Тогузунчу сан

Токтогазы Молдо жана Кысас-ул Анбия
Мазмуну
aydarbekovk@mail.ru
Ата теги: Токтогазынын атасы Жусупбек молдо Кокон хандыгындагы сөзү өтүмдүү адамдардын бири болгон. Беш жашында атадан жетим калган Жусупбек зээндүү бала болуп чоңойот. Ал жашынан тартып илим алууга кызыгып жүргөндө Кокон хандыгынын төбөлдөрү Талас жергесинде ит агытып, куш салып келип хандын табыптарынын бири анын жөндөмүн байкап, шакирт кылуу максатында энесинен сурап алып, Коконго алып кетет. Жусупбек табыпчылык илимин алып отуз жашында ал кездеги Кокон ханы болгон Шералы Жусупбекти өзүнүн кызы Үрбүбүгө үйлөндүргөн. Кийинчирээк Орус империясы түштүккө көздөй жыла баштаган кезде аны Кокон хандыгы Талас жергесине жөнөтөт. Ал эл арасында табыпчылык кылып, ооруларды айыктырат. Кара түймө (аппендицит) менен ооруган бир нече адамга операция жасаган, Талас жергесиндеги алгачкы хирург десек жаңылышпайбыз. Орус бийлигине тарткан бай-манаптар аны Чүйгө конокко чакырышат. Жигиттери менен Чөнөр ашуусуна жеткен кезде кол салып, 35 жаш кезинде өлтүрүшөт.
Өмүр баяны: Токтогазы Модо Жусупбек уулу 1864-жылы Талас жергесинде Таш Арык деген айылда тулган. Атасы өлгөндө Токтогазы, 6 жаштагы эжеси Сайкал, 60 таяп калган чоң энеси Бекбала, 25 жаштагы энеси Үрбүбүнүн колунда калышат. Тууган-уруктары чогулуп аны карыган кайнагасына алып берип коюшат. Андан соң эжеси менен чоң апасынын колунда калышат. Ата-эненин мээримин көрбөй, чоң энесинин тапкан талканын жеп чоңоет. Токтогазы жети-сегиз жашка толгондо чоң энеси небересин молдого окутсам деген тилеги болот. Чоң энеси айылга келген кат тааныгандарга кызмат кылып, кирин жууп, жыртыгын жамап жана алардан небересине кат тааныганды үйрөтүүсүн суранган. Токтогазы он бир, он эки жашка келгенде окуп-жазганга жарап калат. Ошол жылдары Булан бийдин малын кайтарып жүргөндө өзүнүн жетимдигине, турмуштун теңсиздигине карата ыр жазат. Токтогазы сөзгө чебер болуп, айткан сөзү орундуу келип, калп айпагандыгы Булан бийге жагып, ат токуттуруп, кайсы гана жыйынга барбасын жанына ээрчитип жүргөн. Ал отуз жашка келгенде Булан бий Талас өрөөнүн бийлеген Качыке деген бийге катчы кылып берет. Качыке бийге 6 ай чамасында катчы болуп иштеп жүргөндө бий-болуштардын терс иштерине күбө болот. Себепсиз жабыр тарткан кедейлерге жан тартып бир нечесин жазадан куткартат. Кырк төрт жашында үй-бүлөөлү болуп, Таластын тескейиндеги Беш-Булак деген жерге, ар кайсы тараптагы кырк үйлүү туугандарын чогултуп көчүрүп келет. Токтогазы кедейлерге байлардан өзүнчө бөлүнүп жер алуусу тоскоол болгон байларга карабастан улам артынан жазган арыздары менен ар бир кишиге жер бөлүп бердиртет.
Улуу Октябрь революциясына чейин карапайым элдин кызыкчылыгын коргоп, эркиндикке чакырып бай-манаптарга каршы үгүт жүргүзгөн. Ошонун себебинен 1917-жылга чейин үч жолу кесилгендиги тууралуу саптары бар. Ал саптардын биринде Токтогазы түрмөгө айылдаштары менен бирге түшүшүнө жергиликтүү эл бийлөөчүлөрүнүн күнөөлөрү бар экендигин мындайча айткан:
Кобушевке пул берип,
Пара кылдың Асылбек.
Ак жерден түрмөгө айдатып,
Жалаа кылдың Асылбек.
Октябрь революциясынан кийин Талас жергесинде большевиктер партиясына өткөн. Токтогазынын тагдыры аз да болсо «демократ» акын Токтогулдун тагдырына окшоп кетет. Анткени ал элдин укугун коргоп 1898-жылы Андижан көтөрүлүшүнө катышкандыгы үчүн сүргүнгө айдалган. 1890-жылы кийин 1912-жылы соттолгон. 1914-жылы падыша өкмөтүнө каршы куралдуу көтөрөлүш чыгаргандыгы үчүн өлүм жазасынын берилиш коркунучу туулганда адвокат Абрам Федорович Титовдун аракети менен жазасы жеңилдетилип сүргүнгө айдалган.
1919-1923-жылдары Токтогазы Талас жергесинде кедейлер тобун түзүп иш-аракет жүргүзгөн. 1924-жылдан тартып Токтогазы Молдо Беш-Булак деген жеринде дыйканчылык жана жыгач устачылык кылып, казал жазып, медресе салып, анда балдарды окутуп алардын кат таануусуна аракет кылган. 1933-жылы дүйнөдөн кайткан.
“Кысас-ул анбия” (Пайгамбарлар баяны) поэмасы 5630 саптан турат. Анын поэмасында колдонулган терминдерден эле Ислам маданиятынан кабардар болгон акын экендигине көзүбүз жетет. Ал поэма түрүндө өз элине пайгамбарлар тууралуу маалымат берүү максатын көздөгөнү ачык түрдө байкалат. Бул эмгектин сөз башында да Алладан жардам сураганы мындайча айтылат:
Йа, Зулжалал (Улук), теңирим, Ахад, Самад (Жалгыз),
Кысса дастан жазууга кылдым убадат.
Убадамды аткарууда колдо Эгем,
Фазылы махфират (кечирим) кыл жазсам калет (ката).
Ал эми эмгегин жазылышы боюнча төмөнкү ыр саптардан байкасак болот:
Үч жыл ойлоп көтөрүп жүрбөс эдим.
Үч жыл болду, бул китеп качан бүтөр,
Колум тийбейт, убакыт октой учуп.
Бу сөздү кой, китеп айтылса сүйлө шыдыр,
Бул поэмада Салих пайгамбар, Ибрахим, Ысмайыл, Лут, Исхак, Муса, Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарлардын баяны кеңири маалымат берилген. Ошондой эле Адам, Нух жана башка пайгамбарлардан мисал келтирилген. Аз. Пайгамбардын Хадичаны никеге алуусу, Мухаммед (с.а.в.) набутларынын баяны (Аз. Пайгамбарлык милдетин алгандан тартып Аз. Умар мусулман болгонго чейинки баян), Аз. Умар баяны, Мизкир динчилдердин жообу тууралуу маалымат берилген.
Токтогазы бул эмгектин жазылыш максаты тууралуу мындайча ыр саптарында айтылат:
Эмгек кылып бүтүрсөм деп бул китепти.
Пайгамбарлар кыссасын дастан кылдым,
Шарапат шафагаттан үмүт этип.
Рахим эт. түз жолго сал Жапар, Халык,
Токтогазы Молдо бул эмгегинде кыргыз эли үчүн пайгамбарлар тарыхынан пайдалуу, үлгү алуучу жактарынан мисал келтирген. чыгармаларында ал педагог, патриот, дин туугандарына кеңешчи, карапайым элдин акыйкатчысы экендиги байкалат. Ал дин туугандарына “Насыят” деген ырында төмөнкүдөй кайрылат:
Ислам диңге түз кылсаң бирок башың.
Буйругу ислам билиш сизге ыйман,
Намаз, орозо, зекет бер келсе шайман.
Ыйман айтып исламда жашабасаң,
Периште качып, отко салар сени шайтан.
Сайраның жүрөр ыйман болсо бейиш,
Токтогазы Молдонун өмүр таржымалына жалпы саресеп салсак, ал өмүр бою айылда карапайым элдин катарында дыйканчылык, жыгач устачылыктан тышкары дагы, акындык өнөрү менен, кыргыз балдардын сабатсыздыгын жоюу үчүн медресе ачканынан улам ал кыргыз элинин патриоту экендигинен байкалат. Бул макалабыз аз да болсо өзүбүздүн жерибизден чыккан залкар инсандарды таанытуу, үлгү алуу ар бир кыргыз атуулу үчүн өтө маанилүү экендигин билдирүү максатын көздөйт.