Жетинчи сан

Мазмуну
Урматтуу окурман!
Жадыраган жазга удаалаш Акбашат журналынын жетинчи саны кээбир жаңы маалыматтар менен толукталып алдыңыздарга чыга келди . Журналдагы бул толуктоолор жана көңүлө төп келген жаңылануулар бизди абдан кубанып турат. Сиздерден келген сунуштарга эске алып журналыбыздын кагаз сапатын жакшыртууну жана макалаларды жайгаштыруу жагына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү туура көрдүк. Бул жаңы өзгөртүүлөр сиздердин көңүлүңүздөргө туура келет деген ишеничтебиз. Январь, февраль айларында үй-бүлө тууралуу чыккан санга карата сиздердин ой-пикирлер жана берген бааңыздарга маңдай жарыла кубанып турабыз. Келээрки сандарда да нары маанилүү, нары кызыктуу тема саналган үй-бүлө тууралуу макалаларды жарыялай бермекчибиз. Сүйүкүү достор, журналдын дагы көп көп окулуусу жана талап кылынуусу үчүн сиздердин өзгөчө колдооңуздарды күтөбүз. Күн өткөн сайын Ак Башаттын абоненттеринин саны да артууда. Ак Башат эң ириде Жараткан Алла багыштаган күч-кубат, шык-жөндөмү, эл менен курулган тыгыз достуктун деми, окурмандарынын каалоо-тилеги менен нары маанилүү, нары турмуш көйгөйү саналган ар тараптуу кызыктуу макалаларды жарыкка чыгарып, иш-аракеттердин сапатын, ылдамдыгын, баалуулугун арттырып тунук башатка чаңкап турган эл менен өз ишин уланта бермекчи.
Урматтуу окурман!
Ак Башаттын бул санынын негизги темасы адамзатка ырайым кылынып жөнөтүлгөн Азирети Мухаммед (с.а.в) пайгамбарыбыз болмокчу. Өзүңүздөргө маалым болгондой алдыда улуу пайгамбарыбыз бул дүйнөнү шарапаттандырган апрель айы. Ушуга байланыштуу апрель айында жаамы Ислам дүйнөсүндө пайгамбарыбыздын жарык дүйнөгө келгенин куттуктоо үчүн ар түрдүү иш-чаралар уюштурулууда. А биз болсо ибиратка жык толгон анын жашоосунун көз ирмемчелик учкундарын, анын пайгамбарлык жана кишилик сапатын, башынан өткөргөн үлгүлүү окуяларды сиздерге чагылдырууга аракет кылдык. Өлкөбүздө Куттуу жумалыкка байланышкан салтанат, ар түрдүү иш-чаралар Кыргызсан мусулмандарынын диний башкармалыгынын көзөмөлдөөсү алдында даярдалууда. Кудай буйруса апрель айынын орто ченинде көптөгөн мусулмандар жолугуп, улуу пайгамбарыбызды чогуу эскерип, ага салаваттарды айтуу мүмкүнчүлүгүн ээ болобуз. Биз Ак Башаттын бул санына кошуп пайгамбарыбыздын акыркы кутбасын-насааттарын, осуяттарын брошюра түрүндө чыгарып журналыдын белеги катары сиздерге таратууну туура көрдүк. 1215-жылы Англия Королуна кабыл кылдырылган укуктук жыйнак (Manga Charte) Батыш коомчулуганда адам укуктарынын ыйыктыгын, назиктигин даңазалаган билдирүү катары таанымал, бирок адам укуктарынын ыйыктыгы жаатындагы алгачкы билдирүүнү Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз мындан он төрт жарым кылым мурда Коштошуу Кутпасында даңазалап кеткен. Укуктук тарыхтын терезесинен караганда Коштошуу кутбасы, албан түрдүү ашуусу бар жашоодо адамбаласынын келечегине кедергисин тийгизе турган ажайып коркунучтуу көйгөйлөрдү жойгон биринчи укуктук билдирүү болуп эсептелет.
Урматтуу окурман!
Бул сандын негизги экинчи маселеси катары Ислам дининин Орто Азиядагы тарыхый баскычтарын иликтеп сиздерге жеткиргенге аракет жумшадык. Бирок бул иликтөөлөрдү бир чоң ишке киришүү таризинде кабылдаңыздар. Анктени ушул темадагы макалалар Ак Башаттын кийинки сандарында жарыяланып турмакчы. Айтмакчы аталган тема тууралуу жалпы окурмандардан да такталган тарыхый макалаларды күтөбүз. Акбашаттын ак дилдүү мырзалары жалпы кыргыз коомчулугун нооруз майрамы менен куттуктайт! Нооруздун келиши менен жаңыдан жанданып, жашылдана баштаган табияттын сулуулугу сымал бардык мусулмандардын жандүйнөсү аруу руханиятка толсун, жакшырып жаздай кулпурсун деп тилейбиз. Келерки санда жакшы маанай менен жолугушканча аман болуңуздар!