Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

СИМПОЗИМУДА ЭМНЕЛЕР АЙТЫЛДЫ?

Мазмуну

Исхак Акылбек тегин

«Глобалдашуу учурунда Кыргызтанда адептүүлүк жана теологиялык билим берүү маселелери боюнча эларалык симпозиум»

Учурда керт баштын жана коомчулукка тиешелүү көптөгөн көйгөйлөрдүн түйүнүн чечүү машакатка айланды. Айрымдар мына ушул көйгөйдү чечүүгө кол кабыш этимиш эткени менен башка максаттарды көздөшөт. Айтайын дегеним, жарандардын рухий таалимин жогорулатуу жана билим берүүдө башка максатка кызмат кылбастан, дин жана абийир чегинде жардам берилишинин маанилүүлүгү көп айтылат. Түрдүү тариздерде болсо деле бул өңүттө көптөгөн өлкөлөрдө иш жүрүп жатат. Бул жаатта өз турумун аныктоого аракеттенген Кыргызстан диний билим берүүдөгү маселелерди эл аралык симпозиумда талкуулоого жетишти.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттиги жана Ош Мамлекеттик Университети тарабынан 2007-жылдын 21-22-май күндөрү «Глобализация учурунда Кыргызстанда адептүүлүк жана теологиялык билим берүү маселелери» боюнча эларалык симпозиум өткөрдү. Симпозиумга Россия, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринен көптөгөн илимпоз аалымдар келип катыштып, 14 отурумда 64 доклад жасалды. Кыргызстандагы эки теология факультетинен жана башка университеттерден тийиштүү адистер келип симпозиумду кең алкакта өткөрүп, дидарлашып, тажрыйба алмашуу болду.

Отурумдарда төмөнкү темалар каралды:

- Глобалдашуу учурунда билим берүү көйгөйлөрү, диний билим берүүнүн орду жана маанилүүлүгү

- Чет өлкөлөрдөгү дин жана адеп сабагынын учурдагы абалы

- Кыргызстандагы дин жана адеп сабагынын абалы

-Кыргызстандагы орто мектептерде адеп сабагынын программасы жана мугалимдердин ага жасаган мамилеси

- Кыргызстандагы теологиялык билим берүүнүн маселелери.

Симпозиумду ачкан вице премьер министр Досбол Нур уулу «Кыргыз Республикасы светтик өлкө болгондуктан диний билим берүүдө бардык диндерди камтый тургандай кең алкакта иш-жүргүзүлүшүнүн зарылдыгын, ошондой эле өлкө жарандарынын басымдуу көпчүлүгүнүн мусулман экендигин эске алып, Ислам динин үйрөтүүгө, анын адеп-ахлактык баалуулуктарын пайдаланса жакшы болорун» белгиледи. Досбол Нур уулу Кыргызстан үчүн мындай иш-чаралардын өтө маанилүү экендигин жана билим берүү маселелери талкууланган мындай жыйындардын кең алкакта өтүшүн өзгөчө белгилеп кетти.

Пленардык жыйында экинчи болуп сөз алган Түркия Республикасынын Диянет иштери боюнча министринин орун басары док. Проф. М. Шевки Айдын жаңылыш максатка колдонулуп кетүү кооптуулугу болгондуктан, диний билим берүүнү өтө кылдаттык менен пландоо жана программалоо зарыл экендигин маалымдады. Шевки Айдын тыю салуу менен көптөгөн көйгөйлөрдүн, түрдүү кылмыштардын жоюлбаганын, глобалдашуу жараянынын жыйынтыгында жеңил байланышуу мүмкүнчүлүгү ачылганын, ошондой эле диний жана идеологиялык пропаганда өтө ылдамдыкта жайылып баратканын маалымдады. Мына ушул абалдын жаман өңүткө колдонулуп кетпеши үчүн бардык мусулмандар иралды өз динин, ошону менен эле катар башка диндерди жакшылап үйрөнүп алуу зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргызстанда диндер жана маданияттар аралык диалогду өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн, түрдүү диний агымдар мыйзам боюнча уруксат алып, иш жүргүзүп жатканын, коомдун басымдуу көпчүлүгү мусулман болгон өлкө үчүн Ислам ахлагын жана таалимин үйрөтүү зарылдыгын, ошондой эле өлкөдөгү теология факультеттеринин бул жаатта бараандуу орду бар экендигин Кыргыз өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Тойгонбай Калматов зарыл маселе катары айтып кетти.

Жогоруда айтылып кеткен отурум темаларынан башка дагы төмөнкү темаларда докладдар окулду: «Жаштарды рухий жана ахлактык баалуулуктарга тарбиялоодо коомчулуктун интеллигенциянын орду», «Миссионерлердин Кыргызстандагы окуу жайлары жана массалык маалымат каражаттары жаатындагы иш-аракеттери», «Манас эпосундагы диний мотивдер».

Симпозиумдун жыйынтыгында төмөнкү жагдайлар боюнча билдирүү кабыл алынды:

- Симпозиумдун катышуучулары иралды адеп-ахлак сабактары, теологиялык билимдер жана элди рухий жактан агартуу жаатында жигердүү аракеттери бар экени жана бул иштердин илимий чөйрөдө талкууланышына колдоо көрсөткөн Кыргыз бийлигинин көз карашынын бул маселеге түз экенин баса белгилөө менен, бул иш-чараны уюштурган мекемелерге ыраазычылыгын билдиришти.

- Диний билим берүү - кайсы гана өлкө болбосун анын келечегин бекемдеп, келечек муундун ахлактык жактан өнүгүшүнө салым кошот, мекенчилдикке тарбиялайт, ошондой эле улуттук баалуулуктарга жана маданиятка маани берип, коомчулукту ынтымактуулукка үндөйт. Мына ушул алгылыктуу себептерден улам акыркы мезгилдерде бүт дүйнө буга чаңкап турганы айтылды. Эгемендүүлүктөн кийинки убактарда миссионерлик иш-аракеттер жанданып, мыйзам жол бербеген айрым диний агымдар бир кыйла жигердүү иш жүргүзүп жатканы жалпыга маалым. Мына ошондуктан коомчулукка бардык диндер тууралуу үстүртөн, ислам дини тууралуу кенен жана маңыздуу маалымат жеткирүүнүн зарылдыгы баса белгиленди.

- Тарыхта ысымы калган Кыргызстандык Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Сиражиддин Оши жана Серахси өңдүү дагы көптөгөн залкар ислам аалымдары сыяктуу коомду агарта турган дин аалымдарын бүгүн эл күткөн чагы экени белгиленди.

- Жемиштүү жыйынтык алуу үчүн Теология факультеттеринин окуу программасын иралды өлкө шартына, элдин талабына жана мыйзам алкагына жараша түзүү керек экендиги айтылды. Ошондой эле адеп сабагынын программасын өлкө муктаждыгына, жалпы кырдаалга жана белгилүү шарттарга жооп бере ала тургандай заманбап деңгээлге чыгаруу үчүн теология факультеттеринен пайдалануу жана муктаждыкка жараша окуу программасына диний билимдердин кошулушунун пайдалуу болору айтылды.

Рухий темага арналып өткөн алгачкы симпозиум ары зарыл, ары чоң ишке чыйыр ачты. Өлкөнүн рухий муктаждыгына багытталган мындан кийинки иш-чаралар үчүн абдан пайдалуу экенинде шек жок. Бул жаатта жетиштүү адистин болбогонун эске алсак эл аралык колдоонун маанилүүлүгү айкын көрүнүп турат. Башка өлкөлөрдөгү диний билим берүүнүн иш жүзүндөгү заманбап тажрыйбасы Кыргызстан үчүн зор мааниге ээ. Асыресе, Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин ортосунда эбактан калыптанып калган көп тараптуу байланыш бар. Туугандык карым-катнаш бул жаатта дагы көпүрө болууга даяр экени ачык айтылды.

Башына