Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

АХЛИ СҮННӨТ ААЛЫМДАРЫНЫН НЕГИЗГИ КӨЗ КАРАШТАРЫ

Мазмуну

Осмон Садыков

Ислам тарыхында Курани Каримдин жана куттуу хадистердин ар кандай жорумдалышынын натыйжасында итикад (ишеним) жагдайында аздыр көптүр бир-биринен айырмаланып туруучу айрым мазхабтар (көз караштык багыттар) пайда болгон. Мисалы “тагдыр” маселеси боюнча Муьтазила багытындагылар “ар бир адам өз тагдырын өзү гана багыттаарын жана илахий тагдырдын эч бир таасири жоктугун” айтышкан. Ал эми ушуга эле карама-каршы көз караштык пикирди Жабриййа багытындагылар айтып, алардын ойлору боюнча “ар бир нерсе илахий тагдыр менен гана болот жана пенденин өз тагдыры жагдайында эч бир таасири, ролу жок. Мына ушул себептен “пенде жасаган жамандык иштеринен жана күнөөлөрүнөн улам жоопко тартылбаш керек” деген көз караштарын жактап чыгышкан. Мына ушундай өтө эле чегинен чыгып эки учка кетип калган бул эки көз караштык багытты жаңылыш деп эсептеп, Куран жана сүннөттүн негизинде орто жолду тутунган ахли сүннөт валжамаат аалымдары болсо, тагдырды Алла Тааланын белгилегендигин, бирок пенделердин бул дүйнөдө кандайча жүрүш-туруштарда боло тургандыгын эзелтен эле алдын ала билгендиктен, пенделердин тагдырын да ошого жараша жазгандыгын, айрыкча инсанда өз каалоо, эрк болгондугун, мына ушул эрк-каалоосу менен инсан туураны же жаңылышты тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин жана бул тандап алуу эркиндигинин натыйжасында пенде акыретте сыйлык же жазага татыктуу болоорун айтышкан. Ахли сүннөт аалымдары мына ушундайча ар бир эле маселеде орто жолду кармануунун негизинде Куран менен хадистерди өтө аша чаап кетүүчүлүк менен жорумдоодон алыс болушкан жана аларды туура түшүнүшкөн.

Жогоруда сөз кылып өткөн Муьтазила жана Жабриййа сыяктуу көз караштык багыттар убакыттын өтүшү менен мезгил ыргагына туруштук бере албастан тарыхка сүңгүп жок болууга учураган болсо, ал эми Ахли сүннөт көз караштык түшүнүгү бүтүн Ислам дүйнөсүнө жайылып тараган жана жалпы көз караш катары орун алып кабылданган. Дагы бир айта кетүүчү нерсе Ахли сүннөт багытынын (мазхабынын) эң чоң аалымдарынын көпчүлүгү Орто Азия деп аталып калган Түркстан аймагынан чыккандыгы маалым. Алардын айрымдарын айта кетсек Абу Мансур ал-Матуриди Өзбекстандын Самарканд шаарында, Абу Муьин ан-Насафи Бухарага жакын Насаф шаарында, ошондой эле “Баду ал-Амаали” атуу акаид китебинин автору Сиражуддин ал-Оши да Кыргызстандын Ош шаарында дүйнөгө келишкен жана аталган шаарларда жашап өтүшкөн.

Биз, Ахли сүннөт аалымдарынын жогоруда айтылып өткөн тагдыр жагдайындагы көз караштарынан сырткары аларды башка көз караштык багыттардан айырмалап туруучу эң негизги жана башкы көз караштарын төмөндөгүчө тизмектөө менен аларды элге жеткирүүнү туура таптык:

1 Ахли сүннөт жолундагылар амалды (пенденин ар бир жасаган иши) ыймандан бир бөлүк деп эсептебейт. Мындайча айтканда ибадат сыяктуу жакшы амалдар же болбосо ичимдик ичүү сыяктуу жаман амалдар кишинин ыйманына түздөн түз таасирин тийгизбейт. Тагыраак айтканда, күнөө жасаган бир мусулман ыймандан жана динден чыгып калбайт. Ал адам мусулман бойдон эле кала берет, бирок күнөөкөр болуп эсептелет.

2 Ахли сүннөт жолундагылар толеранттуулук менен ар кандай көз караштык пикирлерге түшүнүктүү мамиле жасашат. Ахли кыбыланы (кыбылага карап ибадат кылгандарды, мындайча айтканда жалпы мусулмандарды) диний жагдайларда ар кандай көз караштарга ээ же болбосо кээбир жаңылыш пикирлери бар деп аларды каапырдыкка чыгарып койбойт. Өз оозу менен “Мен мусулманмын” деп айткан кишини мусулман деп кабылдашат жана ага мусулман катары мамиле жасайт. Ахли сүннөт жолундагылар (айрыкча Матуридилер жана Ашарилер) Алла Тааланын кээбир сыпаттарынын жорумдалышы керектигине ишенишет. Кээбир аяттарда жана хадистерде айтылган “йадуллах” мындайча айтканда “Алланын колу” сыяктуу айрым сыпаттарын калк жаңылыш түшүнөт деген тынчсыздануу менен “Алланын кудурети” деп жорумдашкан. Анткени аяттардын биринде “Эч бир нерсе Ал Затка окшош эмес” (Шуура, 42/11) деп буйрулган.

3 Ахли сүннөт аалымдары Алла Тааланы орундан (макандан) сырткары деп билишет. Анын кандайдыр бир орунга муктаж эмес экендигин, эч бир орун Ага туура келбестигин жана ар дайым ар жерде боло тургандыгын айтышат. Кээбир сахабалар Алланын асманда болгондугун ойлой башташканда Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) аларды бул жагдайда эскертүү үчүн жана туура түшүнүүгө багыттоо максатында мындай буюрган: “Эгер сиз бир адамды жип менен жердин түбүнө түшүрө турган болсоңор, ал адам Алланын үстүнө түшмөк. Алла Таала Аввал (башталгычы жок), Аахир (соңу жок), Заахир (көрүнүүчү), Баатын (көрүнбөөчү)”. (Тирмизи, Тафсир,57; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 2, 37). Аз. Пайгамбар бул сөзү менен “Алла Тааланы бир гана асманда деп ойлобогула, жердин түбүнө түшсөңөр да ал жерде Аны табууга болот. Анткени Анын орду (жайы) жок” деп айткысы келген. Айрыкча жер шары тоголок болгондуктан Түндүк уюлдагы бир инсандын “асман” (көк) же болбосо “жогору” деп айткан жагы, Түштүк уюлдагы инсандын аяктарынын астына туш келүүдө. Ушундан улам асман (көк) жана жогору сыяктуу түшүнүктөр кишиден кишиге карап өзгөрүүдө. Мына ушул себептен ахли сүннөт көзкарашынын туура экендиги ачык нерсе.

4 Ахли сүннөт жолундагылар аз. Пайгамбарыбыздан кийин халифа (мамлекет башчысы) болушкан аз. Абу Бакир, аз. Умар, аз. Осмон жана аз. Али баш болуп, сахабалардын баарын урматташат. Ошондой эле кээбир сахабалар жөнүндө да жаман сөздөрдү айтышпайт.

5 Ахли сүннөт аалымдарынын көпчүлүгү бидатты, (пайгамбарыбыздын өлүмүнөн кийин ортого чыккан жаңы нерселер), бидаты хасана (жакшы бидат) жана бидаты саййиа (жаман бидат) деп экиге бөлүшкөн. Анткени аз. Пайгамбарыбыз: “Ким жакшы бир жол (жаңы чыйыр, бидаты хасана) баштаган болсо, ал кишиге сооп жазылат, ал ишти жасагандардын сообунан да насибин алат. Ким жаман бир жол (зыяндуу жаңы жол, бидаты саййиа) баштаган болсо ага күнөө жазылат жана ал жаман ишти жасагандардын күнөөсүнөн да насибин алат” буюрган. (Муслим, Илим, 15; Насаи, Закат, 64; Ахмад б. Ханбал, Муснад, 4, 357). Мисалы пайгамбарыбыздын доорунда диний илимдер мечитте окутулчу жана өзүнчө атайын мектептер да жок болчу. Убакыттын өтүшү менен муктаждыктар көбөйгөндүктөн жана мечиттер жетиштүү болбой калгандыктан медреселер ачылган. Ошондой эле алгачкы мезгилдерде мечиттердин мунаралары жок болгон. Кийинчерээк убакыттын өтүшү менен шаарлар чоңойуп, азандын үнүн алыскы жерлерге чейин жеткирүү үчүн бийик жерден азан айтуу муктаждыгы туулуп, мунаралар курулган. Мына ушулар бидаты хасана, мындайча айтканда, кийинчерээк ортого чыккан жакшы иштерден болуп эсептелет. Ошондой эле алгачкы убактарда Рамазан айында окулуучу Тараавих намазы жамаат менен чогуу окулчу эмес. Ар ким өз өзүнчө жалгыз окуучу. Аз. Умар халифа болуп турган кезинде мечитте ар ким тараавих намазын өз өзүнчө бөлөк окуп жатканын көрүп: “Аттиң бул инсандар тараавих намазын да бир имамдын аркасында жамаат менен окушса!”-деп айтат. Эртеси эле кечинде тараавих намазынын жамаат менен окулуп жатканын көргөн аз. Умар: “Бул кандай сонун бидат” деген экен. Бул риваят бидаттын да жакшысы боло тургандыгына далил болуп эсептелет.

6 Ахли сүннөт аалымдары олуянын керемети боло тургандыгына ишенишет жана чыныгы тасаввуф жолундагыларды да урматташат. Акаид китептерине: “кароомату ал-авлйааи хаккун” (олуялардын кереметтери бар, чындык нерсе) деп жазышкан (Тафтазани, Шарху ал-Акаиди ан-Насафиййа, 220. Басып чыгарган: М. Аднан Дервиш, Стамбул). Ошондой эле керемет жагдайында кээбир аяттардан да далилдер бар. Атап кетсек, бөлмөсүндө ибадат менен алектенген аз. Мариямга кышында жай мезгилиндеги, ал эми жайын да кыш мезгилиндеги мөмө-чөмөлөрдүн келиши жана аз. Закариянын бул абалга таң калып калышы туурасындагы аят (Алу Имран, 3/36-37) менен аз. Сулайманга Белкыстын тактысын көз ачып жумганга чейин алып келген вазири Асаф б. Бархия жөнүндөгү аят бул жагдайда далил катары эскерилет. Ахли сүннөт аалымдары, тасаввуфту Исламдын руханий тарабы катары кабылдашат. Фикых илимин ибадаттардын сырткы көрүнүшү тууралуу, ал эми тасаввуф ибадаттардын хушу (Аллага корку жана сүйүү менен мойун сунуу сезиминин натыйжасында пайда болуучу чын дилден эргүү абалы) тарабы менен ички руханияты тууралуу болгондугун жана бул эки илим бири-бирин толуктап тураарын айтышат.

7 Ахли сүннөт аалымдары тавассулду кабылдашкан. Тавассул, дубанын кабыл болушу үчүн мурун жасалган жакшылык иштерин (салих амалдарды) же болбосо жакшы инсандарды (салих инсандарды) арачы, шапаатчы жана себепчи кылуу. Аз. Пайгамбар (с.а.в) мурунку үммөттөрдөн үч кишинин бир үңкүрдө турган кездеринде үңкүрдүн эшигине бир чоң таш жогорудан кулап келип, үңкүрдүн оозу бүтөлүп калгандыгын, ичкериде камалып калган үч кишинин Аллага дуба кылган мезгилде мурунку кылган жакшы амалдарын арачы кылып, “Эй Аллахым ошол жакшылыктарыбыздын урматына бизди бул жерден куткара көр!” деп жалбаргандыктарын, таштын да жарылгандыгын жана алардын бул абалдан кутулуп чыккандыктарын айткан. Бул риваят салих амалдар менен тавассулдун мүмкүн экендигин көрсөтөт. Айрыкча аз. Умар халифаттыгы тушунда кургакчылык болгон кезде калкты Медина шаарынын сыртына топтоп, аз. Аббастын колунан кармап, жогору көтөрүп: “Эй Аллахым дубабыздын кабыл болуусу үчүн Аббасты арачы (васила) кылып жатабыз. Аббастын урматына бизге жамгыр жибер” деп айткандыгы маалым (Бухари, Истиска, 3; Фазааилу асхаабин-Набиййи, 11; Тежриди Сариих Тержүме ве шерхи, Анкара, 3, 287-288). Бул риваят да, дубанын кабыл болуусу үчүн саалих инсандарды арачы (васила) кылууга боло тургандыгына далил болуп эсептелет.

Башына