Тогузунчу сан

АЧКӨЗДҮК – ДИЛДИН ЧОҢ ДАРТЫ
Мазмуну
Октай Четин
Жашоо – бул, адам баласы үчүн өзүнчө байлык. Арийне, Алла Таала өмүрдү адамзатка аманат катары берген. Ал Кудурет бир күнү ар бир таштаган кадамыбызга жооп берүүбүздү билдирүү менен, түбөлүк бакытка жетүү үчүн Сүйүктүү Пайгамбарынын (саллаллаху алейхи васаллам) өрнөктүү өмүрүнөн үлгү алып, Исламдын аруулугун аңдап, анын кадырына жете тургандай жашообузду буюрган. Ырас, Жараткан Алла жер бетиндеги эч бир жандуу-жансызды максатсыз жана озуйпасыз жараткан эмес. Ар бир жандуу-жансыздын өзүнө тиешелүү жаралee максаты жана озуйпасы бар. Асыресе, адам баласынын эң ири озуйпасы – Алла Таалага ибадат кылуу, Жараткандын ак жолунан адашпоо. Ыйык Куранда Алла Таала бул багытта: «Мен жин жана адамдарды Жалгыз Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым» (Заарият сүрөсү 56) - деп буюрат. Адам баласы Алла Таалага ибадат кылуу аркылуу жалган дүйнөдөгү жаман адаттардан арылып, жакшы сапаттарга ээ болот. Мына ушинтип ал Жараткан Кудай Таалага бет алып, ак жолдо жүрүү менен Анын ыраазычылыгына ээ боло алат. Алланын учу-кыйырсыз ыракымына бөлөнүп, ыраазычылыгына ээ болгон адам элдин жүрөгүнөн да түнөк табат. Эки дүйнөдө тең бактылуу өмүр сүрүүнү каалаган адам жандүйнөсүнө кара көө жапкан рухий ыпластыктардан оолак болушу кажет. Ошол ыпластыктардын бири – бул «ачкөздүк». Ачкөздүк - бул топуксуздук, байлыгы боло туруп бирөөнүн мал-мүлкүнө көз артуу. Ачкөздүк - өтө коркунучтуу дарт. Ал адам үчүн Алланын ак жолуна түшүшүнө абдан чоң бөгөт. Бул дартка чалдыккан адам акча-байлыкка гана ыктап, арам-адалды ылгабай калат. Адам баласы мунун кесепетинен түбөлүк бактысынан ажырашы толук ыктымал. Анткени ал адамды Жараткан Алланы танууга чейин алпарышы мүмкүн. Бу оор дартты Жалгыз Алла Тааланы көп зикир кылуу жана Ага шүгүр келтирүү менен эмдөө керек. Болбосо, ачкөздүк адам баласын аянычтуу акыбетке тушуктурат. «Бостан» жана «Гүлистан» аттуу китептерде баяндалган «Ачкөз карышкыр» жөнүндөгү тамсил абдан кызыктуу да, ибараттуу. Тамсил төмөнкүчө баяндалат: «Күндөрдүн биринде мергенчи үй-бүлөсүнүн кардын тойгузуш үчүн токойго аңчылыкка чыгат. Токой абдан чытырман болгондуктан мергенчинин аңчылыгы бираз оорлошот. Бирок үй бүлөнү багуу анын милдети болгондуктан кыйналганына карабай, өз ишин жан дили менен аткарат. Мергенчи ойго батып, курбандык аңдып турган кезде маңдайына семиз жейрен чыга калат. Мергенчи ошол замат «биссмилланы» оозанып, жейренди атып, ийнине артынып жолуна түшөт. Токойдон чыга берээрде капилеттен жапайы каман алдын торойт. Ач каман мергенчиге аркырап: «жаныңды аясаң жейренди таштап кач!» дейт. Мергенчи: «балдарымдын ырыскысын сага бере албайм» деп жооп кайтарып, каманды жаа менен атып калат. Ок чала тийип, каман мергенчиге кол салат. Мергенчи кансырап, каман тийген октун жаратынан өлөт. Ошол маалда токойдо ач карышкыр да аңчылык кылып жүргөн болот. Карышкыр үчөнүн үч жакта жатканын көрүп: «кудай мындайды бербеспи, бир аңчылыкта үч курбандык!» деп жаланат. Тиги үчөөнү алып кетээрде, мергенчинин тери капталган жаасын көрүп калат. Бул төртүнчү курбандык деп ачкөздөнүп, аны жей баштайт. Жаанын учу кардына сайылып, «бул эмне кылганым» деген боюнча жан берет».
Ошентип, карышкыр үч курмандыкка ыраазы болбой төртүнчүсүнө кол салып, ачкөздүктүн айынан өмүрүн жоготот. Карышкыр кудай берген үч ырыскыга шүгүр кылбай, напсисин агытып, ачкөздүк менен төртүнчүгө кол салды. Ачкөздүктүн акыбети катары өлүп тынды. Икаядан ибарат демекчи, Алла Таала жиберген ырыскыларга аз болсун, көп болсун чын дилден шүгүр кылуу керек. Колдогу байлыкка топук кылып, анын баркына жетип, аны ыроологон Аллага ыраазылык билдирүүбүз кажет. Дүйнөнүн булуң-бурчуна сереп салсак, канчалаган адамдар бир үзүм нанга жетпей, ачкачылыктан кырылып жатат. Жогоруда белгиленгендей, ачкөздүк адамдын жандүйнөсүн жакырлантып, кара көөгө боёгон оор илдет. Ачкөзгө баары аз көрүнөт. Аттигиниң-ай, адамзат өзүнөн өйдөгө карабай, төмөнгө караса, балким, бактылуулуктун нукура даамын сызып өмүр сүрөр беле... Тилекке каршы, учурдагы адамдар тамсилдеги карышкыр өңдөнүп, ачкөздүктүн азабына өздөрү кабылганы аз келгенсип, жер жүзүнө башаламандыктарды жайышууда. Учурдагы согуштар, зордук-зомбулуктар, адилетсиздиктер, деги койчу, бардык терс көрүнүштөргө мына ушул ачкөздүк дартынын ырбап жайылып жатышы да себеп болууда...
Жыйынтыкта:
• Өмүр – Улуу Жараткан Алла Таала тарабынан адамзатка ыроолонгон баа жеткис дөөлөт жана аманат.
• Алла Таала мүлдө жандуу-жансыздын ар бирин өз максаты жана озуйпасы менен жараткан. Алардын ичинен адамдын да өз максат-озуйпасы бар. Адамзааданын жер бетине келгендеги максат-озуйпасы – Жалгыз Жараткан Алланы таанып, Анын ак жолунда так жүрүп, Жалгыз Өзүнө гана ибадат кылуу менен чалкыган мухит сымал мээримине бөлөнүп ыраазылыгына ээ болуу.
• Береги нары аруу, нары улуу максатка жетүү үчүн теңдешсиз үлгүлүү инсан атыккан Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын өрнөктүү өмүр кенчинен өз үлүшүбүздү алуубуз абзел.
• Рухий жашоого кошкөңүл мамиле жасоодон оолак болуу - Алланын ыраазылыгына жетүүнүн бир талабы.
• Айыкпас ачкөздүк дартынан Жалгыз Алла Тааланы көп-көп зикир кылуу (эстөө) жана колдогуга топук кылып, Аллага шүгүр келтирүү менен арылууга болот.
• Өзүнөн кедей-кембагалга жардам берүү да ачкөздүктөн арылуунун бир жолу. Ачкөздүктөн арылбай бакытка жетүү мүмкүн эмес.
• Шүгүр кылууну ар бир мусулман эсине түйүп жүрүүсү кажет.
• Бүгүнкү күндө жер жүзүндөгү башаламандыктардын, зордук-зомбулуктардын бирден бир эң маанилүү себеби психологиялык, саясий жана экономикалык ачкөздүк.