Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

ДАРВИНДИН ЭВЛОЮЦИЯ ТЕОРИЯСЫ ИЛИМБИ ЖЕ ИШЕНИЧПИ?

Мазмуну

КЕНЖЕБЕК ЧЫЙБЫЛОВ
canbey@mail.ru

«Эволюция теориясы илимби же ишеничпи? Ушул абалы менен эволюция ишенич системасы. Анткени далилдерге эмес кабылдоолорго таянат» (Англис биологу МЭТ ХЬЮС).

Эволюция теориясы арадан бир кылым өткөнүнө карабастан бүгүнкү күнгө уланып келген ыйман-атеизм согушунда маанилүү курал катары колдонулуп келет. Убагында Европада негизделген бул көз караш өлкөбүздө азыр да өтүмдүү болуп көрүнүүдө. Бул теориянын туура эмес жактарын айтып чыккан бир топ далилдүү жана илимий эмгектер жазылса да, бул теорияны жактагандар көбүрөөк үгүт иштерин жүргүзгөндүктөн, аларга каршы чыккандардын үнү угулбай келет. Эволюция теориясын колдогон ар ким эле анын ыйманга каршы келе тургандыгын биле бербейт. Элдин калың катмары аны илим деп эсептегендиктен улам аны изилдебей туруп кабыл алууда. Ошондой эле элдин диний сабатсыздыгы да кошумча болууда. Албетте, динибиз илим менен далилденген ар бир чындыкты кабыл алат. Диндин акылга жана илимге туура келиши – анын акыйкат дин экендигин көрсөтөт. Бирок, Дарвиндин эволюция теориясын кабыл кылбайт. Анткени, бул илимий чындык эмес. Болгону көз караш, тактап айтканда, Дарвин айткан пикир «теория» гана болуп эсептелет. Ал эми теория болсо кең мааниде кандайдыр бир көрүнүштү түшүндүрүүгө багытталган көз караштар, түшүнүктөр жана идеялар жыйындысы. Мындайча айтканда, «...деп ойлоо», «бир нерсени бар деп кароо, изилдөө» же «тигил же бул нерсени бар деп кабылдоо». Ал нерсенин негизи мейли бар болсун, мейли болбосун, бир окумуштуу кандайдыр бир нерсени ачуудан мурда алгач аны бар деп ойлойт. «Менин оюмча бул мындай...» же «менин жоромолум боюнча мындай...» - деп, ар кандай идеяларды айтат. Буларды гипотеза, же теория деп коет. Гипотеза – бул ырастыгы практикада али такталбаган кубулушту түшүндүрүү үчүн илимде пайдаланылуучу ыкма, метод. Гипотезанын чын-төгүнү практикада, тажрыйбада текшерилет. Эгерде гипотезанын натыйжалары практика менен тажрыйбага карама-каршы келсе, анда ал гипотеза кабыл алынбайт. Ал эми айтылган теория илимий жактан тастыктоону талап кылат. Тактыкталган, башкача айтканда, илимий далилге ээ болгон теория гана теория болуудан чыгып, илимге айланат. Так мына ушул жерде окурмандын жан дүйнөсүндө мындайча суроо туулушу мүмкүн: «Андай болсо эмне үчүн ушул кезге чейин Дарвинизм теориясын тастыкталган жана такталган илим катары мээбизге куюп келишти? Ал гана эмес биздин бабаларыбыздын түпкү теги маймыл болгон экен. Мен да маймылдын урпагымын - дей баштабадым беле..?» Бул суроонун жообун алуу үчүн дарвинистик көз караштын системалуу түрдө ортого чыккан мезгилине кайрылуу керек.

Эволюция теориясы системалуу түрдө алгачкы жолу 19-кылымда Европада пайда болгон. Ошол жылдары Европада материализм күч алып турган. Айрыкча чиркөөлөргө жана попторго каршы түзүлгөн дин душмандыгы жайыла баштаган. Ошол учурда пайда болгон илимий өнүгүүлөр христиан дининин талуу жактарынан пайдаланып, ыйманга кол салышкан. Кудайга ишенүүнүн ордуна материализмге ишене башташкан. Ошентип, 19-кылым айрым материалист илим адамдары менен чиркөөнүн согушуна сахна болуп турган. Бул ишенич согушунда материалисттер колуна тийген ар бир эле теорияны тактыкка жеткен чындык катары айтып чыгышкан. Али далилдене элек эволюция теориясы жеке кызыкчылыктарына өтө зарыл болгондугу үчүн материалисттер тарабынан далилденген илим катары жазылып, катуу пропаганда жүргүзүшкөн.

Эволюция теориясынын негизги пикирилери эмнелер?

1. Жаныбар болсун, өсүмдүк болсун, бардык нерселер бири-биринен пайда болгон. Бардык жандууларды бир тек нерседен пайда болду деп айтууга болот. Жаныбарлар менен өсүмдүктөр убакыттын өтүшү менен сырткы жана ички түзүлүштөрү өзгөрүлүп отуруп, бүгүнкү абалга келишкен.

2. Жаныбарлар менен өсүмдүктөр жашоо үчүн бири-бири менен согушушат. Бул согушта катаал шарттарга чыдаган күчтүүлөр жашап кетишет, алсыздардын болсо тукуму курут болуп, жоголууга учурайт. Жашай алгандар көбөйүп, өнүп-өсөт жана убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турат.

3. Тарыхы миллиондогон жылдарды камтыган табияттын эволюциясы максатсыз түрдө кокусунан кичинекей жандуулардан пайда болгон.

Оболу биринчи пунктка көңүл буралы: Жаныбарлар жана өсүмдүктөр бир тамырдан пайда болушу мүмкүнбү?.. Эволюция теориясына ишенгендер бул суроого «ооба» дешет. Айткан далилдери болсо божомолдон гана турат. Алардын айтуусу боюнча учурда жашап жаткан жан-жаныбарлар азыраак өнүккөн жандыктардын түрүнөн пайда болгон. Азыраак өнүккөн жандыктар болсо тек бир клетканын өнүгүшүнүн натыйжасында пайда болгон. А жандуу нерсенин эң кичине нерсеси болгон клетка кантип пайда болгон? Клетка ичиндеги альбуминдик нерселердин эволюциясы менен пайда болгон. А чынында жансыз бир нерсе туруп-туруп эле кантип жандуу нерсеге айланат? Тыштан кийгилишүү болбой туруп, жансыз нерсе кантип жандуу боло калат? Бул суроого эволюциячылар «кокусунан жандууга айланууда» дейт. А чынында бир клетканын түзүлүшү кокустукка мүмкүнчүлүк бербей турганчалык өтө татаал сиситемага жана кемчиликсиз түзүлүшкө ээ. Эдвин Конклин аттуу окумуштуу бул маселе боюнча мындай дейт: «Жер жүзүндө жашоонун кокусунан пайда болгонун айтуу – басмаканада басылган калың бир сөздүктүн басмаканада пайда болгон жарылуудан, кокусунан пайда болду дей турганчалык акылга сыйгыс нерсе». Анткени ааламдагы эң кичинекей нерселер дагы чексиз бир илим менен программаланган жана ошол үчүн алар эволюцияны эмес, улук Жаратуучуну көрсөтөт. Мисалы, бир клетканын ичинде 46 хромосомада ар бири 20.000 бетти камтыган 46 томдук энциклопедияны толтура ала турганчалык маалымат сакталган. Демек, эволюцияны жактоочулардын биринчи идеясы негизсиз абсурд.

Эми эволюцияны жактоочулардын экинчи идеясына келели: «Жаныбарлар менен өсүмдүктөр жашоо үчүн бири-бири менен согушууда. Бул жашоо үчүн күрөштө күчтүүлөр жеңип, алсыздар болсо өлүүдө». Бардык нерселерди согуш жана үстөм болуу урушунда деп санасак, анда дүйнөдөгү өнүгүүлөр, жакшылыктар, жардамдашуулар жана таянышуулар түшүнүксүз калат. Бардык нерсе бири-бири менен урушуп жатса, дүйнө баштан аяк бири-бирин өлтүргөн сахнага айланмак. Көк темгилдүү деңиз окуну деп аталган балык курсагын тойгузгандан кийин оозун ачып күтөт. Лапин деген башка бир балык келип оозуна кирет. Деңиз окуну лапин балыгы чыкканга чейин оозун жаппай турат. Анткени, лапин балыгы – окундун тиш тазалыгычы. Тактап айтканда, анын оозундагы жана тишиндеги артып калган нерселерди тазалайт. Бул нерсе жашоонун жаныбарлар арасында күрөшүүгө караганда жардамдашуу экендигин көрсөтөт. Эгерде душмандашуу жана күрөшүү болгон болсо, анда лапин балыгы окундун оозун тазалайт беле? Деңиз окуну да аны лап этип сугунбайт беле? Демек, бардык нерселер бири-бири менен согуш абалында пикири негизсиз.

Ал эми азыр болсо биз кызыккан негизги маселе – «адамдын маймылдан жаралышы». Чындап эле адам баласы маймылдардын эволюциялашуусунун натыйжасында пайда болгонбу? Дарвинге чейин эч ким адамдын маймылдан пайда болгонун айткан эмес, мунун тескерисинче, адамдын биринчи бабасы Аз. Адам экендиги көп жазылып, айтылган. Забурда дагы, Тооратта дагы, Куранда дагы адамзат тукумунун Азирети Адамдан келгендиги апачык айтылган. Демек, биринчи кишинин маймылдан жаралбаганын, анын Азирети Адамдан тараганын жалгыз гана мусулмандар эмес, христиандар дагы, еврейлер дагы айтышат.

Бир нече жыл мурун неодарвинисттер жарымы киши, жарымы маймыл болгон баш сөөктү «маймылдан кишиге өтүүдөгү» далил катары дүйнөгө жарыя кылып жиберишкен. Албетте, иштин анык жүзү бат эле ашкере болуп калган. Алар төмөнкү көз боёмочулукту жасашкан: чынында 500 жылдык кишинин баш сөөгү менен жаңы өлгөн маймылдын жаак сөөгүн бириктирип, кээ бир жерлерин өгөөлөп, оксидге салып, жасалмалуулугунун издерин жашырышкан. Андан кийин бул баш сөөктү маймылдан кишиге өтүүдөгү жандыктын өкүлү катары «Piltown адамы» деп жарыялашкан. Бирок, маселеге чыныгы илим адамдары кийлигишип, неодарвинисттердин көз боёмочулуктарын жалганга чыгарышкан жана баш сөөк музейден (British Museum) алынып ташталган. Ошондой эле эволюңияны жактагандар 1922-жылы АКШнын Небраска штатынан табылган бир ургачы жандыктын азуу тишинен «Nebraska адамынын» ургаачысынын кейпин жандандырышып, аны да далил катары жар салышкан болчу. Бирок, көп өтпөй эле 1929-жылы бул ургачы жандыктын азуу тиши чындыгында жапайы чочконун сөөгү болгондугу аныкталган. Бир жолкусунда ушул сыяктуу жалган, жасалма баш сөөктөрдүн бирин изилдеген бир окумуштуунун төмөнкү сөздөрү абдан кызык: «Бул баш сөөк чын эмес, же эволюцияны жактоочулардын айткандары чын эмес». Эволюцияны жактоочулардан эмне үчүн азыркы маймылдар кишиге айланышпайт? - деп сурасак, бизге бере турган жообу мындай: «Кишиге айланган маймылдын түрү азыркыдан башкача болчу. Азыр алардын тукуму курут болгон. Ошондуктан азыркы маймылдар кишиге айланбай турган маймылдар». Эгер андай болсо, илгери жашап, кишиге айлана алган маймыл азыркы маймылдарга караганда абдан өнүккөн, күчтүү болушу керек. Анткени, алардын кээ бир өзгөрүүлөргө дуушар болуп, кишиге айланганына караганда, кишиге айлана албаган азыркы маймылдарды - өнүкпөгөн, акылсыз, алсыз жана жөндөмсүз деп айтууга туура келет. Андай болсо, көбүрөөк өнүккөн жана күчтүү маймылдардын тукуму эмне үчүн азыркы учурга чейин өз тукумун сактап кала алган эмес? Ал эми дарвинистик көз караш боюнча аз өнүккөн, күчсүз жана алсыз болгон, ошол себептүү кишиге айлана албаган азыркы маймылдардын тукуму курут болуп кетүүгө тийиш эле го? Тышкы көрүнүшүнө тиешелүү үстүртөн жана караңгы көз карашты бир жагына жыйыштырып коюп ойлонсок, маймылдын адамга окшошпой тургандыгын түшүнөбүз. Маймылдын клеткаларын алып, изилдеп көрсөк, алардын кишинин клеткаларынан башкача жана айырмалуу жаралганын көрөбүз. Кишинин клеткасында 46 хромосома болсо, маймылдын клеткасында 48 хромосома бар. Эки клетканы алып лабараторияга барсаңар, аны изилдеген киши дароо эле бирөө адамдыкы, экинчиси маймылдыкы деп айтат. Анткени, тыштан кийлигишүү аркылуу клеткалардын хромосомаларынын санын өзгөртүү мүмкүн эмес. Алгачкы жаратылышта канча хромосомалуу болсо, кийин дагы ошол эле хромосомаларга ээ болуп кала берет.

Илим чөйрөсүндө дарвинизмчелик кайра-кайра өлүп тириле берген башка эч бир теория жок. Бул тууралуу көз караш жана ой-пикирлер Америка менен Европада ачык түрдө өзгөргөн. Мисалы, Европанын айрым өлкөлөрүндө жана АКШнын үч штатында (Джоржия, Чикаго жана Нью Мексико) орто мектептерден Дарвиндин теориясы программадан толук алынып ташталган. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө азырынча абал ошол эле бойдон калууда. Анткени дарвинизмди окуткан жана окуган өлкөлөр андан дароо эле баш тарта албайт. Себеби, алардын мамлекетинин түптөлүшүндө дарвинизм бар. Дарвинизмди алып таштаса, анда система толугу менен ойрон болот. Эл рухий дүйнөгө биротоло берилип кетет. Бул болсо системанын өлүмүнө алып келет. Ошондуктан, дарвинизм өлсө дагы, мамлекетти башкаргандар тарабынан «тирүү» кылып көрсөтүлүүдө.

Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, Дарвин негиздеп кеткен эволюция теориясы конкреттүү түрдө далилденген илим эмес, болгону жөн гана ишеничке таянган кабылдоолор экендигин, бул көз караш динибиздин башкы негизи болгон ыйман принцибине карама каршы келе тургандыгын жана бул кабылдоолор илимий жактан эбак эле жокко чыгарылгандыгын, ошондой эле анын дүйнөлүк билим берүү системаларынан эчак эле алынып ташталгандыгын белгилей кетмекчибиз.

Башына