Тогузунчу сан

ТУУГАН-УРУКТАРГА БОЛГОН МАМИЛЕ
Мазмуну
Сабыр Мураталиев
sabir_kg@mail.ru
Адам баласы бул дүйнөдө канчалык жашаса жашасын баары бир акыр аягында анын бул жалган дүйнөдөн акыретке аттанаары шексиз. Ошондуктан ал өз жашоосунда акыретте өзүнө пайдасы тие турган иштерди жасоосу зарыл. Мына ошол жакшы иштердин бири бул - тууган-уруктар менен болгон мамиле болуп эсептелет. Бул мамиле араб тилинде «сила-у рахим» деп аталат. Ислам дининин негизги максаттарынан бири – мусулмандарды бири-бири менен тыгыз, бекем байланыштыруу. Мындай бекем байланышты орнотуу үчүн сөзсүз түрдө тууган-уруктардын ортосунда жылуу мамиленин болуусу керек. Андай болсо сөз учугун «сила-у рахим» деген эмне жана ал каткенде иш жүзүнө аша тургандыгы тууралуу баштайлы. «Сила-у рахим» жөнүндө аалымдар ар кандай пикирде болушкан. Мисалы, кээ бир аалымдар «сила-у рахим мал-мүлк, пайдалуу иштерде жардамдашуу, кандайдыр бир зыяндан оолактатуу, туугандар тарабынан жасалган зыяндарга көңүл бурбоо, алардын кайдыгер мамилелерине кайгырбоо, аларга жылуу сөздөрдү айтуу жана дуба кылуу жолу аркылуу ишке ашат» - деген болсо, айрымдары «жакын туугандарды акча менен каржылоо, ал-акыбалдарын суроо, алардын каталарын кечирүү, кемчиликтерин унутуу жана башка ушул сыяктуу мамилелер менен болот» - деп айтышкан.
«Сила-у рахимдин» (кайрымдуулуктун) эң оболу ата-энеге жасалуусу керек экендигин Алла Таала Ыйык Куранда минтип баяндайт:
«Жаратканың (Раббиң) жалгыз анын өзүнө ибадат кылууңарды (сыйынууңарды), ошондой эле ата-энеңерге жакшылык кылууңарды буюрду. Эгер алардын (ата-эненин) бирөөсү, же болбосо экөө тең сенин кол астыңда карылык жашына жетишсе, аларга карап «уф» («ух») дебе (үшкүрбө) жана алардын (сөздөрүн) кайтарба. Аларга ар дайым жакшы сөз айткын! Алар үчүн мээримдүүлүк менен кичипейилдик канатын пас кыл (жайгын), кичи пейил бол жана: «Жаратканым, мени (алар) наристе чагымдан бери тарбиялап - өстүрүшкөндөй, сен да аларга ырайым кыл (мээримиңе бөлө)» дегин (деп акыларына дуба кыл)», - деп буйруйт (Исра, 17/23-24).
Ата-энеге жакшылык кылуу Ислам дининин адам баласынын мойнуна жүктөгөн жоопкерчиликтеринен бири болуп саналат. Аларды уруу, сөгүү, аларга «уф» деп айтуу, үшкүрүнүү туура эмес жоруктардан болуп эсептелет жана Куран мындай иштерге тыюу салат. Белгилүү Ислам аалымы Фахруддин ар-Рази: «Алла Таала бул аятты түшүрүү менен бирге адам баласын (т.а. мусулмандарды) төмөнкү беш милдет менен милдеттендирген:
1. Ата-энелерге «уф» деп айтпоо, үшкүрбөө: «Уф» деген сөз жактырбоону билдирген сөз болгондуктан сөгүү, орой-олдоксон мамиле жасоо, мыңкылдоо деген маанилерди да өз ичине камтыйт. Кыскасы аларды кайгыртпоо, жиркпөө, каталары менен кемчиликтерин жүзүнө/бетине айтпоо / ашкере кылбоо, башкача айтканда алардын көңүлдөрүн оорута турган (нерселерди) аракеттерди кылбоо керек.
2. Аларды урушпоо: Жогорудагы аят перзенттердин ата-энелерине “жок, сенин айтканың туура эмес”, “сен билбейсиң” – деп, аларга каршы каяша айтууну да тыюу салган.
3. Аларга жакшы, жагымдуу сөз айтуу: Ата-эне менен маектешип жатканда аларга карата адептүүлүк менен жылуу, жумшак, ошондой эле урмат-сый менен мээримдүүлүктү өз ичине камтыган «атаке», «апаке» деген сөздөрдү колдонуу абзел. Аят айрыкча алар менен сүйлөшкөндө катуу эмес, акырын сүйлөө керек экендигине ишаарат кылып турат.
4. Аларды аёо: Өз балдарын кичинекейинен бери карап, эркелетип чоңойткон соң алар карылык жашына жеткенде балдары да аларга кызмат кылуусу керек.
5. Алар үчүн дуба кылуу. Аят ата-эненин көзү өткөндөн кийин да балдарынын аларга байланыштуу жакшылыктарын үзбөөсү керек экендигин билдирип турат».
Ыйык Куран жакшылык иштеринде бир гана ата-эне менен эле чектелип калбастан башка тууган-уруктарга да кайрымдуулук кылууну буйруйт. Ал жөнүндө Нахл сүрөсүнүн 90-аятында минтип айтылган: «Албетте, Алла адилеттикке, жакшы иштерди кылууга жана тууган-урукка күйүмдүү болууга буюрат, ошондой эле бузукулуктан, жаман иштерден жана зордук-зомбулуктан кайтарат» . Рум сүрөсүнүн 38-аятында болсо Алла Таала: «Андай болсо тууган-урукка, бечара жана мусапырга (кайыр-садага кылуу менен) акыларын бергин» , - деп буюрат. Куранда айтылган бардык жакшылыктар аткарылса, коомдогу ар бир адамда сүйүү, бири-бирине жардамдашуу, мээримдүүлүк, берешендик, бирөөнүн акысынан коркуу жана бай адамдарда болсо башка бирөөлөргө жардам берүү, кайрымдуулук кылуу деген таза сезим жана өзгөчөлүктөр пайда болот.
Аятта туугандарга гана эмес бардык кедей-кембагалдарга жана мусапырларга да жакшылык кылуу керек экендиги айтылган. Бай болуп туруп туугандарынын, кедейлердин, мусапырлардын акыларын бербегендердин акыретте кутула албай тургандыгы, бул акыларды бергендер болсо ийгиликке жете тургандыгы баса белгиленген.
Биз айрыкча Мухаммад Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) жашоосуна жана анын айтып кеткен куттуу хадистерине үңүлүп карай турган болсок анын ар дайым мусулман болсо да, болбосо да бардык туугандарына кайрымдуулук кылгандыгына жана өзүнүн сахабаларына да жакшылык кылууну буюргандыгына күбө болобуз. Ага (саллаллааху алейхи ва саллам) « ... жакын тууган-уруктарыңарды (Алланын азабынан) коркутуп-эскерткин» деген аят (Шуара, 26/214) түшкөндө ал дароо Азирети Алини (разияллааху анху) чакырып ага бардык туугандарын бир жерге чогултуусун табыштаган. Азирети Али (разияллааху анху) туугандарын топтогондон кийин Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) Ислам динине чакыруу ишин алгач өзүнүн туугандарынан баштады. Ошондой эле бир киши Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) алдына келип ага: «Эй Алланын элчиси! Менин үй-бүлөм, ата-энем бар. Алардын кайсы биринин көңүлүнө биринчи карайын? Кайсы бирине кызмат кылайын?» - деген суроосун узатканда Мухаммад Пайгамбар (сав) ага: «Энеңе, атаңа, бир тууган эже-карындашыңа жана бир тууган ага-иниңе. Анан жакындыгына карап башка туугандарыңа кызмат көрсөтүүң зарыл» , - деп жооп берген. Абу Хурайрадан риваят кылынган хадисте бир киши: «Эй Алланын элчиси! Менин кызмат кылуума эң ылайыктуу адам ким?» - деп сураганда Мухаммад Пайгамбар (сав) ал адамга: «Энең, энең анан энең. Андан кийин атаң. Андан соң сага эң жакын туугандарың» - деген жообун айткан. Хадисте айрыкча балага, анын ымыркай кезинен тартып эле ага көп убагын бөлгөн, тогуз ай курсагында көтөргөн, торолгонго дейре эмизген, ага материалдык жактан да, моралдык жактан да кызмат көрсөткөн энеге кайра-кайра басым жасалган. Демек адамзаада оболу энесине кайрымдуулук кылуусу, кийин атасына, бир туугандарына, андан соң тууган-уруктарына карата жакшы мамиледе болуусу керек. Туугандарга карата жакшы мамиле жасоо түшүнүгү бул - аларга материалдык жактан да көмөк көрсөтүүнү өз ичине камтыйт. Алланын элчиси (саллаллааху алейхи ва саллам) башка бир куттуу хадисинде тууган-урукка карата жасалган жакшылыктардын маанилүүлүгү жана пазилеттүүлүгү жөнүндө мындайча буйруган: «Ким ырыскысынын мол, өмүрүнүн узун болуусун кааласа сила-у рахимди аткарсын (тууган-уруктарына жакшы мамиледе болсун)». Бул хадис туугандарга карата жакшы мамиле жасаган адамдын ырыскысы мол, ал эми өмүрү узара тургандыгына ишаарат кылууда. Алла Таала каалаган пендесине эсепсиз ырыскы жана береке берет. Ырыскынын көбөйүүсү тууган-урукка болгон мамиле менен да артат.
Ал эми туугандар бири-бири менен мамиле кылбай, урушуп, бири-бирине карабай коё турган болсо, анда андай адамдардын бул дүйнөдө ар кандай балээлерге, оопат-кырсыктарга дуушар болгонундай эле акыретте да ар түрдүү жазаларга кириптер боло тургандыгы тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) бир кудсий хадисте минтип айткан: «Рахим (тууган-уруктарга болгон мамиле) дарактардын бири-бирине оролгон тамырлары сыяктуу. Кимде-ким аны (туугандыры) менен болгон мамилесин улантса, мен ага өзүмдүн берекемди улап турамын. Эгерде ким аны (туугандыры) менен болгон жылуу мамилесин үзө турган болсо, анда мен да ал кишиге берип турган берекемди токтотом» . Башка бир хадисте: «Тууган-уруктары менен болгон мамилесин үзгөн адам бейишке кире албайт» деп айтылган. Бул хадистерди аалымдар төмөндөгүдөй чечмелеп түшүндүрүшкөн:
1. Арам экендигин билип туруп себепсиз эле тууган-уруктары менен болгон мамилесин үзгөн (токтоткон) адам бул кылган ишин адал деп ишене турган болсо ал адам бейишке кире албайт. Анткени ал адам каапыр болуп эсептелип, өзүнө тозок отунан орун таап, анда түбөлүк калат.
2. Бейишке алгач кирген адамдар менен бирге чогуу кире албайт. Кандайдыр бир убакыт тозокто өз азабын тарткандан соң гана бейишке кирет. Анткени тууган-урукка болгон мамилени диндин бир буйругу кабыл кылганы менен текебердүүлүгүнүн, же болбосо кайдыгерлигинен улам ал буйрукту аткарган эмес.
Ошондуктан ар бир мусулман өз туугандарынан кол үзбөй, алар менен карым-катнашта болуусу, алардан кеткен майда-барат кемчиликтерди көрсө да көрмөксөн болуусу жана алар менен болгон жылуу мамилесин улантуусу зарыл. «Сила-у рахим» тууган-уруктар менен мамиле куруу жөнүндө айтылганы менен мындай жылуу мамиленин кошуналарга, досторго, кесиптештерге, мусулман бир туугандарга жана тааныган адамдарынын баарына жасалуусу абзел болгон диний бир жоопкерчилик болуп эсептелет.