Жетинчи сан

Журналдын жетинчи саны

Молдо Кыргыз медресеси жана Нурмолдо

Мазмуну

Кубаныч Айдарбеков
aydarbekovk@mail.ru

Наркул уулу Нурмолдо 1838-жылы Алабука районуна караштуу Коштерек айылында туулуп, 1920-жылы дүйнөдөн өткөн. Сөөгү Коштерек мазарына коюлган.

Нурмолдо тууралуу ушул күнгө чейин эл оозунан алгачкы маалыматтарды топтогондордун эң башында Калмурат Рыскуловдун аты турат (Нурмолдо, Замана, Алабука, 1995; Молдо Кыргыз Медресесиндеги ырлар, Алабука, 1997). Ошондой эле Аскар Какеев да «Нурмолдонун философиясы» деген макала жазган. Ал эми Советбек Байгазиевдин «Нурмолдо-XIX кылымдын тунгуч агартуучу-педагогу жана эне тилдин даанышман патриоту» (Бишкек, 2005) китепчеси жарык көргөн.

Калмурат Рыскулов эл оозунан, кол жазмалардан чогултуп, биз билбеген Нурмолдону элге кеңири таанытты.

Ата теги:

Ата-бабасы Аксыкент шаарында жашап өткөн Сайфаддин Аксыкенти «Мажму-ат таварих» кол жазма тарых китебинин автору болуп эсептелет. Анын уулу Навруз Мукаммет 1620-жылы Аксыкент шаары жер титирөөдөн кыйрагандан кийин Наманган шаарына көчүп келген. Эң улуу баласынын атын Кыргызбай койгон. Кыргызбай молдо болгондуктан өз демилгесин коюп медресе курдурган. Убакыттын өтүшү менен ал медресе «Молдо Кыргыз медресеси» деп аталып калган. 1912-жылы ал медресени кыргыз-кыпчактар биригип бышкан кирпич менен мурунку имараттын дал өзүндөй кылып кайра курушкан. Азыркы күндө да ал медресенин аты өзгөртүлгөн жок.

Мына ошол Молдо Кыргыздан (Кыргызбай) Атыжок, андан Каракычкан, Каракычкандан Молдотемир, анын уулдарынан Наркул чыккан. Ал эми Наркулдун уулу Нурмолдо болгон.

Молдо Кыргыз медресеси жана Нурмолдо:

Бул медресе ал кезде Түркстандын алдыңкы медреселеринин катарына кирген. Ал медреседе жалаң эле дин сабактары эмес, тил, тарых, астрономия, медицина илимдери да окутулган. Узак мезгилдер бою кыргыз элинин таанымал атуулдарын окутуп, сабаттуу, билимдүү кылып чыгарган. Мисалы, ал медреседен бүткөн талабалар (окуучулар) Алымбек датканын медресесинде сабак беришкен.

Нурмолдонун алгачкы билими Коштеректе 9 жашында баштаган. 2 жылда ийгиликтерге жетишкенин көрүп, устаты Намангандагы Молдо Кыргыз медресесине жолдомо жиберген. Ал жердеги мугалимдердин талабы менен көрсөткөн китептерин алып бир жылдан кийин сынак аркылуу медресеге өткөн.

Ал талабалык (окуучулук) мезгилинде эле илимге көрсөткөн аракети менен сабак бере турган даражага жеткен. Медресени бүтүргөн соң ал жерде мугалимдикке калтырылган.

Нурмолдо өз билимин жогорлатуу үчүн көп изденип окуган. Нурмолдонун барбаган эли, көрбөгөн жери калган эмес. Урумчу, Казань, Индия, Кашкар, Кашмир, Мекке жана Мединага чейин өнөр-билимин өркүндөтүүгө сапар тарткан.

Нурмолдо бир нече тилде (араб, фарс, чагатай түрк тили) сүйлөп жана жазып эле тим болбостон ырдай да билген. Анын аты улуу ойчул, олуя, акын, педагог, патриот катары эл оозунда таралган. Ошол эле мезгилде Нурмолдо Токтогул, Жеңижок сыяктуу улуу акындардын устаты болгон.

Токтогул аны мындайча баяндаган:

Көздөрүндө огу бар,
Колдорунда чогу бар.
Устатыбыз Нурмолдо
Уламада жогу бар.

Жеңижок:

Пайгамбар мөөрүн көрсөткөн
Карматып калем оң колго.
Илимий жолго жетелеп,
Тай-тайлаткан Нурмолдо.

Нурмолдо Алабука, Аксы районундагы Карасуу, Коштерек, Суусамыр, Үчтерек, Аксуу, Тегене сыяктуу айылдарда жашап, кээ биринде түнөп, мечит ачтырып, арчанын көмүрүн бор катары колдонуп, балдарга сабак берген. Нурмолдонун мечит-мектебинде биринчи орунда кыргыз тили турган. Алгач кыргыз тилинде сабак өтүлгөн. Мечиттин классында кыргыздын ырлары, дастандары, санжыралары, кошоктору, обондору жаңырган. Балдар араб тамгасы менен кыргыздын поэтикалык тексттерин көркөм окушуп, ырларды жатка айтышкан, эпостордон үзүндүлөрдү угушкан, табышмак айтышкан. С. Байгазиев баамдагандай, Нурмолдо берген сабактарында теориядан пркатикалык багытка көбүрөөк көңүл бурган.

Нурмолдонун нускоолору:

Шакирттерине акыл насааттарын өзү оозеки айтып жаттатып, жаздырып, үн чыгарып окутуп айткан. Алардан кээ бирлерине токтолсок:

Адам болсоң ак жүр,
Алыш-беришке так жүр.

Ырыс бербес жер болбойт,
Ынтымак болбой эл болбойт.

Адил болсоң – суудай бол,
Кирди жууп кетиргин.
Бийик болсоң – тоодой бол,
Чапкан аттар жетпеген.

Көзүң ооруса колуңду тый,
Ичиң ооруса тамагыңды тый.

Адал жүргүн – арам болбо,
Сакы болгун – сараң болбо.

Баталуу кул арыбас,
Батасыз кул жарыбас.

Элинин атын унуткан,
Өзүнүн атын куруткан.

Сааркы келген ачууңду,
Кечкурунга сактагын.
Кечки келген ачууңду,
Экинчи күнгө таштагын.
Ага чейин аябай,
Сүрсүп калат акмагың.

Табиятты сактабасак,
Тынчыбайт санабыз.
Жер түгүн сактабай,
Кырып алабыз.
Анан өзүбүз кайда барабыз?

Табиятты тоногонуң,
Жамиятты жоологонуң.

Балдарга ырайымдуулукту үйрөтпөсөк,
Өзүбүздүн ыйманыбыз күйүп кетет.

Паракорлуктун шарты:

Араандай ачылгандык алкы:
Кыңк этпес кулчулуктун салты.

Алдамчылыктын анабашы – калп айтыш,
Жансапкорлукту мактап дарт айтыш.
Көрмөксөн болгондук,
Эки жүздүү ойрондук.
Билмексен болгондук,
Ыйманын жутуп койгондук.

Муңбай иштеп жүрүбүз
Аалам – баарыбыздын үйүбүз
Ак болбосо үйүбүзгө сүйүүбүз
Мүмкүн экен тозок отуна
Куйкаланып күйүүбүз.

Өз үйүңдө жакшы жашаганың,
Дүйнөгө салым таштаганың.

Жаштарды өнүктүрүш,
Жакшылыкка көнүктүрүш.

Жамандыкты адамдык жеңет.
Адалдык – амандык алып келет.
Арамдык– жамандык алып келет.

Мамлекеттин жаңылыштыгы-
Бир инсандын күнөөсү эмес,
Миң акылмандын акылсыздыгы.

Эки жүздүүлүк өзү да эки түстүү
Эл максатын көздөөнүн эки жүздүүлүгү
Жан сактоонун эки жүздүүлүгү!
Биринчиси – Эл үчүн,
Экинчиси - өзү үчүн.
Эл үчүн эки жүздүүлүк,
Өлбөстүккө алып барат.
Өзүмчүлдүк - көрбөстүккө такалат.

Биз бул макала менен жумурай журтка өз элибиздин чыгаан акылманы, акын, олуя, педагог, патриоттордун катарына кирген Нурмолдо туралуу аз да болсо маалымат берүүнү туура көрдүк. Ал бир гана медресе талим-тарбиясы менен чектелбестен карапайым элге да илим туусун жеткизүүгө аракет көрсөткөн. Анын айрым ыр-саптарынан мисал келтирип, адам баласына коомдо ар дайым керек болгон сапаттар, тарбия-кеңештер азыркы күндө жана узак кылымдар бою өз салымын кошооруна күмөн жок.

Башына