Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Дин Исламды элге жеткирүү ыкмасы

Мазмуну

Жемалеттин Четин

Ак жолдон адашып эки дүйнөдө тең чоң жоготууга учурап калуу коркунучунда турган адамга Алланын ак жолун көргөзүп койуу нары ыйман айгагыбыз, нары адамдык милдетибиз.

Мына ушундай түбөлүгү коркунучта турган адамга ак менен караны, адал менен арамды айырмалап түшүндүрүү иштерине кош көңүл мамиле жасоо өтө чоң катачылык. Ырас, ыймандын адамдагы алгачкы мөмөсү ырайымдуулук. Ырайымдуулуктун айгагы түркөйлүктүн туманына тумчуккан жанга акты жеткирүү үчүн жанүрөө, кайрат кылуу. Айрым бир адамдар акыйкат бакытты аңдай албаганы үчүн, өздөрү жүргөн туура эмес багытты, жашоо ыңгайын туура деп билип, «мен бактылуумун» дешет. Арийне, сокур адам күндү элестете албас. Бүгүнкү күндө дал ушул багытта жардамга муктаж көп адам бар. Андыктан актын илимин алгандар ыйманга суусаган элдин суусунун кандырышы керек. Бул Жараткандын алдында да, эл алдында да адамдык парзыбыз да, карызыбыз.

*** *** ***

Актын жарчысы эң ириде дин Исламды элге жеткирүүнүн ыкмасын жакшы өздөштүрүүсү зарыл. Элди Алланын ак жолуна, түбөлүк бакытка чакыруу үчүн адамдын көңүлүн таба билүү зарыл. Адамдын көңүлүн тапкан адам кайсы жерде болбосун өзүн бул кызматта «милдеттүүмүн» деп эсептейт. Элге жылуу мамиледе болуп, жардам берүүгө жанүрөйт. Отургузулган көчөттүн дароо эле бир күндө мөмөлөп кетпегени сыңары инсан да дароо өзгөрүп кетпейт. Көчөттөн өнүм, мөмө алуу үчүн, анын түбүн жумшартып, жерсемирткич салып, убагы менен сугарып туруу зарылчылыгы күч. Анын сыңары адамга жылуу мамиле жасоо суудай зарыл. Ошондуктан ак Ислам динин жаюу ишин аркалаган адам эл менен мамиле курууда сыпаалыкка көңүл буруусу кажет.

Асыресе, элди акка чакыруу кызматында сабырдуулук, туруктуулук, илим-билим сыяктуу бир катар зарылчылыктар талап кылынат. Бул сапаттарга ээ болбой, жигердүү жыйынтык алуу кыйын. Адам жылдар бою жүргөн жолун дароо өзгөртө албашы бышык. Анүчүн мерчемдүү убакыт керек.

Алла Таала: “Адамзааданы Жараткандын жолуна даанышмандык, көркөм насаат менен чакыр! Алар менен маданияттуу түрдө талаш!” (Нахл, 125) – деп буюрат.

Өтмүштө бул аяттын берекеси менен рухий ыпластыктарга толо эчендеген жандүйнө Жараткандын мээримине карк болуп нурга айланбады?!

Адампенде адамдык сапаты бийик адамга суктанары жана ошол адам сыяктуу болууга аракет кылары ырас. Андыктан илим-билимге да, адамдык бийик адеп-ахлакка да ээ болуу зарыл.

Аз. Мавлана туура эмес жолдо жүргөн адамды туура жолго багыттоонун маанилүүлүгүн жана анын усулун мындайча билдирген: “Дат баскан темир капкара жана кунарсыз болот. Бирок ал тазаланганда даты кетет! Күзгү дат баскан темирден жасалса да, тазаланганда, жылтырап калат. Ага карангандын түсү, бой – келбети жана сүрөтү андан даана көрүнөт”

“Ай нурунун көлөкөсүн көңүл дүйнөсүнөн көргүң келсе, анын суусун булгаба. Себеби, адамдар дарыя суусуна окшош. Суу булганса, ал жерден эч нерсенин көлөкөсү көрүнбөйт”

“Алла Тааланын: “Эй Муса! Фараонго жумшак сөз сүйлө, ага жылуу мамиледе бол!” деген сөзүн жакшылап түшүн!”

“Кайнак майга суу куйсаң, очокту да, казанды да бузасың...”

Мына, адамга көөдөн мейкиндигинен кароо. Адамга жылуу мамиле жасоо – көөнүндө катылуу изги өзгөчөлүктөрүн ачыкка алып чыгат. Ырас, жылуу мамиле айтканга да, укканга да Жараткан Алла Таалага жакындоо, сүйүү, ыракым сыягы изги сапаттарды камсыздайт.

** ** **

Жакшылыкка жакшылык ар адамдын иши, жамандыкка жакшылык эр адамдын иши. Алла Таала бул жөнүндө: “Жакшылык менен жамандык тең эмес. Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун. Ошентсең сени менен душманыңдын ортосунда достук, ынтымак пайда болот” (Фуссилат, 34) деп буюрат.

“Бир адам Медина шаарына келип, сахабалардын бирине Жафар Таййарды көрүүгө келгенин билдирет. Сахаба анын себебин сураганда, ал адам мындай дейт:

- Жафар сыяктуу эр жигиттин дини эң улуу дин. Ошол динге кирем. Жафар жакшы көргөн адам, мырзалардын мырзасы, ага да баш ийем, - дейт. Сахаба:

- Жафарды мурун тааныйт белең?

- Анын адеп – ахлагын, адамгерчилигин билем, бирок, өзү менен тааныша элекмин. Аны көрбөй туруп жакшы көрдүм.

- Чынын айтсам аябай, таң калдым. Эмне болду эле, түшүндүрүп берчи?

- Мен бир убактарда мусулмандарга душман элем. Хайбарда силерге каршы кылыч көтөрдүм жана үч мусулманды шейит кылдым.

Бул сөздөрдү уккан сахабанын жини келип:

- Эмне дегиң келип жатат? Буларга Жафардын кандай тиешеси бар? – деп суроо узатты. Ал адам:

- Биз силер менен согушуп жатканда Эфиопиядан кайткан Жафардын кербени менин жеримден өтүп бараткан экен. Учу-кыйырсыз чөлдө Мединаны көздөй бара жатып менин аялымды көрүшүптүр. Ал өзү жалгыз кыйкырып, ыйлап жаткан экен. Кербендегилер: “Эмнеге ыйлап жатасың?”- деп сурашат. Аялым: “Уулум жоголуп кетти. Атасы да мусулмандар менен согушуу үчүн Хайбарга кеткен эле. Уулум атама барам деп, анын аркасынан кеткен бойдон жок. Азыр ошону издеп жүрөм”, - деп жооп берет. Кербендегилердин мусулман экенин билбестен, ар нерсени айтыптыр. Бирок Жафар ага: “Сен капа болбо, мен азыр сенин уулуңду таап келем, - деп, жанындагы аялдарга кайрылып – Бул аялга карап тургула. Ким болсо дагы ал эне. Анда эне жүрөгү бар”, - деген бойдон атын камчылап баламды издеп жөнөптүр. Бир күн бою чөлдү аралап жүрүп акыры суусап, кыйналып жаткан уулумду тааптыр. Эгер Жафар келбесе, ал өлүп калмак экен. Баламды алып келип апасына бергенде, аялым: “Баламды таап келдиң, сен кимсиң?” - деп сурайт. Анда Жафар: “Абу Талибдин уулу Жафармын. Ушул кербендегилер сыяктуу эле мен дагы мусулманмын. Эфиопиядан Мединага, Алла элчисинин алдына бара жатабыз”, - деп жооп берет.

Аялым таң калып, эмне деп айтаарын билбей калат. Өзүнчө толкундана: «Мага да ушул диниңер жөнүндө айтып бергиле” - деп суранат. Алар да ага түшүндүрүп берген соң, аялым мусулманчылыкты кабыл алыптыр. Мен дагы мусулман болуу үчүн силерди көрүүгө келдим”.

Мына ушул окуядагыдай жана Алла досторунан дайыма көрүлүп турган “Жаратуучунун назары менен макулуктарга боорукердик менен карай билүү” ахлагы пайгамбарыбыздын бир хадисинде мындайча айтылат:

“Напсим колунда болгон Кудуреттүү Алла Таалага ант берем. Бири–бириңерге ырайымдуулук кылмайынча бейишке кирбейсиңер”

Сахабалар:

– Эй, Алланын элчиси! Биз баарыбыз ырайымдуубуз,- дегенде, Пайгамбарыбыз мындай деди:

– (Мен айтып жаткан) ырайымдуулук, силер түшүнгөндөй бири – бириңерге болгон ырайымдуулук эмес, бардык макулуктарга болгон ырайымдуулук. Ооба, бардык макулуктарга болгон ырайымдуулук (Хаким, Мустадрак, IV, 185).

Мисалы бир адамда ала турган карызыңар болсо жана ал адам сураганыңарда бербесе, карызыңарды кече аласыңарбы? Жок! Андай болсо бир адамды Исламга чакырганда буга анча көңүл бурбаган кишиге муну кайрадан айтууну эмне үчүн каалабайбыз?! Бир кишинин туура жолго кирүүсүнө себеп болуу, аз гана карыз акчабыздан дагы төмөнбү?! Ошондон улам Пайгамбарыбыз (с.а.в) Аз. Алиге мындай деген: “Эй, Али! Бир адамдын сенин себебиң менен туура жолго кирүүсү (Ислам динине), сен үчүн эң кымбат дүйнө нээматы болгон кызыл төөлөргө ээ болууңдан дагы жакшы” (Бухари, Жихад, 143).

Бул жөнүндө Кураны каримде: “Ким акысыз адам өлтүрүп же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете” (Маида, 32) - деп айтылат.

Кыскасы, туура жолго кирүүгө себепчи болуу адамдан сабырдуулук, ырайымдуулук, сүйүүнү талап кылат. Ошондуктан эң алгач, өзүбүз да ыкластуу болуубуз, адамга боорукердик, ырайымдуулук, сабырдуулук, кечиримдүүлүк менен мамиле кылуубуз керек. Буларды аткарып жатканда да даанышмандыкка, сыпаалыкка көңүл буруу, кыскасын айтканда, көөдөнүбүздү рухий изги сапаттар менен шөкөттөшүбүз керек. Ырас, бош кесе менен адамга сый–урмат көргөзүү мүмкүн эмес.

Оо, Жараткан! Ыйман нээматынын бизге чейин келишине эмгеги өткөн адамдарды Наим бейишиңе киргизе көр! Бизге да ыйман нематынан пайдаланып, изги иштерди кылуубузга жардам бере көр!..

Оомийин!..

(Бул макала Осмон Нури Топбаштын “Худаинин Зияфет Софрасындан” аттуу чыгармасындан алынган. 41 – 45 – бетттер).

Которгон: Себетов Жаркынбай

Башына