Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

Суроо – жооп

Мазмуну

Абдуррахман Хачкалы

Динибиз адам баласына тирүү кезинде ыйманга келип, жакшы иш-амалдарды кылышын буйурат. Ырас, ар бир адам кулчулук озуйпасын толук аткарып, коомдук мамиледе арам-адалга өзгөчө көңүл бөлүшү зарыл. Киши уулу канчалык түз басып, астейдил жашоого умтулса да, жаза басып туура эмес кадам шилтеп алышы толук мүмкүн. Мына ошондуктан Алла Таала кечирим тилеп тообо кылууну буюрган. Тообо каалгасы адам баласы үчүн Кыямат Күнүнө чейин ачык. Андыктан адамзаада күнөө иштери үчүн, кемчиликтери үчүн тообо кылышы керек.


Адам бул дүйнөдө жасаган жакшы амалдарынын акыбетин акыретте ашыгы менен алат. Куттуу хадистерде, адам дүйнөдөн кайткан соң амал дептеринин жабылаары, бирок тирүү кезинде кылган айрым бир сооптуу иштери үчүн дептерге сооп жазыла берээри билдирилет. Ардактуу Пайгамбарыбыз бул багытта: «Адам көз жумганда анын амал дептери жабылат. Бирок мынабу үч абалда дептер жабылбайт: садака жария (мечит, мектеп, оорукана, жол салуу сыяктуу элдин керегине жарар кайрымдуулуктар), пайдалуу илим жана өзүнө дуба кылчу кайырлуу бала» деген. (Муслим, Васият, 14)  Дагы бир хадисинде: «Момун мусулман дүйнөдөн кайткандан кийин артынан сооп алып келе турган жакшылыктардын айрымдары төмөндөгүлөр: элге үйрөткөн илими, жакшы тарбия берип өстүргөн уулу, мураска калтырган Мусхафы (Ыйык Куран китеп), салган мечити, жолоочулар үчүн даярдаган түнөк жайы, чыгарган булагы, тирүү кезинде элге таратуу үчүн даярдап койгон садакалары» (Ибни Мажа, Мукаддима, 20) деген. Жакшы ишке себепкер болуу соопко ээ кылгандай эле, жаман ишке себеп болуу-жазага дуушар кылат. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз: “Ким жакшы бир жол (жаңы чыйыр, бидаты хасана) баштаган болсо, ал кишиге сооп жазылат, ал ишти жасагандардын сообунан да насибин алат. Ким жаман бир жол (зыяндуу жаңы жол, бидаты саййиа) баштаган болсо ага күнөө жазылат жана ал жаман ишти жасагандардын күнөөсүнөн да насибин алат” деген. (Муслим, Илим, 15)


Демек, адам баласынын жасаган иши жакшылыкка же жамандыкка себеп болсо, анын сообу же күнөөсү дүйнөдөн кайткандан кийин деле уланып жазыла берет. Маркумдун ийги тарбия көргөн, адептүү, ата-энесине, жаамы көзү өткөн мусулмандарга Куран окуп дуба кылган баласы болсо, анда анын амал дептерине сооп жазылат. Курани Карим бизди көз жумган мүлдө мусулмандарга ар дайым дуба кылууга үндөйт. Маселен, «Алардан кийин келгендер мындай дешет: «Эгебиз, бизди жана бизден мурун ыйманга келген туугандарыбызды кечире көр. Биздин жүрөгүбүзгө ыйман келтиргендерге кек салба. Эгебиз, Сен албетте Мээримдүү, Боорукерсиң.» деген аят бар. (Хашр сүрөсү 10).
Эми кезеги менен суроо-жоопко өтөлү:
1- Маркумдун акырети үчүн кандай жакшылык иштерди кылуу абзел?
- Маркумду карыздарынан кутултуу: Өлгөн адамдын мал-мүлкү карыздарын жабууга жетсе, карыздарын төлөө керек. Ал эми карызы көп болсо, мураскорлору же жакын туугандары анын карыздарын төлөп, аны кул акысынан кутултуулары зарыл.
- Аткарбай калган ибадаттарын толуктоо: бул багытта ар ибадаттын орундалышы ар башкача. Маркум тирүү кезинде орундай албай калган ибадаттарын орундоо ибадаттын түрүнө жараша болот. Бул учурда айрым бир ибадат түрүнүн өзүн аткаруу мүмкүн болсо, айрымдарынын өзүн аткаруу мүмкүн эмес. Анын ордун башка иш-аракеттер менен толуктоо мүмкүн. Маселен, көз жумган адамдын ордуна намаз окуу же орозо кармоо туура болбойт. Анткени намаз окуу менен, орозо кармоо менен маркумдун аткарбай калган намаз-орозолорун толуктоо мүмкүн эмес. Бирок кандайдыр бир себептен орозо кармай албай калган күндөрү үчүн битир садага таратса болот. Мына ушундай таризде өлгөн адамды мойнундагы бул озуйпадан кутултса болот.
Тирүү кезинде мүмкүнчүлүгү боло туруп ажылык ибадатын орундабай калган адамдын ордуна ажылык ибадатын аткарса болот. Асыресе, карылыктын айынан ажылыкка баралбаган атасынын ордуна ажылык озуйпасын ордундаса болобу же жокпу деген суроого Азирети Пайгамбарыбыз орундаса болорун билдирген. (Тирмизи, Хаж, 86)
Зекет, кеперет сыяктуу карыздар өлгөн кишинин атына төлөнсө, өлгөн адам карыздан кутулган болот.
- Ибадаттын соопторун маркумга багыштоо: Жогоруда Куран бизди көз жумган адамга дуба кылууга үндөгөнүн айткан элек. Бул өңүттөн аят, хадистер дубанын маркумга пайдалуу экенин айгинелейт. Азирети Пайгамбарыбыз маркум үчүн берилген садагалар ага да пайда алып келерин билдирген. (Ахмед бин Ханбал, Муснад, VI, 7)
Жогоруда белгиленгендей, маркумдун акырети үчүн жакшылык кылуу мүмкүн. Асыресе, бул жагдайда өтө кылдат кадам таштоо керек. Ырас, элкөрсүн үчүн жасалган иштен маркумга сооп жетпеси бышык. Ошондой эле динибизде өлгөндү атайын белгилүү күндөрдө эскерүү, «кыркы» же «ашы» сыяктуу каадалар жок. Мунун ордуна маркум үчүн дуба кылуу, садага берүү, кедей-кембагалдарга жардам берүү, Куран окуп сообун маркумга багыштоо сыяктуу иштерди аткаруу алдаганча сооптуу. Маркумга кошок кошуу туура эмес. Жашоо Алланын кишиге ыроологон жакшылыгы. Өлүм да Анын тагдыры. Ага каршы чыгууну туюнткан кыймыл-аракет да туура эмес. Мусулман баласы дүйнөнү убактылуу, ал эми акыретти түбөлүк жашоо деп билип, ошого жараша жашоо кечирет.
2- Ата эненин балага тарбия берүүдөгү жоопкерчилиги кандай?
Бала Жараткан Кудай Тааланын ата-энеге ыроологон жакшылыгы. Бала ата-эне үчүн ары чоң белек, ары маанилүү жоопкерчилик. Куранда Алла Таала мындай буюрат: «Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адам жана таш болгон тозок отунан коргогула...» (Тахрим, 6). Бул аятка Азирети Пайгамбарыбыз (сав): «Үй-бүлөңөрдү Алланын тыйууларынан тыйып, буйруганына үндөгүлө. Аларды тозок отунан мына ушинтип коргогон болосуңар» деп түшүндүрмө берген. Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде: «Баарыңар чабансыңар, ар ким өз кол алдындагыларга жоопкер. Эркек үй-бүлөсүнүн чабаны, ал үй-бүлөсүнө жоопкер. Аял үйдүн чабаны, ал үйдгө жоопкер». (Бухари, Васая, 9)  Баланы адал жол менен багуу, ага изги тарбия берүү, ак динди үйрөтүү, жакшы билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү эненин да, атанын да эң иридеги озуйпасы. Бул жерде материалдык каражат атанын мойнунда болот.
Баланын үй-бүлөдө изги тарбия көрүүсү арийне, ата-эненин адамдык сапатына, алган тарбиясына түздөн-түз байланыштуу. Адамдык сапаты төмөн, акылы начар ата-эне баласына өзүндө жок нерсени бералбасы бышык. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү. Ырас, бүгүнкү күнү жат көрүнүштөр көбөйүп, эл өлүмдөн кийинки ак жашоону унутуп, адал-арамды ылгабай убактылуу дүйнөлүк жыргалчылыкка гана ыктап калган чакта ата-эне баласына туура тарбия берүүгө, ага ак менен караны айкын үйрөтүүгө, аны Жараткан Алланы таанытууга өзгөчө көңүл бөлүшү зарыл. Куттуу хадистерде белгиленгендей, баланы туура тарбия берип чоңойтуу - ата-эненин милдети. Ата-эне балага кичинекейиен баштап өз Жаратуучусун таанытып, дүйнө-акырет, адал-арам, чоң-кичине күнөөлөр жөнүндө түшүнүк берип, аны адамга жылуу мамиледе болууга, бирөөнүн акысын жебөөгө үндөшү керек. Балага жакшы тарбия берген ата-эне бул дүйнөдө да, акыретте да сооп алат, амал дептери жабылбайт. Баласына ак динди үйрөтпөгөн же үйрөнүүгө мүмкүндүгү бар жерлерге жибербеген ата-эне күнөөкөр болот. Ар бир мусулман баласы ыйман негиздерин, Исламдын түркүктөрүн, адал-арамды, ак менен караны үйрөнүшү парз. Буларды балага үйрөтүү - ата-эненин мойнундагы милдет. Ата-эне балдарын жакшылыкка гана багыттап, адал азык менен гана багышы керек.
Балдарыбызга жаш кезинен даарат алууну, намаз окууну, Алла Таалага шүгүр келтирүүнү үйрөтүүбүз абзел. Асыресе, балдарыбыздын баарына бирдей мамиле жасап, бирдей сүйүү бапестөөбүз керек. Эч качан бирин жакшы көрүп, экинчисин жаман көрбөө зарыл. Хадистердин биринде Пайгамбарыбыз мындай буюрат: «Ким эки кыз баланы чоңойтуп, жакшы тарбия берсе Кыямат Күнү мени менен бирге болот». (Муслим, Бирр, 149)  Өгөй балага да өз баладай мамиле жасап, мээрим төгүү кажет. Темабызды төмөнкү куттуу хадистер менен жабууну эп көрдүк: «Балдарыңарга жакшы карагыла, жакшы тарбия бергиле» (Ибни Мажа, Адаб, 3), «Ата баласына изги ахлактан дагы жакшы нерсе бералбайт» (Тирмизи, Бирр, 33), «Адам көз жумганда анын амал дептери жабылат. Бирок мынабу үч абалда дептер жабылбайт: садака жария (мечит, мектеп, оорукана, жол салуу сыяктуу элдин керегине жарар кайрымдуулуктар), пайдалуу илим жана ага жакшы дуба кылып турган кайырлуу бала» (Муслим, Васият, 14).

Башына