Тогузунчу сан

Мевлана Жалалиддин Руминин «Месневисинен» тамсилдер
Мазмуну
Кубанычбек Басылбеков
Пил тууралуу өздөрүнүн божомолдорун айтышып, талашып тартышкан адамдар жөнүндө
Көргөзмөгө пил апкелип камап аны сарайга,
Кожоюну элге, сыртка чыгарбаптыр далайга.
Бир шумдук! – дейт, көрөлү деп, дитин коюп, бел байлап,
Туш тараптан чубап күн-түн келген экен эл жайнап.
Там караңгы болгондуктан Анкир-мүнкүр көрүндөй,
Пил далдоодо калат экен көзгө даана көрүнбөй.
Келгендердин далалаты пилден бөлөк ким болот?
Көрбөсө да ар ким аны сылап-сылап тим болот.
Ошол замат ар бирөөнүн божомолу ар башка:
Бири айтат: - «Билбеген соң жөн тур анда, талашпа».
Пил тумшугун сылап көрүп анан айткан сөзү бул:
- «Кадимки эле суу агызчу жоон түтүктүн өзү бул!»
Аял кармап кулагынан, ашып түштү беркиден,
Мындай дептир: «Бул желпигич төрөлөрдү желпиген!»
Бутка колу тийген неме оюн минтип бекемдейт:
- «Пил дегениң орнотулган жоон устундар экен!» - дейт.
Каптылына колу тийген: «Менин кебим нак, - дептир,
- Пил дегениң шаа, султандар мине турган так!» - дептир.
- «Алифтен түз!» – деди улан, калпты жеген ким экен?
Бир чал анда: «Мунуң – дептир, - кадимки эле «мим» - экен.
Бардык жерде ушул экен, аныктыгы билинди,
Караңгылык кемитери акыл менен билимди.
Болмок эмес талаш-тартыш сыртка чыгып аныгы,
Тийгенинде кепкенедей шамдын эле жарыгы.
Эрди-катындын ортосунан чыккан кеп-сөз жөнүндө
Бир айтканын миң кайталап кажыйт аял күйөөсүн:
- Жашообузду ойлогондо ичтен сыздап күйөсүң!
-
Көрөр күнүм ушул беле, алым кетип жүдөдүм,
Ачык күн да айсыз түндөй сыздап ооруйт жүрөгүм.
- Жок жеринен күнөөлөбө сен деп жүргөн кишиңди, -
Деди эркек, - мен да жасап колдон келген ишимди
Ач-жылаңач кылбайын деп, болбойлу деп элден кем,
Бекер жүрбөй иштеп жатам таппасам да жерден кен.
Аялдын го өзгөрүлбөс начар болчу кыялы,
Бир күнү ал айрылды дейт көйнөгүмдүн тиягы.
Дагы туруп айтып калат: Жаңыртпадым кийимди,
Бир алганым ошол бойдон жыртылганча кийилди.
Эркек айтат: - Бай эмесмин, жетсем андай тилекке,
Жашообузду оңоп сени оромокмун жибекке.
Ошондуктан ойлоп көрчү, сөзүң кандай жүйөөсүз,
Жашооң абдан кыйын болмок жалгыз жүрсөң күйөөсүз.
Эри менен ажырашып жалгыз калып эсирген,
Аялдардын тагдырынан көйнөк өйдө эскирген.
Ажырашуу, жалгыздыктан жардылыгың жүйөөлүү,
Ошондуктан кесирленбей тобо кылып жүрөлү!
Ууру жөнүндө
Индияда чоорду үйлөп, баштыктагы жыланды,
Арбап сыртка чыгаргандын (ойлобостон зыянды).
Ууру уурдайт бар буюмун, кылат жасап көнгөнүн,
Жылан чагып өлгөн кезде көрүп анын өлгөнүн,
Баштык ээси айткан экен: - Эмне уурдап атканын,
Өзү билбей көрчү эми, өлүп, тынып жатканын.
Жоготконум табылсын деп Жаратканга жалынгам,
Ойлоп көрсөм мен ошондо абдан эле жаңылгам.
Көрсө, уусу толуп анын чыгаар мезгил келиптир,
Мени сактап бул арамга кудай ажал бериптир.
Кудай менин тилегимди орундатып койгондо,
Ажал мага жетмек экен буйрубастан ойронго.
Тилек тилейт макоо эстен жакшылыкты түшүрбөй,
Ошонусу ага зыян келтирерин түшүнбөй.
Нечен адам кирешеге марыйбыз деп жатышып,
Зыян тартат эбегейсиз чыгашага батышып.