Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

МАХМУД КАШГАРИ ЖАНА АНЫН ГЕНИАЛДУУ ЭМГЕГИ

Мазмуну

«ДИВАНИ ЛУГАТ АТ-ТҮРК» (ТҮРК ТИЛДЕРИНИН СӨЗДҮГҮ)

Болжол менен Х-кылымдын 90-жылдарында Чыгыш Түркстандын Жети Суу аймагында (азыркы Синьцзян – Уйгур автономиялык областы, КНР), Карахан мамлекети пайда болгон. Х-кылымдын аягында анын территориясы түштүктөн түндүккө карай Термез жана Яркендден Балкашка чейин, чыгышы Отрар жана Бухараны кошкондо, Кучардан Сырдарыянын жана Аму дарыясынын ортоңку куймасына чейин кеңейген. Мамлекеттин борбору алгач Кашгар, Баласагун, Өзгөн андан кийин кайрадан Кашгар шаары болгон. Караханид мамлекетинин аймагы аркылуу Кытайдан батыш Европага байыркы Жибек Жолу өткөн жана бул, мамлекеттин экономикалык абалын жакшырткан, мамлекеттер аралык сооданын кийинки өнүгүүсүн камсыз кылган.

Ар кандай элдер ортосунда руханий дөөлөттөрдүн алмашуу процесси кеңейген. Ушундан улам Х-кылымдын ортосунан Караханид мамлекетинде мусулманчылык жайыла баштаган. Сутук Бугра Хандын исламды кабыл алышы менен мусулманчылык өлкөдөгү негизги дин болуп калган. Ошондон кийин ислам дин катары гана эмес, өзүнчө бир дүйнө тааным катары, мамлекеттеги элдердин маданиятынын тарыхы жана өнүгүүсүндөгү идеологиянын өзгөчө бир формасы катары да маанилүү роль ойной баштаган. Дин элдин коомдук, саясий жана руханий жашоосунда көптөгөн маселелерди чечкен. Дүйнөлүк илим жана маданияттын өнүгүүсүнө ошол убактын Мухаммад Фергани, Аль-Хорезми, Абу Райхан Бируни, Аль-Фараби, Ибн Сина, Омар Хаям, Жусуп Баласагын, Ахмад Югнаки, Мухаммад бинни аль-Кашгари, Амак Бухари, Имамиддин Кашгари, Сузан Самарканди, Кожо Ахмед Ясави, Махмуд Кашгари ж.б. сыяктуу көптөгөн окумуштуу-ойчулдары өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан. Караханиддер убагында илим жана маданият, адабият жана искусство гүлдөгөн. Экономикалык, саясий жана маданий борбор болгон шаарлардын бири Кашгарда математика, медицина, астрономия, философия, адабият, логика жана башка багыттарда көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Мисалы, ушул учурда терең социалдык-философиялык, этикалык жана эстетикалык идеяларды камтыган чоң-чоң адабий жазуу эстеликтери пайда болгон. Булар: Аль-Фарабинин «Медицина илиминин Канону», Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг», Ахмад Югнакинин «Чындыктын белеги», Махмуд Кашгаринин «Дивани лугат ат-Түрк», ж.б. көптөгөн чыгармалар. Сөз оролу Махмуд Кашгаринин өмүрү жана чыгармачылыгына токтололу.

Махмуд Кашгари да түрк элдеринин маданиятынын калыптанышына жана өнүгүшүнө замандашы Жусуп Баласагун сыяктуу зор салым кошкон орто кылымдын улуу ойчул-окумуштуусу болгон. Анын гениалдуу эмгеги болгон «Дивани лугат ат-Түрк» (түрк тилдеринин сөздүгү) дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүнө кошкон чоң салымы жана бардык түрк элдеринин руханий мурасынын көрүнүктүү чыгармасы болуп эсептелет. Автордун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат өтө аз. Махмуд Кашгари 1029-жылы төрөлүп, 1101-жылы дүйнөдөн өткөн. Айрым окумуштуулар анын Кашгар шаарынын четиндеги Опал деген райондо төрөлгөнүн ырастайт. Ырас, окумуштуунун «Сөздүгүндө» келтирилген маалыматтарга таянсак, Кашгари Опал районунун Азиг айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн. Ал «Азиг жана Опал – биздин айылдын, мекендин аты» деп жазат (Кашгари Махмуд. Дивану лугат ат-Тюрк. В 3т.-т. 1.- Урумчи, 1981. – с.3. (Уйгурский яз.)). Окумуштуу Караханиддердин тукумунан, хандардын үй бүлөсүнөн чыккан. Араб тарыхчысы Ибн аль-Асиранын билдиргенине караганда, окумуштуу Мухаммад Бограхандын небереси, Жусуп Кадырхандын чөбөрөсү, Абдул Хасан Харундун кыбырасы болуп калат. Кашгаринин атасы «Шам ад-Давля» (мамлекеттин шамчырагы) деген наам алган Хусейн ибн Мухаммад болгон. Ал өзүнүн замандаштарына салыштырмалуу өтө билимдүү адам болгон. Хусейн көпчүлүк убакта адамдар менен аралашып, жөнөкөй кийинип жүргөн жана алардын жашоо турмушу менен таанышууга аракет кылган.

Кашгаринин энеси Бүбү Рабия айым да өз убагындагы билимдүү аялдардан болгон. Ал акылдуу, көрөгөч, адамгерчиликтүү, ар-намыстуу аял болгон. Ал баласынын тарбиясына кичинесинен өгөчө маани берген. Кашгаринин апасы баласынын ар тараптуу өнүгүүсүнө, физикалык жактан дени чың, билимдүү жана адамдык сапаты бийик эр-азамат болушуна бардык күчүн жумшаган.

Алгачкы билимди окумуштуу үй бүлөдөн алган. Андан кийин окуусун Опалдагы диний мекетепте уланткан. Орто жана жогорку билимди Кашгари Кашгардагы ал убакта Ортоңку Чыгышка белгилүү болуп калган «Хамидия медресеси» жана «Саждия медресесинен» алган. Ал медреселерде ошол убактын улуу окумуштуулары иштеп, келечектеги көптөгөн илимдин жана маданияттын ишмерлери билим алып жаткан. Мисалы, улуу ойчул Жусуп Баласагын «Саждия медресесинин» бүтүрүүчүсү. Бул медреселерден Кашгари философия, логика, түрк тилдеринин грамматикасы илимдерин үйрөнгөн. Башка бардык эле замандаш окумуштууларындай ал араб жана перс тилдерин эне тилиндей билген. Ошондой эле, башка жогорку чиндеги адамдардын баладарындай ат үстүндө жаа тартуу, колго кылыч алып чабышуу сыяктуу ар түрдүү аскердик машыгуулар менен да машыккан.

Ал болжол менен 29 жашында айрым саясий себептер менен Кашгар шаарын таштап, көпкө чет жерде жүрүүгө мажбур болгон. Ал көп жылдар бою Багдадда жашап, медреседе муддарис болуп, көптөгөн таланттуу шакирттерди окутуп чыгарган. Махмуд Багдаддан Караханиддердин борборуна 60 жылдан кийин, б.а. 89 жашында кайтып келген. Опалдагы өзүнүн ачкан медресесинде дагы сегиз жыл бою устаттык милдетти аткарып келген. Ушул эле Опалда дүйнөдөн өтөт. Анын күмбөзүнө «Улуу окутуучунун мавзолейи» деген ат менен мавзолей тургузулган.

Окумуштуулардын сунушу менен Махмуд Кашгари узак убакыт бою өзүнүн «Дивани лугат ат-Түрк» атуу эмгегинин үстүндө иштеген. Бул сөздүгүн жазуудан мурда окумуштуу 15 жыл материал чогулткан. Жогоруда айтылгандай, ал түрк тилинде сүйлөгөн элдер жашаган көптөгөн аймактарды кыдырып, тарыхый баяндарды, уламыштарды жазуу менен бирге түрк элдеринин тилдери жана диалектилери жөнүндө кыскача макалаларды жазып коюп жүргөн. Кашгари узак убакыт бою түрк, араб жана перс тилинде тил, адабият жана тарых тууралуу эмгектерди изилдеген. Өзгөчө арабдардын изилдөөлөрүнө, алардын руханий дүйнөсүнө, ислам тууралуу окуусуна, Куранга жана шариатка көңүл бурган. Келечек муун үчүн эмгегинин маанисин түшүнгөн Кашгари сөздүгүнүн кириш сөзүндө бул эмгегин түбөлүк эстелик жана түгөнбөс руханий мурас катары калуусу үчүн Улуу Аллага сыйынуу менен бүтүргөнүн жазган (Кашгари Махмуд. Дивану луга ат-Тюрк. В 3т.-т. 1.- Урумчи, 1981. – с.3. (Уйгурский яз.)). Махмуд Кашгари «Дивани лугат ат-Түрк» аттуу эмгегин 1072-жылы 25-январда баштап, 1074-жылы 10-февралда бүтүргөн. ал өзүнүн эмгегин төрт жолу редакциялаган (1072, 1076, 1077 жана 1083 жылдары). Бул учурда Кашгари 50 жаштын тегерегинде эле. Чыгармасынын 3-томунда: «Бул китептин үстүндө мен өмүр бою иштедим» деп жазган. Бул сөздөр чыгарманын чындыгында эле эң мыкты чыгарма экендигин далилдейт.

Бул чыгарманын жаралышы тууралуу эки түрдүү көз караш бар: биринчиден, сөздүктүн жазылыш максаты түрк тили араб тилинен артта калбаган, зор мааниге ээ тил экендигин далилдөө эле. Ал өзүнүн эмгегинде: «Түрк тили араб тили менен жарышкан аттар сыңары катар баратат» - деп жазган (Кашгари Махмуд. Дивану лугат ат-Тюрк. В 3т.-т. 1.- Урумчи, 1981. – с.5. (Уйгурский яз.)). «Сөздүк» Орто Азиянын, Чыгыш Түркстандын ж.б. түрк элдеринин оозеки –поэтикалык чыгармачылыгын да камтыйт. Махмуд Кашгаринин араб филологиясынын илимий ыкмаларынын негизинде жазылган эмгеги бүгүнкү күндө тилчилер, фольклорчулар жана адабиятчылар үчүн баа жеткис табылга болуп эсептелет.

Академик А.Н.Кононов сөздүктү материалдарды камтышына карата бешке бөлүп карайт:

1. Белгилүү бир уруунун лексикасы, сөздүк запасы;

2. Түрк урууларынын жайгашкан жерлери тууралуу маалымат;

3. Түрк тилдерин үй бүлөгө бөлүштүрүү (группага бөлүү);

4. Тарыхый фонетика жана грамматика тууралуу маалымат;

5. Түрктөрдүн тарыхы, географиясы, этнографиясы, поэзиясы, фольклордук чыгармалары тууралуу маалымат.

Сөздүктүн кол жазмасын алгач 1914-15-жылдары Али Амири атуу түрк окумуштуусу базардан алган. Ал кол жазманы иреттеп чыгууга Киласи Рифатка берген. Рифат эмгектин көчүрмөсүн алып, 1915-жылы биринчи жана экинчи китебин, 1917-жылы үчүнчү китебин Стамбулда басып чыгарган. Эмгекти басууда, тил багытында изилдөөлөрдү жүргүзүүдө көптөгөн окумуштуулар эмгектенген. Мисалы, Броккельман. К. сөз айкаштарын алфавиттик тартипте немисчеге которуп, басып чыгарган. Түрк окумуштуусу Басым Аталай 1914-жылы кол жазманы түрк тилине которуп, 1934-1943-жылдар арасында Анкарада үч томдугун басып чыгарган.1960-67-жылдары өзбекчеге которулган. Андан кийин уйгурчага которулуп, Кытайда басылып чыккан.

Махмуд Кашгаринин «Дивани лугат ат-Түрк» орто кылымдагы түрк элдеринин жашоосунун чыныгы энциклопедиясы болуп эсептелет. Тилдик маалыматтарга бай сөздүк ХI –кылымдагы түрк элдеринин экономикасын, саясатын, коомдук мамилелерин, жашоо образдарын, руханий жашоосун жана алардын илим, искусство, адабият, каада-салт, диний ишеним багытындагы ийгиликтерин чагылдырып турат. Улуу окумуштуунун бул эмгеги орто кылымдагы түрк тилдүү элдердин жашоо образын жана дүйнө таанымын ачып берген чыгарма катары бааланып келет.

Которгон: Бакыт Жунусалиев

Башына