Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

Куттуу үч ай

Мазмуну

Бакыт Бек Коңурбаев
bakyttegin@mail.ru

Куттуу үч ай – аягы Рамазан айы менен бүткөн, руханиятка толгон Алланын берекеси ашып ташкан мезгил. Бул айлар - Ражаб, Шаабан жана Рамазан айлары болуп эсептелет. Бул айларда ырайымдуулук толкундары толкуган, дилге ыйман, руханий тынчтык орногон жана теңирий ыраакым эргиген кез.

Ай жылсанагы айдын кыймылына жараша аныкталат. Ай жылсанагы күн жылсанагынан он бир күнгө кыска. Күн жылсанагынан айырмаланып, жылдын бардык мезгилдерине туш келет. Маселен, Рамазан айы он же он бир күндөн артка жылып отуруп, жылдын бардык мезгилин айланып чыгат. Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул айларга өтө маани бергендиктен мусулмандар арасында куттуу айлар катары каралат.

Куттуу үч ай тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:

«Ражаб Алланын айы, Шаабан менин айым, Рамазан үммөтүмдүн айы».

Ражаб айы келгенде мынабу дубаны көп окуй турган: «Оо, Жараткан Алла! Ражаб менен Шаабан айын куттуу кылып, жалпыбызды Рамазан айына жеткире көр!».

Рамазан айы айлардын эң улуусу жана эң куттуусу. Пайгамбарыбыздын төмөндөгү хадиси Рамазан айынын кадырын даана айкындап турат: «Рамазан айы киргенде бейиштин каалгалары ачылып, тозоктун каалгалары жабылат. Шайтандар кишенделет»

Бул үч ай адампенденин өткөндөрдү тескеп, алдыга жаңы руханий күч топтоосуна эң сонун өбөлгө. Жалган дүйнөнүн көйүнөн суурулуп, өзүбүздүн жаралуу максатыбызды ойлонууга жана адамдар менен болгон мамилебизди оңдоого табылгыс мүмкүнчүлүк. Бул айлар Ислам дининде куттуу болуп саналат. Бирок калган мезгилдер куттуу эмес деген түшүнүккө келбейт. Анткени адампенде үчүн ар бир убакыт өзүнчө дөөлөт болуп эсептелет.

Убакыттын агымы токтобой агып кете берет. Артка кайрылбайт. Алла Таала адам баласына тээ илгертен бери түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү жана дөөлөттөрдү тартуулап келе жатат. Ал дөөлөттөрдүн эң кадырлуусу - убакыт. Убакыт - макулуктардын ичинен адамзат үчүн эң керектүү ырыскы. Тилекке каршы, адампенде көпчүлүк учурларда жан азыгын ойлобой, жалаң гана дене азыгынын артынан жүгүрүп келет. Мына ошондуктан Алла Таала бир жыл ичинде кетирген катачылыктарды оңдоо, кемтиктерди толуктоо үчүн куттуу үч айды адампендеге сооп дөөлөтү кылып белекке берген. Андыктан бул айлар келээри менен Алладан ырайым тилеп, Куран окуп, намаз окуп, орозо кармап, кыскасы убакытты текке кетирбей жаныбыздын азыгын камдообуз зарыл. Кудай буюрса, куттуу үч ай дагы жакындап келе жатат. Бул куттуу убакыттан пайдаланып, жашоо барактарын кайрадан бир сыйра көздөн жүгүртүп, жашоону ак жолго буралы. Ата-энеге, туугандарга жана кошуна-колоңдорго жардамыбызды аябайлы. Колунда барыбыз да, жогубуз да, Алла берип жаткан ырыскыга топук жана шүгүр кылалы. Бул айларда чын дилден Аллага жалбарып, ага болгон ибадат милдеттерибизди толук орундайлы. Анткени адам дили бир гана ибадат аркылуу агарат.

Куттуу үч ай быйылкы күн жылсанагында:
Ражаб айы – 16-июлдан 13-августка чейин.
Шаабан айы – 14-августтан 12-сентябрга чейин.
Рамазан айы - 13-сентябрдан 11-октябрга чейин.

Береги маалыматтар диний календардан алынды. Бир же эки күн айырма болушу мүмкүн. Анткени Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул боюнча маалымат бере элек.

Башына