Тогузунчу сан

Журналдын тогузунчу саны

ОШТУК АЛ-ОШИНИН «АЛ-АМААЛИ» ЭМГЕГИНИН КЫРГЫЗЧА КОТОРМОСУ

Мазмуну

КЕЖЕБЕК ЧЫЙБЫЛОВ
canbey@mail.ru

1. Алланын кулу тавхид илимин баяндоо үчүн, шурудай тизилген берметтер сыяктуу ыр түрүндө жазылган «Бад аль-Амаалиде» мындай дейт:

2. Жаамы жандуу-жансыздын Жаратуучусу Алла Таала эзели жана түбөлүктүү. Ал кемчиликсиз, эң жеткиликтүү сыпаттарга ээ.

3. Ал тирүү, бардык нерсени көзөмөлгө алган башкаруучу. Ал улуу кудурет ээси болгон чыныгы акыйкаттын дал өзү, бүтүндөй нерсени өлчөп-калчоочу.

4. Алла жакшылыкты да, жамандыкты да жараткан. Бирок күнөөнүн аткарылышына ыраазы эмес.

5. Алланын сыпаттары Анын затынын өзү эмес жана андан башка да эмес.

6. Улуу Алланын затына жана кыймыл-аракетине таандык сыпаттарынын баары эзели жана түбөлүк.

7. Алланы «нерсе» жана «зат» деп атай алабыз, бирок биз билген нерселер сыяктуу эмес. Ал улуу Зат «тарап» түшүнүгүн да жараткан жана орундан сырткары.

8. Ахли сүннөт окумуштууларынын көз карашында Алланын ысымы, Анын затынан башкасы эмес.

9. Раббым материя эмес, өзөк да эмес жана камтыган курам эмес, камтылган бөлүк да эмес.

10. Эй, уулум! Акылыбыз менен атомдун бөлүнбөй тургандыгына ишенебиз.

11. Куран жаратылган эмес. Себеби анын сөзү жаратылгандардын сөзүнөн улуу, жогору турат.

12. Арштын (тактын) ээси болгон Алла Арштын үстүндө. Бирок (Анын арштын үстүндө болушу) жайгашуу жана орун алуу түрүндө эмес.

13. Алланы эч кандай сүрөттөөгө жана кандайдыр бир нерсеге салыштырып, окшоштурууга болбойт. Ошондуктан сен да ахли сүннөт жамаатын (христиандарга окшоп Алланы сүрөттөп кетүүсүнөн жана муутазиляларга окшоп Алланын айрым сыпаттарын жоокко чыгаруудан) сактагын.

14. Алла Таала убакытты да, абалды да жараткандыктан, убакыт да абал да Ага көз каранды.

15. Кудайым жыныс тышы болгондуктан үйлөнүп жана балалуу болуудан аруу жана таза.

16. Ошондой эле чыныгы улуулук жана кудурет ээси болгон Алла эч кандай жардамга да, жардамчыга да муктаж эмес.

17. Алла Таала каары менен жараткандардын жанын алып кайрадан тирилтет. Андан соң ар кимдин тирүүлүктө кылган амалдарына жараша сыйлайт же жазалайт.

18. Жакшы адам үчүн бейиш бар, ал эми каапыр үчүн тозок бар.

19. Бейиш менен тозок түбөлүк, алардын тургундары да түбөлүк.

20. Момундар бейиште “кандай”сыз жана “мисал”сыз Алланын жүзүн көрө алышат.

21. Момундар бейиште Алланын жүзүн көргөн учурда, ичиндеги болгон бүтүндөй жакшылыктарды эстеринен чыгарып коюшат. Эй, Муутазиля жолундагылар! Бул силер үчүн чоң жоготуу! (Муутазилянын көз карашында, Алланын жүзүн эч ким көрө албайт).

22. Туура жолго салуучу Улуу Алла Таала Муутазилянын айтымындагыдай сөзсүз түрдө пенделери үчүн эң ылайыктуу, эң пайдалуу ишти жаратууга милдеттүү эмес, себеби ал Алланын эркине калган нерсе.

23. Пайгамбарларга жана периштелерге ыйман келтирүү жана тастыктоо ар бир пендеге парз.

24. Пайгамбарлардын соңкусу – Хаашим уруусунан келген Мухаммед (с.а.в.).

25. Аз. Мухаммед (с.а.в.) талашсыз пайгамбарлардын имамы, Кудай жалгагандардын таажысы.

26. Аз. Мухаммеддин (с.а.в.) шарияты акыр кыямактка чейин эч бузулууга жана өзгөрүүгө учурабай түбөлүк сакталат.

27. Аз. Мухаммеддин (с.а.в.) Мираж сапары акыйкат жана чындык нерсе. Бул тууралуу Куран аяттары жана хадистер бар.

28. Албетте, бардык пайгамбарлар билип туруп күнөө иш кылуудан жана пайгамбарлык вазийпасынан алынып калуудан корулган.

29. Эч качан пайгамбар, аял, кул жана жаман иштер менен алектенгендерден келген эмес.

30. Зулкарнайн менен Лукман пайгамбар эмес, алар Алланын сүйүктүү пенделери. Талаш-тартыштан алыс бол.

31. Иса (а.с.) кыяматка жакын келип, күнөөкөр жана бузуку Дажжаалды өлтүрөт.

32. Бул дүйнөдө Алла Таала олуяларды керемет жана көптөгөн жакшылыктар менен сыйлаган.

33. Эч бир олуя эч качан, Алланын ага тартуулаган жакшылыктары жана абалы менен пайгамбар жана элчиден жогору болгон эмес.

34. Аз. Абу Бакирдин (р.а) башка сахабаларга караганда эч күмөнсүз ачык айкын пазилети бар.

35. Аз. Умар ал-Фаарук (р.а) пазилет жана даража жагынан (пайгамбарыбыздын эки кызын алып) эки нур ээси болгон улуу инсан аз. Осмондон (р.а) да пазилеттүүрөөк.

36. Аз. Али ар дайым согушта алдыңкы сапта жүргөн болсо да, аз. Осмон аз. Алиден чындап эле пазилеттүү.

37. Бул үч халифтен соң аз. Али башка сахабаларга караганда баарынан пазилеттүү. Бул жагдайда (төрт халиф туурасында) башка түрдө айткандарга маани бербе.

38. Мына ушуну бил! Аз. Айша (р.а) кээбир өзгөчөлүктөр боюнча аз. Фатмадан (р.а) дагы да пазилеттүүрөөк.

39. Йазиддин (пайгамбардын небереси аз. Хусейндин өлүмүнө себепкер болгон адам) өлүмүнөн кийин, көп сүйлөгөндөрдөн жана бузукулукта чектен чыккандардан башка эч ким ага наалат айтпады.

40. Темирди кескен кылычтын курчтугу сыяктуу көптөгөн ачык далилдер менен мукаллиддин (далил издебестен башканын сөзүнө жана иш-аракетине амал кылган кишинин) ыйманы кабыл болот.

41. Акыл-эстүү адамдын жер жүзүн жана асманды жараткан Алланы таанып билбөөсү кечириле турган үзүр болбойт.

42. Жашоодо Жараткан Кудай Таалага ыйман келтирбей, качан өлүм каалгасына аяк коюп, акырет белгилеринин бир четин көргөндө гана ыйманга келген адамдын ыйманы кабыл болбойт.

43. Бир нерсе катары каралуусу зарыл болсо да, жакшы амалдар эсеп-кысапта ыйманга кошулуп эсептелбейт (ыйман менен амал өз ара тыгыз байланышта болуп, бири-бирин толуктап турса да, экөө эки башка нерсе).

44. Зина кылуу, адам өлтүрүү жана уурулук кылуу сыяктуу оор күнөөлөрүнөн улам мусулман адамга каапыр жана динден чыккан деп өкүм берилбейт.

45. Мусулман адам белгилүү бир убакыттан кийин динден чыгууга ниет кылган болсо, ал киши оңой эле ак динден сыйрылып чыгып калган болот.

46. Кандайдыр бир зордоо болбой, өз каалоосу менен куфр (ыймандан чыгаруучу) сөзүн айтуу – бул, динден чыгып калуу болуп эсептелет.

47. Мас абалында оозуна келген ыплас, жаман жана бош сөздөрүнөн улам ал кишиге каапыр деген өкүм берилбейт.

48. Маадум (жок нерсе), көрүнүүчү бир «объект» жана «нерсе» болуп эсептелбейт. Бул маселе, айдын көрүнгөн кезиндеги сүттөй жаркырашы сыяктуу эле ачык айкын нерсе.

49. Таквиин (жоктон бар кылуу, Алланын жаратуучу сыпаты) менен мукавван (жаратылган нерселер) экөө эки башка нерсе. Бул көз карашты эсиңе бекем түйүп ал!

50. Кай бирөөлөр менин мынабу сөзүмдү жактырбашы мүмкүн. Ар кандай арам мал-мүлк, киреше-табылгалар да, адал мал-мүлк, киреше-табылгалар сыяктуу «ырыскы» деген түшүнүккө кирет.

51. Көңүл ток болуп бери кулак сал! Биз жашаган дүйнө кийин жаратылган жана ааламдын негизин түзүп турган космостук чаңча да жок болчу.

52. Бейиш жана тозок жаратылган абалда жана азыр бар.

53. Дубалардын ачык-айкын таасири бар. Бирок кээбир адашкандар муну жокко чыгарып кабылдашпайт.

54. Ар бир адам кабырда Улуу Алла Тааланын жалгыз жана тек болгондугу тууралуу суракка тартылат.

55. Жаман иш, амалдарынан улам каапырлар менен күнөөкөрлөргө кабыр азабы өкүм кылынат.

56. Өлүп кайра тирилгенден соң жамы адам пенденин суракка тартылаары сөзсүз боло турган акыйкат нерсе. Андай болсо күнөө иштерди кылуудан жана бирөөнүн убалына калуудан алыс болгула!

57. Акыретте амал дептерлер кээбир кишилерге оң тарабынан, кээбирине арка тарабынан, кээбирине болсо сол тарабынан берилет.

58. Амалдардын таразага тартылышы жана Сырат көпүрөсүнөн өтүү эч күмөнсүз акыйкат нерсе.

59. Тоодой чоң күнөө кылгандар үчүн акыретте жакшылык ээлеринин (пайгамбарлар, олуялар, шейиттер ж.б.) шапаатчы боло тургандыктары үмүт кылынат.

60. Бир момун пенде, кылган чоң күнөөлөрүнөн улам тозокто түбөлүк калбайт (күнөөсүнүн өлчөмүнө жараша азап тарткандан кийин бейишке кирет).

61. Эй «Амаалинин» окурманы! Адамдын бейишке кирүүсү Алланын мээрими жана ырайымы менен гана болот.

62. Ошентип, тавхид илимин керемет көркөм ырларым менен кооздоп, көркүнө чыгардым.

63. Бул ыр саптар сүйүнүчтүү кабар сымал жүрөктү ырахатка бөлөп, мүрөк суусундай руханиятты тирилтет.

64. Андай болсо, бул ырларды жаттап, андагы айтылгандарга ыйман келтирип амал кылгыла жана албан албан соопчулуктарга ээ болгула!

65. Аллага жалбарган кезиңерде мага да дуба кылууну унутпагыла!

66. Улуу Алла Таала ал пендесин да (автор өзүн айтып жатат) өз мээрими, ырайымы менен кечирер жана акыретте да бактылуу өмүр тартуулар.

67. Албетте, мен үчүн жакшы тилек менен дуба кылган адамга мен да күчүмдүн жетишинче ар убак дуба кылам.

Башына