Сегизинчи сан

Ыклас
Мазмуну
Осман Нури Топбаш
«Амалдар ниеттерге жараша бааланат»
(Бухари, Иман, 41; Муслим, Имара, 155).
Бул хадис ибадат баш болгон жамы кайырлуу амалдарды Алланын ыраазылыгы үчүн орундатуу зарыл экендигин эске салат. Бул жерде орундатуу зарыл деп жатабыз. Бирок ошол аткарыла турган иш-аракеттер дилдеги ыкластуулук менен гана жогорку баага арзып, кабылданарын жогорудагы хадис айтып турат. Ошол себептен Алланын даргөйүндө ибадаттарыбыздын кабылданышынын негизги шарты- ыкластуулук болуп эсептелет.
Ыклас-бул ибадат болсун, башка кайырлуу иш-аракет болсун Алланын ыраазылыгын көздөө жана аларга напсинин көлөкөсүн түшүрбөө. Дене турпат үчүн жан канчалык маанилүү болсо, ибадат менен амал үчүн ыклас ошончолук мааниге ээ. Ыклассыз кылынган амал соопсуз чарчоодон башка эч кандай баага арзыбайт.
Кудай Таалага жакындоону максат кылып напсиге жагымдуу келген бардык дүнүйөлүктөн жүрөктү тазалоо ыкластуулукка болгон биринчи кадам.
Ыклас -бул амалдарды элкөрсүн, менменсинүү же текеберлик сыяктуу рухиний кирден коргонуу. Анткени аталган жагымсыз сыпаттар пенде ыкласын алсыратып жок кылчу дарт болуп саналат.
Алла Тааланын ыраазылыгына кайчы келген бардык каалоо-ышкыны көңүлдөн сүрүп чыгаруу мусулмандын айныгыс озуйпасы.
Напсинин азынаган азгырыгы ыкласман мусулмандардагы ыклатуулукту жою үчүн ар убак аларды тооруп жүрөрүн эстен чыгарбоо кажет. Тактап айтканда ыкластуулук сапатын кокус жоготуп алуу коркунучу пендени ар дайым жандап жүрөт. Бийик тоого чыгыуу жана анын туу чокусунда кылт этпей кыймылсыз туруу канчалык кыйынга болсо, бул изги сапатты сактап өтүү да ошончолук оор. Зуннун-и Мысрийдин ушул өңүткө карата айткан береги сөзү абдан ибараттуу:
«Жамы пенде өлүм уйкусунда. Аалымдар ойгоо, аалымдар тирүү. Бардык аалымдар уйкуда. Бар илимине амал кылгандар ойгоо. Илимине амал кылгандар дагы алданышы толук мүмкүн. Бирок ыкластуулар алданбайт. Ошентсе да ыкласман пенделерди (бул дүйнөнүн ар бир көз ирмеминде) чоң коркунуч жандап жүрөт...»16
Ошончолук нары кыйындыгына, нары оорлугуна карабай ылласты сактай алган мусулмандар Алла Тааланын сөз кудурети чагылдыра алгыс сыйына ээ болушат.
Жыйынтыктап айта турган болсок ыкластуулук момун мусулманды жакшылыктардын эң улугу Алланын ыраазылыгына жеткирет. Анткени Алла Таала пенделеринин амалдарынан күткөнү, Өз ыраазылыгына багыттанган биздин ыкласыбыз, анын тазалыгы же салмагы. Куранда минтип буйрулган:
«(Эй, Мухаммед) Акыйкатта, сага бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Эми динде Аллага гана ыклас менен ибадат кыл!» (Зумар, 2)
«(Эй, Мухамед!) «Акыйкатта, мен динде бир гана Аллага берилип (Алланын ыраазылыгына жетүү үчүн) ибадат кылууга буйтулганмын» -дегин» (Зумар, 11)
Ыклас момун пендени ашынган душман шайтандын азгырыгынан куткарат. Анткени шайтан ыкластуулукта бекем болуп, чыдай алгандардан оолактайт.
«(Иблис айтты): Оо, Эгем! Мени адаштырганың үчүн Сага берилген ыкластуу пенделериңден башка бардык пенделериңе жер жүзүндө күнөөнү сонун көрсөтүп олтуруп, алардын баарын адаштыра беремин!» (Хижр, 29-30)
Ыкласман пенделер тозоктун азабына түшпөйт. Жараткан Алланын: « Алланын ыкластуу пенделери гана (азаптан) аман болушат» (Саффат, 40) буйругу бул чындыкты сүйүнчүлөгөн.
Аз болсо да ыкластуулук менен аткарылган амал ээсинин акыреттин азабынан кутулушуна өбөлгө. Анткени Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам):
«Диниңе ыкластуу бол! Ыкластуу болсоң аз амал дагы сага жетиштүү» деп буйруган (Хаким, IV,341).
Ыклас Алланын назарын жана мээримин кишиге бурат.
«Алсыздардын дубасы, намаздары жана ыкластуулугу себептүү Алла Таала бул үммөткө жардам этет» деп айткан Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам).(Насаи, Жихат, 43)
Ыкластын көп нерседен жогору турарынан шек санабоо керек. Ыкластуунун кайраты текке кетпейт, ал ар убак Адилеттүү Алланын жадында болот. Тарыхка көз чаптыра турган болсок сабыры бек, ыкласман адамдардан турган аз сандыгы кошуундар кубат жагынан да, сан жагынан да өздөрүнөн алда канча көп согушчандарды Жараткандын амири менен жеңип алышкан. Демек, ыклас жеңиштердин пайдубалы десек жаңылышпайбыз.
которгон: Акылбек Халбеков