Сегизинчи сан

Мевлана Желаледдин Руминин чыгармаларындагы инсан түшүнүгү.
Мазмуну
Эрматов Арин
Арашан теология факультети
Орто кылымдын көрүнүктүү ойчул акыны, философу, улуу сопу Желаледдин Руми Мевлана өзүнүн дүйнөгө белгилүү болгон эмгектеринде диний ишенимдерди эле эмес, аны менен байланышкан түрдүү философиялык көз караштарды, коомдук, саясий жана этикалык идеяларды да камтыган. Мевлана элдин социалдык, саясий жана руханий турмушунун түрдүү жактарын, алардын жашоо ыңгайын, турмуш-тиричилигин, байыркылардын философиялык жана илимий мурастарын өздөштүрүү жолун аныктаган. Мевлана адамдарды нравалык жактан тарбиялоодо өзгөчө роль ойногон, анын эмгектери бүгүнкү күндө мораль деградацияга учурап, адамдык сапаттар, жалпы адамзаттык диний принциптер төмөндөп бараткан шартта жаштарды этикалык жактан тарбиялоого өбөлгө болуп келет.
Мына ошондуктан, өзүнүн көөнөрбөс эмгеги менен адамзаттын руханий тарбиясына зор салым кошкон Мевлананын туулганынын 800 жылдыгына карата 2007-жыл БУУнун илим жана маданият боюнча бөлүмү (ЮНЕСКО) тарабынан Желаледдин Руми Мевлана жылы деп белгиленди.
Мевлана, түрк элдериндеги ислам маданияты элдик маданий баалуулуктардын негизи менен жуурулушуп өскөндүктөн, мусулмандык форманы кабыл алып, өзүнүн маңызында түрк урууларынын маданиятынын спецификалык өзгөчөлүктөрүн, традицияларын, жашоо жана ой жүгүртүү образдарын иштеп чыккан. Желаледдин Руми өз мезгилинде өзүнүн жогоруда аталган чыгармаларында социалдык-философиялык, этикалык жана эстетикалык идеяларды сиңирген ири жазуу жүзүндөгү адабий эстеликтерди жараткан. Ал адамзаттын жашоого, дүйнөгө, коомго болгон философиялык көз караштарын, ой-толгоолорун жана санаа-кыялдарын өзүнүн алты китептен турган айтылуу «Маснави» деген жыйнагында кеңири талкууга алып чагылдырган. Анын бул эмгеги ыр түрүндө жазылып, эки саптан турган баш-аягы алтымыш миң сапты түзгөн ири чыгармалардын бири болуп эсептелет. Атагын дүйнөгө таанытып, өлбөс-өчпөс кылган чыгармаларды жазуу анын оюна да келген эмес. Ага себеп болгон шакирти Хусамеддин эле. Ал: «Сиз деле Санан, Аттар сыяктуу эл жүрөгүндө сактала турган эмгек жаратып жатасыз. Бирок, бизге айткан насаатарыңызды ырга айлантып, жазып калтырса эң сонун мурас болмок » - дегенде, ошол замат селдесинен бүктөлгөн кагазын алып чыгып, он сегиз сап ыр жазып берген. Ошол ыр саптары келечектеги зор эмгектин башталышы болгон жана «Чоор ыры» деп аталып, учурда көөнөрбөс мурас болуп, белгилүү элдик философияны ичине камтыган чыгармалардын катарында турат.
Желаледдин Руми бул эмгектин аягына чыкканча он эки жыл бою жаны жай алган эмес . Ал өз колу менен «Чоор ырын» гана жазган, калгандарын баскан-турган жеринде куюлуштуруп ыр менен айта берген, аларды шакирти Хусамеддин кагазга түшүргөн. Ушундай талыкпаган зор эмгектин натыйжасында Мевлананын дүйнөгө белгилүү болгон чыгармалары биринин артынан бири жарала берген. Бул чыгармалар кийин дүйнөнүн бир канча тилдерине которулуп, өз окурмандарын тапкан.
Ошентип, дүйнө элдери, өзгөчө суффисттер, окумуштуулар, ойчулдар, философтор тарабынан изилдөө обьектисине айланган чыгармалары адамзаттын жан дүйнөсүнүн азыгы, руханий билимдин табылгыс булагы катары сегиз кылымдан бери изилденип келе жатат. Мына ошол чыгармаларына кыскача токтоло кетүү дагы ашыктык кылбас.
1- Дивани Кабир.
Бул Мевлананын ыр түрүндө жазылган чыгармаларынын бири. Ошол эле учурда айрым окумуштуулар тарабынан ага тиешелүү болбогон ырлар аралашып кеткендиги айтылат. Бул китепте элүү миңге жакын саптан турган газалдар жана рубаилер орун алган. Конья музейинде №72 – каттоодогу Хасан Фенхми Деде тарабынан 1271де «Сер – тарыйк» денилген эски булактардын негизинде жазылган китепте газалдар өз аттары менен жазылып, канча сап болгону да белгиленген. Бул китептеги маалыматтарга таяна турган болсок, Дивани Кабирде 2073 газал бар жана ал 21366 саптан турат. Акыркы учурда ал эмгек толукталып, Акаа-йы Алий-и Дешти тарабынан, бир сунуш жазуусу жана устад Бедиуззаман Фирузан-фердин Мевлана жөнүндө кыскача аныктамалары менен бир китеп басылып чыкты. Бул эмгек 1995-96-жылдан бери түркчөгө которулуп, 1-4-томдору басылып чыккан .
2-Мектубат
Мевлананын бул эмгегине көбүнчө бирөөгө сунуш же бирөөлөрдүн дартына даба болсун деп айткан жана жанындагы шакирттери тарабынан жазылып алынган каттардын жыйындысы топтолгон. Бул китеп 1937-жылы Стамбулда док. Феруддин Нафиз Узлук тарабынан Себат басмаканасында басылып чыккан. Кийин Үскүдардагы Мевлеви аксакалы Ахмед тарабынан айрым оңдоолор киргизилип, Абдулбаки Гөлпынарлы тарабынан түркчөгө которулуп басылып чыккан.
3-Межалиси Себа (Жети насаат)
Бул эмгекте Мевлананын жалпы эле адамзаттын жашоосунда негиз болуучу максаттары: өзүн алып жүрүү, башкаларга мамиле кылуу, адамдардын баарына бирдей кароо ж.б. үгүт-насааттары жалпысынан жети насааттын негизине топтолуп берилген. Анын бул эмгеги док. Феруддин Нафиз Узлук тарабынан Боскурт басмаканасынан басылып чыгарылган.
4-Фихи Ма-Фих
Шакирттери тарабынан жазылып алынып, кийин китеп болуп басылып чыккан бул эмгекте анын философиялык, мистикалык ой-пикирлери эмес, дүйнөгө болгон көз карашын билдирип, өзүнүн жашап өткөн доорун чагылдырып турат. Айрым бөлүктөрү эле арапча жазылганы болбосо, дээрлик фарс тилинде жөнөкөй тил менен жазылган. Мевлананын тарыхый мааниси зор болгон бул эмгеги түркчөгө Ахмед Авни Конук тарабынан которулуп, тилекке каршы басылып чыккан эмес. Ал эми Бедиуззаман Фирузан-фердин айтымына караганда, 1233-жылы Тегеранда басылып чыккан «Фихи Ма-Фихте» көптөгөн жаңылыштыктар бар.
Мына ошентип, жараткан Аллага болгон сүйүүсүн туу тутуп, Ыйык Куранга таянып, Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммеддин сүннөттөрү менен өз дооруна айдын шооласындай жарык чачып жашап өткөн Желаледдин Руми Мевлана артынан кылымдарга өлбөс-өчпөс из калтырып кетти. Эки саптан куралып, шурудай тизмектешкен миңдеген сап ырлары али да болсо сырларын толук ачпай келет.