Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАНА УЙГУРЛАР

Мазмуну

Кытай эл республикасы географиялык жактан дүйнөдө үчүнчү чоң өлкө. Дүйнөдө калкынын саны боюнча биринчи орунда турат. Түштүк Чыгыш Азияда жайгашкан. Борбору Пекин шаары, мамлекеттик тили - кытай тили, акча бирдиги - йуан. Кытай элинин көпчүлүгү динге ишенет. Өлкөдө Конфуцизм, Буддизм, Таоизм жана Ислам диндери басымдуулук кылат.

Кытайдын төрт кылымдык тарыхы, маданияты бар. Кагаз, басмаканачылык, компас, ок дары сыяктуу бүгүнкү күнү да өтө зарыл бир катар каражаттардын тамыры кытайларга таандык.

Комунизм башкаруусунун таасири менен экономикалык жактан бир канча убакыт алдыга жылбай калган бул мамлекет акыркы жылдарда дүйнө жүзүндөгү эң маанилүү экономикалык күчтөрдүн катарына кирди. Кытай эли аскердик кызматка караганда экономика жагынан өздөрүн абдан милдеттүү эсептешет.

Эски доорлорго байланышкан изилдөөлөрдө Кытай тууралуу улам жаңы маалыматтар тез-тезинен берилип турат. Бул өлкөнү башкарган алгачкы династия болуп Хя жана Шанг тукумдары айтылып келет. Миңдеген жылдарга узаган династиялык башкаруу XX кылымдын башында элдик башкарууга өткөн. 1949 - жылы Коммунисттик партия Мао Цедундун жетекчилигинде өлкө Кытай эл республикасы деген аталыш алган.

Буга чейин мамлекетти башкарган Чан Кай Шекидин Таиландка качуусу, ушул күнгө чейин созулуп келген Таиланд проблемасынын да башталгычы болгон. Узун жылдар бою экономикалык жактан аксап калган Кытай өкмөтү 1980-жылдардын баштарында коллективдүү дыйканчылык иш-аракеттерин токтотуп, жекече иш жүргүзүүгө уруксат берген.

Учурда Кытай дүйнөнүн эң экспортер мамлекети жана рекорддук деңгээлде тышкы инвестицияга жол ачкан. Кытай жакын арада бир экономикалык доор сүрдүрөөрү көрүнүп турат. Бул абалда Кытай сырткы базарларда дагы да оңойураак байланышка ээ боло алышат, бирок сырткы конкуренциялар да ачык.

Калктын көбү жака аймактарда, дельта жана деңиз жээктеринде, Сзечвандын борбор жайлоолорундагы бош талааларда жана Түндүк Кытайдын чоң өрөөнүндөгү иштетиле турган жерлерине жайгашышкан. Бул аймактарда калкынын саны эки милиондон ашкан бирканча чоң борбордук шаарларлар бар. Өкмөт тарабынан калктын саны текшерилүүсүнө карабастан жылына 15 милиондон ашып барат. Өлкөнүн табиат шарттары, калктын көбөйүүсүнө ар тарптан тоскоол болууда.

Кытай медиясы өлкө башкаруучулары тарабынан көзөмөлгө алынууда. Пекин жетекчилиги чет өлкөлүк кабар агенттигинин маалыматтарын тандап жана туура келбеген интернет сайттарына кирүүгө тыюу салып, маалымат байланыштарын да көзөмөлгө алууга аракет кылууда.

Гонк Конгдун 1997-жылы Кытай башкармалыгына өткөрүлүп берилүүсү менен бул жердеги медиянын көз карандысыздыгын жоготуу кайгысы пайда болгон эле, бирок бул нерсе ишке ашкан жок.

Маалымат каражаттарынын арасында эң таралганы теледидар сектору, өзгөчө чоң шаарларда конкуренция ачык көрүлүп турат. Кытайдын жооптуу кызматкерлеринин 2002-жылкы аныктамаларында, өлкөдө 1 миллион 100 миң телекөрүүчүсү бар. Мамлекеттин көзөмөлүндөгү борбордук теледидар аймактык жана жергиликтүү каналдар да көрүүчү массаларын көбөйтүү үчүн күрөшүп келүүдө.

Кытайда интернет колдонуулары көзөмөл алдында болгонуна карабастан ылдамдык менен жайылып жатат. Кытайда 2003-жылдын ортолорунда 68 миллион интернет колдонуучулары бар экендиги, бул сандын өзгөчө шаарчаларда басымдуулук кылгандыгы көрүлүп турат.

Акыркы жылдары Кытай абдан ылдамдык менен көбөйүп жатат. Дүйнөдө көбөйүү боюнча эң басымдуулук кылган өлкө. Айрыкча электроникалык, автомобил жана курал жарак чыгарууда олуттуу жетишкендиктерди көргөзүүдө. Кытайдын ылдамдык менен көбөйүүсү дүйнөнүн тең салмактуулугуна да таасирин берүүдө, өзгөчө Америка жана Европа өлкөлөрүн кайгыга салууда.

УЙГУРЛАР

Уйгур мамлекети

Кытай булактарында Хеои-хо, Веи-хо, Хуеу-хо, Веи-ву жана башка түрлөрдө көрүлгөн Уйгур атынын мааниси 974-жылы жазылып калган Кытай тилиндеги бир чыгармада, «ылаачындын ылдамдыгы менен кыдырган жана кол салган» деген мааниде түшүндүрмө берилген.

Орхун дарыя жээгинде Орду-балык шаарын курган алгачкы Уйгур улагы Кутлук Билге Кул эки жылдык өкүмдарлыктан кийин 747-жылы өлөт. Анын ордуна Мойен-чор (747-759) каган болот. Мойен-чордун активдүүлүктөрү Орхун-Селенга дарыялары арасындагы Шине-усу көлүнүн жанына тиктирген «өлүмсүз суудан» карап көрүүгө болот.

Буга караганда биринчиден өз араларында тыгыз байланышта болгон тогуз Өгүз урууларын топтоду. Мунун артынан Орхун-Өтүкен аймагынын тегерегинде жашап көчкөн жана Түркчө сүйлөгөн урууларды бир асабанын алдында топтоо аракетин жүргүзө баштады. Бул багытта, түндүктө Жаңы деңиздин жээгиндеги Кыргыздар менен, Алтай тоолору менен Теңир тоонун ортосунда жашаган Карлуктар жана аларга жардам берген батыштагы Түргөштөр менен Басмыл, Тогуз Татар жана Чиктерди өз кагандыгына кошуп алган.

Тибеттиктердин Чыгыш Түркстанга кирип алуусу, Кыргыздардын түндүктөн басып алуулары мамлекеттин жок болушуна алып келди. Мани дининин күн өткөн сайын жайылгандыгынан кабар алган жана коомдук абалы абдан өзгөрүлүп кеткен Уйгурлардын тезинен башында болуп, көчмөн согушчан өзгөчөлүктөрүн жоготпогон Кыргыздар 840-жылы Орду-Балыкты басып, акыркы Уйгур каганы Хо-саны өлтүрүштү. Өтүкенде мамлекетинен айрылган Уйгурлар жерин таштап Карлук өлкөсүнө (Жунгарияга), Кан-чоуга жана басымдуулук тобу Ич Азиянын дыйканчылык талааларына көчүп кетишти. Ушундайча 745 жылы курулган Уйгур мамлекети 840-жылы жыгылды.

Чыгыш Түркстан

Халифа Абдулмалик Марван доорунда Түрктөрдүн өз ыраазычылыктары менен Ислам динин кабыл кылышкандан кийин Ислам дүйнөсүнүн эч бөлүнбөс бир бөлүгү болуп калды. Айрыкча Хакан Сатук Буура Исламды кабыл кылгандан кийин 751-1216-жылдардын арасындагы доор Чыгыш Түркстандын алтын доору болуп билинген.

Чыгыш Түркстандын учурда жашап жаткан абалы, XVII жана XVIII кылымдарда Кытайда Манжулардын бийликти колго алышы менен башталган. Адриатика Кытай чебине чейин Түрк дүйнөсү катары аталган абдан чоң географиялык жердин эң кооз бөлүктөрүнүн бири Чыгыш Түркстан болуп эсептелет. Түрк урууларынын көчмөн жашоосунан туруктуу жашоого өтүшүндө маанилүү бир орунга ээ болушкан бул аймакта, Түрк маданиятынын түпкүрүнүн эң көркөмдүү тараптарынын ортого чыккандыгын көрө алабыз. Бул аймакты Кытайлыктар, колго өткөн жаңы өлкө маанисинде «Хсин Чианг» (Шин-жиан) деп атшкан.

Кытайлар 1949-жылы аймактагы калк санын өзгөртүү үчүн жаңы жер которуу политикасын баштоого кол койушкан. Кытай өкмөтүндө 1953-жылы иштеп чыккан бул компаниянын таасири абдан ойлондуруучу болуп калды. 1953-жылы аймакта 75% Мусулман, 6% Кытайлар жашап жаткан болсо, бул жагдай 1982-жылы 53 % Мусулман, 40% Кытайлыктар болуп көбөйдү. 1990-жылкы статистикада 40% Кытай, 53% Мусулманга жеткен калк саны аймактагы этникалык тазалыктын сапатын көргөзүүдө чоң мааниге ээ.

Уйгурлар негизинен айыл жерлерде жашоодон кыйынчылык көрүп жатышса, кытайлар шаарларга отурукташууда. Аймактардагы университеттерде билим берүү кытай тилинде өткөрүлөт. Бул универстеттерден билим алууга мүмкүнчүлүгү бар мусулман окуучулардын саны болгону 20 %ды түзөт.

Уйгурлар көптөн бери колдонуп келген арап ариби, кытайлар тарабынан алгач кирил арибине которулган. Бир канча убакыт бул арип колдонулгандан кийин Латын тамгаларына өткөн. Батышка байланып калуу коркунучунан улам кайра арап арибине өтүшкөн.

Бир улуттун ариби кыска убакыттын ичинде үч жолу өзгөрүлүүсү социалдык жашоого сөзсүз түрдө терс таасирин тийгизбей койбойт. Мындай өзгөрүүлөрдөн улам өз тарыхтарынан ажырап калуулары да мүмкүн эле. Чыгыш Түркстандагы Уйгурлар азырга чейин арап арибин колдонушат. Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө жашап жаткан тектеш элдер болсо мажбур түрдө кирил арибин колдонууга тийиш.

Кытайлардын арасында жалпысынан 100 миллион Мусулман жашап жаткандыгы белгиленген. Уйгурлардын жалпы калк саны тууралуу ар кандай маалыматтар бар. Орточо эсеп менен 15 жана 20 миллион Уйгур Чыгыш Түркстанда жашап жатат. Уйгурлардын Чыгыш Түркстандан тыш эң басымдуулук кылып жашаган өлкөсү - Казакстан.

Жазган: Абдуллах Айдаган Калабалык.
Которгон: Калбатов Чынарек.

Башына