Сегизинчи сан

Мавлана Жалаледдин Руминин кереметтери
Мазмуну
Көзүм тирүү турганда,
Мен Курандын каралымын,
Пайгамбардын бутунун чаңымын.
Ким аларга келтирсе акаарат,
Мен андайлардан алысмын.
(Мавлана Жалаледдин Руми)
Мавлана Жалаледдин Руми 1207– жылы Афганистан аймагындагы Хорасандын Балха шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Султанул – Улама деген ат менен атагы чыккан жана өз учурунун атактуу аалымдарынын бири Бахаеддин Валад болгон. Монголдордун чабуулунан улам Бахаеддин өз жерин таштап үйбүлөсү менен батышты көздөй көчүп жөнөйт. Алгач Нишабур, Багдат, Мекке, Медина жана Алеппо шаарларына байыр алат. Кийинчерээк Анадолу (Анатолия) аймагындагы Конья шаарына көчүп келип, ошол жерде отурукташып калат. Атасы тасаввуфтук илими күчтүү жана көптөгөн адамдарга диний сабак берген адам болгондуктан, Аз. Мавлана да жаш кезинен эле атасынан өтө чоң таасир алган жана диний илимдерди мыкты үйрөнгөн. Ошондуктан жаштайынан эле атагы чыгып, мезгилинин алдыңкы сопуларынын катарына кошулат. Ал эми Бахаеддин Валад өлгөндөн кийин анын миңдеген шакирттерине сабак бере баштайт. Анын илиминен, руханий дүйнөсүнөн, Жаратканга болгон чексиз сүйүүсүнөн көптөгөн адамдар тарбия алышкан. Ал шакирттерине төмөндөгү жети насаатты калтырган экен:
1. Жоомарттыкта, жардамда шаркырап аккан суудай бол.
2. Боорукерликте, мээримдүүлүктө жаркырап тийген күндөй бол.
3. Бирөөнүн кемчилигин жашырууда караңгы түндөй бол.
4. Каарың келип ачууланганда үн чыгарбас балыктай бол.
5. Токтоолукта, жөнөкөйлүктө көтөрүмдүү жердей бол.
6. Чыдамдуулукта чалкып жаткан деңиздей бол.
7. Кандай болсоң ошондой көрүн, кандай көрүнсөң ошондой бол.
Атактуу суфий, акын жана улуу ойчул Аз. Мавлана элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган, Улуу Алла Тааланы даңазалаган, мистикалык түшүнүктөрдү жана диний темаларды камтыган чыгармаларды жазган. “Мактубат”, “Мажалиси саба”, “Фихи Ма Фих”, “Диваны Кабир” жана “Месневи” сыяктуу чыгармаларын буга мисал катары берсек болот. Айрыкча анын “Месневиси” азыркы күнгө чейин жеке эле мусулман коомунда эмес, жада калса Европада да белгилүү чыгармалардын катарында орун алат.
Ислам адабиятында суфисттик – мистикалык поэзияга негиз салган үлкөн акын, Мавлавийлик деген агымдын куруучусу болгон. Жалаледдин Руми 1273 – жылы 17 – декабрда көз жумган. Андан кийин анын ишмердигин уулу Султан Валад уланткан.
Руханий дүйнөсү бай жана дайыма Алла Тааланы сүйүп жашаган адам болгондуктан башка олуялар сыяктуу эле Аз. Мавлана Жалаледдин Румиге да Алла Таала ар кандай кереметтерди берген. Ал ушул кереметтери менен ар дайым Ислам динине чакырып, элге ыйман балын таттырууга өбөлгө болгон. Сөз учугу келгенде анын ушундай кереметтеринин бир нечесине токтолуп өтсөк ашыктык кылбас.
Аз. Мавлананын атагы алыска жетип турган убакта Бадруддин Тирмизи деген зергер адам жашаган экен. Аз. Мавлананын атагын угуп, ага жолугуу үчүн Коньяга келет. Алгач Аз. Мавлананын уулу Султан Валадка барып, ар күнү Аз. Мавлананын окуучулары үчүн бирден дирхам берип тураарын айтат. Бул окуя Аз. Мавланага да жетет. Бирок ал эч жооп бербейт. Арадан бир топ күн өткөндөн кийин Жалаледдин Руми зергер Бадруддиндин устаканасына барат. Аны көргөн зергер дароо ордунан туруп, урмат – сый менен тосуп алат. Аз. Мавлана темирден, жезден жана башка нерселерден жасалган буюмдарын алып Бадреддинге бир-бирден өз колу менен бере баштайт. Уста колуна тийген буюмдардын баары таза алтынга айланып жатканын көрүп, аң-таң болуп отуруп калат. Анда Аз. Мавлана:
- Эй, Бадруддин! Сен эми зергерчиликти ташта. Себеби сен аркы дүйнөгө кеткенде мынабу буюм-тайымдарыңдын баары бул дүйнөдө калат. Андан көрө аркы дүйнөгө өзүң менен бирге ала кетчү иш менен алектенгениң дурус. Мына ошол нерсе – дин илими болуп эсептелет. Ал эми бул болсо жүрөгүңдөн Алладан башка бардык нерсенин сүйүүсүн чыгарып, Алла Таала жактырган нерселер менен жүрөгүңдү толтурганда гана ишке ашат, - деген экен.
Күндөрдүн биринде окуучуларынын бири Аз. Мавланага инжир алып келип анын алдына коёт. Аз. Мавлана ал инжирлерди кармап көрүп: “Жакшы инжир экен. Бирок мунун сөөгү бар”, - дейт да, инжирди жерге таштайт. Муну көргөн окуучусу “Кантип эле инжирде сөөк болсун” деп ойлонуп, инжирлерди алып чыгып кетет. Көп өтпөй береги шакирт кайра бир себетке толтура инжир алып келет да устатына сунат. Жалаледдин Руми бирди алып жеп көрөт да, мындай дейт:
- Бул инжирдин сөөгү жок.
Ошентип, инжирлердин баарын ал жерде отургандарга таратат.
Бул окуяга күбө болгондор аябай таң калышып, баякы инжир алып келген киши сыртка чыкканда инжирлерди кайдан алып келгенин сурашат. Ал адам:
- Менин бир досум бар эле. Анын бакчасына барсам, багбаны жок экен. Эч кимден уруксат албай эле инжерден алып Аз. Мавланага алып барган болчумун. Бирок, кийин багбанга жолугуп сөзсүз мунун акчасын төлөйм деген оюм бар эле. Ал эми Аз. Мавлана муну олуялыгы менен билип, ал инжирден жеген жок. Мына, инжирдин сөөгү бар дегени ушул болчу. Анан дароо досума бардым. Андан жакшы инжир сатып алып, акчасын да толук жана нак берип, ыраазы кылдым. Аз. Мавлана ошол кийин алып келген инжирлеримди кабыл алды, - деп жооп бериптир.
Анын бул дүйнөдөн өткөнүнө көптөгөн жылдар болсо да, ал дайыма адамдар тарабынан эскерилип жүрө бермекчи. Себеби ал Улуу Алла Тааланы даңазалап, аны сүйүп жашаган олуя. Ал эми макаламды Аз. Мавлананын төмөндөгү сөздөрү менен аяктоону туура көрдүм: “Эгерде сен бейишке чыгам десең, жүрөгүңдөгү, ой – сезимиңдеги кызганычтардан, көрө албастыктан бошонгун жана бардык адамдарга достук, бир туугандык менен жылуу мамиледе бол!”
Себетов Жаркынбай
uzgent@mail.ru