Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Христиан динине кирген бүгүнкү кыргыз жарандарына кат

Мазмуну

Молдогазиев А.

Өлкөбүз мындан он беш жыл мурун эгемендүүлүккө жетти. Бул биз үчүн чоң жетишкендик, ийгилик. Ырас, он беш жылдын ичинде экономикалык, саясий, маданий, диний жактан бир топ өзгөрүүлөр болду. Асыресе, өлкөбүз жашоонун даңгыр жолунда кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирди.

Мамлекетибиз өз тизгинин өз колуна алып демократиялык системага өттү. Демократиянын негизине ылайык элге бир топ эркиндиктер ыйгарылган. Алсак, сөз эркиндиги, дин тутунуу эркиндиги сыяктуу. Арийне, дин жаатындагы эркиндиктин натыйжасында өлкөбүзгө чет элден ооп келген диний агымдар көбөйө баштады. Алар өзүнүн диний ишенимдерин, көз караштарын, ырасымдарын элибиздин аң-сезимине, каада-салтына киргизүүгө жанүрөп келишти, жана да жанүрөшүүдө. Алардын аракеттеринен жыйынтык алынып, тилекке каршы кыргыз атуулдарынын да ошол диний агымдарга кирип жатканы жалпыга маалым. Бул алибетте элибиздин да, мамлекетибиздин да жүрөгүн өйүй турган көйгөй. Бул жерде бир суроо туулат; эмне үчүн кыргыз атуулдары башка диндерге кирип жатат? Же чын эле Кыргыз элинин каада-салты, дини Ислам, рухий дөөлөттөрү алардын жандүйнөсүн канагаттандырууга күчү жетпейби? Алар чын эле рухий ааламын аруулоо үчүн ошол диндерге кирип жатабы? Асти жок, эч качан! Андай болсо башка максаттар да барбы? Ырас, бул жерде башка максат бар экен, АКЧА! Бул мени да эң көп тынчсыздандырган орчундуу маселе. Чын эле алар ушундай баа жеткис рухий дөөлөттөрүбүздү арзыбаган убактылуу гана акчага сатып жибергидей даражага келип калдыбы?!

Мен ошол кыргыз боордошторума адам катары, мусулман катары өз абийирим алдында да, Улуу Жараткан Алла Тааланын алдында да кайрылгым келет. Кадырман ага-ини, эже-карындаш! Эгер чын ыкластан Жараткандын ак жолуна, ак менен караны айырмалоого кадам таштагыңыз келсе, келиңиз, бүгүн алгач ошол диндердин бири христиан дининин булагы инжил китеби тууралуу учкай маалымат алалы:

Бүгүнкү күндө христиандар тарабынан ыйык саналган Инжилдердин (Матфей инжилинен тышкары) эң эле эски нускалары грек тилинде жазылган. Христиан булактары Азирети Исанын ибрит – арамей тилдеринде сүйлөгөндүгүн жана динди ушул тилдер аркылуу жайылтканын билдирет. Бул жерде дагы бир суроо туулат: Эмне себептен бүгүнкү инжилдер, Азирети Исанын сөздөрү, жок дегенде эң эски, алгачкы нускалары Азирети Исанын эне тили менен жазылып, ошол нускасында сакталбай калган? Тилекке каршы, бүгүнкү күнү Азирети Исанын өз эне тилинде жазылып калган бир да инжил таба албайбыз.

Ооба, кийинки доорлордо ибрит тилинде жазылган инжил нускалары дароо грек тилине которулуп, ибрит тилиндеги нускалар жок кылынган. Христиан дини алгач жалгыз Кудайга ишенүүгө чакырган дин болгон. Бирок христиан динине ошол мезгилдерде христиандардын борбору саналган Кудус (Иерусалим) шаарында индус жана грек маданияттары үстөмдүк кылып турган. Ошондуктан бул учурда христиан дини көп кудайга ишенген грек маданиятынын таасиринде калып, тавхид (жалгыз Кудай) ишениминен алыстап калган эле.

Үч кудай ишеними толугу менен расмий түрдө христиан динине кирүү үчүн бир топ убакытты талап кылган. 325-жылы болуп өткөн Никея курултайында али үч кудайга ишенүүчүлүк пайда боло элек эле. Бул курултайда бир Кудай жана анын уулу жөнүндөгү чечим бекитилген. Андан кийинки 381-жылы Константинополь (азыркы Стамбул) шаарында болгон кезектеги курултайда Ата менен уулга «Ыйык рух» деген дагы бир кудай кошулуп, үч кудай ишеними түптөлгөн.

Илимий чындыктар, ачылыштар менен бүгүнкү инжилдерде орун алган маалыматтардын ортосунда чоң карама-каршылыктар бар. Асыресе, мусулман аалымдардын эмгектеринен пайдаланып, дүйнөнүн айланып турушун тастыктаган Галилей бул акыйкатты жар салган кезде христиан дин адамдары жана чиркөө кызматчылары Инжилге туура келбегендиктен аны катуу кысымга алышкан. Алар:

-Сага эки жол коебуз. Кайсынысын тандасаң өзүң билесиң. Же бул айтып жаткандарыңдан кайтасың, же болбосо сени өлтүрөбүз!- деп коркутушат.

Чындыкты айткандыгы үчүн кысымга алынган Галилей:

-Силер айткандай болсун! - деп эптеп кутулуштун айласын тапса да, чиркөө кызматкерлери анын өлүмүнө чечим чыгаргандыгы себептүү айласыздан:

-Силер айланбайт десеңер да, дүйнө айлана берет! - деп айткан экен.

Ошол доорлордо чиркөө адамдары мындай акыйкаттар менен инжилдердин ортосундагы төп келишпестиктерден улам инжилдердеги карама-каршылыктарды жашырууга жандалбас урушкан.

Жараткан Кудай Таала мындай буюрат:

«....Эй, китеп берилгендер (христиандар жана иудейлер)! Эмне үчүн өзүңөр билген чындыкты жалганга чыгарасыңар, акыйкатты жашырасыңар?!» (Али Имран, 70, 71)

Ырас, Исламдан мурунку бардык Теңирий диндер, Ыйык китептер сыяктуу эле Алла Тааланын Иса пайгамбарга жиберген дини, Инжил китеби да христиандар тарабынан бурмаланган.

Матфей

Матфей улуту боюнча жөөт болгон. Рим империясында салык жыйнаган. Ал өзүнүн инжилин жөөт христиан жамааты үчүн жазган. Матфей Инжили 65-жылдары жазылгандыгы тарыхта катталган. Ошондой эле бул инжил азирети Исанын Исраил тарыхын толуктагандыгын далилдөө үчүн колго алынган.

Матфей инжилин жазууда шакирттердин катарына кирбеген Марктын инжилинен да пайдаланган. А. Трикот Матфей инжили жөнүндө төмөнкү оюн билдирет:

«Бул китептин кийген кийими эле гректики болбосо, анын эти да, сөөгү да, руху да иудейдики. Анда иудаизмдин издери бар. Иудаизмге таандык өзгөчөлүктөргө өтмө катар сугарылган»

Марк

Марк алгач кыскача инжил жазган, кийин аны кеңейткен. Ошол кеңейтилип жазылган инжилинин төрттөн үч бөлүгү жоголуп кеткен. Ошентип, Марк мурунку өзү чогултуп жүргөн баракчалардан пайдаланып бүгүнкү күндөгү инжилин жазган.

Марк инжилинин ким тарабынан жазылгандыгы туурасында ар кандай көзкараштар бар. Кээ бирлеринин пикиринде, бул инжилди Марк эмес, Петр жазган.

Чындыгында Марк Азирети Исаны көргөн да эмес, анын өз оозунан чыккан сөздөрүн уккан да эмес. Ал ар кимден уккан маалыматтардан акылында калганын гана жазган.

63-70-жылдары жазылгандыгы божомолдонгон бул Инжилдин жазуучусу жөнүндө Рокует мындай дейт: «Марк чоочун, башка элдин жазуучусу. Аны инжил жазуучуларынын эң эле чабалы деп атасак жаңылышпайбыз».

Лука

Лука өз кесиби боюнча дарыгер болгон. «Элчилердин иштери» аттуу китепти жазган. Лука бул инжилди гректер үчүн жазган. Бул китепте да туура эмес тарыхый маалыматтар арбын. Ал инжилин жазууда Марк инжилинен жана башка эмгектерден, оозеки баяндамалардан да пайдаланган. Кыска жана нуска сөздөр менен көркөмдөп жазган. М. П. Канненгейсер Лука жөнүндө: «Ал чыныгы романист, жазуучу!» деген оюн билдирет.

Иоанн

Инжил китептердин төртүнчүсү - Иоанн инжили. Бул инжилди Азирети Исанын бир шакиртинин уулу Иоанн жазган делет. Иоанн инжилинин чыныгы автору туурасында талаш-тартыштар бар. Бүгүнкү күндө кээ бир теологдордун көзкарашы боюнча, бул инжил ар дайым Иоанндын жанында жүргөн, эң жакын шакирти тарабынан колго алынган. Кээ бир теологдор болсо анын автору Аз. Исанын шакирттерине эч кандай тиешеси болбогон башка эле Иоанн дешет. Британнис: “бул философиялык инжилдин автору апостол Иоаннга эч тиешеси жок” дейт. Көпчүлүктүн ою боюнча, бул инжил шакирт Иоаннга таандык эмес.

90-100- жылдары жазылган деп божомолдонгон Иоанн инжилинде шакирттер Азирети Исага «Оо Жараткан!» деп кайрылышат. Мына ушунун өзү эле Иоанн да христиан динин күчүнүн барынча бурмалаган Павелдин жолун жолдогонун айдан айкын көрсөтүп турат.

М.П. Рокует Иоанн жазган инжил жөнүндө мындай дейт:

«Синоптикалык инжилдер (бири-бирине окшош алгачкы үч инжил; Матфей, Марк жана Лука) Исанын сөздөрүн копол, орой түрдө берет. Ал эми Иоанн инжили болсо адамды өзүнө тартып, жумшак, жатык тил менен жазылган. Аны окуп жатканда: чын эле Иса сүйлөп жатабы? деп таң каласың!».

Бул төрт инжилден башка «Барнаба инжили» деген дагы бир инжил бар. Барнаба Иса пайгамбардын доорунда Иерусалим аймагында жашаган. Иса пайгамбардын эң алгачкы шакирттеринен болгон. Тавхид ишенимин кабылдаган мусулман адам болгон. Ошондуктан Барнаба менен Павелди жактагандардын ортосунда көптөгөн талаш-тартыштар, күрөшүүлөр жүрүп келген.

Барнаба инжилинин төрт инжилден айырмачылыгы:

1. Азирети Иса Кудай да эмес, Кудайдын уулу да эмес. Ал Алла Таала тарабынан адамдарга жөнөтүлгөн пайгамбар.

2. Азирети Ибрахим Кудай Тааланын буйругун орундатуу үчүн курмандыкка чала турган уулу Азирети Исхак эмес, Азирети Исмаил болгон.

3. Азирети Иса айкаш жыгачка асылган эмес.

4. Күтүлгөн куткаруучу Фараклит Азирети Мухаммед Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) болуп эсептелет.

Инжилдердеги төп келишпестиктер

Натыйжада Жараткандын ак жолун жайган Алланын элчиси Иса (алейхиссалам) бул инжилдерди жаздырган да эмес, көргөн да эмес. Чындыгында да, адам эмгегинен жаралган инжилдерде бири-бирине карама-каршы, төп келишпеген сөздөр дээрлик арбын. Инжилдердин айрым жерлеринде бир эле окуя тууралуу карама-каршы маалымат берилет.

Маселен;

* Марк жана Иоанн инжилдеринде Азирети Исанын уруусу туурасында сөз козголбойт, ал эми Матфей менен Лука инжилдеринде бул туурасында маалымат берилет. Анда Матфей Азирети Исадан Ибрахим пайгамбарга чейин 40 кишинин атын атайт; ал эми Лука болсо 55 кишинин ысмын тизмектейт. Ошондой эле Лука андан ары санжырасын улап, Азирети Адам Атага чейин дагы 20 киши кошуп, Иса пайгамбардан Адам атага чейин 75 атаны санайт. Матфей инжилинде болсо Иса пайгамбардын уруусу Ибрахим пайгамбарга чейин барып гана такалат. (Матфей, 1/ 17; Лука, 3/ 23-38). Бүгүнкү инжилдердеги төп келишпестиктерди жадагалса адам баласынын китебинен да табуу кыйынга турар. Ырас, бири-бирине төп келишпеген одоно каталары бар китепти канчалык даражада «Кудайдын сөзү» деп атоого болот? Буга канчалык деңгээлде ишенсе болот? Арийне, “Кудайдын сөзү” деп аталган китепте мындай орой жаңылыштыктардын болушу кооптуу да, коркунучтуу. Себеп дегенде Ыйык китепке бир эле катанын камтылышы анын ыйыктыгына кескин доо кетирет.

* Азирети Иса Тир жана Сидон деген аймакка келген кезде, андан жин тийген кызын айыктырып берүүсүн өтүнгөн аялдын улуту жана мекени туурасында да төп келишпестиктер бар. Бул аял Матфей инжилинде Канан (Ханаан) чөлкөмүнөн (Матфей, 15/21-22), ал эми Марк инжилинде болсо улуту грек, Сирофиникия жергесинен болгон делет (Марк, 7/24-26).

* Инжилдерде Исага (алейхиссалам) теңирлик таңууланса да, бир топ жерде ал «адам баласы» деп да айтылат. (Матфей, 26/2; Лука, 3/23-38) Бул адамдын акылына түк сыйбайт. Себеп дегенде, киши бир учурда Алланын да, адамдын да баласы болушу мүмкүн эмес. Андай болсо, адам Аллага тең болушу керек эле да. Койдун козусу кой, жылкынын кулуну жылкы болот. Кулун эч качан кой болбойт. Бул мүмкүн эмес!

* Матфей жана Марк инжили боюнча, Иса алейхиссалам айкаш жыгачка асылган кезде «Оо Жараткан Алла! Мени эмнеге таштап кеттиң?» деп айтат. (Матфей, 27/46; Марк, 15/34) Бул сөз пайгамбарлыкка эч жооп бере албайт. Анткени бул Алла Таалага баш көтөрүү дегендикке жатат.

Ырас, жогорудагы маалыматтар менен катар биз бул жерде бүгүнкү күндөгү инжилдерди толугу менен четке кагалбайбыз да, кабылдабайбыз. Асыресе, Мухаммед Пайгамбарыбыз өз үммөтүнө: «Аларды (толук) тастыктабагыла да, төгүнгө чыгарбагыла!» деген насаатын калтырып кеткен. Анткени инжилдерде алгачкы Инжилден калган айрым туура маалыматтар да болушу ыктымал. Натыйжада биздин ишенимибиз боюнча, Азирети Иса Кудай Тааланын уулу эмес, пендеси жана пайгамбары. Жараткан Алла жалгыз, анын эч бир шериги жок. Ал мүлдө кемчиликтерден аруу. Ал төрөгөн да эмес, төрөлгөн да эмес. Анын акыркы пайгамбары Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз болуп саналат.

Башына