Сегизинчи сан

Акырет турмушун тангыс кылган далилдер
Мазмуну
Акыретке, Кыямат Күнүнө ишенүү – албетте, көзгө көрүнбөгөн кайып (арабча: «гайб, гуюуб, гайби») нерселерге ишенүүнүн, тагыраак айтканда имандын бир бөлүгү. Ошондуктан бул акыры сөзсүз кыйратылуучу жер үстүндө жашаган адам, ушул убактылуу жашоо менен коштошмоюнча акырет турмушун өз көзү менен көрүүгө кудуретсиз. Бирок ар бир акыл-эси зирек адамга Кыяматтын сөзсүз, шексиз болоорунан эч бир шектенүүсүн калтырбай турган далилдүү, ишенимдүү ыйык тексттер Куранда абдан көп кездешкендей эле, адам турмушунда деле Кыяматтын сөзсүз болоорун ар тараптуу тастыктап турган көптөгөн логикалык аргументтер толтура. Андай тексттердин айрымдары тууралуу жогоруда да кеп кылдык, ал эми логикалык тыянактарга келе турган болсок, алар жөөнүндө да Ыйык Куранда эскертилет.
Ойлонуп көрөлүчү, тирүүлүктүн бир да белгиси калбай какырап жаткан чөл, кумсарып жаткан өлүк талаалар Аллах-Таала жамгыр жаадырган соң, жапжашыл болуп кулпуруп, шуудураган тирүү аймакка айланат. Дарактар барик ачып, ар түркүн түстүү жана жыттуу гүлдөр айланага жыпар жыт чачып, шибер чөптөр кулпуруп, шамал менен кошо бой ыргап, адамдарга жана жан-жаныбарларга азык болуучу сан-миңдеген өсүмдүктөр жайнап чыгат... Ушундай көрүнүштү биз ар дайым көрүп эле жүрөбүз. Бирок сергек ой жүгүрткөндөр гана ушул окуяда Аллахтын улуу аяны, ибараты жатканын аңдай алат. Ошондой өлүп тирилген жерди көргөн ар бир адам жерди тирилткен Аллах аны да кайрадан тирилтеринен эч шек санабашы керек. Дал ошол үчүн Кудурети Улук Аллах-Таала кааласа Өзү баарын тирилтери тууралуу мындай дейт: «Анын (Аллахтын) аяндарынын бирине – сен көрүп жүргөн кумсарган жерге Биз асмандан суу жаадырган кезде, жер кыймылга келип, кыртышы жумшап, тирилгенине карачы. Чындыгында, жерди тирилткен Улуу Аллах-Таала өлгөндөрдү да сөзсүз тирилтет! Анын (Чексиз Кудуреттүү, Ченемсиз Дааышман Аллах-Тааланын) колунан келбеген эч нерсе жок!» (Куран, «Фуссилат»: 39).
Эгер биз өтө майда чаңдан жана түтүндөн өтө чоң жылдыздарды Аллах-Таала жасаганын абдан кубаттуу микроскоптордун жардамы менен көрүп турсак, заманбап илимге сугарылган бизге Улуу Жараткан чирип калган сөөктөрдү кайрадан калыбына келтире аларынан шек саноого болобу? бардык илимдер жылдар өткөн сайын Ыйык Курандын Улуулугун жана таң калыштуу кереметтерин ачып жатпайбы! Аллах-Таала: «Чындыгында асмандар (Куранда ушинтип көптүк санда айтылат –С.Г.) менен жерди жаратуу – адамдарды жаратканга караганда алдаганча улуу иш эмеспи. Бирок көптөгөн адамдар муну билишпейт» – дейт (Куран, «Гаафир»: 57).
Бул аят – кайра тирилүүгө болгон ишенимди бекемдеген дагы бир тангыс аргумент. Кынтыксыз Улуу илимдин жана чексиз улуу Даанышмандыктын Ээси Аллах-Таала мындай чоң планетаны жана анын жашоочуларын жерде адилетсиздик кылышсын деп тегин жерден эле ойноп жаратмак эмес. Ал адамдарды Өзүнө ибадат кылсын деп жараткан, бирок көптөгөн адамдар өздөрүнө Аллах-Таала жүктөгөн миссиясы тууралуу ойлонуп да коюшпайт. Алар өздөрүн Жараткан Аллахтын: «Кантип эле силер өзүңөрдү Биз ойноп эле (ради забавы) жаратып койгон деп ойлойсуңар жана кантип эле Мага кайрып келбейбиз деп ишенесиңер? Аллах-Таала баарынан Улуу! Ал – чыныгы Өкүмдар! Андан башка кудай жок! Ал – улуу тактынын ээси» (Куран, Ал-Муминун»:115-116) деген эскертүүсүнө карабастан жердеги убактылуу жыргалдардан татып, сокур пенделик ырахаттарга баткысы келет.
Каафирлер кантип эле Баарына Кудирети Жетүүчү Улуу Аллах-Таала аларды жаратып коюп эле унутуп, кантип эле жарыкка чыгаруучу даанышман жана арам иштерди кылууну тыю салган катуу буйруктарды жибербей койсун?! Кантип эле баардык адамдардын жүрөгүнө жакшылыкка болгон сүйүү менен жамандыкка болгон жек көрүүнү орнотуп койгон Аллах-Таала дал ошол жакшылыкты алып жүрүүчүлөр болгон момун мсулмандарды жакшылыкка жеткирип, Аллахтын жакшылыгын билбеген, Анын буйруктарын аткарбай күнөөгө белчесинен баткан адамдарды жазалабай койсун?! Адам баласына сансыз жакшылыктарды, ырыскыларды, нематтарды тартуулаган Мээримдүү Аллах-Таала кантип эле имансыздар имандуулардын үстүнөн көпкө чейин зомбулук кылдырып адилетсиздикке жол берип, Аллах-Таала Өзү жакшы көргөн момун мусулмандарга кордук көрсөткөн зулумдарды жазалабай койсун?! Эч качан андай болушу мүмкүн эмес! Анткени Аллах-Таала адилеттүүлөрдүн да эң Адилеттүүсү! Аллахтын адилеттүүлүгүнөн ашып түшкөн адилеттүүлүк эч качан болбойт жана болушу да мүмкүн эмес! Анткени Ал баарын көрүп, билип, угуп турат. Жердеги жашоо – адамдардын имандуу жана имансыздыгын аныктап алуу үчүн убактылуу жашоо тартууланган аманат жай. Дал ушул Жердеги жашоосунда жасаган жакшылыктары (Аллах-Таалага гана жасалган ибадаттары!) аркылуу адамдардын бир бөлүгү түбөлүк өлүм жок болгон Бейишке, ал эми бир бөлүгү Тозокко кетишет. Башкача айтканда бул Жер – сыноо өткөрүлүүчү полигон. Образдуу айтканда сыноодон өткөндөр «космоско», өтпөгөндөр мусор таштоочу жайга...
Уландысы кийинки санда
Садык Гавай