Жетинчи сан

Түркмөнстан Мамлекети
Мазмуну
Расмий тили : Түркмөн тили
Борбору: Ашхабад
Башкаруу системасы: Мамлекет
Президент: Гурбангули Бердимухамедов
Аянт бирдиги: 488,100 km²
Дүйнө жүзүнүн 4.9%'ын ээлейт,
52. эң кенен өлкө.
Калктын саны: 4,952,081 (2005)
Эгемендүү: 27-Октябрь 1991ж.
Улуттук киреше: Киши башына 7,266 Америка доллары.
Улуттук акча : Манат.
Интернет аты: .tm
Телефон коду : +993
Түркмөнстан Мамлекети
1991-жылы 27-октябрда эгемендүү мамлекет болгон. Акча бирдиги Манат, башкаруу системасы мамлекеттин колунда. Түркмөнстан Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Конферанция Өргүтү, Эгемендүү Мамлекеттер Уюму сыяктуу эл аралык курумдарга мүчө болуп эсептелет. Өлкөдө мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да жеке телевидениялар бар.
Иран, Ирак, Сирия, Анадолу Түркмөн урууларына байланыштуу болгондор үчүн «Түркмөн» сөзү колдонулат. Түркмөндөр Түрктөрдүн Огуз уруусунан.
Айрыкча Шафави өкүмдары Надир Шахтан кийин ар түрдүү коомдордун чабуулдарына учураган Түркмөндөр 1835-жылдан кийин Мерв өрөөнүнө карай жайыла башташкан. 1860-жылында Говшут Хандын колдоосу менен Фарстарды кыйроого учуратып, өз эгемендүүлүгүн жарыялашкан.
1873-жылы Орустар Хиваны басып алса да, арадан көп өтпөй жеңилүүгө учурашкан. 1916-жылы башталган Түркстан улуттук көтөрүлүшү учурунда 1920-жылы түркмөндөр Хиваны кайра кайтарып алышкан.
1924-жылы Түркмөн Советтик Социалисттик Республикасы түптөлгөн. 1991-жылдын 27-октябрь күнү көз карандысыз эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган. Бүгүнкү күндө экономикалык жактан Орто Азиянын алдыңкы өлкөлөрүнүн бири. Түркмөнстандын көз карандысыздыгын эң биринчилерден болуп Түркия мамлекети тааныган.
Түркмөнстан премьер министрлик тарабынан башкарылат. Баш мыйзам боюнча Түркмөнстан демократиялык жана секулярдык мамлекет. Объективдүү статусу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабылданат. Калк улуттук башкаруунун эң жогорку аткаруучусу болуп эсептелет. Айрыкча мыйзам алмашуулар, референдум, өлкөнүн экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүнө жол көргөзө турган негизги маселелерде ар кандай сунуштарды тартышуу жана макулдук алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок калк өкүм чыгаруу органы эмес. Түркменистандын өкүм чыгаруу органы мажлис. Эл койулган өкүмдөрдү Мажлис тарабынан аткарышат. Мажлис мыйзамдын даярдалуусу жана алмаштырылуусу, закондордун койулуусу, парламенттик жана министрлик шайлоолордун убакыттарынын белгиленүүсү, премьер министрдин орун басарлары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин кабыл көрүлүүсү, Бюджеттин көзөмөлдөнүүсүндө да таасирлери бар. Түркмөнстанда жалгыз гана бир партия бар.
Түркмөнстан 1993-жылы 12-апрелден баштап расмий түрдө Кирил арибинен Латын арибине өткөн. Түркмөнстанда 8 жылдык окуу милдеттүү түрдө окутулат. Магтимгули Мамлекеттик Университети, Түркмөнстан Билимдер Академиясы жана Түркмөн- Түрк Университети ж.б. жогорку окуу жайлары бар.
Түркмөнстан электр тармагында бай өлкө. Өлкөнүн экономикасын негизинен пахта, табигый газ жана нефть түзөт.
Дыйканчылык
Түркмөнстанда эгилген негизги дан; арпа, буудай, жүгөрү, шалы, пахта, коон, арбуз, жүзүм. Түркменстан Орто Азияда Өзбекстандан кийинки экинчи пахта чыгаруучу өлкө.
Өнөр жай жана Кеңчилик.
Өсүмдүк жагынан кедей деп каралган Түркмөнстан кең байлык жагынан болушунча бай. Металлдарды иштетүү жана энергия сектору, колундагы мол минерал булактары себеби менен өнөр жай өстүрүүдө маанилүү орунга ээ. Мамлекеттин иштетип жаткан негизги табигый булактары; табигый газ, хром, коргошун, нефть, йод жана башка ушул сыяктуу кен байлыктары бар.
Экономиканын негизи: табигый газ жана нефть.
Түркмөнстан электр энергиясын чыгаруу жана башка дагы энергиялык булактары, өзгөчө табигый газ жагынан бай өлкө. Мамлекеттин экономикасынын негизин табигый газ жана нефть түзөт.
Түркмөн башы
Түркмөнбашы Сапармурад Ниязов абдан тажрыйбалуу төрага эле. Ал мамлекеттик акчага өзүнүн сүрөтүн бастырып, бардык коомдук курулуштарга өзүнүн атын койдурган. Ата-энесине улуттук баатыр деген наам ыйгарган. Ал Рухнама китебинин автору. Рухнама жөнүндө түркмөнбашы Сапармурад мындай дейт: «Рухнаманы бир күндө үч жолу окуган адам бейишке кирет»
Ал Түрмөнстандагы 70 метрлик эң бийик мунара саналган «Бейтараптык мунарасынын» жанына колодон өзүнүн эстелигин тургузган.
Рухнама китеби мамлекет тарабынан ар бир Түркмөн жараны үчүн ыйык жана жол көргөзүүчү катары кабыл алынган. Башталгыч мектептерден докторлук жактаган студенттерге чейин бардык адамдар тарабынан окулуусу керек. Бул китеп Япон, Урдун, Фарс жана Кытай жана башка тилдерге которулган. Түркмөнстан Мамлекеттик университетинде Рухнама факултети ачылган.
Орто мектептин программасы боюнча ар бир сабактын алгачкы 15 мүнөтүндө Рухнаманын окутулат. Ошондой эле бул китеп тууралуу да бир топ докторлук диссертациялар жазылып жатат.
Мамлекеттик мекемелер үчүн «Рухнама сааты» аттуу программа иштелип чыккан. Мында ар ишемби күнү жумушчулар тарабынан Рухнама баштан аяк окулушу кажет. Асыресе, Түрмөнстанда ишемби күнү «Рухкүнү» деп жарыяланган. Ал күнү ар бир түркмөн баласы Рухнаманы окуп руханиятын күчтөндүрүүсү керек.
Ошондой эле Рухнаманын койулчу жери да белгиленген; мечитте Кураны Каримдин, чиркөөдө Инжилдин жанына коюулуп ыйык китептерге көргөзүлгөн сый-урмат ага да көргөзүлүшү керек.
Рухнамага каршы сын-пикир айткан адам дароо жазасын алат. Буга мисал катары Түркмөнстанда атагы чыккан рухий көсөм Насруллах Ибадуллах Рухнаманын мечиттерде Кураны Каримдин жанына коюлуусуна каршы чыккандыгы үчүн 2003-жылы милдетинен четтетилген. Арадан бир жыл өтпөй Насруллах көсөм «Ата-Мекенге чыккынчылык кылды» деген айып менен 22 жыл түрмөгө отургузулганы айтылат.
Түркмөнстанда президенттик шайлоо болуп өттү.
2007-жылы 11-февралда Түркмөнстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоого алты талапкер мандатын койгон. Мында Гурбангули Бердимухаммедов атаандаштарынан алдыга озуп чыгып, Түркмөнстан мамлекетинин президенттик кызматын аркалады.
Которгон: Абдуллах Айдоган Калабалык