Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Исламда ажырашуу жана анын өкүмдөру

Мазмуну

Уландысы...

Жыныстык катнаш аткарылбастан болгон ажырашуулардын жыйынтыгы эмне болот? Нике кыйылып, бирок, жыныстык мамиле жасалбастан болгон ажырашуу – баин талак (жаңыдан нике кыйдырып, кайрадан махирди белгилебестен жубайлардын кайрадан бири-бири менен чогуу жашоолоруна жол бербеген ажырашуу) деп аталат жана андай ажырашуулар бир талактын ордуна өтөт. Андай учурда аял никеси кыйылып жаткан учурда белгиленген махирдин жарымын алганга укуктуу болот (караңыз: Бакара сүрөсү - 2/237). Эгерде махир белгиленбеген болсо, анда аялды ыраазы кылуу максатында бир нерселер берилет (караңыз: Бакара сүрөсү - 2/236). Мындай ажырашуудан кийин, эгерде ал жубайлар кайрадан бири-бири менен чогуу жашоону каалашып, жарашыша турган болсо, анда алар жаңыдан нике кыйдырышып, кайрадан махирди белгилешүүсү зарыл. Мас адамдын талагы талак ордуна өтөбү? Мас – бул мас кылуучу заттардын таасиринен улам эмне деп айткандарын жана эмне иш кылгандыгын билбеген адам. Шариятка боюнча (мубах, адал жолдор менен, м: наркоз, дары-дармектин таасиринен ж.б.) мас болгон (акылынан танган) адамдын талагынын талак ордуна өтпөй тургандыгын бардык аалымдар бир пикирден кабылдашкан. Ал эми арам (мисалы, арак-шарап ж.б.у.с.) жолдор менен мас болгон адамдын талагы тууралуу аалымдар өз ара эки топко бөлүнүшкөн. Айрым аалымдар арам жолдор менен мас болгон адамдын талагын чындап эле талак ордуна өтөт дешет. Бирок, кээ сахабалардын, Ханафи мазхабынан Имам Тахави (өл. 321/933) жана Кархи (өл. 340/951) сыяктуу аалымдардын көз карашы, ошондой эле ҮУМдин 104-пункту боюнча мас адамдын талагы итибарга алынбайт жана чыныгы талак ордуна өтпөйт. Анткени, Бакара сүрөсүнүн 227-аятында да көрсөтүлгөндөй, талактын (ажырашуунун) кандайдыр бир чечим, б. а. чыныгы ниет менен иш жүзүнө ашырылуусу керек. Ал эми мас адамдын болсо, (шариятта) кандайдыр бир ишке ниет кылуу укугу жок. Ал эмне деп айтканын, эмне иш кылганын билбеген жана акылга калчап иш кылалбаган адам. Анын айткан сөздөрү эч кандай укуктук (юридикалык) күчкө ээ эмес. Мас адамдын берген талагын чыныгы талак ордуна өтөт деп эсептешкен аалымдардын максаты – ал (мас болгон) адамды арам болуп эсептелген аракты (алкоголдуу ичимдиктерди) ичкендиги үчүн жазалоо болуп эсептелет. Исламда ичимдик ичкен адамдын жазасы ага 80 балак (таяк) уруу болуп эсептелет. Ичимдикти ичкен адамды мындан башка жазалар менен жазаландыруу усулга (шарияттын эрежелерине) туура келбейт. Окутуп жаткан маалында мугалимдин ниети жок туруп эле өзүнүн окуучуларына талак ордуна өтө турган ар кандай сөздөрдү айтуусу (мугалимдин чындап ниети болбогондугу себептүү) эч кандай көңүлгө алынбаганы сыңары, мас адамдын айткан сөздөрү да эч кандай талак ордуна өтпөйт. Демек, мас адамдын берген талагы итибарга алынбайт, т. а. анын талагы талак ордуна өтпөйт деген аалымдардын айткандары туура жана ошол фатва боюнча амал кылынуусу керек. Аябай ачууланып, ачуусуна алдырган адамдын талагы талак ордуна өтөбү? Мухаммед Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам): «Ачуулуу (иглак) маалда талак жок,» - деп айткан (Бухари, Талак – 11). Мына ошондуктан, адамдын акылы менен оюн башкара албай калган деңгээлдеги ачуулуу маалында айткан талагы чыныгы талак ордуна өтпөйт. Жубайлардын бирөөсү Ислам дининен чыга турган болсо эмне болот? Мусулман жубайлардын бирөөсү Ислам дининен чыга турган болсо, анда ал жубайлар автоматтык түрдө ажырашкан болушат. Бирок, кээ бир аалымдардын мындай жубайлар аялдын иддасы бүткөнгө дейре ажырашкан болуп эсептелбейт дешет. Мындай учурда аялдын иддасы бүткөнгө дейре динден чыккан адам кайрадан Ислам динин кабыл ала турган болсо, анда кайрадан өзүнүн жубайы менен жашаса болот. Мында эч кандай тоскоолдук жок. Ажырашууну расмий түрдө каттоодон өткөрүү зарылбы? Ажырашуу ар кандай укуктук маселелерге өбөлгө болгондугуна байланыштуу аны расмий түрдө каттодон өткөрүү туура болот. Аялдын нафакасы, балдарга билим берүү жана аларды тарбиялоо, алимент, аялдын иддасы, аял кошбойлуу болсо төрөлө турган баланын акыбалы, аялдын кайрадан башка бирөөгө турмушка чыгуусу ж.б.у.с. иш-аракеттер, аялдын расмий түрдө ажырашкандыгына байланыштуу болот. Ошондуктан, ажырашуунун расмий каттодон өткөрүлүүсү дурус болот. Анткени, ажырашуу – бул кайдыгер мамиле жасай турган бир иш, же болбосо оюн эмес. Кандай жагдайларда аял казыга (сотко) кайрылып, өзүнүн күйөөсү менен ажыраштыруусун талап кыла алат? Төмөндө көрсөтүлгөн учурларда аял казыга (сотко) кайрылып, күйөөсүнөн ажыраштыруу талабын коюуга укуктуу: 1 – Эркектин аялы менен кошулууга мүмкүн болбогон абалда (оорулуу) болуусу: Мисалы: Эркектин жыныстык органынын кесик болуусу, алсыз (импотент) болуусу ж.б. Күйөөсүндө ушуга окшогон проблемалар болсо, аялы казыга арызданып, өзүнүн күйөөсү менен ажыраштырып коюусун талап кыла алат. Ошондой эле, Имам Мухаммеддин жана көпчүлүк мужтахиддердин көз карашы боюнча ар кандай зыян бере (залакасын тийгизе) турган ооруулар да жогоруда айтылып өткөн айыптардын катарына кирет. Мисалы, азыркы учурда СПИД ооруусун булардын катарына кошсок болот. Аял ВИЧ болгон жолдошунун үстүнөн казыга (сотко) арыздана алат. 2 – Күйөөнүн нафаканы орундатпай коюусу: Ханафи мазхабынын аалымдарынын айтуулары боюнча эгер эркек аялынын нафакасын орундатууга алы, кудурети жетпесе, анда аял андан ажырашууну талап кыла албайт. Мындай учурда аял же өзү иштейт, же болбосо нафака акысын казынын (соттун) чечими менен күйөөсүнөн алат. Ал казынын (соттун) чечими менен күйөөсүнүн атына карыз (кредит, ипотека ж. б.) алуу жолу менен иш жүзүнө ашырылат. Ханафи аалымдарынан башка аалымдардын көпчүлүгүнүн көз карашы боюнча эркек аялдын нафакасын орундата албаса, аял аны менен ажырашуу талабын койгонго укуктуу. Мисалы, эркек үй бүлөсүнө кайдыгер мамиле кылса, жумушка чыкпай койсо, үй бүлөсүн узак мөөнөткө таштап кетип калса, ичимдикке берилип кетип, аялынын нафакасын орундатпай койсо ж. б. жагдайларда аял аны менен ажырашуу талабын коё алат. 3 – Эркектин дайынсыз жоголуп кетүүсү: күйөөсү дайынсыз жоголуп кеткен аялдын гана эркек шариятка туура келбеген бир себеп менен үй бүлөсүн таштап кете турган болсо, аялдын койгон дооматынын негизинде, арадан бир жыл өткөндөн кийин казы (сот) ал жубайларды ажыраштырып коёт. Бүгүнкү күндөгү аалымдардын көз караштары боюнча да ушундай (караңыз: Nihat Dalgın, İslam Hukukunda Boşama Yetkisi, s. 166-167). 4 – Жер карата турган кылмыш жасагандыгынан улам эркектин абакка кирүүсү: ҮУМдин 80-пунктунда жазылгандай, эрди-катындын бирөөсү намыска тийип, абийирди кетирип, кадыр-баркы менен беделине доо келтире турган ж.б.у.с. жер карата турган кылмыштуулуктун айынан абакка кире турган болсо, анда анын өмүрлүк жолдошу ажырашуу талабын койгонго укуктуу. 5 –Башка себептер: Эркектин өз аялын өлтүрүүгө аракет кылуусу, күйөөнүн үйлөнөрдөн мурун жалган нерселерди айтып, аялын алдаган болсо, такыр эле аягына чыкпаган олуттуу маанайдагы пикир келишпестиктер ж.б.у.с. абалдарда аял казыга кайрылып, күйөөсү менен ажыраштаруу талабын коё алат. Ислам дининде талак берүүдөн башка да ажырашуунун жолдору бар. Мисалы, аял күйөөсүнөн алган махирдин беделине ага белгилүү бир өлчөмдө мал-мүлк берип, күйөөсүнөн ажырашууну суранат. Күйөөсү да аялынын айтканына макул боло турган болсо, анда аял күйөөсү менен ажырашкан болуп эсептелет. Шарият боюнча үйлөнүүгө укугу жоктор (мисалы, жинди, балагатка курагына жетелектер ж.б.у.с.), же бири-бири менен үйлөнүүсү арам болгон адамдар (м: бир туугандар, бир тууганынын баласы ж.б.у.с.) үйлөнүп алышкан болсо, казынын аларды ажыраштырып коюуга укугу бар. Ошондой эле, эркек аялына зина кылды деген доомат коюп, ал дооматын төрт күбө (адам) менен далилдеп бере албаса, анда алар бири-биринин айткандарына (дооматтарына) каршы касам ичишип, акыр аягында ажырашышат. Которгон: Шамшидин Маматкулов

Башына