Сегизинчи сан

ЖАДИДЧИЛИК
Мазмуну
ТҮРКСТАНДА ЖАҢЫЛАНУУ
Диний билим берүү тармагындагы реформа
Асан САИПОВ
asansaiр@mail.ru
Диний билим берүү тармагындагы жаңылануу усулу ”усулу жадид” деген ат менен батыштагы билим берүү системасынын таасири астында метод сунуштаган адамдар реформаторлор /жадидчилер/, ал эми булардын жардамы менен өнүккөн агым жадидчилик деп аталат.
Жаңылануу усулу же жаңы типтеги окутуу системасы мусулмандар арасында Исмаил Гаспыралы /Гаспиринский/ тарабынан иштелип чыккан. 1883-жылы Баxчасарайда өзүнүн “Таржиман” деген гезитине жаңы типтеги окутуу системасынын программасын тааныштырып, агартуу иштерин аябагандай активдүүлүк менен жайылткан. 1884-жылы Крымдагы Баxчасарайда биринчи жолу жаңы тартиптеги мектеп ачып, жадидчилик усулун окута баштаган. Жаңы тартип боюнча атайын усулдук колдонмо китептерди даярдап тездик менен Крым, Поволожья, Казань, Уфада таркатылган. “Таржиман” гезитин окуган Россиялык молдолор, Каирден, Стамбулдан, чет элден окуп келген мусулмандар бул окутуу усулун колдоп кубатташкан. Мударис Алимжан Баруди Казаньда Муxамаддия медресесин куруп, аны өзү жетектеген. Нижний Новгороддо болуп өткөн 1905-1906-жылдардагы мусулмандардын съездинде жаңы типтеги окутуу системасынын программалары кайрадан иштелип чыккан. Жергиликтүү бай мусулмандар бул окутуу системасын жактырышып, болгон жардамдарын көрсөтүп турушкан. Жаңылануу усулунун идеяларын мусулмандар арасына жайылтууда эки диний журнал, ондон ашык гезиттер жарык көрүп, иштеп тургандыгы маалым. Миңдеген мусулмандар жаңылануу усулунун идеяларын колдоп, алардын саны тездик менен көбөйгөн. Бул жаңылануу аракети дин, тил, маданият тармагында өнүгүүнүн символу катарында баалангандыгын көрө алабыз.
Исмаил Гаспыралы баш болгон татар мусулмандары Түркстан мусулмандарынын арасында жадидчиликтин өнүгүүсүнө чоң салым кошушту. 1893-жылы Исмаил Гаспыралы өзү Самаркандга келип жаңы усулдагы мектеп ачты. Андан кийин 1897-жылы Анжиянда ачылат. Түркстан аймагында жаңылануу усулунун идеяларын мусулмандар арасына жайылтууда ондон ашык гезиттер, колдонмо китепчелер өзбек тилинде жарык көрүп, иштеп турган. Андан кийин биздин аймакта, /Кыргызстанда/ 1898-жылы жаңы усулдагы Токмокто бир, Пишпекте эки, Караколдо үч мектеп ачылып, анын окутуучулары татар интелигенциясынын өкүлдөрү болушкан. Бул мектептерде окуучулар класстарга бөлүнүп, төрт жыл билим алышкан. Токмок шаарында соода иштери аябай өнүккөндүктөн, ал жерде жашаган татар, өзбек, дунган улутундагылар көбүрөөк кирип окушкандыгы маалым. Кийинчерээк жаңы усулдагы мектептер жергиликтүү элдин алдыңкылары тарабынан ачылып, андан көптөгөн кыргыз жаштары билим алышкан. Мисалы: 1909-жылы Шабдан баатыр Чоң-Кеминге жаңы усулдагы мектеп-медресе салдырган. Ал “Шабдан мектеби” деп аталып, жаңыдан ачылганда 150 бала окуган. Кийинки жылы окугандардын саны 300гө жетип, мугалимдери Казань, Уфа, Оренбургдан чакыртылып келинген. Керектүү окуу китептери, окуу куралдары да ошол жактан алынып келинген. Шабдан уулдары Самүдүндү Самаркандан, Кемелди Гимнаиядан окуттурган. Самүдүн бүтүп келгенден кийин атасы салдырган медреседе сабак берген. Кийин мындай мектептер Курман Лепесов Жумгалда, Канат ажы Кочкордо, Чынгыш болуш Нарында, Калпа ажы Акталаа, Курткада, Сагалы Малиев Тоңдо, Фазылбек Касымбеков тарабынан Ошто уюштурулган. Мындай мектептер жыл өткөн сайын көбөйүп, эски усул менен окуган айрым мектептер да жаңы усулга көчө баштаган. Бирок падышачылык тарабынан жергиликтүү элден мугалим кызматкерлерин көп даярдоого уруксат берилбегендиктен, бир тараптан кыргыздар көчмөн эл болгондуктан мектептердин санын көбөйтүү кыйынга турган. Ошондой болсо да эл агартуу ишине реформа жүргүзүп, окутууну түп-тамырынан бери оңдоо зарыл экенин бардык жагынан далилдеп көрсөткөн Исмаил Гаспыралы түрк элдеринин арасына окутуунун жаңы усулунун тез жакшырышына көмөк көрсөткөн. Көпчүлүк мугалимдердин пикири боюнча жаңы усулдагы мектептердин ачылышы жаштарды окууга жана жазууга үйрөтүүдө, билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүп, аны европалык элдердин программасына ылайык коомдук-гуманитардык, табигый-математикалык сабактарды киргизгедигине байланыштуу эл арасында чоң кадыр баркка ээ болгон. Билим берүү ишине реформа жүргүзүүнүн эң башкы максаты мектептерде окутуунун эне тилинде болушуна жетишип, элдин сабатсыздыгын жоюуну тездетүү менен маданий деңгээлин жогорулатуу болгон. Бул мектептерди окуп чыккан кыргыздын белгилүү инсандарынын бири Ишеналы Арабай уулу илимин андан ары Оренбург, Казань, Уфа шаарларында улантып, бүтүп келгенден кийин жадид тибиндеги мектептерди ачуу менен окутуунун тыбыштык методун алгачкылардан болуп кыргыз жергесине тараткан. Ал жалаң гана араб тилинде жазылган китептерди жаттоо менен чектелбей география, тарыx, биология, математика сабактарын да окуткан. Кыргыз элинин ооз эки жазма адабиятынын жобосун түзгөн этнограф да болгон. Кыргыздын белгилүү уулдарынан болгон Калыгул, Арстанбек, Солтобай, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Осмоналы Сыдыков, Ысак Шайбеков, Абдраман Чункелеев, Жусуп Абдраxманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Белек Солтоноев, С.Карачев, Б.Данияров, А.Шабданов, Т.Жолдошев, С.Нааматов ж.б. аталарыбыз ушул жадид мектептеринде окуп билим алышып, кыргыз элинин кийинки муундарын тарбиялашкан. 1905-1917-жылдардын арасында жадидчилик мектеби саясий ишмердүүлүктөргө да катыша баштаган. Алгач агартуу иштери катары ортого чыккан жаңылануу убакыттын өтүшү менен саясий максаттарга да багыт койгон жана Россия түрк элдеринин боштондук күрөшүнүн саясий идеологиясына айланган. Ортого чыккан большевизмдин чыныгы жүзү толук калыптана элек мезгилде бир топ жаңычылдар большевик партиясына кирип, мусулман жамааттарын түзгөн жана партия ичинде өз идеалары боюнча иштерди аткарышкан. Бирок Сталиндин убагында жаңычылдарга каршы массалык түрдө кыруулар болгон. Бул кыргын учурунда Сталин Исмаил Гаспыралынын кабырын буздуруп, үстүнө үйлөрдү тургузуп жаңычылдардын баардык издерин жок кылгысы келген. Кыргыз элинин жанган чырактары да бул кыргындан кутула алышкан эмес. Туран партиясынын мүчөлөрү деген жалган жалааларга калып, репрессияга туш болушту. Жаңылануунун тарыxы өтө трагедиялуу болуп аяктаганына карабастан бекерге болбогондугун тарыx барактары бүгүн тастыктады.