Тогузунчу сан

Акырет турмуштун тангыс кылган далилдер
Мазмуну
Садык Гавай
(Сандан санга)
Эгер сиз Аллах-Тааланын Жердеги жашоону ушул сынактан өткөрүү максатында жаратканын, өлүмдөн кийин да жашоо бар экенине ишенбесеңиз, анда өзүңүзчө олтуруп төмөнкү 5 суроого жооп берип көрүңүз:
1. Адамды алгач топурактан, андан кийин бир тамчы суюктуктан жараткан Аллах-Таала адам өлгөн соң кантип эле тирилте албай калсын?
2. Тиктөөгө көзүбүз, айтууга сөзүбүз жетпеген ушул ченемсиз Ааламдарды жараткан Аллах-Таала окумуштуу-астрономдордун көз алдында бир жылдыздарды талкалап туруп, анын ордуна андан да чоң планета-жылдыздарды газдан (ар: духан) жаратып жатканы шексиз далилденип жатса, анан кантип эле топурактан адамды кайра жарата албай калсын?!
3. Какырап куурап калган талааларды, дарактарды, өсүмдүктөрдү... ж.б.у.с. оңой эле тирилте алган, жансыз нерселерге жан сала алган Аллах-Таала өлгөн адамды кантип тирилте албай калсын?!
4. Силер энеңердин ичинде бир тамчы суу, андан кийин уюган кан, андан кийин бир тутам формасыз эт болуп жатканда форма, акыл, сезим, рух берип, жан салып, кам көрүп, энеңердин киндиги аркылуу дем алдырып, энеңердин каны аркылуу азыктандырып, энеңердин ысык курсагында 9 ай багып чоңойтуп, андан жерге түшкөндө 2 жыл энеңерге, 6 жыл атаңарга көтөртүп, анан Өзүн таанытуу үчүн акыл-эс жана эс-тутум (память) тартуулап, тирүүлүктүн азаптуу жолдорунда ар нерсени себеп кылып ырыскы берип турган Аллах-Таала кантип эле Анын буйруктарын чанып, айбандык сезимдериңерди канааттандыруу үчүн бүт өмүрүңөрдү коротконуңарды кечирип, жерге жаралуу максатыңарды силер жерде өз акылыңар менен аңдай албасаңар, сөзсүз болуучу Кыямат Күнү аңдатпастан, ың-жыңсыз, дайын-дарексиз жок кылып жиберсин?!
5. Жашоонун жана жакшылыктын белгиси болгон жашыл дарактан жамандык менен өлүмдүн белгиси болгон отту жараткан, тирүүнү өлтүргөн, өлүктү тирилткен Улуу Кудуреттүү Аллах-Таала кантип эле сени менен мени тирилте албай калсын?!
Алла Улуу!!! (Субахан-Аллах!!!). Адам өзүнүн айланасында болуп жараяндарга жакшылап терең ой жүгүртүп көз салса эле, бул аалам Даанышман, Ырайымдуу, Баарына кудурети жеткен, Баарын башкарып турган, ырайымдуулардын ырайымдуусу, даанышмандардын Даанышманы, кудуреттүүлөрдүн Кудуреттүүсү тарабынан, жамандыкты жазалары шексиз, жакшылыкты сыйсыз калтырбай турган адилеттүүлөрдүн Адилеттүүсү тарабынан жаратылганы айдан ачык болот. Бирок, Аллах-Тааланын Адилеттүүлүгү толук орной турган жай бул – бизге күн эмес, саат санап жакындап келе жаткан Акырет.
КЫЯМАТ КҮНҮНҮН КЕЛҮҮСҮ ТУУРАЛУУ КАБАРЛАР
Аллах-Таала Ыйык КУРАНда мындай дейт:
(О Мухаммад! (с.а.в.) «алар сенден Кыямат Күнү тууралу «ал качан болот?» деп сурашат. (Сен) айткын: «ал тууралуу бир гана Аллах-Таала билет. Андан башка эч ким кыяматтын болор убактысы тууралуу билүүгө кудурети жетпейт. Аны билүү – асмандар жана жер үчүн өтө оор. Ал капилеттен болот. Алар сенден сен аны билип тургандай суроо беришет. Айт: «чындыгында эле, Кыямат Күнү тууралуу илим бир гана Аллахка таандык, Ал гана билет. Адамдардын көпчүлүгү Кыямат тууралуу ойлонуп да коюшпайт» (Куран, ал-Арааф: 187).
Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи саламдын сахабаларынын бири Жабир бин Абдуллахка Пайгамбарыбыз көзү өтөрдөн бир ай мурун мындай деген: «Силер менден Кыямат Күнү качан болору тууралуу сурайсыңар. Бул – бир гана Аллахка белгилүү нерсе. Аллахтын ысмы менен сөз берем, ушул күндөн жүз жыл өткөн соң азыр биз менен жашап аткан бир да адам жер үстүндө калбайт» (Муслимдин жыйнагынан). (Чындыгында эле ошол күндөн эсептегенде туура 100 жыл толгон күнү Пайгамбарыбыздын сахабаларынын эң акыркысы көз жумган– С.Г.)
Умар бин ал-Хаттаб мыйндай деген: «Бир жолу биз Аллахтын Элчисинин (саллаллоху алейхи вассалам) жанында олтурганыбызда биздин жаныбызга аппак кийим кийген, капкара чачтуу адам келди. Анын түрү алыстан келген мейманга да окшош эмес, бирок биз тааныган адамдардан да эмес эле. Ал пайгамбарыбыздын (с.а.в) чөк тизелеп олтурган тизесине өз тизесин тийгизе чөк тизелеп олтуруп, колдорун сандарына коюп: «о Мухаммад! Мага Ислам дини тууралуу айтып берчи» деди. Алланын Элчиси (с.а.в): «Ислам дини бул – Аллахтан башка кудай жок экенин, Мухаммад анын пайгамбары экенин мойнуңа алуу, намаз окуу, зекет берүү, рамазан айында орозо кармоо, чамаң жетсе Меккеге ажылыкка баруу» деп жооп берди. Ал: «Туура» – деп кубаттады. Биз оболу ал өзү сурап, анан кайра жоопту тастыктаганына таң калдык. «Мага иман жөнүндө айтып бер» деди анан ал. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Имандуу болуш үчүн сен Аллахтын жалгыз Кудайлыгына, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына,, Кыямат Күнүнүн сөзсүз болоруна жана тагдырдын жакшылыгы да, жамандыгы да Аллахтан экенине шектенбестен ишенүү» деди. «Бул да туура» деди чоочун адам. Андан кийин ал: «Мага ихлас тууралуу айтып бер» деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Сен Аллахты көрүп тургандай ибадат кылышың керек. Анткени сен аны көрбөгөнүң менен, Ал сени көрүп турат. «Кыяматтын болоор убактысы тууралуу айтып бер» деди «мейман». Пайгамбар (с.а.в): «суралып жаткан адам сурап жаткандан ашыкча эч нерсе билбейт» деп жооп берет. «Анда мага анын жакындаганынын белгилери тууралуу айтып бер» деди тигил адам. «Күң аял өзүнө кожойке төрөйт, жылаңаяк, жылаңбаш, жакыр чабандар бийик үйлөрдү куруу боюнча атаандашышат» деп жооп берди пайгамбарыбыз (с.а.в). Ушул жооптон кийин тигил адам бизден алыстап кетти да, пайгамбарыбыз көпкө чейин ойго батып олтурду. Анан менден сурады: «О Умар, билдиңби сен, ким мага суроо берди?». Мен: «Аллах-Таала жана Анын пайгамбары мыкты билет» деп жооп бердим. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Силерге диниңерди үйрөтүү үчүн Жабраил периште өзү келди» деди (Муслим).
Биз жашап жаткан доордо көптөгөн адамдар «мен кыямат күнүнүн качан болоорун билем» дешет. Бирок мындай билдирүү – барып турган жалганчылык. Мындай жалганга наадан адамдар гана ишениши мүмкүн. Пайгамбарлардын мырзасы жана акыркысы Мухаммад (с.а.в) да, Аллах-Таалага жакын периште Жабраил да Кыяматттын качан болоору тууралуу билген эмес. Анткени аны билүү – «асмандарга да, жерге да абдан оорлук кылат...».
Бир гана нерсе белгилүү: Улуу пайгамбарыбыздын (с.а.в) Сүннөттөрүнөн белгилүү болгондой Кыямат Күнү жума күнү болот. Пайгамбарыбыздын белгилүү сахабасы (споджижник) Абу Хурайранын айтуусу боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в) минтип айткан: «Күн чыккан күндөрдүн мыктысы – жума. Жума күнү Адам-Ата жаратылып, Бейишке киргизилген, (кийин) дал ушул күнү ал Бейиштен куулган. Кыямат Күнү да жума күнү болот» (муслим).
КЫЯМАТ КҮНДҮН ЖАКЫНДАШЫ
Асман-жер кыйратылуучу Кыямат Күнүнүн качан болору белгисиз болгонуна карабастан, адамдар ал күн улам жакындап келе жатканын унутпашы керек. Анын үстүнө Акырет жашоосу ар бир адамдын бул дүйнөдөн көз жумушу менен кошо дароо башталуучу нерсе. Ошол үчүн Ыйык КУРАНда дүйнөнүн кыйрашы жана акырет жашоосунун башталышынын негизги бөлүгү болгон Кыямат Күнү тууралуу көптөгөн жолу баса белгиленет. Аллах-Таала мындай деген: «Адамдар сенден кыямат Күнү(нүн качан болоору) тууралуу сурашат. Айт: «Ал тууралуу илим бир гана Аллах-Таалага таандык. Сен кайдан билесиң: Балким Кыяматтын болооруна жакын калгандыр?» (Куран, ал-Азхаб:63).
Аллахтын пайгамбары Мухаммад (с.а.в) айткан: «Мен адамзатка Кыямат менен кошо жиберилдим. (Ал тургай) Кыямат менден бир аз озуп кете жаздады»мухаддис Ахмаддын билдирүүсү боюнча).
КЫЯМАТ КАЙЫМДЫН БЕЛГИЛЕРИ
Кыямат Кайымдын (орусча Конец Света) жакын калганына Пайгамбарыбыздын (с.а.в) өз үммөттөрүнө эскерткен хадистериндеги Кыяматтын болушунун аз калганынан кабар берген окуялардын ишке ашып жатканы эң мыкты күбө жана эң ишенимдүү далил. Хадистерден кездешкен ал окуялар Кыямат кайымдын жакын калганынан кабар берүүчү «Чоң белгилер» жана «Кичи белгилер» деп аталат. Кыямат Кайымдын жакын калганынын чоң белгилери булар – Кыямат кайым болоруна абдан аз калган кезде болуучу адаттан тышкаркы (сверхестественные) окуялар. Андай окуялар – 10: 1) Масих-ул-Дажжалдын келиши, 2) Иса бинни Мариямдын жерге түшүшү, 3) Имам Махдинин пайда болушу, 4) Яжуж жана Мажуж аттуу элдердин мусулмандарга кол салышы, 5) оболу Чыгышта, анан Батышта, жердин оюлуп түшүшү, 6) андан кийин Аравия жарым аралында абдан чоң дарыянын пайда болушу 7) дүйнөнү түтүндүн каптап кетиши, 8) күндүн батыштан чыгышы, 9) адамча сүйлөгөн айбандын пайда болушу, 10) Йеменден жер жарылып, жердин оюгунан жалын чыгып, бардык элдердин Кыямат Күнүнө Аллах-Тааланын алдына сурак берүү үчүн жыйналышы.
Кыяматтын жакындап калганынын майда белгилери – Пайгамбарыбыз айтып кеткен жана Кыяматтын жакындап калганын далилдеп туруучу, негизинен, адаттагыдай эле көрүнгөн окуялар.