Жетинчи сан

ИМАМ МАТУРИДИ ЖАНА МАТУРИДИЙ МАЗХАБЫ
Мазмуну
Аалымдар тарабынан Шейх, Шайху аль-Ислам, Имаму аль-Худа (туура жолго баштоочу), Аламу аль-Худа (туура жолго багыттоочу маяк), Раису машаайихи Самарканд (Самарканд шейхтеринин башчысы), Имаму Ахли ас-сунна (Ахли сүннөт имамы) жана Имаму аль-мутакаллимиин (калам илими менен алектенгендердин башчысы) сыяктуу такма аттары менен да аталып келген Имам Матуридинин толук аты Абу Мансур Мухаммед бин Мухаммед бин Махмуд аль-Матуриди ас-Самарканди аль-Ханафи.
Имам Матуридинин туулган жылы тууралуу так маалымат жок. Ошентсе да, айрым маалыматтарга таяна турган болсок, ал болжол менен 852-жылдары (хижра боюнча 238-жыл) Мавараауннахрда (Мавараауннахр – азыркы Борбордук Азия, т. а. Аму Дарыясынын чыгыш тарабы) Матурид деген айылда төрөлгөн. Матурид айылы азыркы учурда Өзбекстандагы Самарканд шаарына жакын жерден орун алган. Тарыхый булактарда да өмүр баяны тууралуу өтө аз маалымат берилген Имам Матуриди Саманиддердин Мавараауннахрга өз бийлигин жүргүзүп турган мезгилде жашаган. Ал эми Имамдын 944-жылы (х. 333-жылы) Самаркандда көз жумгандыгы тууралуу так маалыматтар бар.
Имам Матуриди Ислам дини үчүн көп эмгек кылган жана зор салым кошкон аалымдардын башында турат. Ал Мавараауннахрда Ахли сүннөткө таандык болгон калам мектебинин куруучусу жана башкы өкүлдөрүнүн бири болуп эсептелет. Күнүбүзгө чейин келип жеткен «Тавилату аль-Куран» жана «Китабу ат-тавхид» сыяктуу эмгектеринен Имам Матуридинин калам, тафсир, мазхаптар тарыхы, фикх (ислам укугу) жана анын усулу жааттарында да терең билимге ээ экендигине күбө болобуз.
Ал кездерде Самаркандда Абу Ханифанын (Имам Азамдын) итикадий жана фикхий көз караштарынын философиялык жана теологиялык негиздери аябай талашып-тартышылган Дару аль-Жузжанийя аттуу такма аты менен белгилүү болгон маанилүү билим борбору болгон. Имам Матуриди да ошол жерден өнүп-өскөн. Устазы Абу Наср аль-Иязиден кийин анын ордуна отуруп, ал борбордун башчысы болгон.
Анын устаздарынан бизге белгилүү болгондору төмөнкүлөр: Абу Наср Ахмад бин Аббас бин Хусайн аль-Иязи, Абу Бакр Ахмад бин Исхак бин Салих аль-Жузжани, Нусайр бин Яхя аль-Балхи жана Мухаммед бин Мукатил ар-Рази. Алардын устазы болсо Имам Азамдын көрүнүктүү шакирттеринен билим алган Абу Сулайман бин Муса бин Сулайман аль-Жузжани болуп эсептелет. Имам Матуриди өзүнүн устаздарынан Имам Азамдын акыйдага (ишеним негиздерине) байланыштуу «аль-Фикху аль-акбар», «ар-Рисаала», «аль-Васийя», «аль-Фикху аль-абсат», «аль-Аалим ва аль-мутааллим» аттуу эмгектерин көңүл коюу менен окуп чыккан. Ошондой эле, Имам Матуриди имам (улуу аалым) наамына татыктуу болгон Абу аль-Касым Исхак бин Мухаммад бин Исмаил аль-Хаким ас-Самарканди, Абу аль-Хасан Али бин Саид ар-Рустугфани, Абу Ахмад бин Абу Наср Ахмад бин Аббас аль-Иязи, Абу аль-Лайс аль-Бухари, Абу Мухаммед Абдулкарим бин Муса аль-Паздави сыяктуу чоң аалымдарды жетиштирген. Бул аалымдар өздөрүнүн устазы Имам Матуридиге болгон урмат-сыйынан улам Мавараауннахрда Матуридийя мазхабын өз далилдери менен далилдеп, чечмелеп түшүндүрүп, ал мазхапты жайылтууга аябай эмгектенишкен.
Имам Матуриди Мавараауннахр аймактарына чейин келген Мутазиладан башка Дахрийя, Санавийя жана Карамита сыяктуу туура эмес идеологиядагы диний агымдар менен дайыма күрөшүп келген. Анын «Китабу ат-тавхид» аттуу эмгеги жогоруда айтылып өткөн бидъат мазхаптарын ар кандай далилдер менен алардын туура жолдо эмес экендиктерин тастыктаганга аябай жан үрөгөндүгүн айгинелеп турат.
Имам Матуриди калам, фикх, фикх усулу, мазхаптар тарыхы жана кыраат жааттарында көптөгөн эмгектерди калтырып кеткен. Бирок, анын эмгектеринин көпчүлүгү сакталбай, ошол кездердеги ар кандай басып алуучулук, талап-тоноочулук, оопат-кырсыктардан ж.б.у.с. себептерден улам азыркы күнгө чейин жетпей калган. Жоголгон эмгектеринин көбү Мутазила, Харижи, Рафизи жана Шиит-Кармати өңдүү агымдарды сындап жазган эмгектери менен фикх жана анын усулу тууралуу жазылган эмгектери болчу. Анын эмгектеринен болгону кырктай кол жазмасы болгон «Тавилату аль-Куран» аттуу тафсир китеби менен ааламда жалгыз нускасы болгон «Китабу ат-тавхид» аттуу акыйда китеби гана азыркы күнгө чейин жеткен. Ошол «Китабу ат-тавхиддин» дүйнөдөгү жападан жалгыз нускасы Кембридж (АКШ) Университетинин китепканасында 3651 номери менен катталуу. «Тавилату аль-Куран» Имам Матуридинин фикхий жана итикадий көз караштарын да үйрөнүүгө чоң өбөлгө болгон баалуу булак болуп эсептелет. Анын бул эмгегин калам, же болбосо мазхап тафсири деп атасак да болот. Анткени, ал бул эмгегинде аяттардын маанилерин чечмелеп түшүндүрүүдө дайыма башка мазхаптардын көз караштарын сындап, анализ жүргүзгөн. Тилекке каршы, басылса 15 томго чейин жете турган мындай баалуу эмгек азырынча толук түрдө басылып чыга элек. Түркияда болсо бул эмгек жаңыдан гана басмадан чыга баштады. Ал эми «Китабу ат-тавхид» болсо, алгачкы ирет арап окумуштуусу Фатхуллах Хулайф тарабынан такталып, жарыкка чыккан. Ошондой эле, бул эмгек Бекир Топалоглу жана Мухаммад Аручи тарабынан түшүндүрмөлөр жазылып, 2003-жылы Анкарадан басылып чыккан. Ошону менен бирге Бекир Топалоглу «Китабу ат-тавхидди» түрк тилине которгон.
Өзбекстан 2000-жылы Имам Матуридинин 1130 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөргөн. Бул юбилейге байланыштуу Имам Матуриди тууралуу көптөгөн китептер менен макалалар жарыкка чыккан. Ошондой эле, 2000-жылдын 17-ноябрында Самарканд шаарында эл аралык симпозиум болуп өткөн. Ал симпозиумга чыгыш менен батыштан келген көптөгөн илим адамдары катышкан. Бул иш-чаранын негизинде Самарканд шаарындагы Чокардиза көрүстөнүнүн айланасындагы үч жарым гектарлык жерге Матуриди диний-окуу комплекси курулган. Бул жер Самарканд шаарынын Сиёб борбордук районунун 2-Шарк кичи районундагы Гиждуван көчөсүнөн орун алган. Ал комплекстин ортосуна Имам Матуридинин күмбөзү тургузулган.
Матуридийя мазхабы жана аны өркүндөткөндөр
Имам Абу Мансур Матуридинин акыйда мазхабы Матуридийя деп аталат. Хижра боюнча IV кылымдын башында пайда болгон Матуридийя мазхабы II кылымда Имам Абу Ханифа (Имам Азам) тарабынан курулган мазхаптын уландысы болуп эсептелет.
Матуридийя – бул акыйда жаатында Мухаммед Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) менен сахабалардын жолун жолдогон, бирок маселелерди чечмелеп түшүндүрүүдө жана далилдөө принциптеринде калам методун колдонгон мазхап болуп эсептелет. Башкача айтканда, Матуридийя акыйда маселелеринде жалаң эле накл (Куран жана хадис) менен гана чектелип калбастан акылды да динди туура түшүнүүнүн бир каражаты катары кабылдашат.
Матуридийя мазхабын өнүктүргөн жана аны туу чокусуна чыгарган аалым Абу аль-Муин Маймун бин Мухаммед ан-Насафи болуп эсептелет. Ал Матуридийя мазхабынын эң чоң аалымы. Насафи Имам Матуридинин көз караштарынын баарын (бир гана мукаллиддин ыйманы жөнүндөгү көз карашынан башкасын) кабылдаган. Имам Матуридинин китептерин, айрыкча «Китабу ат-тавхидди» туура түшүнүү үчүн Насафинин «Табсирату аль-Адилла» аттуу китебин окуп чыгуу абзел.
Матуридийя мазхабына өз салымдарын кошкон башка насафилер да чыгышкан. Насаф да Мавараауннахрда жайгашкан чоң шаар болгон. Орто кылымдарда бул шаардан диний илимдердин ар бир жаатына байланыштуу чоң эмгектерди жараткан көптөгөн аалымдар чыккан. Мисалы: Абу Хафс Нажмуддин Умар ан-Насафи, Бурхануддин ан-Насафи, Абу аль-Баракат ан-Насафилер Матуридийя мазхабына кызмат кылышкан улуу аалымдар болгон. Абу аль-Баракат ан-Насафинин «Мадарику ат-танзил ва хакаику ат-тавил» аттуу тафсири аябай таанымал болгон. Ал тафсирдин айрым жерлеринде Матуридийя мазхабынын көз караштары орун алган.
Матуридийянын мазхабынын негизги көз караштары: