Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

Талас Согушу

Мазмуну

Датасы: Июль-Август 751
Аймагы: Талас, Кыргызстан
Жыйынтыгы: Аббаси жеңиши

Тараптар
1.Аббаси Халифаты Карлук түрктөрү
2.Кытай Танг уруусу

Кол башчылар
1.Зийад ибн Салих
2.Гао Хианци , Ли Сийе, Дуан Хиуши

Жоокерлер саны
1. 150.000
2. 100.000

Хазар түрк уруусу түрк урууларынан Ислам дини менен таанышкан эң алгачкы уруу. Азирети Умардын доорунан баштап араптар менен хазар түрктөрүнүн ортосунда оор тирешүүлөр жараян эткен. Бул кагылышуулардын натыйжасында араптар хазарларды басып ала алган эмес.

Византия империясынын кысымынан түрктөрдүн конушуна качып келген жөөттөр айрым хазар түрк жетекчилерине өз таасирлерин тийгизе алышкан. Тагыраак айтканда, кээ бир хазар атка минерлер иудаизм динине өтүп кетишкен. Ал эми эл мурунку эле өз дини менен өмүр сүрө беришкен. Жөөттөр Орто Азияга жана Түрк мамлекеттерине мына ушул кылымда келип отурукташкан.

751-жылы бүгүнкү Талас жергесинде араптар жана карлук түрктөрү менен кытайлардын ортосунда чоң салгылашуу болгон. II Көктүрк мамлекетинин кулашы менен чыгышка карай бет алган кытай колу менен Абу Муслим тарабынан жөнөтүлгөн арап-түрк кошуунунун ортосундагы бул салгылашта араптар менен түрк уруулары жеңишке жетишкен. Мына ушундан кийин түрктөр араптарга кошулат. Ошентип, арап Аббаси Мамлекетинин учурунда түрк уруулары Ислам дини кабыл ала баштаган.

Алгачкы түрк-арап бирикме кошуунунун кытайларга каршы чабышы себеби жана жыйынтыгы жагынан өзгөчө мааниге ээ.

Көктүрк мамлекетин кулаткан кытайдын Танг уруусунун доорунда (618-906-жылдар) император Хиванг-Чанг (713-755) Түрк Хан уулдарынын Шаш (Ташкент) шаарын басып алуну каалаган. Мына ушул максат менен сапарга чыккан Куча акими Као Сиен-тче көп өтпөй Шаш акими Багатур Тудунду колго түшүрүп императорго жөнөтөт.

Багатур Тудундун өлүмүнөн кийин баласы Түен-ен аймактагы түрк урууларын Кытайларга каршы чабуулга чакырат. Көктүрктөрдүн кулашынан кийин биримдикке келе албай жургөн түрктөр кытай колу менен жалгыз өздөрү салгылашуу кыйын болгондуктан Аббасилерден жардам сурашат.

Ошентип, Аббасилерден оң жооп болуп бир кошуун жардамга келет. Ислам кошуунунун башында Зияд бин Салих деген адам турган. Бул жагдайдан кабар алган кытай колбашчысы Као Сиен-тче 100 000 кишиден турган кошууну менен Талас шаарына бет алат. Салгылашуу 751-жылдын июль айынын акырында башталып, август айынын башында бүткөн. Салгылашуу жараяны өтө курч мүнөздө өткөн. Салгылашуунун акыркы күнү кытай колу алсыз тартып, арасы сээлдеп калган эле. Мына ушул учурда түрктөр тарабынан оор сокку болот. Ансыз да алсырап калган кытай кошууну береги соккудан кийин айласын таппай калат. Као Сиен-тче аз сандагы колу менен кан майдандан араң качып кутулат. Бул оор салгылашууда кытай тарап жетимиш миң жоокеринен айрылган. Анын элүү миңи кан майданда набыт болсо, жыйырма миңи туткунга түшүрүлгөн.

Талас салгылашуусунда арап-түрк тараптын жеңишке жетиши түрк, кытай, Ислам жана дүйнө тарыхында өтө маанилүү таасирин калтырды. Кытайлар Талас согушунда жеңилүүгө учурагандан кийин 20-кылымга чейин Теңир тоонун бери жагына өтө алышкан жок. Батыш Түркстан кытай коркунучунан кутулду.

Карлуктар Талас жеңишинен 15 жылдан кийин, б.а. 766-жылы Теңир Тоонун батышында орун алган Чүй дарыясынын жээгинде өз көз карандысыз мамлекетин түптөшкөн. Түркстандагы Шаманизм, Будда жана Мани диндерин тутунган жергиликтүү жана көчмөн түрк уруулары менен мусулмандардын ортосунда эркин соода-сатык, достук жана биримдик карым-катнаштар башталган. Ошентип, түрктөр мусулмандар менен таанышып, Ислам динин дагы да жакындан таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Ислам динин аруулугу, жогорулугу Түрк элдеринин Ислам динин кабылдашына бирден бир себеп болгон. Ошондуктан күн өткөн сайын Ислам динине кирген түрктөрдүн саны көбөйгөн.

Бул жерде эскерте кетчү жагдай, бүгүнкү күнгө чейин бизге батыш аркылуу жеткен маалыматтарда айтылгандай, «мусулмандар элди дин Исламга кылычтын мизи менен киргизген» эмес. Мусулмандар басып алган жерлерде жергиликтүү элге, башка диндин өкүлдөрүнө сый мамиле жасаган. Элди Ислам тынчтык динине кылычтын мизи менен кыйнап киргизишкен эмес. Алар ак динди элге сөз менен, жүрүм-туруму менен жеткирүүгө аракет кылышкан. Алар болгону ак динди элге сунуштаган. Аны кабылдоо же кабылдабоо кишинин жеке керт башына калган. Мунун мисалдары биздин, тактап айтканда, ишенимдүү Ислам тарыхыбызда арбын.

Талас салгылашуусунан кийин биринчи жолу басмаканачылык Кытай чегинен сыртка чыккан. Ошентип, араптар менен түрктөр колго түшкөн кытайлардан кагаз чыгарууну, ок дары, компас жасоону үйрөнүшкөн. Бул жаңы ачылыштар Европага мусулмандарга каршы жарыяланган крестүүлөр жортуулдары аркылуу өткөн. Дал ушул себептүү Талас согушунун дүйнө тарыхында өзгөчө маанилүү орду бар.

Бул доордо Самаркандда жибектен кагаз жасаган жаңы ишканалар курулган. Ушул сыяктуу ишканалар Жакынкы Чыгышта да ачылган. Мусулман араптар кол алдындагылардан кагаз чыгарууну үйрөнүп өркүндөтүп, маданияттын дүйнөгө тездик менен жайылышына, өнүгүшүнө кызмат кылышкан.

Википеди энциклопедиясында айтылгандай, кытай береги жеңилүүгө учураган соң кайра чабуул жасаган эмес.

Бул салгылашуунун жыйынтыгындагы дагы бир маанилүү жагдай, түрктөр Ислам менен таанышкан.

Жыйынтык:

1. Түрк урууларынын Ислам динин кабылдашы.
2. Кытайдын батышка карай миң жылдан ашуун убакыт бет алалбашы.
3. Орто Азиянын арап Аббаси мамлекетинин карамагына өтүшү.

Абдуллах Айдоган Калабалык
Калбатов Чынарбек

Башына