Сегизинчи сан

КЫРГЫЗСТАНДА ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МААНИСИ
Мазмуну
Доктор, доцент Абдуррахман ХАЧКАЛЫ
Кайсыдыр бир улуттун түптөлүшүндө негизинен дин, дил жана маданият өтө маанилүү. Кыргыздарда бул нерселер бирдей баалуулуктарга ээ. Бирок эгемендүүлүгүн өз колуна алганга чейин диний билим алуу багытында өтө чоң боштук болгон. Коммунизм доорунда Советтер Союзунун саясаты көптөгөн улуттардын маданиятын жок кылуу жана социалисттик коом түзүү үчүн, ошол улуттун динин, үрп – адатын жана каада – салтын жоюуда, атеизмди колдогон иш-аракеттерди жүргүзгөн. Ошол жасаган аракеттери, кыргыз элин кыргыз кылып, бирдиктүү эл катары сактап келген баалуулуктардан алыстатты. Ошентип, элди үрп–адатынан, тилинен, дининен жана алардын тарыхынан алыстатуу аракеттери ишке ашырылган. Ошондой эле бул саясий оюн, кыргыз элинин Орто Азиянын башка улуттагы элдери менен болгон байланышын жок кылууга да негизделген эле.
Диний маалыматтын жетишсиздигинен кыргыз эли бир топ зыян тарткан. Башка диндин өкүлдөрү кыргыз элинин диний билиминин жетишсиздигинен улам өз кызыкчылыгын кеңири пайдаланып жаткандыгы чындык. Диний билим берүүдө адам укуктарынын негизгилеринен болгон “дин кармануудагы эркиндик” тууралуу да эске алуу керек. Бул тууралуу БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча кабыл алынган декларациясынын 18 – пунктунда ачык айтылган.
Өзгөчө диний билим берүү тармагында каалаган адамга өз миссиясын, идеясын жаюуга уруксат берүү кыргыз эли үчүн кооптуу да, коркунучтуу. Эгер уруксат берилсе, өлкөдө жүрүп жаткан саясатта диндин курал катары колдонулуп калышына, терс түшүнүктөгү ар түрдүү идеологиялардын жайылышына шарт түзүлүшү толук мүмкүн. Өз элинин ата салтынан, үрп-адатынан, тарбиясынан таасирленбеген кишиге ал муктаждыгын башка жолдор менен камсыз кылган, кээде зыян берүүчү ыкмаларды колдонгон башка миссионердик агымдардын иш аракети терс таасирин тийгизери бышык.
Азыркы күндө көптөгөн улуттар өздөрүнүн салтын, маданиятын жоготуу коркунучу жана келечек муундарынын улуттук баалуулуктарынан алыстап кетүү проблемелеры ортого чыгууда. Ошол улуттардын бири болуп кыргыз эли эсептелет. Мына ушул коркунучтун алдын алуу үчүн ырас Кыргызстанда иш–аракеттер жүргүзүлүүдө. Алсак, мектептерде “Манас” эпосун сабак катары окутуулуусун жана өзгөчө адеп сабагынын киргизилүүсүн айта кетсек болот. Мындай иш-аракеттер менен жаштарды тарбиялоо менен Кыргыз эли өз өлкөсүнүн, улутунун руханий жана материалдык баалуулуктарын кийинки муунга жеткирүү үчүн кам көрө алат.
Бүгүнкү күндө башка диндин өкүлдөрү жадакалса үйлөрдүн эшиктерин каккылап, аянттарда, көчөлөрдө, кала берсе мектептерге чейин барып китеп, брошюраларын таратышууда. Ошондой эле мектеп, кинотеатр сыяктуу жаштар көп чогула турган жайларга да барып, үгүттөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле балдар үйү сыяктуу жаш өспүрүмдөр тарбияланып жаткан жайлардан да калышпайт. Адамдардын көпчүлүгү экономикалык жактан кыйналгандыктан, ал муктаждыгын камсыз кылган башка диндерге кирип кетишүүдө. Ушуну менен гана чектелбестен, жогорку окуу жайларда окуган студенттер менен да алектенип жатышат жана ар түрдүү телеберүүлөрдү уюштуруп, медициналык борборлорду ачып, жана башка ушул сыяктуу иштерди жасоо менен өздөрүнүн динине үндөп жатышкандыгы баарыбызга маалым.
Ар кандай диний секталардын көптүгү боюнча Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдөн болуп эсептелет. Учурда Кыргызстанда католиктер, иегованын күбөлөрү, баптисттер, лютериандар, пресбитеряндар ж.б. 175 ар кандай секталардын борборлору бар. Мындан тышкары, алар ачкан мектептер, ооруканалар жана тил үйрөтүү борборлору да иш жүргүзүүдө. Булардын баары, Кыргызстан эгемендүү өлкө болуп жарыялангандан кийин пайда болушту.
Миссионерликти таанытуудагы негизги көңүл бура кетчү жагдай – бул миссиянын акыйкат динден такыр башкача болуусу, башка максаттарды алдыга коюусу жана өздөрүнө колдоо көргөзгөн өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн гана курал катары кызмат кылуусу. Ошондуктан, булар акыйкат дин катары каралбайт.
Миссионерлер жазган бир брошюрада кыргыздын салтындагы кээ бир нерселерди “кудайдын каргышына себеп болчу иш-аракеттер” деп да айтышат. Мисалы “Манас” эпосун окуу ошондой иштердин бири болуп саналат. Дин алмаштыруу сөз менен айтылгандай оңой иш эмес. Дини менен бирге бардык нерсесин: ата–бабаларынын салтын, үрп–адатын, ишенимин ж.б.у.с. нерселерин жоготот. Ошону менен бирге улутуна, каада–салтына, чөйрөсүнө, өлкөсүнө жана жашаган коомуна болгон байланышы азайат жана бара–бара жок болуп да кетет. Динин алмаштырган адам, эгер ал кыргыз болсо, мындан кийин “Манас” эпосун окууну күнөө деп билет. Кайсыл динге кирип кеткен болсо, ошол диндин өкүлдөрү менен бирге болгон сайын башкалар менен болгон байланыш азаят жана бул нерселер адамга психологиялык жактан да терс таасирин тийгизбей койбойт.
Миссионерлердин жасаган ийгиликтүү иш–аракеттеринин натыйжасында Африка жана Азия материгинде жайгашкан өлкөлөрдө христиан динине өтүү көбөйгөндүктөн, батыш өлкөлөрү бул региондордо өз үстөмдүктөрүн көргөзө башташты. XX-кылымдын баш чендеринде бул региондордо жашаган христиандардын саны 30 миллион болсо, азыркы учурда 700 миллионго жетти.
Азыркы учурда, адамдарга руханий жактан туура тарбия берген туура диний билим алууга дүйнө муктаж. Чындыгында дин, адам баласы үчүн ажырымды эмес тынчтык жана бейпилдик алып келет. Коомчулукта динден башка эч нерсе элди биримдикке, тынчтыкка жана ынтымактуулукка үндөй албайт. Бир коомдун руханий жактан алсыздоосу жана күчтөнүүсү, ошол коомдун сырткы көрүнүшүнө да таасирин тийгизет.
Адамдын дүйнөгө болгон көз карашы кандай болсо, анын кыймыл–аракети да ошого жараша болот. Мухаммед Икбал: “Адам баласынын ички дүйнөсү жырткыч болуп калган соң, аны кайра калыптандыруу мүмкүн эмес” дейт. Мавляна Жалалиддин Руми да мындай дейт: “Периште менен айбан суракка тартылбайт. Анткени аларда акыл жүгүртүү жок. Адам болсо ушул экөөнүн ортосунда болот”. Адам баласы диний билим алууда, кандай гана илимди болбосун үйрөнүүдө негизги маселеге маани берүүсү зарыл. Анын алган илими да өзүнө жана башкаларга пайда алып келиши керек.
Ислам адамды ар дайым жакшылыкка жана жылуу мамиледе болууга үндөйт. Эки жүздүүлүк, жалган сүйлөө жана акыйкатсыздык – булар эң жаман сапаттардан болуп саналат. Ислам адамга туура ой–максаттарды жана жакшы мүнөздү тартуу кылат жана ошол аркылуу коомдун биримдигин сактайт. Сүйүү жана ырайым, диний билим алган адамдардын негизги сапаттарынан болуп эсептелет. Дин адамда мекен сүйүүсүн жандандырат, аны үй–бүлөсүнө, өлкөсүнө жана бүтүндөй инсаниятка кызмат кылууга даярдайт, адептүүлүктү үйрөтүү менен зулум кылуудан, ичкилик, кумар сыяктуу жаман адаттардан, кыянаттыктан алыстатат жана элге, коомчулукка зыяндуу болгон нерселерден коргойт. Диний билими жетишсиз коомдо болсо, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн адамдар көбөйөт. Адамдар байлыктын, мансаптын жана напсилеринин кулу болуп калышат. Ханафи–матуридий мазхабына таандык кыргыз калкынын өзүнүн салтына бекемдиги демократиянын жана өлкө ичиндеги биримдиктин коопсуздук тиреги боло алат.
Айрым радикал көз караштагы агымдардын өлкөбүздүн ичинде кеңири таралышына көз жумуу – биздин катабыз. Кыргызстанда диний кызматта иштеген адамдардын диний билиминин жогорку даражада болуусу, ошондой эле дүйнөгө болгон көз карашынын кең болуусу зарыл. Учурда дин кызматчысынын бир гана диний билим алуусу жетишсиз. Анын дүйнө жаңылыктарынан кабары болуп турушу абадай зарыл. Жогорку окуу жайларда гана эмес мектептерде да, медреселерде да диний билимдер мыкты адистер тарабынан окутулушу керек. Кыргызстандын биримдиги, ынтымагы материалдык жана руханий жактан өнүгүүсү үчүн бул өтө маанилүү.
Которгон: Галматов Атабек