Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Желаладдин Руми Ислам классикасынын көрүнүктүү өкүлү

Мазмуну

Махмуд Кашгари Барскани
атындагы Чыгыш Университетинин
ректору, профессор
Асан Ормушев.

Бисмиллахир Рахманир Рахиим!

Орто кылым мезгилинде Чыгыш жана Борбордук Азияда, Иранда, Афганистанда, Түркияда жашаган адамдар Ислам динин кабыл алуу менен алардын билимдүү аалымдары ислам дининин адамзатка тийгизген асыл саппаттарын мусулмандарга жеткирүү, түшүндүрүү иштерин чын ниеттери менен жүргүзүшкөн. Ошондой аалымдардын бири - Желаладдин Руми болгон. Анын азан чакырып койгон аты Мухаммед Желаладдин, ал эми бүткүл дүйнөгө аалым катары таанылган ысымы «Мевляна» жана «Руми». Ооба, бул атты ага анын устаздары ыйгарышкан. Ал жаш кезинен эле Ислам динин бекем туткан. Ыйык Курандагы момун мусулмандарга карата айтылган амалдардын баарын аткарууга бүт дитин койгон. Кийин өзү жаштарга Ыйык Куранды, араб тилинде жазууну, окууну үйрөтө баштаганда, ага медреседеги чоң аалымдар аны «Мевляна» деп чакыра баштаган, же болбосо билимге, илимге өтө кызыккан, ак-сөөк мырза жигит деген кошумча ысымды ыйгарышкан. Ошол аймактагы дээринде бар, таланттуулардын таланттуусу, зээндүүлөрдүн зээндүүсү акылмандардын акылманы боло тургандыгын баамдап, сезгендей коюлган ысым. Анын жөндөмүнө ылайыктап коюлган ат кийинчерээк өзүн актап, атына заты жарашып, бийик даңкка, даражага ээ болуп отурбайбы.

Ал эми экинчи бир кошумча Руми деген атка конушунун таржымалы төмөнкүчө. Ошол мезгилде билимдүү, талантуу, ойчул адамдарга анын жашаган жеринин ысымын кошумча айтуу салтка айланып калган. Маселен, Махмуд Кашгари, Ал Хорезми, Ал-Өзгөнү жана башка дагы ушул сыяктуулар.

«Руми» - деген Анатолиялык өрөөндө чыккан илимпоз дегенди билдирген (Кониялык аалым деп атаса да болот).

Мевляна 1207-жылы 30-сентябрда Ислам динин бекем туткан оокаттуу аалымдын үйүндө туулган. Атасы аны менин кичинекей чакырып койгон аты Мухаммед. Бул ысым Ислам дининин таратуучусу, Алла Тааланын акыркы өкүлү пайгамбарыбыз Мухаммеддин ысымынан түздөн -түз байланыштуу. Бул деген атасынын наристесине Ислам дининин нуру чачырап турган, таза, адилеттүү инсан болсун деген аруу тилегин далилдеп тургандыгы.

Ооба, Мавляна Балх шаарында Ирандын территориясындагы Афганистан менен чектешкен жерлерде туулгандыгы жөнүндө кол жазмаларда сакталып калган экен. Мевлянанын чоң атасы Хусейин Хатиб өз мезгилинин кадырман, белгилүү илимпозу, ойчул аалымы болгон. Аны Ислам дининин билимине көрүнүктүү диний акын Разуеддин (Нишанурлук) окуткан. Ошондуктан Ислам динине болгон бекем ишеним алардын үй-бүлөсүндө чоң аталарынан бери калыптанып, сакталып, өнүгүп келгендигин ачык байкоого болот.

Өзгөчө Руминин атасы Бахауддин Валад Балх шаарындагы Ислам чөйрөсүндөгү мусулмандарга барктуу, дөөлөттүү, сыйлуу адамдардан болгон. Элдер аны акылмандардын Султаны катары кадырлаган. Беш маал намазын үзбөй окуп, балдарды ислам шариятына үйрөтүп, мечитте дайыма элдерге Алла Тааланын ак жолун айткан аалым болгон. Бирок анын ислам дини боюнча карапайым мусулмандардын арасында жүргүзгөн түшүндүрүү иштери ошол кездеги бийлик ээлерине жакпагандыктан аны кодулай баштаган.

Бул адилетсиз жорукка нааразы болгон Бахауддин Валад үй-бүлөсү менен Балх шаарынан көчүп кетет. Ал Меккеге барып, ажы болууну чечет. Бул ыйык зыяратта атасы менен чогуу жүргөн Руминин жүрөгүнө дагы исламдын нуру жанат болуп кадалат.

Алар ажылыкка зыярат жолунда Нишанур, Багдад шаарлары аркылуу өтүшөт. Багдад шаарына кире бергенде алардын кербенин токтотуп, силер кайдан келе жатасыңар, кайсыл уруудан болосуңар? - деген суроо менен кайрылышат. Буга төмөндөгүдөй жооп бериптир: Бахауддин Валад «Биз Алла Тааланын жиберген жупуну, мусаапыр мусулмандарыбыз. Ал бизди ыйык зыяратка жөнөттү, биз кайра Алла Таалага барабыз. Алла Тааладан кудуреттүү эч кимди көрө албадык. Ал биздин жалгыз жаратуучубуз.

Сакчылар жолооочунун бул сөзүн дароо Багдаддын шейхи Шехабеддинге жеткирет. Көп өтпөй эле шейх, жоон топ атчандар менен жетип келип, Бахауддин Валадди зор урмат менен тосуп алып, аны өтө сыйлай турганын билдирип, колунан өөп, дуба сураган экен.

Атактуу, бийик даражалуу Багдад шаарынын шейхи Шехабеддин өзү келип, атасына таазим кылып тосуп алышы, үч күн катары менен зор урмат кылып сыйлашы Мевлянаны абдан таң калтырды. Эмне үчүн менин атамды эч бир тааныбаган, улуу даражалуу шейх урматтап тосуп алды экен. Көрсө, Алла Тааланын ыйык амалдарын, осуяттарын чечендик менен, акылдуулук менен калың элге жеткирген аалымды сыйлоо - Алла Тааланын өкүлүн сыйлоо менен барабар турбайбы. Мына, Ислам динине болгон бекем ишеним, чексиз сый, урмат.

Мевляна атасы менен кошо Багдад, Дамаск, Куфа, Малатия, Эрзинджан, Караман жана Кония шаарларында болду. Ал эми Конияда алар түбөлүктүү жашап калышты. Бул дагы Алла Тааланын буйругу, каалоосу менен жасалган амал эле. Таш түш таалайыңдан, кум түш кудайыңдан дегендей, аларга кудай Конияны буюрган экен.

Мевлянанын ислам динине болгон ашыктык кумары өзгөчө ыйык ажылык сапар кезинде күч алган, өөрчүгөн, өнүккөн. Ошол зыярат мезгилинде Нишанур шаарында атасы Бахаддин Валад шейх Фериддин Аттар (1119-1221-жылдар жашаган) менен жолугуп, ислам дини жөнүндө көпкө маек курушат. Мевлянанын берген суроолоруна таң калган шейх, абдан ыраазы болуу менен ага «Эраркаме» (Китептин сыры) деген философиялык ой толгоолорго жык толгон эмгегин тартуулаган. Алар шаардан кайтып жатканда Мевлянанын атасына кайрылып төмөндөгүдөй ой-пикирин айткан экен: «Көп убакыт өтпөй бул жаш өспүрүм карапайым элдердин жүрөктөрүнө ыйык жалын тартуулайт. Алардын бирден-бир сүйүктүү мээрман адамы болот». Кандай көрөгөчтүк, кандай билермандык. Балким шейхтин көзүнө Мевлянанын жүрөгүндөгү ислам динине болгон ашыктыктын жалындап тутанып келе жаткан кызыл чоктору көрүнүп тургандыр. Капырай, кереметин карасаң. Мевляна атасын ээрчип Дамаск шаарына келгенде шейх Акбар менен жолугушушат. Атасынын аркасында унчукпай баарын угуп турган жаш жигитти көрүп шейх өзүнүн ички сезимин жашыра албай:

- Оо, Алла Таала деңиздин артынан чыккан зор океан келе жаткансыйт! - деп суктанган экен жарыктык. Көрдүңүзбү! Атасы ислам динин таратуучу деңиз болсо, баласы океандай зор күчкө ээ деген түшүнүк. Ага эң туура баасын берген. Шейх Мевлянанын жалындаган көздөрүнөн исламга болгон зор сүйүүнү, ашыктыкты окугандыр.

Мевлянанын атасы каза болгондон кийинки окутуучу –устазы атасынын досу Саид Бурханнедин Тырмыз болгон. Ал 24 жашынан баштап 33 жашка чейин Саид Бурханидден окуп билим алган. Мевляна өзүнүн сүйүктүү устазы Саид Бурхан жөнүндө «Месневи» аттуу кол жазмасында төмөндөгүдөй эскерет: «Жетилгин, бирок бузулуп кетпе (көпкөлөң тартпа)… Бурхан сыяктуу алгалагын жана даңтагын. Өзүңдү таанып, өзүң жөнүндө унутсаң, анда сен Бурханга окшошосуң. Өзүң жөнүндө ойлонбогун анда сен бардык даражага ээ болосуң». Көрдүңүзбү өзү тарбия алган сүйүктүү агайынын эң жөнөкөй, бирок барктуу, ардактуу ийгиликтерин философиялык ой жүгүртүү менен түшүндүрүлгөн.

Дайыма өз билимин жогорулатууну эңсеген Мевляна, устазы Саид Бурханиддин макулдугу боюнча Халеб жана Дамаск шаарларында эң атактуу аалымдардан ислам укуктары боюнча сабак алат. Ал эми Дамаск шаарында 4 жыл жашап, илимий иликтөөлөргө кызыгып, көптөгөн кол жазмаларды окуп, окумуштуулардын жума сайын өткөрүлүүчү жыйындарына катышып, алар менен жакындап таанышууга мүмкүндүк алган.

Ислам дининдеги анын эң мыкты насаатчыларынын бири -Шемседин Тебризи 60 жашында, 1244-жылы 29-ноябрда Конияга келген. Ошол мезгилде Мевляна 38 жашка келген эле. Алардын эмне үчүн бири-бирине жакын болуп кетти. Анткени алардын Алла Таалага жакындоо тилеги бир болгон. Көз караштарынын, ой-толгоолорунун окшоштугу аларды бириктирген. Мевляна ошол күндөр жөнүндө төмөндөгүдөй эскерет: «Сүйүшкөндөр, бири-бирине ашык болгондор кандай гана тоскоолдуктар болбосун ашыгына жетүүгө аракеттенет. Көздөгөн максат чексиз болгондо махабаттын өзү да бир мүдөөгө айланат. Махабаттын мүдөөсү Кудай болот. Биздин сүйүүбүз Алла Таалага багышталат. Суусагандар, чаңкаган тили оозуна батпай бир ууртам суу издейт. Оо жараткан, ошол бир ууртам суу дагы чаңкаган адамды издеп суусунун кандырсам дейт».

Мына, Алла Таалага болгон таза сүйүүнүн философиясын Мевляна кандай гана керемет менен чагылдырган. Мевляна Шемседдинге жолукканда, Алла Таала жөнүнүдөгү ойлонуусу калыптанган, өз мезгилге бышып жеткен. Шамседдин болсо Мевляна үчүн бул дүйнөнү билип таануунун күзгүсү катары, ага руханий сезимдерди жаратууга дем, күч берген. Ал Алла Таалага болгон чексиз сүйүүсүн Шемседдин аркылуу тааныган. Эгерде Мевляна ачыла элек роза гүлү сыяктуу болсо, анын бажырайып ачылышына түрткү болгон сыйкырдуу күч бул Шамседдиндин насыят гүл дестесинен келгендей.

Мевляна өзү устатына, анын акыл кеңешине, Алла Таала жөнүндө айткан асыл осуяттарына ашык болуп Шамседдинди Кониядан, Дамаскыдан издеп жүрдү.

Ошол мезгилди ал мындайча эскерет: «Экөөбүз бири-бирибизден алыс турсак дагы, бир жарыктай жаркырап жанып турабыз. Мени карагын, аны кара. Оо далбастагандар, издешкендер! «Мен акмын, Ал –Мен». Биз ажырагыс, бир бүтүнбүз, биздин эңсөөбүз, ойубуз, пикирибиз ажырагыс».

Устатын эңсөөдөн, куса болуудан, саргайган сагынуудан жаралган ырлар Алла Таалага болгон ашыктыгын күчөткөн. Ошол мезгилдерде Мевляна темир усталардын узанганына суктанып, асман бийин бийлеп, чарк айланып өзүн алаксыткан. Бирок Ислам классиги, анын көрүнүктүү өкүлү катары жалпы мусулмандарга өзүнүн философиялык сүйүктүү жагымдуу поэзияларын жарата берген. Мевлянанын ашыктык ырларына шыктанган Туркестандык Ахмет Ясавинин ырларында окшоштуктардын бардыгына күбө болдук:

«Ашыктыктан болдум дубана,
Билбеген муну бир жан жок.
Калбады кайгы сенден башка,
Күн-түн сен деп болдум чок».

Мевляна кийинки жандай көргөн курбулары, сары майдай сактаган сырларын ачышкан достору, анын эки саптан турган ырларынын маңызын түшүнгөн пикирлештери Шейх Саляхаддин, Челеби Хюсамеддин менен өмүрүнүн кызыктуу, маңыздуу күндөрүн өткөргөн. Өзгөчө Челеби Хюсамеддин менен бирге өткөргөн 15 жылдык өмүрү текке кеткен жок. Челебинин өтүнүчү боюнча Мевляна «Месневи» аттуу өлбөс-өчпөс кол жазмасын биргелешип жазып бүтүрүшкөн. Ал чыгарма 1259-1261-жылдары кагаз бетине түшүрүлүп, 1264-1268-жылдары оңдолуп, такталып кайрадан жазылган. Бул ырлар менен Алла Таалага ашык болгондордун, сүйүшкөндөрдүн көңүлүнө толгон Ислам классигинин жаркылдаган эмгеги болуп бүгүнкү күнгө чейин адамдардын жүрөгүнө сакталып келет.

Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө, ал мусулмандарга өзүнүн акыркы керээзин айтып кеткен экен.

«Эй момун мусулмандар! Силер баарыбызды жараткан ырайымдуу Алла Тааладан корккула. Азыраактан оокаттанып, азыраак уктап, аз сүйлөп Алла Таалага сыйынып, беш маал намазды үзбөй окуп, шайтандын азгырык тилинен алыс болуп, барга жокко чыдаган, ак жолдо жүргөн, момун мусулман болгула! Алла Таалага жалынгыла, урматтагыла».

Мухаммед Желаладин Руми Мевляна өзүнүн эки сап ырларында бул дүйнөдөгү жаратылыштын кубулуштарын, адам баласынын жашоосундагы өкүнүчтөрдү, кубанычтарды, жеңиштерди, жеңилүүлөрдү, ак менен каранын философиялык ой толгоолору аркылуу так, даана чагылдырып берген. Бирок, өзүнүн Ислам динине, Алла Таалага болгон билдирүүсүн эч убакта танган эмес.

Түркестандагы мусулмандардын арасында Мевлянанын окуусун тараткан, тааныткан аалым Ахмет Ясави дагы өз ырларында анын ойун, кыялын кайталап, Алла Таалага болгон ашыктыгын мындайча билдирет:

Ашыктыктан мен сага дубана болдум,
Жумурай журтка маалым болдум.
Күнү-түнү Сенин кайгыңды чектим мен,
Мага жалгыз сен керек болдуң.
Сөз сүйлөсөм тилимдесиң,
Көзүмдү салсам карегимдесиң.
Көңүлүм менен жанымдасың
Мага жалгыз сен керексиң (Алла Таала)!

Ахмед Ясави дагы Мавлянанын Ислам дининдеги асыл ойлорун, адеп-ахлак, таалим тарбия маселелерин момун мусулмандарга ыр саптары менен жеткирүүдө чоң күч, дем болгон.

Андыктан, биз сүйгөн, урматтаган, кадырман Мавлянын окуулары эч убакта өлбөс-өчпөс болуп сакталып калат. Ал дүйнө жүзүндөгү момун мусулмандардын жүрөгүнө асыл тумар болуп кадалып, ал жүрөктөрдөн кайрадан жалын болуп жалбырттап алоолонгон өрткө айланып, өзүнүн ысык илебин дайыма мусулмандарга тартуулай бермекчи.

Башына