Жетинчи сан

Журналдын жетинчи саны

Мухаммед пайгамбарыбыздын мээрими жана боорукердиги

Мазмуну

Док. Доц. Неждет Тосун
ОшМУ Арашан Гуманитардык Институту
теология факультети

Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) адамдарга, айбанаттарга, өсүмдүктөргө, ал гана эмес бүтүндөй жансыз заттарга да сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылган үлгүлүү инсан болгон. Ал өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: “Мээрим салбаган адамга Алла Таала да мээримин салбайт” – деп айтып, айлана-чөйрөсүндөгү адамдарды мээримдүү, ырайымдуу жана боорукер болууга үндөгөн. Ошондой эле ал: “Силердин араңардан бирөө жарым намазда имамдыка өтүп кала турган болсо, намазды өтө эле узакка создуктуруп жибербесин. Анткени жамааттын ичинде оорукчан адамдар же болбосо жаш балалуу аялдар болуусу мүмкүн” - деп, аябагандай сезгичтик менен бир эле учурда ар бир нерсени кылдат байкап, көз жаздымынан чыгарган эмес. Айрыкча ислам динин жеткирип түшүндүрүү үчүн Таиф шаарына барган кезде, ал жердеги жергиликтүү калк тарабынан жаман, ыплас сөздөр менен акаратка кабылып, таш бараңга алынса да: “Эй жараткан Алла Таалам! Бул эли кечире көр! Алар акыйкат эмне экенин билбей жатышат” - деп, дагы да болсо кечиримдүүлүктүн жана ырайымдуулуктун эң сонун үлгүсүн көрсөткөн. Өзү туулуп өскөн Мекке шаарын кайрадан ийгиликтүү жеңиш менен каратып алган кезде, ал жердеги ислам душмандарын да деңиздей чалкыган айкөлдүгү менен кечирген. Ал гана эмес, пайгамбарыбыз ошол күнү эң сүйүктүү абасы Хамзаны Ухуд согушунда шейит кылган Вахшини да эч кыйылбастан кечирген эле.

Күндөрдүн биринде бир адам пайгамбарыбызга келип, жүрөгүнүн таш боор жана мерез болгондугун ага айтып даттанган кезде: “Жетимдин башынан сылап сүйгүн жана бей-бечаранын курсагын тойгуз!” - деп буюрду. Ырайымдуулуктун сереси болгон пайгамбарыбыз ага буларды айтуу аркылуу жетим жана бей-бечараларга боорукердүүлүк, мээримдүүлүк менен мамиле жасоо, адамдагы таш боор мүнөздү жок кылаарын үйрөткөн. Ошондой эле, пайгамбарыбыз бир жолкусунда: “Жетимдин башын сылаган кишиге, анын башындагы чачтардын санынчалык сооп жазылат” - деп, коомчулуктагы алсыз, бей-бечара, кароосуз калган кишилерге боор ооруу жана мээрим төгүү менен аларды көзөмөлгө, кароого алуунун зарылдыгын баса белгилеген.

Алланын элчиси күнөөкөр инсандарга да ушунчалык боорукер мамиле жасоочу жана аларга бир атанын өз баласына болгон мээриминдей өзгөчө бир мээрим менен жанашчу. Мисал келтире турган болсок, замандаштарынын арасынан бирөөсү ичимдикке өтө көнүп алгандыктан аны таштай албай жүргөн эле. Айрым сахабалар ал киши туурасында катуу жемелеген сөздөрдү айтышып, аны тилдей башташкан кезде пайгамбарыбыз аларды токтоткон жана: “Аны жаман айтып, тилдеп урушпагыла! Ал ичимдик ичет, бирок Алланы жана анын элчисин (Мухаммед с.а.в.) да сүйөт” - деп буюрган.

Жалпы ааламга ырайым катары жиберилген Алланын сүйүктүү элчиси караңгылыгынан (жаахилдигинен) улам жаңылыш иш жасагандарга да өтө түшүнүү менен ырайымдуу жана кечиримдүү мамиле жасоочу. Бир күнү Медина шаарына келип калган бир элеттик караңгы адам (бадави) мечиттин ичинде эле бир бурчка кичүү саарасын ушата баштайт. Муну көргөн сахабалар ошол замат аны кагып-силкип урушуп, даарат ушатып жаткан жеринен ал адамды токтотууга киришет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мына ушул жерде да демейдеги калыбын бузбастан сахабаларын токтотуп, элеттик адамдын жосунсуз жоругуна ачууланбастан, ага да баягы эле жанда жок мээрими менен мамиле жасап, тегерегиндегилерге тек гана мечиттин булганган жери тазаланышы керектигин айтып тим болгон.

Жараткан тарабынан бүтүндөй адамзатка акыркы элчи болуп келген пайгамбарыбыздын (с.а.в), деги эле адамзатка болгон сүйүүсү, мээрими, жароокердиги, жана жанда жок боорукердиги жазылса - сөз жеткис, бычылса – баа жеткис эле. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын муаззини (азан айтуучу) болгон Билал Хабаши азан айткан кезде “ш” тамгасын так чыгара албагандыктан “ашхаду” сөзүнүн ордуна “асхаду” деп айтаар эле. Ар бир ишке ар дайым өтө кылдаттык жана дилгирлик менен мамиле кылууга аракет жасаган кээ бир сахабалар мындай абалда азандын мааниси бузулуп калышы мүмкүн деп ойлошкондуктарынан улам пайгамбарыбызга келишип, жогорудагы себептерди айтуу менен Билалга азан айттырбоосун сунушташат. Алланын элчиси аларга: “Билалдын “с” тамгасы, Алланын назарында (даргөйүндө) “ш” тамга” - деп айтып, эң манилүүсү туура ниет, таза көңүл, чын жүрөктөн ыкластуулук экендигин белгилөө менен Билалга болгон өзгөчө сүйүүсүн жана мээримин көрсөткөн.

Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, пайгамбарыбыз инсандар сыяктуу жан-жаныбарларга да боорукерлик жана мээримдүүлүк менен мамиле жасаар эле. Мунун бир далили катары ал : “Бир мышыкты бөлмөгө камоо менен аны ач жана суусуз калтырган аялдын тозокко түшө тургандыгын”, ошол эле убакта “суусуздуктан суусап өлөйүн деп калган бир итке кудуктан суу чыгарып берген бир сойку аялдын да бейишке кире тургандыгын” белгилеп кеткен. Демек, бир пенде бүтүндөй жаратылгандарга сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле жасай турган болсо, албетте пенде да Алла Тааланын сүйүүсүнө, мээримине жана ырайымына ээ болмокчу. Аз. пайгамбарыбыздын жан-жаныбарларга карата жасаган мамилелеринен дагы бир мисал келтире кетели: Хижранын 8-жылында пайгамбарыбыз Мекке шаарын кайрадан алуу үчүн өз аскерлери менен жолдо бара жаткан. Ал жол боюнан жаңы эле тууган күчүктөрүн эмизип жаткан бир итти көрүп калат. Ал ошол замат Жуайл бин Сурака деген сахабасын чакырып, коркконунан балдарын сактап калыштын жан айласын таппай тыбырчылаган итти бейтынч кылбоо үчүн аскерлер өтүп кеткенге чейин убактылуу ал жерге күзөтчү коюусун буйрук кылган.

Пайгамбарыбыз айрыкча айбандардын жүзүнө отко кызытылган тамгаларды басып эн салууну да тыюу салган. Ал ошондой эле айбанаттардын жанын сыздатып оорута турган бардык нерселерге уруксат берген эмес.

Пайгамбарыбыздын сүйүүсү жана мээрими инсандар жана айбанаттар менен гана чектелген эмес. Ал өсүмдүктөр дүйнөсүн да дал ушундай сүйүү менен эле сүйчү. Алсак, ал бул тууралуу: “Кыямат башталып калса да, колунда көчөтү болгон жана аны тигип олтургузууга мүмкүнчүлүк таба алган адам, ал көчөтүн олтургузсун!” - деп буюрган.

Деги эле Мухаммед пайгамбарыбыз (с.а.в) жансыз жаратылыш менен да эриш-аркак ажырагыс дос эле. Ал жаратылышка болгон назик сезимин жана достой жакын мамилесин берметтей сөздөрүнүн биринде мындайча айтып билдирген: “Ухуд тоосу бизди сүйөт, биз да аны сүйөбүз.”

Ошентип, бул туурасында сөзүбүздү жалпылай турган болсок, ал бизге жашоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүп кеткен улуу пайгамбар болуу менен эле биргеликте инсаният ичинен сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн булагы болуп эсептелмекчи. Ал пайгамбар катары жандуу жана жансыз заттардын бүтүндөй баарын жалгыз гана Алла жараткандыгын эң жакшы билгендиктен, “Жараткандын (Алланын) урматына (Анын) жараткандарын сүйгүн” деген көз караш түшүнүктүн негизинде, аны курчап турган айлана-чөйрөсүндөгү бардык нерселерге сүйүү жана мээрим менен караган.

Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, коом менен, жада калса жеке өзү менен да келише албастан, сүйүү жана мээрим сыяктуу адамдык асыл сапаттарын жоготуу коркунучу алдында турган айрым заманбап инсандарыбыздын, Мухаммед пайгамбарды (с.а.в) жакындан таанууга жана андан өрнөк алып жашоого адаттагыдан дагы да көбүрөөк муктаж абалда экендиктерин баса белгилей кетмекчибиз.

Которгон: Кенжебек Чыйбылов

Башына