Сегизинчи сан

Мавлананын адамдык сапат жана коомдук чөйрөнүн адамга тийгизген таасири жөнүндөгү пикири
Мазмуну
Октай Четин
Oktaycettin@yahoo.com
Улуу Алла Таала адам баласын жаамы жандуу-жансыздан өзгөчө, эң изги калыпта жаратып, жер бетинде халифалык ыйык милдетти жүктөгөн. Бул ыйык милдеттин өзөгү бул дүйнөгө келүүдөгү негизги максатына ылайык жашоо, ырас, Жараткан Улуу Алла Тааланын ак жолунда ак жүрүп, Анын ыраазылыгына ээ болуу, ыракымына карк болуу, чалкыган мээримине бөлөнүү деген түшүнүк менен аныкталат. Ооба, киши уулу тек ушул ак жол менен гана эки дүйнө бактылуулугун табары талашсыз чындык.
Адам баласы жер бетине аяк койгондон баштап бүгүнкү күнгө чейин миллион-миллиарддаган адамдар бул дүйнөгө келип, кайра аркы дүйнөгө көчүшкөн. Тарыхка назар салсак, бул инсандардын көпчүлүгүнүн унутулуп кеткендигин көрөбүз. Унутулбай эсте калгандар элге ак кызматын өтөгөн, Жараткан алдында өз милдеттерин орундаган Алла Тааланын сүйүктүү пенделери, анын ичинде пайгамбарлар, олуялар, даанышмандар жана мындан сырткары окумуштуулар, ойчулдар ж.б. Мына ошолордун бири Мавляна Жалалиддин Руми. Мавляна Жалалиддин Руминин одүйнө салганына жүздөгөн жылдар болсо да, ал бүгүнкү күнгө чейин даанышман асыл-ойлору, жөнөкөйлүгү, адамдык бийик ахлагы менен эскерилип келет. Аты өчпөй тарыхта калышынын эң иридеги себеби – жер бетине келгендеги адамдык милдетин толук аңдап, Жараткандын жанга жаназык жарлыгы менен жашап, элге үлгү болгондугунда жатат. Анын окуусунда Алла Таалага болгон ашыглыкка басым жасалган. Анын принциптери жеке мусулмандар тарабынан гана эмес, башка диндин өкүлдөрү тарабынан да кызыгуу менен окулуп, өзгөчө баага арзып олтурат. Аз. Мавляна адамдык сапат жана анын пайда болуусуна таасирин тийгизген коомдук мамилелердин өтө чоң мааниге ээ экендигин баса белгилейт. Мавлянанын көз карашы боюнча, инсан алгач өзүн-өзү эң ийги деңгээлде таанып-билүүсү кажет. Учурдагы капиталистик өлкөлөрдө адамдар дүйнөгө жана анын материалдык жыргалчылыгына алданып, өздөрүнүн инсандык сапаттарын унутуп, бул жашоо тек материалдык нерселер менен гана чектелүү деп ойлошот. Бул жөнүндө Аз. Мавляна «Ар ким кыялга батып жана ошол кыялына жетеленип, казына табуу максатында булуң-бурчтарды казууда. Дүйнөдөгү инсандардын бардыгы алтын издеп жүрөт, сен өзүң алтын казынасың, бирок андан кабарың жок. Башка жерден казына издегенден көрө өзүңдүн ичиңдеги жашыруун казынаны изде» - деп эң изги казына адамдын адамдык бийик сапаты, аруулугу, адамгерчилиги экендигин айткан.
Өзүн-өзү таанып-билүү жараяны адамзаадынын өмүрү өткөнчө бүтпөс. Адампенде өзүн-өзү таанып-билүүгө жан үрөп, Жараткандын ыраазычылыгын табуу үчүн Алла Тааланын ак жолун, Пайгамбарыбыздын ак сүннөтүн беттеп, дүйнөлүк казынадан да кымбат өзүнүн адамдык сапатына түздөн-түз терс таасирин тийгизген күнөө, ыплас иштерден оолак болушу керек.
Инсандын милдети – акты ак, караны кара билип актын жолунда алдыга, Алланын ыраазылыгын көздөй умтулуу. Аз. Мавляна «Козунун карышкырдан качканын таң калуу менен кабылдоого эч себеп жок. Анткени карышкыр козунун душманы. Ырас, адамды таң калтырганы – козунун карышкырды жакшы көрүп, аны менен достошуп алышы» - деп инсандын элдешкис душманы, ар дайым Алланын ак жолунан адаштырган азгырык шайтанга жакын болуп, анын буйругун жандилден сүйүп аткаруу кандай гана таң калаарлык жагдай экендигин баса белгилейт. Инсан адамдык сапатын жогорулатууда коомдук айлана-чөйрөгө өзгөчө көңүл бөлүшү керек. Мамиле адамдын же туура жолдо жүрүүсүнө өбөлгө түзөт, же козунун карышкырга дос болуу тамсили сыңары туңгуюкка түртөт. Ырас, Жараткандын сүйүктүү, ак үчүн деп күйүп-жанган акдилдүү адамдар менен аралашкан жанга изги адамдык сапаттар сөзсүз жугум болот. Бул багытта Мавляна уулуна: «Уулум, Алла Тааланын сүйүктүү пенделери менен дос бол! Аны урматта, сыйла! Олуялардын коңшусу болсоң, сен дагы акыйкат жолунда арыш саласың. Алардын көлөкөсүндө сен дагы напсиң менен күрөшүп, жеңишке жетесиң!» - деп акыл-насаатын айткан экен. Ошону менен катар Мавляна «Уулуу жылан жаман достон артык. Уулуу жылан тек инсандын жанын алса, жаман дос инсанды түбөлүк тозок отуна түртөт» - деп коомдук карым-катнашта караңгы жолдун кишилери менен достошуу адамды тек бул дүйнөдө гана эмес, акыретте да чоң жоготууга дуушар кыларын каймана маалымдаган.
Жыйынтыгында Мавляна Жалалиддин Руми калтырган эмгектеринде киши уулунун жашоосунда эки маселеге бөтөнчө көңүл бөлгөн. Алар:
1. Адамдын өзүн-өзү таанып билүүсү.
2. Коомдук карым-катнаш. Адампенде Жараткан Алланын ак пенделери менен бирге болсо ийгиликке жетери, ал эми түркөй чөйрөнүн туманына аралашса өкүнүчтүү акыбетке тушугары толук ыктымал.
Которгон: Мураталиев Сабыр