Сегизинчи сан

МЕВЛАНА ЖЕЛАЛЕДДИН РУМИНИН АДЕП-АХЛАК ТУУРАСЫНДАГЫ АЙРЫМ АҢГЕМЕЛЕРИ
Мазмуну
Док. Доц. Неждет Тосун
ОшМУ
Арашан Гуманитардык Институту
Арашан теология факультети
Мевлана Желаледдин Руми 1207-Балха (Ооганстан) шаарында дүйнөгө келген. Ал жаш кезинде атасы менен бирге Анатолияга (азыркы Түркия мамлекети орун алган аймакка) барып, Конья (Түркия) шаарын байырлап калат. Руми исламиятты жана тасаввуф илимин эң жакшы өздөштүргөн. Ошондой эле ал пайдалуу аңгеме-дүкөндөрү, баалуу эмгектери менен көптөгөн инсандарга жол көрсөткөн улуу ислам аалымы жана олуя (вали) катары белгилүү. Анын эң улуу чыгармасы “Маснави” болуп эсептелет. Эмгек фарс тилинде жазылган жана ал алты томдон турат. Бул чыгарма түрк, арап, англис жана италян сыяктуу бир канча чет тилдерге которулуп, кылымдардан бери терең кызыгуу менен окулуп келет. Соңку жылдары Европа жана Америкада “Маснавиден” тандалып алынган котормолор эң көп сатылып алынган чыгармалар арасында орун алат. ЮНЕСКО Мевлананын туулгандыгынын 800 жылдык юбилейине карата 2007-жылды “Мевлана жылы” деп жарыялады. Ошондуктан бул жылы жыйырмага жакын өлкөдө Мевлананы эскерүү туурасында атайын уюштурулган программалар жана илимий конференциялар өткөрүлмөкчү. Мына ушуга байланыштуу биз да анын “Маснави” деген эмгегинен адеп-ахлак туурасындагы айрым икаяларын (аңгеме) баяндоо аркылуу анын негизги пикирлерин белгилеп кетүүнү туура таптык.
1. Нахив аалымы (филолог) менен кемечи тууралуу аңгеме: Нахив илимин, тактап айтканда, арап тилинин грамматикасын мыкты билген бир аалым кемеге түшүп, деңизде бара жатып, жанындагы кемечиге өзүн билимдүү, жогору инсан катары көрсөткүсү келип, текбердүү түрдө бой көтөрүп: «Сен нахив илимин билесиңби?» - деп сурады. Кемечи да: «Жок мырзам, мен болгону сабатсыз жөнөкөй бир кемечимин» - деп жооп берди. Анда аалым: «Эх, өмүрүңдүн жарымы текке кетиптир» - деди. Аалым оозун жыйып алгыча деңизде бороон-чапкын башталып, кеме толкундар ичинде деңизге чөгүп жок болчудай болду. Мына ушул учурда кемечи аалымга: «Мырзам сууда сүзүүнү билесиңби?» - деп сурады. Аалым да: «Жок билбейм» - деп жооп берди. Анда кемечинин аалымга: «Андай болсо өмүрүңдүн баары текке кетти. Себеби кеме чөгүп жок болот. Бул жерде нахив илими (грамматика) пайда бербейт, махив (жүрөктөгү текебердүүлүктү, менменсинүүнү жок кылуу, кичипейил, жөнөкөй болуу) илими пайда берет» - деген сөзү анын сөзүнө жооп болуп, мактанган аалымды өз ордуна коюп койду.
Соңку бул икаяда алынуучу сабак – билимдүүмүн деп эле инсан өзүн башкалардан жогору көрүп, текебердене берүүнүн жаңылыш экендиги жана ар бир нерсенин сөзсүз түрдө өз орду боло тургандыгы.
2. Эшек кетти аңгемеси: Бир адам бир шаардан башка шаарга кетүү үчүн эшегине минип жолго чыгат. Жолдо бара жатып кеч кирген кезде түнөп калуу үчүн туш келген бир айылдагы дербиштер теккесине (дербиштердин топтолуп ибадат жана зикир кылчу жайы) келди. Ал эшегин сарайдагы акырга байлап, теккеге кирди. Теккедеги дербиштер аны күлүп-жайнап, жылуу-жумшак тосуп алышты. Бирок келген конокту сыйлай турган тамак-аштары болбогондуктан, эмне кылабыз деп кичине тынчсызданып жатышты. Мындайда кол куушуруп карап турмак беле. Дербиштердин бирөөсү теккенин короосундагы акырда байланып турган эшекти алып, базарга алып барып сатып, акчасына тамак-аш алып кайтты. Теккеге кайтып келген кезде жакшы даам-тамактар бышырылып, айлана-тегеректеги элдерге “бүгүн кечинде теккеде сыяпат (той) бар” деп жарыя кылынды. Ошентип, кечинде дербиштер, конок жана сыяпатка келген эл теккеде жакшылап тоюнушту. Артынан чогуу Алланы зикир кыла башташты. «Лаа илааха иллаллах» сыяктуу зикирлер бийик үндөр менен кайталанып жаткан кезде дербиштер анда-санда “Хар бирафт, хар бирафт” деп үн чыгарып коюшат. Конок да аларга кошулуп, бул сөздү зикир катары (ойлоп) кайталап жатты. Эртеси эрте менен акырга барып эле эшегин таба албай калган конок айласы кетип, эшегинин кайда экендигин сураган кезде, дербиштер ага: “Кечинде биз менен кошо өзүң “хар бирафт” мындайча айтканда фарсча “эшек кетти, эшек кетти” деп жаттың эле го? Эми неге бизден сурап жатасың? Же сүйлөгөн сөзүңдүн маанисин түшүнбөстөн эле кайталап жаттың беле?” деп жооп беришти.
Бул икаяда айтылуучу ой, инсан ибадат кылып жаткан кезде өзү окуган сүрөөлөрдүн, дубалардын жана зикирде айтылган сөздөрдүн маанисин билүүнүн зарылдыгы. Мындайча айтканда башка инсандарды курулай эле туурай бербестен ибадаттын маани-маңызын ойлоп-түшүнүү жана сезип-туюуу.
3. Оозуна жылан кирген адам туралуу аңгемеси: Бир адам жайкы саратан күндөрүнүн биринде эгин талаасында иштеп жүрүп, өтө чарчагандыктан бир дарактын түбүндө эс алып жатып, оозун ачкан бойдон катуу уктап калат. Ушул убакта кичинекей бир жылан келип, анын оозунан кирип, ашказанына жайгашып алат. Уктап жаткан адам болсо муну эч бир сезбейт. Бирок, куралчан бир аскер бул абалды узактан көрүп калат да, адамды сактап калуу үчүн аны көздөй жүгүрүп жөнөйт. Жакындап келген дүбүрттүн дабышынан чочуп ойгонгон адам, куралчан бир аскердин өзүн көздөй жүгүрүп келе жатканын көргөндө, анын ага кол салаарын ойлоп, коркконунан дыргаяктап качып жөнөйт. Адам канчалык жан талашып качса аскер да, ошончолук артынан калбай кууп барат. Бир канча убакыттан соң качкан адам көл-шал тердеп, буттары шилтенбей калат. Ушунчалык күчүркөнүп чуркагандыктан ичеги-боору бир-бирине аралашып кеткендей эле болот. Көөнү айланып, катуу окшуп жиберет. Ошол учурда ашказанындагы жеп-ичкен бүт нерселерине кошулуп, жылан да чыгып кетет. Аскер анын жанына келип: «Менин максатым сага зыян берүү эмес, болгону сени катуу жүгүртүп, кустуруу жана көзүң көргөн алдагы жыландын коркунучунан сени сактап калуу болчу» - деп абалды ага түшүндүрөт.
Ал эми бул икаяда түшүндүргүсү келген ой-пикир – сырткы көрүнүшүндө бизге жамандык болуп көрүнгөн кээ бир нерселер, түпкүрүндө биз үчүн жакшылык жана пайдалуу болуп калышы мүмкүн экендигин да эстен чыгарбай жүрүү. Тескерисинче, сыртынан караганда бизге жакшы жана пайдалуу деп ойлогон нерселер, түпкүрүндө жаман жана зыяндуу да болуп калышы мүмкүн. Акылдуу инсан тышкы көрүнүштөргө алданбоосу керек. Мевлана Желаледдин Руми бул жагдайды түшүндүрүү үчүн мындай дейт: «Канчалаган таттуулар бар бал татымдуу, а бирок ал балдын ичинде уу катылуу». «Чепкен жана селде менен инсан аалым болбойт. Аалымдык инсандын өзүндө болчу бир өнөр. Бул өнөр кааласа жүн чапан ичинде болсун ал эч качан айырма бербейт».
Мевлана Желаледдин Руми 1273-жылы дүйнөдөн кайтса да, ал баалуу эмгектери жана таасын пикирлери менен али да болсо өз таасирин жоготпостон, инсандардын руханий дүйнөсүн ээлеп келет.
Которгон: Кенжебек Чыйбылов