп бараткандыгын күбөлөп турат. Кыргызстандыктардын Ислам динине болгон байланыштарынын күчөйүүсүнөн улам Кыргызстанда бир Ислам университети, эки теология факультети (ОшМУнун Ош шаарындагы теология факультети менен ОшМУга караштуу Арашан гуманитардык институтунун теология факультети), алты Ислам институту жана кырк бир медресе ачылып, 4500-5000 дин төгөрүндөгү жаштар бул окуу жайларынан диний билим алышууда.
Булардын ичинен ОшМУнун Ош шаарындагы теология факультети менен ОшМУга караштуу Арашан гуманитардык институтунун теология факультети заманбап диний билим берген окуу жайлардан болуп эсептелет. Мындан сырткары чет өлкөдөн диний билим алып келгендердин саны да убакыт өткөн сайын көбөйүп барат. Ошондой эле Түркия жумуриятынын диний иштер башкармалыгы менен Түркия диянет вакфынын жардамы менен диний жаатта магистратура менен аспирантурада окуган, Анадолу имам хатиб лицейинде, Куран курстарында ж.б.у.с. жерлерде өздөрүнүн диний билимдерин өркүндөтүп жаткан жаштар да бар.
Кыргызчага оодарган:
Шамшидин Маматкулов