Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Орто жана жогорку окуу жайларына «диндердин тарыхы» предметин киргизүү сунушу жана анын маанилүүлүгү

Мазмуну

Док. Мурзараимов Б.
АГИ теология факультети.

Дин, адамдын ички дүйнөсүндөгү табигый сезим. Дайыма адам менен бирге бар болгон жана аны менен кошо жашап келет. Динге ишенбеген адам канчалык -кудай жок, мен кудайга ишенбеймин- деп айтса да белгилүү учурларда кудайга жалынганын баарыбыз байкасак керек. Мисалы, корккон учурда, чочуган учурда, жер титирегенде ж.б.

Мунун баары бизге динсиз же Кудайсыз адам баласынын жашай албастыгын далилдейт. Адамзат тарыхында динсиз инсан болсо да динсиз мамлекет жашаган эмес. Динсиз мамлекет катары таанылган Советтер Союзу да көп жашабастан ыдырап жоюлуп кеткен. Канчалык денгээлде адамдардын сезиминдеги дин түшүнүгүн жок кылганга аракет кылса да Союз таркалаары менен баары өз динине кайта баштады. Ошентип, 70 жылда жок кылынган дин сезими 70 күндө кайра өз ээлерине кайтып келди. Мына ушул кайтып келген динибизди так жана туура үйрөнүп, өзүбүздөн кийинки урпактарыбызга өткөрүп берүү негизги милдет болуп алдыбызда турат. Анткени, батыштан, чыгыштан, кала берсе дүйнөнүн төрт бурчунан келген ар кандай диндер же диний агымдар биздин негизги динибизге аралашып, башыбызды айлантып жаткан учуру. Ар кандай диний конфессиялардын көбөйүшү биздин акыйкат динибиз болгон Исламдын алдын тосуп жатат. Студенттер менен мектеп окуучуларынан тартып, көчөдөгү карапайым адамдарга чейин сырттан келген түрдүү динди үгүттөөлөрү өлкөнүн келечегине кооптонууларды алып келиши толук мүмкүн.

Диний баш аламандыктан элди сактап калуунун жападан жалгыз жолу – дин боюнча элге туура маалымат берүү болуп эсептелет. Анын башаты орто мектептер менен жогорку окуу жайлары болушу керек. Орто мектептерден баштап жогорку окуу жайларына чейин диндердин тарыхын окуткан предметтин киргизилиши мындай маселени чечүүдө бир топ жардам бермек. Анткени, дүйнөлүк диндердин тарыхын окуп билүү жаштарыбыздын динди туура тандашына өбөлгө түзөт. Тигил же бул динден кабары жетишсиз болгондуктан, жаштарыбыз ар кандай диний агымдарга акыйкат дин ушул деген түшүнүк менен кирип кетип жатат. Мунун натыйжасында диндеги фанатизм келип чыгат. Анткени динден түшүнүгү жок болгон кишилер жаңыдан динди тутунганда фанаттык негизде берилип кетет. Мунун натыйжасында өлкөбүздө бир топ проблемалар келип чыккан. Анын алдын алуу үчүн ар кандай чаралар, сунуштар айтылып жатат. Бирок, азырынча алар натыйжа бере элек. Бул проблеманы түп тамырынан баштап чечпесек, мындан ары аны кайра курчутуп аларыбыз турган иш.

Диндердин тарыхы предметин орто мектептерге киргизүү анчалык көп проблеманы жаратпайт. Анткени бул илим обьективдүү болгондуктан орус жана кыргыз мектептерине бирдей программа менен киргизсе болот. Диндердин тарыхы предметин орто мектептерге жана жогорку окуу жайларына киргизүүдөгү дагы бир маанилүү нерсе – бул жаштардын динге болгон кызыгуусунун күн сайын артышы болуп эсептелет. Демек, мындай илимге жаштардын арасында суроо-талап бар. Жаштардын бул талабын канааттандыруу мамлекеттин жана бул ишке тиешеси бар кишилердин негизги милдети катары кабыл алынышы керек.

Дүйнө практикасы көрсөткөндөй, элдердин ортосундагы кагылышуулар жана согуштар негизинен диний ажырымдардын ортосунан келип чыккандыгы жалпыга маалым болсо керек. Биздин өлкөбүздөгү диний конфессиялардын көптүгүнөн мезгил мезгили менен жер жерлерде айрым бир кагылышуулардын болуп жаткандыгы да массалык маалымат каражаттары тарабынан жарыяланып келет. Мунун баары диний сабатсыздыктын айынан экендиги талашсыз.

Биз орто жана жогорку окуу жайларыбызга бул предметти киргизе алсак, динге байланышкан айрым проблемалардын алдын алган болор элек. Азыркы учурда дүйнөнүн эң негизги проблемасы дин болгондуктан айрым бир чогулуштарда же конференцияларда диндин маңызын толук түшүнө бербеген адамдар да дин боюнча сөз сүйлөп жатышат. Бул көрүнүш ансыз да коомчулук тарабынан жактырыла бербеген динди ого бетер татаалдаштырып жатат. Андай кишилерге багыт берүү кыйын. Анткени, алардын дин боюнча түшүнүктөрү калыптанып калган. Аны өзгөртүү да кыйын. Бирок жаштарга мектеп жашынан багыт берүү оңой. Аларга диндин тарыхын обьективдүү түрдө илимий негизде берсек, динге байланышкан көптөгөн проблемалардын алдын алган болобуз. Башкача айтканда, тигил же бул динди жакшы же жаман деп айтпастан, алардын тарыхын, идеологиясын жана ишеним негиздерин фактылар менен туура түшүндүрүшүбүз керек.

Дүйнөлүк диндерден маалыматы бар кишилер түрдүү диндин өкүлдөрү менен тил табыша алат. Алдына чыккан ар кандай секталарга же диний агымдарга анализ жүргүзө билет жана өзү туура деп чечкен динди тандап алат. Эн азынан ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болот. Диндерди таануу тигил же бул динге таандык болгон кишилердин улуттук мүнөзүн, каада-салтын, үрп-адатын жана дүйнөгө болгон көз карашын таанууга барабар. Анткени, улуттардын күнүмдүк жашоо турмушундагы кыймыл аракеттеринен тартып, жеп-ичип, кийингенине чейинки адаттар негизинен диний ишенимдердин негизинде куралган.

Биз жаштарыбызга диндердин тарыхын үйрөтүү менен бөтөн элдердин маданиятын да тааныткан болобуз. Башка элдин маданиятын тааныганда гана алар менен туура саясат жүргүзүүгө болот. Азыркы учурда бул предмет дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө расмий түрдө орто жана жогорку окуу жайларында окутулат. Биздин өлкөбүздөгү кээ бир окуу жайларда бул предмет философия предметинин ичинде кыскача гана окутулат. Бирок бул өзүнчө бир илим болгондуктан аны өзүнүн программасы менен окутуу дурус болмок.

Азыр өлкөбүздө христиан жана ислам дини багытында бир нече диний окуу жайлар бар. Алардын ар биринде 70тен 100гө чейин окуучу бар. Демек, жаштарыбыз тигил же бул дин боюнча маалымат алгысы келет. Бирок, мындай учурда маалыматты бири христиан багытындагы окуу жайдан, экинчиси ислам же башка динди окуткан окуу жайдан алгандыктан, келечекте диний жактан пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Биз жаштарыбыздын динге болгон муктаждыгын орто же жогорку окуу жайларда канааттандыра алсак, түрдүү конфессиялардын көбөйүшүнүн да алдын алган болор элек.

Башына