Сегизинчи сан

Эскерүү
Мазмуну
Сүйүктүү Селман Аккайанын жаркын элесине
Бир жылдыз бийиктеди учту кетти
Эң бийик эң жогорку жерге жетти.
Кантели Кудай жазган тагдыр экен
Шум ажал арабыздан алып кетти.
Нур элес арабызда жанып турган,
Нур элес айсыз түндү жарык кылган
Нур элес Кудай сүйгөн пенде элес
Жүрөгүң Ислаи деп кагып турган.
Билимиң агып жаткан дайра эле
Максаттарың Ислам эле, илим эле.
А балким дагы бираз жашай түшсөң
Иш жүзүнө максаттарың ашат беле.
Карматып бизге билим ачкычтарын.
Үйрөттүң ыйык билим баскычтарын
Сен өлсөң өлбөйт сенин эмгектериң
Түбөлүк унутпайбыз мунун барын
Айрылып сенден алтын уяң калды
Айласыз жүрөктөрү жутуп кайгы
Үйүңдүн алтын түркүн куту элес
Күтүүсүз кырсык экен айла барбы
Кош агай эрте кеттиң учуп кыйып
Кош агай жылдыз болуп учтуң сызып
Биз болсо кайгыбызды жашыра албай
Эчкирип кала бердик ичтен сызып
Кош агай жаткан жериң жайлуу болсун
Кабырың ыйык Куран нуруна толсун
Кудайым ошол күнү Акыретте
Бейиштин эс төрүнө сени койсун.
Терең кайгырып сый жана урматтарым менен
Акылбек Халбеков.
10.06.2002.