Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Улуу комузчу жана даанышман Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878)

Мазмуну

Кубаныч Айдарбеков
aydarbekovk@mail.ru

Өмүр-баяны:

Залкар импровизатор-заманчыл акын, ойчул жана улуу комузчу, обончу катары эл оозунда таанылган жана советтик доордо «улутчул, эскичил» катары каралган Арстанбек Буйлаш уулу 1824-жылы Нарын жергесиндеги Тынымсейит уругунан Шоро уулу Буйлаш бийдин Төрөкан аттуу токолунан төрөлгөн. Токолдун баласы болгондугу үчүн койчулары менен бирге мал кайтарган. 12 жашынан тартып элдик күү менен обондорду комуз чертип ырдай баштаган. Ошол эле жылы келечекте таанымал акын боло тургандыгы жөнүндөгү аян түш көргөндүгүн айтса да атасы ишенген эмес. 14 жашка келгенде эл арасында аты чыккан. 16 жашка толгондо Кокон бийлигинин Андижандагы өкүлү Алымбек датка Тынымсейиттердин Буйлаш баштаган тобун саркерлери менен алдыртат. Арстанбек болсо артынан барып, Алымбек датка баштаган ордо бектеринин алдында ырдап, алардын көңүлүнө жагып калат. Жаш ырчынын өнөрүнө ыраазы болушуп, Буйлаш бий жетектеген кыргыз жакшыларын түрмөдөн бошотушат. Андижан жана Кокондун айланасындагы элди кыдырып, көп аш-тойлордо күү чертип, ырларын ырдаган. Беттешкен ырчы-комузчулардын баарын жеңип, алдына эч кимди салбаган.

Арстанбек катуу ооруга чалдыкканда бугу уруусунун башчысы Боромбай баш болуп абалын сураганы келишкен. Өлөр алдында айылдаштары келип: «булбулдан кантип айрылабыз» - деп катуу кайгырышканда да Арстанбек алардын көңүлүн көтөргөн, Солтобай шакиртине керээзин айткан. Арстанбек узакка созулган оорудан улам 54 жашында дүйнөдөн көз жумган. Нарында төрөлсө да өмүрүнүн көбү Ысык Көлдө өткөн.

Чыгармачылыгы:

12 жашында көргөн аян түшү мен деген казактын төкмө акыны Сүйүнбай сыяктуулар менен беттешүүсү менен ишке ашкан. Ошол мезгилдеги Сүйүнбай менен болгон айтышы азыркы күндө да айтыш өнөрүнүн туу чокусу болуп саналат.

Айрым маалыматтарга караганда Арстанбек 500 күүнү черте билген комузчу болгон. Ошондой эле 200 күүнүн ээси экендиги айтылат. Кокон хандыгынын жана орустардын эзүүсүн көргөн улуу акын аларды ачык сыңдашы менен элге таанылган.

Ал өзүнүн чыгармаларында элдин оор турмушун, үмүтүн чагылдырган. Кокон бийлигинин карапайым элдерге карата жүргүзгөн адилетсиздигин баяндаган ырларды уккан эл көз жаштарын кармай алышкан эмес. Маселен:

«Тегереги кыргыздын, Темирден тор тарткан тор болду.
Түшкөн жери кыргыздын,
Кырк кулач терең ор болду.
Көчмөндүү биздин көп кыргыз,
Көк чапан сартка кор болду».

Түндүк кыргыздардын турмушундагы тарыхый окуялардын бири болгон бугу менен сарыбагыштын урушу да Арстанбектин чыгармаларында чоң из калтырган. Уруу башчыларын бийлик, мансаптын айынан эки тараптын элин кан төктүрбөөгө жол бербей ынтымакка чакырган Арстанбек дипломатиялык милдетин кыргыздын патриот уулу катары аткарган.

Ошондой эле ак падышалыктын кыргыз жеринде жүргүзгөн саясаты анын ырларында орун алган. Айрым булактарга таянсак, анын «Тар заман» аттуу ырынын өзүнө таандык обону менен комуз аркылуу коштолгон. Ошондой эле ак падышалык бир гана кыргыз элине эмес анын табиятына да залалын алып келгендигин ачык баяндаган. 1928-жылы атактуу музыковед А. Затаевич Арстанбек Буйлаш уулунун кээ бир күүлөрүн нотага алган.

Арстанбек Буйлаш уулунун эмгектериде арман, санат, импровизациялар, насааттар ж.б. ырлары көрүнгөн. Бизге жеткен маалыматтарга караганда «Кожожаш», «Эр Төштүк», «Чоро», «Бердикожо» сыяктуу эпосторду, «Көкөтайдын ашы», казактардын «Беш казак» сыяктуу поэмаларын эркин айта билген. Тилеке каршы, бул чыгармалардын бирөөсү дагы бизге жеткен эмес. Таластык акын Чоңду Арстанбектен айтышта жеңилсе, Кантарбай акын анын ырын угуу менен дароо жеңилип бергендигине тарых күбө. Арстанбек Буйлаш уулунун Кыргыз эли жөнүндө ырын уккан казак акыны Төрө Тезек өтө таасирленген.

«Эки ийинде эки периштеси отуруп сайрап туруучу экен, өткөндү гана эмес келечекти болжоп айткан олуя, көзү ачык экен, комузу өзү күүгө келип чертилчү экен» деген ишенимдер эл арасында айтылган.

Арстанбекти замандаш жана кийинки муундагы акындар өздөрүнө устат тутушкан. Жеңижок акын: «Нукура ырчы Арстандын нуска сөзүн уксам» - деп, 1870-жылдары Арстанбекке Каркырадан жолуккан. Ошондо Арстанбек Жеңижоктун дараметине баа берип, ырчылыктын жайын айтып, кеп-кеңештерин берип узаткан. Молдо Кылыч, Тоголок Молдо да Арстанбектен таалим алышкан.

Акындын ырларында кыргыз элинин ич ара мамилелери бузулуп, адилеттүүлүк, адеп-ахлак принциптери жоголуп бара жатканын бир кылым мурун айтып кеткендиги – анын өзгөчөлүгү. Арстанбек Буйлаш уулу кыргыз элине, жерине карата жүргүзүлгөн адилетсиздикке, зулумга Ала Тоодой төшүн тосуп, катуу сыңдан баш таркан эмес. Биз өзүбүздүн тарыхый инсандарбыздын бир жылдызы болгон Арстанбекке жана анын кыргыз адабиятынын тарыхый мурастары болгон чыгармаларына татыктуу баа беришибиз керек.

Башына