Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Толстой жана Ислам

Мазмуну

1901-жылы «Церковные ведомости» гезитинин 20-февралындагы санында Лев Толстой чиркөөдөн анафемага (гр. «чыгарып салуу») берилди деп жазылат. Толстойду жакшы көрүшкөндүктөн Россиялыктар эки лагерге бөлүнүштү. Алтургай Петербургдагы элитадан баштап карапайым элге чейин. Ал эми 2006-жылы жазында Ясный Полянада Толстойду кайрадан провославияга кайтаруунун аракети жасалды. Павел Басинский «Российская газета» гезитинин 2006-жылдын 3-мартындагы санына берген маегинде:

«Жумшак айтканда жолугушуу абдан кызуу өттү. Лев Толстойду 1901-жылы мындан жүз жыл мурун чиркөөдөн четтетишсе да, бул көйгөй азыркы күнгө чейин көп адамды тынчсыздандырып келет. Ошондой эле, Лев Толстойдун Ясный Полянадагы мүрзөсү да дүйнөдөгү эң бир таң калычтуу көрүстөн. Анда айкаш жыгач (крест) да, плита да коюлган эмес. Бир гана жаңы дерно (чөп) ар дайым өсүп турат. «Толстойдун чиркөөдөн четтетилишине ким күнөөлүү, чиркөбү же Толстойбу?» деген суроого адабий сынчы, тарыхчы В.Курбатов түз жооп берген жок, бирок келечек үчүн жазуучунун мүрзөсүндөгү айкаш жыгачтын жоктугу биздин тарыхтын өнүгүшүнө өз залакасын тийгизерин айткан. Ошондой эле «Биз христиан болушубуз керек! Болбосо биз жок болуп же экинчи элдерден болуп калабыз. Ошондо бизди эч кандай нефть, газ сактай албайт. Андыктан биз Эвангелия бир гана чындык экенине ишенишибиз керек… дагы эле Толстойду эскерүү, дагы эле жаңы жазуучулар кечеси болот, ошондо кайрадан эмне үчүн Лев Никалаевичтин мүрзөсүндө айкаш жыгач жок деген суроо туула бермекчи» - дейт.

2006-жылдын февраль айында Ясный Полянада өткөн конференцияда конокторду, Толстойдун музейинин директору Владимир Ильич Толстой, Толстойдун небереси тосуп алат. Павел Басинскийдин «Жеке сиз үчүн Лев Никалаевич Толстойду Провославдык чиркөөгө кайтаруу канчалык маанилүү?» деген суроосуна небереси төмөнкүчө жооп берет: «Мен эч качан өзүмө мындай суроо койгон эмесмин. Себеби бул жөнүндө менден эмес, башка Толстойдон сураш керек. Бирок тилекке каршы бул мүмкүн эмес. Чындыгында бул татаал маселе. Провасловдык чиркөө, коом жана Толстойдун үй-бүлөсү бар. Булардын Лев Никалаевич Толстой үчүн бир нерсе чечүүгө укугу жок. Мени башка суроо тынчсыздандырат, тагыраак айтканда Синоддун 1901-жылы 2-февральдагы конкреттүү аныктамасы. Бул Россия мамлекетинин тарыхындагы эң маанилүү көрүнүш, орус коомун узун-туурасынан сындырган»

Ал эми Лев Николаевич Толстой өзү бул тууралуу мындай жазган: «Православиялык Синоданын аныктамасына жана ушул боюнча алынган каттарга жооп. Башында синоддун мен жөнүндөгү чечимине жооп бергим келген эмес, бирок ал тууралуу көптөгөн каттар келди. Биринде мен өмүр бою ишенип келген нерсеге ишенбейт десе, экинчисинде мени менен бир ойдо экенин билдирген каттар. Мен алардын кайрылууларына жооп берүүнү туура көрдүм: синоддун чечиминде жалпысынан көптөгөн каталар бар, мен өзүм проваславия деп аталган чиркөөдөн алыстадым, бул толук адилеттүү чечим. Себеби мен ар дайым бардык жан дилим менен ага кызмат кылганды каалагам. Бирок чиркөөнүн айрым бир ырасымдарынан (обряд) улам анын акыйкат экенине күмөн саноо менен бирге бир нече жылды теориялык жана практикалык окууларын изилдөөгө бөлдүм: теориялык жактан чиркөөнүн окууларын толук окуп чыгып, аны изилдеп, сын көз караш менен талдоо жүргүздүм. Мына ушул бир жылдын аралыгында мен чиркөөнүн окуусу теориялык жактан жалган экенин, ал эми практикалык жактан христиан окууларынын толук маанисин жаап турган жалган ишенимдерден жана сыйкырлардан турган пайдасыз окуу экенине толук ишендим» 1901-ж. 4-апрель Москва, Л.Н.Толстой

Россиянын көрүнүктүү бир катар чиркөө кызматкерлери Толстойду кайра Чиркөөгө чакырышкан эле. Л. Толстой аларга төмөнкүчө жооп кайтарган: «Жарашуу жөнүндө сөз, эми мүмкүн эмес. Мен силер менен күрөшкүм келбейт. Ал эми чиркөө деген эмне? Ушундай белгисиз нерсеге (неопределенный предмет) кантип жарашууга болот». Дагы бир катында «Мени ушунчалык кайгыга салган нерсеге эч качан кайрылбайм» деп жазат.

Л.Н.Толстой өзүнүн калтырган керээзинде: «Мен чындыгында чиркөөдөн баш тарттым. Анын ырасымдарын аткарбай калдым. Ошону менен бирге өзүмдүн керээзимде, туугандарыма мен өлгөндөн кийин чиркөө кызматкерлерин жолотпостон өлүгүмдү тезирээк көмүшүн жаздым».

В. Ф. Булгаков өзүнүн күндөлүгүндө: «Толстой өзүнүн күндөлүгүндө бир нече жолу эч качан өкүнбөстүгүн жана ошондой эле өлүмүнөн кийин бийлик тарабынан жабыла турган жалган жалаа жөнүндө кабарлайт» деп жазган.

Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин Толстойдун тегерегинде талаш- тартыштар басылбайт? Мунун себеби эмнеде? Балким, Толстойдун Чиркөөгө болгон мамилесидир, а балким, Толстойдун Ислам динине болгон көз карашы болуп жүрбөсүн?! Азыркы күндө коомчулукта Толстой одүйнө салаар алдында кайсы динди тандаган болду экен? – деген суроо бар. Петербургда Толстойдун көптөгөн макалалары, каттары архивде тиркелип сакталган. Ырас, алардын көбү жарыялана элек . Эмне үчүн бул улуу жазуучунун жашоосу өзгөчө кайгылуу өттү? Эмне себептен ал көз жумар алдында өз үйүнөн качкан? Бул суроолорго жооп табуу максатында кээбир каттарын окуп көрсөк. Елена Ефимова Векилова деген орус аял мусулман адамга турмушка чыгып, балдары Ислам динин кабыл алганы жатышканын айтып Толстойдон кеңеш сурап кат жазат. Толстой ага мындайча жооп берет: «Мухаммеддин динин тандаганга чейинки мезгил үчүн мен чын жүрөгүмөн өкүнөм. Мен үчүн муну айтуу кызык болсо да христиан идолдорунан, окууларынан Мухаммеддин дини бардык формалары менен түбөлүк өйдө турат. Ошондуктан адамдын алдында эки тандоо жолу: бири чиркөө православиясы же экинчиси Мухаммед дини турса, албетте, акылдуу адам Мухаммеддин динин тандайт. Мында кыпындай да кооптонуу болбойт. Себеби түшүнүксүз үчилтик (троица) ишеними, ар кандай иконалардан көрө Мухаммеддин динин тандоо менен бир гана жалгыз Алланы жана анын элчиси Мухаммедди таануу алдаканча жогору турары айтпаса да кашкайган чындык» 1909-ж. 15-март, Ясная Поляна

Сөзүмдү Толстойдун сөзү менен жыйынтыктоону туура көрдүм: «Мен абдан кубанычтамын, эгер силер мени менен бир ишенимде болсоңор. Кичине болсо да менин жашоомду түшүнсөңөр. Жашоонун ооматы; байлык, бийлик, даңк менде жок. Үй бүлөм да менден жүз үйрүдү. Айрым бир либерал эстеттер мени Гоголь сыяктуу «жинди», кем акыл дешсе; айрым революционер-радикалдар мистик, тантык; мамлекеттик кызматкерлер революционер дешсе, проваславдар шайтан дешет

Мойнума алам, мен үчүн бул нерселер абдан оор келет. Ошондуктан, суранам, мени тек Мухаммеддин үммөтү деп гана билгиле, ошондо бары жакшы болот».

Саадыева Назира

Башына