Сегизинчи сан

Мазмуну
Ассаламу алейкум ардактуу окурмандар!
Жадыраган жаз айларынын көз тайгылтар сулуулугу жандүйнөгө кубат берип турган ушу күндөрдө жалпыңыздар менен кайрадан көрүшүп турганыбызга абдан кубанычтабыз. Ак кар жамынган кыш мезгилинде жансыздай көрүнгөн табийгаттын бул мезгилде жашылдан көйнөк кийинип, сан миң түркүн атыр жыттуу гүлү ачылып ажайып көзөлдүгүн сунуп турушу дегеле адамзаада үчүн ибарат алына турган жараян десек жаңылышпаган болобуз. Ырас, Улуу Жараткан бул сулуулукту бизге жыл сайын ыроолоп, табийгаттын мезгил сайын оошуп турган асемделген көрктүүлүгүнө биз пенделерин бөлөп келет. Айтайын дегеним Алланын мезгилдер ичине каткан, бирок көз тойгузуп, көңүл толкуткан туюк сырын түшүнө билишибиз кажет. Күн келип көз жумарыбызды, кайрадан тирилип суракка тартыларыбызды эч убакта унутпашыбыз зарыл.
Ардактуу окурмандар!
Бул сандын күн тартибинде үч маселе бар. Болгондо да өтө маанилүү маселелет. Өткөн санда башталган Орто Азияда Ислам аттуу теманы бул санда тийиштүү макалалар менен уланат.
Экинчи талуу маселе- дин таалими, диний билим берүү. Баарыбызга маалым болгондой диний билим өлкөбүздүн диний башкы башкармалыгына караштуу жалгыз университетте, институттарда жана медреселерде окутулуп келет.
А теология факультеттеринде болсо бардык диндерге таандык илим-билим окутулат. Ошондуктан ушу темада элге бүдөмүк болуп келген маалыматтар кеңири берилет.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе, сопулугу, олуялыгы жана ак пейилдиги менен дүйнөгө аты кеткен Жалалиддин ар-Руми, белгилүү аты Азирети Мавляна тууралуу болмокчу. 2007-жыл ЮНЕСКО тарабынан Азирети Мавляна жылы деп жарыяланды. Ушу тапта дүйнөнүн көптөгөн чоң мамлекеттеринде Мавляна тууралуу конференциялар, симпозиумдар өтүп жатат.
Ырасын айтканда мына ушу чалкеш заманда жалпы адамбаласы ак пейилге, ак ниетке жана күчтүү ыйманга абдан муктаж. Мавлянанын калеминен жаралган «Масави» аттуу чыгармасы бүтүндөй адамзатты Аллага, Алланын Ак жолуна, толеранттуулукка, ынтымакка, сүйүүгө чакырган китеп. Окуган сайын киши баласынын дилин оргуштаткан, таасирленткен чыгарма. Дин Исламдан, Курандан, Азирети Мухаммаддын сүннөтүнөн катуу таасирленген Мавлянанын Маснависи жалпы адамзааданы кучагына алат. Төмөндөгү ыр саптары айтылгандарды кашкайта тастыктап турат:
Кел, кел, ким болсоң да келе бер...
Мейли каапыр, мейли отпарас,
Мейли бутпарас болгонуңа карабай келе бер,
Биздин кучак үзүлгөн үмүттүн мечити эмес
Тообаңды жүз жолу бузган болсоң дагы келе бер...
Мавлянанын ыр саптары, таамай айтылган акылга бай пикирлери камтылган «Бир кумура суу» аттуу китеп «Осоо» Башак тарабынан жаңыдан басылды. Бардык китеп сүйүүчүлөргө «Бир кумура сууну» окуп, Мавлянанын нары терең, нары даанышман пикири менен таанышып чыгууну сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман!
Күн өткөн сайын Ак Башаттын достору көбөйгөндөн көбөйүүдө. Шыгыбызга шык, демибизге дем кошулуп турган чак. Буга себепкер сиз кадырман окурман! Ак Башатка дагы жаңы досторду кол кармаштырасыз деп терең ишенебиз!
Эли-журтубузга кубаныч тартуулаган май айындагы бардык майрамыңыздар кут болсун! Жараткан Алла баарыбызга саламаттык, амандык, ынтымак-ырыс ыроолосун!
Көрүшкөнчө.....