Сегизинчи сан

Журналдын сегизинчи саны

Руханий тарбия жана теология факультети

Мазмуну

Док. Доц. Хидайет Айдар
ОшМУ
Арашан Гуманитардык Институту
Арашан теология факультети

Тарбия – бул алгачкы инсан Адам атадан баштап түбөлүк укум-тукумга улана турган жагдай . Куранда айтылгандай, Жараткан Алла Таала алгачкы инсан Адам атаны жараткан соң ага бардык нерселердин аттарын үйрөткөн. Куранда бул жагдай туурасында төмөнкүчө баяндалат: “Ал Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү...” (Бакара 31.) Муну тарбия тарыхынын башталгыч баскычы деп кабылдасак болот.

Мына, Улуу Жараткандын алгачкы инсан Адам атаны тарбиялоосу менен башталган тарбия жана илим ал күндөн бери токтолбостон уланып келүүдө. Адам атанын бул дүйнөгө жаралуусу менен жашоосунда башталган тарбия жана илим анын тукумунан келген ар бир инсандын жашоосунда эненин курсагында пайда болуусу менен башталып, өлгөнгө чейин уланат. Аз. Мухаммад (С.А.В.) : “Бешиктен кабырга чейин илим алгыла!”- деп, тарбия менен илим адам баласы төрөлгөндөн өлгөнгө чейин зарыл жараян экенин белгилеп кеткен.

Тарбия менен илимге маани бербеген адам жашоосунда көптөгөн проблемалар жана кыйынчылыктарга туш болуп, башка адамдарга караганда артта калат. Бул нерсе бир эле жеке адам үчүн гана эмес мамлекет үчүн да ушундай. Тарбия менен илимге маани бербеген мамлекеттер да башка мамлекеттерге караганда көп жагынан артта калат жана ар тараптан кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Тарыхта билим жана тарбияга өтө маани берген мамлекеттер маданиятка өтө чоң салымдарын кошуп, унутулбас издерди калтырып келет. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө эң жакшы жана эң сапаттуу билим берген өлкөлөр – эң алдыңкы өнүккөн мамлекеттер болуп саналат. Ушул себептен тбилим ар дайым уланып, өркүндөп туруусу зарыл.

Тарбиянын негизги өзөгү – инсан өзүн таанып билүүсү. “Өзүн таануу” жөнөкөй сүйлөм эмес, ал өтө терең мааниге ээ. Өзүн тааный билген адам жаратканды да таанып, өмүр бою ага жакшылык кылгандарды, үй-бүлөсүн, туугандарын, кошуналарын, мамлекетин жана инсандык сапатын, чындыкты, жакшылыкты, аракетчилдикти, сый урматты, сүйүүнү, боорукердикти, жардамдашууну, деги эле бардык жакшы мүнөздөрдү баалай алат. Ар бир кыймылын жоопкерчиликтин негизинде аткарат. Жаман иштердин акыретте сурала турганын билет. Бул жашоодо ар нерсенин өз каалоосуна берилгендигин байкап, өзүн жер жүзүндө эң кадыр-барктуу экенин аңдайт. Бул аң сезимдин негизинде иш кылат жана өзүнүн кадыр-баркына жарашпаган иштерден алыс болот. Өзү сыяктуу башка инсандар да ааламдын эң кадыр-барктуу адам экенин сезип, аларга сый-урмат кылып, эч убакта эч кимдин укугун тепсебейт.

Бул жерде өзүн таанууну толуктаган тарбия, руханий тарбия экени айкын билинип турат. Бардык пайгамбарлар инсандардын жашоосунда бул бузукулуктан арылып, жакшылыктар пайда болсун деп келишкен жана бардыгы руханий тарбия беришкен. Алар тарбиялаган адамдардын ар бири “үлгүлүү инсан” болушкан. Аз. Исанын тарбиясын алгандар “апостолдор”, ал эми Аз. Мухаммад Пайгамбарыбыздын тарбиясын алгандар “сахабалар” деп аталат. Ислам тарыхында Аз. Мухаммаддын тарбиясы менен тарбияланган жана ал убактардагы бири-бирине сый-урмат көрсөткөн жана бири-бирин сүйгөн сахабаларды “алтын муун” деп, жана алар жашаган доорду “бактылуулук доору” деп аташкан.

Ош Мамлекеттик Университети

Арашан гуманитардык институтунун теология факультети

Булардын бардыгы бизге руханий тарбиянын канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат. Биз да ушундай түшүнүктө Арашан теология факультетинде элибиз муктаж болгон үлгүлүү инсандарын тарбиялап чыгуу максатында окутуп жатабыз. Факультетибиз Кыргызстандагы ири университеттердин бири болгон Ош Мамлекеттик Университетинин карамагында иш алпарат. Ал Бишкек шаарына алыс эмес Арашан айылында жайгашкан. Биздин факультет 2000-2001- окуу жылынан бери кыргыз элине руханий жактан тарбия берип, кызмат кылууда.

Факультетибизде 180 ге жакын студент окуйт. Беш жылдык билим берүүнүн натыйжасында студенттерибиз жогорку билимдүү деген дипломго ээ болуп чыгышат.

Факультетибизде башка университеттерде окутулган мамлекеттик стандарттагы гуманитардык сабактар жана табият таануу сабактары менен бирге кесиптик сабактар да окутулат. Дин ишеним адабияты сабагында Куран же башка ыйык китептердеги тексттер пайгамбарлардын асыл сөздөрү, акыл-насааттары өтүлөт. Диндер тарыхы, мазхабдар тарыхы, диндер арасында диалог, дин ахлагы, дин үйрөтүү методдору, дин психологиясы, дин социологиясы жана ушул сыяктуу сабактар да окутулат.

Сабактар кыргыз жана түрк окутуучулары тарабынан өтүлөт. Факультетибизде кызмат кылган отузга жакын окутуучулардын көпчүлүгү кыргыз мугалимдер. Алар Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн өз кесиптери боюнча жогорку билимге ээ болушкан тажрыйбалуу окутуучулар. Алты окутуучу Түркиядан келген. Алар Түркиядагы чоң университеттерде иштешкен. Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде келишкен. Кыргыз болобу, түрк болобу, баарыбыз кыргыз студенттерине жакшы жана сапаттуу билим берүүнүн аракетиндебиз.

Факультетибизде билим берүү негизинен кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Буга кошумча орус, англис жана араб тилдери окутулат. Сабактан тышкаркы бош убактарда студенттер үчүн аталган тилдер боюнча атайын курстар ачылган. Студенттерибиз мындан беш тилди үйрөнүп чыгышат. Түрк тили сабагы кыргыз студенттерге түркчө үйрөтүү боюнча чоң ийгиликке жетишкен «ТӨМЕР» уюмундагы түрк окутуучулар тарабынан, арап тили Египеттик арап окутуучу менен Арап өлкөлөрүндө окуп келген кыргыз окутуучулары тарабынан, англис тили чет тил факультетин бүтүрүп, чет өлкөлөргө барып келген тажрыйбалуу окутуучу тарабынан, ал эми орус тили орус улутундагы окутуучу тарабынан окутулат.

Тил окутуу сыяктуу эле информатика сабагына да чоң маани берилүүдө. Информатика сабагын бул тармакта тажрыйбалуу окутуучу өтөт. Компьютердик лаборотория дайыма белгиленген программанын негизинде иштейт жана ар бир студент өзүнө бөлүнгөн убакыт ичинде компьютерде иштей алат.

Интернет да студенттерибизге түзүп берген мүмкүнчүлүктөрдүн бири. Лабороториябыздагы компьютерлерибиздин баары интернетке уланган. Студенттерибиз өздөрүнө бөлүнгөн убакыт ичинде каалашынча интернетке кирүүдө жана билим сайттарына кирип билимдерин арттырууда.

Факультетибизде спорттун түрлөрү боюнча да машыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Студенттерибиз факультеттин жатаканасында жатып окушат.

Жатаканада студенттерибизге үч маал тамак берилет. Жатаканада студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Билим берүү жана барды шарттары менен жатакана акысыз. Ашкана кызматынын жигердүү иштеши үчүн гана аз өлчөмдө студенттерден акча алынат.

Факультетибиздин бүтүрүүчүлөрүнө Түркиядагы кээ бир университеттерде аспирантурада окуу мүмкүнчүлүктөрү да түзүлгөн. Азыркы учурда кээ бир бүтүрүүчүлөр Түркияда ар кайсы университеттерде аспирантурада окуп жатышса, кээ бири Хасаки тарбия борборунда жогорку дин илимдерин бүтүрүп жатышат. Студенттерибиз кыргыз орто мектептеринде “адеп” сабагына мугалим боло алат жана муфтияттын карамагында казылык, имамдык жана медреселерде мугалимдик диний кызматтарды аткара алышат. Бүтүрүүчүлөрдүн кээ бири факультетибизде окутуучу жана асистент болуп иштеп жатышса, айрымдары эркин котормочу болуш иштеп жатышат.

Факультетибиздин алгы максаты – кыргыз элинин каада-салт жана үрп-адаттарына, өлкөсүнө элине мекенине жана адам баласына кызмат кылуудан эч жазбаган, улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат кылган аракетчил дин аалымдарын тарбиялоо. Жүз жылдар мурун азыркы Өзбекстандын ичиндеги Бухара, Самарканд жана Ташкент шаарлары өздөрү билим берип, тарбиялап чыккан жана бүткүл ислам ааламында кадыр-баркка ээ болгон аалымдар менен илим борбору абалына келгендей эле факультетибизден бүтүрө турган студенттерибиз менен Бишкектин да келечекте илим борборуна айлануусуна салым кошуу аракетин жасоодобуз. Ошондуктан, ар кандай аша чапкандардан узак, динди эч убакта саясий пайда үчүн колдонбогон, адамдарга сый-урматы болгон заманбап, техниканы колдоно билген аң-сезимдүү студенттерди тарбиялоо максатында окуу иштерин жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстандын келечеги үчүн руханий жактан салым кошуу жана бул тармакта кыргыз элине кызмат кылууну каалаган жаш атуул үчүн факультетибиздин эшиги ар дайым ачык.

Которгон Кубаныч Токонов

Башына