Тогузунчу сан

Илимдин өзөк максаты
Мазмуну
Пайдалуу илим
«Күндөрдүн биринде бир тилчи аалым сапарга аттанмак болуп кайыкка олтурган эле. Тилчи аалым кайыкчы менен таанышып, пикир алышканча сапарын улайт. Кайыкчыга анда-санда ар кандай соболдордон узатат. Кайыкчы берилген суроолорго жооп кайтара албай жер карайт. Тилчи ан сайын бой көтөрүп, илимине кекенип:
- Ээ, байкушум! Караңгылыктын айынан өмүрүңдүн жарымын текке кетирипсиң! - деп кайыкчыны кемсинтет.
Карапайым ак ниет кайыкчы тилчинин кемсинткенине жүрөгү ооруса да, жооп кайтарбайт. Бир кезде асманды кара булут каптап, капилеттен шамал уюлгуй берет. Деңиздин чыбырчык тарткан майда толкундары уюлгуган шамалдын эпкининен улам ирделенип, улам чоңоюп албууттанган чоң толкунга айланат. Кайык биринин артынан бири буралып түшкөн тоодой толкундун жетегинде калат. Кайыктагылардын баары кымкуут түшүп, теребел ызы-чууга толот. Дал ушул учурда кайыкчы тилчи аалымга кайрылып:
- Эй, устат! Сүзгөндү билесиңби? - деп суроо салат.
Береги тилчи көзү алайып, үнү дирилдеп:
- Жок, билбейм! - деп жооп кайтарат.
Анда кайыкчы оор улутунуп кайгылуу:
- Нахив (тил) илимин билбегеним үчүн менин жарым өмүрүм текке кеткен эле. Эми болсо минтип сенин бүт өмүрүң өтөсүнө чыкканы турат. Ооба, кайыгыбыз мынабу тоо толкундан аман-эсен калууга ылайык жабдылган эмес. Эй, тилчи! Береги деңизде сүзүү илими нахивден дагы көбүрөөк талап кылынарын жана дагы да пайдалуураак экенин билчү эмес белең! - деген экен».
Бул окуяда тил илиминен тек гана дүйнө илимдери максат кылынып жатат. Негизги пайдалуу илим адамдын түбөлүк муктаждыгына жооп берер илимдер эсептелет. Адамзааданын эң чоң муктаждыгы - бул, дене менен бирге рухтун дагы түбөлүк бейпилдигин камсыз кылуу. Бул нерсе Жараткан Кудай Тааланын ыраазылыгына карк болууга тикеден-тике байланыштуу. Алла Тааланын ыраазылыгын толук ыйман менен бирге ийги иш-амалдар менен табууга болот.
Асыресе, береги окуядан дагы бир ибарат: убактылуу дене кайыгы деңиздин түбүнө сүңгүп чөгө турган чакта, башкача айтканда ажал жакындаганда негизги муктаждыкка жооп бербеген, рухсуз, напсинин гана ырахатына багытталган билгилик пайда бербейт.
Пайдалуу илимден оолак адам, маселен, укук таануу окуусун бүтүргөн соң кара кылды как жарчу жерде кандайдыр бир себептер менен калыстыктан, адилеттүүлүктөн алыстап, жазыксыз адамды жазага жыгып, анын убалына калышы толук ыктымал. Көп жылдык илимий тажрыйбасы болсо да ырайымдуулук дегенде ичинен ирээнжиген атка минерлер элге кызмат кылуунун ордуна тетирисинче түйшүк жаратат.
Мындай адамдар наадан наадандыгы менен кылалбас залалга эч майышпай туруп эле кадам шилтеп коюшат. Алган билимин өз капчыгынын кызыкчылыгы үчүн гана колдонууну көздөшөт.
Ырасында адамды текебердикке түртүп, акырында чоң касыретке кабылтчу илим сыртынан пайдалуу, нары сонун көрүнсө да, анын жооптуулугу өтө оор. Ошондуктан Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Улуу Жараткан Кудай Тааладан илимди дайыма ушул багытын эске алып суранган. Пайгамбарыбыз Жаратканга алакан жайып:
«Оо, Жараткан Алла! Пайдасы жок илимден, камырабас, калтаарыбас жүрөктөн, топуксуз напсиден, кабылданбас дубадан Жалгыз Өзүңө баш калкалайм!..» - деп жалынып жалбарган.
Ооба, илим - бул, даанышмандыкка сүңгүү. Түйүндү чечүү. Жаамы жандуу-жансыздан Жараткандын кабарын окуй билүү. Маселен, медицина илими денедеги Жараткан койгон чебер мыйзамдарды окутат. Береги илим менен алектенген адам дене мүчөлөрүнүн сырткы түзүлүшүнөн бир кадам дагы алдыга арымдап, андагы Жараткан Кудай Тааланын купуя кудурет кереметин көрөбилиши керек.
Анткени илим деген бул билүү менен гана чектелип калуу эмес, ал купуя сырлардын түйүнүн чечүү да.
Илимдин максаты!
Ыйык Кураны Каримде: «Алладан аалым кулпенделер гана толук, аныгына жете коркушат» (Фатыр, 28) - деп буюрулгандай, Жараткан Кудай Тааланын улуулугун, кудуретин ылайыктуу түрдө аңдоонун өзү баарыдан мурда илимдин өзүнчө да, өзгөчө да талабы.
Ырас, илимдин өзөк максаты эң ириде Улуу Жараткан Алланы таануу, андан кийин дүйнөлүк жана акыреттик бактыбызга өбөлгө болор илимдерди алып, түбөлүк таалайга жетүү. Ал эми бул дүйнө үчүн гана алган илим, бизди «сырат» кыл көпүрөсүнөн төмөн от-жалынга кулатары бышык.
Куттуу хадистердин биринде мындай буюрулат:
«Кыямат күнү илим алган, илимин элге жеткирген жана Куран окуган бир адам алдыга чыгарылат. Алла Таала ага ыроологон жакшылыктарын эсине салат. Береги пенде да Жараткандын жакшылыгын эстеп, баарын мойнуна алат. Алла Таала ага:
- Ырас, Мен ыроологон жакшылыктардын кайрымында эмне иш кылдың? - деп суроо салат.
Ал:
- Илим алдым, алган илимимди элге жайдым, Сенин ыраазылыгың үчүн Куран окудум - деп жооп берет.
Алла Таала:
- Калп айтасың! Сен өзүңдү эл аалым дешсин деп илим алдың, кандай гана мукам үндүү дешсин деп Куран окудуң! Асыресе, сенин бул көздөгөнүң жүзөгө ашты - дейт. Андан соң Жараткан Алланын буйругу менен береги адам көмкөрөсүнөн жаткырылат да тозокко ыргытылат» (Муслим, Имара, 152)
Дагы бир куттуу хадисте Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам):
«Ким илимин тереңдеткени менен (ошого жараша) бу дүйнөдө такыбаалыгын жогорулатпаса, анда ал Аллага болгон аралыгын алыстаткан болот...» - деп буюрат.
Илимде ирфан
Чыныгы илим менен жашоо аркылуу, береги илимди ирфан менен шөкөттөп, ага жүрөктөн орун берүү пендени түбөлүк бакыт жолдун жолоочусуна айлантат.
Бул өңүттөн илим иралды адамга өзүн таанытып, бүтүндөй болмуштун максатын билдирип, Жаратканды таанууга багыт бериши керек. Илим ирфан калыбында болушу кажет.
Адамдын өмүр-жашоосу менен айкалышып, аң-сезим менен түшүнүктүн түпкүрүнөн тамыр байлаган билгилик «ирфан» деп аталат. Ал эми ариф деп билгиликтин түпкүрүндө катылуу сырларды, Жараткандын кабарын түшүнө билген кыраакы адамга айтылат. Ырас, ирфанга ээ болгон адам ариф болуп саналат. Мындай кемелдикке келе элек илимдүү адам «аалым» деп эсептелет.
Арифтердин билгилиги ташка тамга баскандай өчпөс
Мындай билгилик кампада сакталган үрөөндүк дан сыңары. Дан топуракка түшкөндө гана өсөт, өнөт. Ал эми кампада эле жата берсе, ал өнүү сапатын жоготот, чирийт. Анын сыңарындай, береги билгилик да акыл чөйчөктө жата берсе, ойду узун чаргытууга, туйгу-сезимди тереңдетүүгө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан бул «китеп жүзүндө гана калган билгилик» деп аталат.
Ислам аалымдары илим жөнүндө:
«Илим - бул, аңдап-түшүнүү. Түшүнбөй илим болбос. Аңдап-түшүнүү Жараткан Алланы таануу менен өтөсүнө чыгат. Бул өңүттөн «Жаратканды таануу» (марифатуллах илими) бардык илимдердин өзөгү. Илимдер бул илимге жакындыгына жараша ар бири өзүнчө баага арзыйт...» - дешет.
Мавляна мындай дейт:
«Эй, кайдыгер! Текебердиктен, менсинүүдөн оолак бол! Пайдасыз нерселерден арылгын да, ар убак Жараткандын чексиз ыракымына карк бол!»
Илимге жана ирфанга даярдык
Илим да, ирфан да ааламга жаркыган нур сыяктуу. Илим-ирфанга ээ болууга даярдык көрүү үчүн эң ириде алар турак алчу жерди, тагыраак айтканда, жандүйнөнү ар түркүн ыпластыктардан тазалоо кажет. Бул багытта пайгамбарлар элге алгач Алланын кабарын жеткизип, андан соң бул кабарга ишенгендердин напсилерин сан түр азгырыктан, убактылуу миң кубулма зыяндуу лаззаттардан оолак тутуп, жандүйнөсүн рухий ыпластыктардан арылтышкан. Андан соң береги аруу жандарга даанышмандыктан таалим беришкен.
Ааламдагы купуя сырлардын аныгына ошол адамдар гана жетип, даанышмандыктан даам сызышат.
Илим – тарбия (изги ахлак жана ак жол) үчүн бар
Дүйнөгө көз ачкан күндөн тарта билгиликке муктаж адам баласы үчүн илим, ырасында, бир өмүрлүк адамдын тарбиясынан турат.
Нечелеген жырткыч жаныбарларды тарбиялаган, жыгач жонуп ар кандай табар, буюм-тайым жасаган адам баласы чыныгы тарбия өзү үчүн зарыл экендигин эсинен чыгарбашы кажет.
Себеби, эң зор кызмат адам тарбиясы болуп саналат. Тарбия көрбөгөн напси адамды ар качан аңга түртөт. Алла Таала адамдын табийатына жакшы сапатты да, жаман сапатты да ширеткен. Бул эки жөндөмдүүлүктү жаш баладан да байкоого болот.
Адам уулу жаман сапаттан оолак болуп, изги сапатты өркүндөтүү менен бакыттын сересине жеталат. Арийне, анүчүн тарбия абадай зарыл. Эң ачуулуу жырткычты тарбиялоо напсинин жетегиндеги адамды тарбиялоодон алдаканча жеңил.
Тарбия берүү - бул, пайгамбардан калган кесип. Тарбиячы болуу үчүн адамдагы рухий дес күчүнө кириши керек. Ошону менен бирге алгач тарбия алар киши баласынын сезим-ойун түшүнүп, ошого жараша кылдат мамиле жасоо абзел.
Бул жагдай дарыгердин оорулуу адамды эмдөөдөн иралды анын оорусун тактап билүүсүнө окшош. Ырас, туура эмделген адамдын сакайары толук ыктымал. Ар адамдын жөндөм-шыгы, кемтик-карчтыгы ар башка. Андыктан тарбиячы ар адамга өзүнчө маани берип, анын кемтик жагын да, жетик жагын да билип, туура мамиле жасашы керек. Маселен, бирине эм болчу сөз же кыймыл бирине эм болбошу мүмкүн. Ошондуктан адамды жакшы таануу зарыл. Асыресе, эмдин убагын жана өлчөмүн туура белгилөө керек. Катуу бир нерсени белгилүү бир мерчемде бүгүп жатканда анын мертинүү ыктымалын эске алганыбыздай эле напсиси күчтүү адамды береги дарттан алып чыгуу үчүн шашылыш аракеттен оолак болуу керек. Напси дартына чалдыккан адамдын абалына жараша маалымат берүү ырас. Бир кесе толо сууну оозу кууш башка чөйчөкчөгө дароо көмкөрө салсаңыз, суунун жартысынан көбүн же баарын жерге төгүп алышыңыз бышык. Ал эми акырындык менен шашпай, кылдат аракет кылсаңыз, кеседеги суунун бир тамчысын да текке кетирбей береги чөйчөкчөгө куйсаңыз болот. Адам тарбиясында да бул физикалык эреже өтө зор мааниге ээ. Демек, адамды туура багытка тарбиялоо, баарыдан мурда сабырдуулукту жана аны оң-терс жөндөмдүүлүктөрү менен эң ийги шекилде таанууну талап кылат.
Жүрөккө ыроолонгон илим
Улуу Жараткан Алла Таала тандамал пенделерине ыроологон жүрөктүк илим өзгөчө мааниге ээ. Бул илимди жалгыз Жараткандын жаназык жарлыктарын жазыксыз жүзөгө ашыруу менен, жаамы жандуу-жансызга жылуу-жумшак мамиле жасоо менен, байлык-бийлик дегенди жүрөктөн такыр оолак тутуп, колго кармап, напси менен алдын жетишинче каруулашуу менен алууга болот. Ырас, куттуу хадистердин биринде буга каймана иретинде:
«Билгенине амал кылган жанга Алла Таала билбегенин үйрөтөт» (Абу Нуайм, Хилия, X, 15) делип ишара жасалат.
Демек, Алланын аяттарын аңдоого бөгөт болгон менсинүү, кек сактоо, кекенүү, текебердик, байлыкты жүрөктө кармоо сыяктуу жандүйнө дарттарын эмдемейин Куран нурунан насип алуу мүмкүн эмес. Асыресе, бир аятта:
«Жерде орунсуз текеберленгендерге аяттарымды жетик аңдатпайм» (Араф, 146) деп Жараткан Өзү муну айкын билдирген.
Ооба, руханий тарбия менен жандүйнөнү береги ыпластыктардан арылтмайын Курандын, ааламдын, адамдын өзөк сырын түшүнүү кыйынга турат.
Оо, Жараткан! Бизге ар дайым пайдалуу илимден насип алууну буюра көр! Бизди ар түрдүү пайдасыз билгиликтин залакасынан сактай көр!.. Оо, Жараткан Алла! Илимибизди ирфанга айланта көр! Артта келаткан урпагыбызга ак илим менен, ирфан менен өз маданиятыбыздын алкагында тарбия берүүнү, кең келечегибиз үчүн «адам» атка татыктуу муунду белекке калтырууну насип эте көр!..
Оомийин!...