Жетинчи сан

Журналдын жетинчи саны

Мазмуну

док. Мурзараимов Б.
murzaraim@mail.ru

Ааламга ырайым кылып жиберилген ислам пайгамбары Азирети Мухаммед (САВ) мурдагы диндерде «келечектеги куткаруучу» деген ат менен кабар берилген. Анын келери ошол доордогу көп адамдарга маалым болгон. Эл арасында ал «даңкталган», «макталган» жана «көңүл жубатуучу» деген сапаттары менен таанылган. Ар бир коом анын келишин чыдамсыздык менен күтүп келген. Анткени исламдан мурунку иудаизм жана христианчылыктын ыйык китептеринде анын келиши боюнча так маалыматтар берилген. Бирок, убакыттын өтүшү менен бул маалыматтар иудаизмдеги раббанийлер жана христиан дининдеги жазуучулар деген динаятчылар тарабынан өзгөрүүгө учураган. Мунун ар кандай себептери бар. Ошондой болсо да күнүбүзгө чейин жетип келген Тоорат жана Инжилдерде көмүскөлүү түрдө болсо да Мухаммед Пайгамбарыбыздын ааламга ырайым кылып жибериле тургандыгы боюнча маалыматтарды табууга болот. Бул нерсеге эң биринчи Курани Карим өзү күбө. Куранда:

«Колунардагы Тоорат менен Инжилде жазылган ошол элчиге, ошол уммий (сабатсыз) пайгамбарга баш ийгендерге ал Пайгамбар жакшылыкты буюруп жамандыкка тыюу салат...» - деп айтылат.

Куранды, Тооратты жана Инжилди Алла Таала өзү түшүргөндүктөн анда эмне жазылгандыгын албетте Өзү жакшы билет. Куран мына ошол нерселер боюнча бизге чындык кабарларды берет.

Жөөттөрдүн ыйык китеби саналган Тооратта Алла Таала Муса пайгамбарга:

«Мен алардын бир туугандарынын ичинен сендей бир пайгамбар чыгарам. Анын оозуна өзүмдүн сөздөрүмдү салам. Ошондо ал мен буйрук кылгандардын баарын аларга айтып берет. Менин атымдан сүйлөгөн ошол пайгамбарды укпагандарды жазага тартам» - деп кайрылат.

Пайгамбарыбыздын келе тургандыгын Иса пайгамбар да өз үммөттөрүнө сүйүнчүлөгөн. Муну да Кураны Карим бизге кабарлайт. Куранда Иса Пайгамбар өз үммөттөрүнө:

«Эй Исраил урпагы! Мен силерге жиберилген Алланын элчисимин. Мен силерге менден мурунку келген Тооратты тастыктоо жана менден кийин келе турган Ахмед атту пайгамбарды сүйүнчүлөө үчүн жиберилдим» - деп айтат.

Курандагы бул аятты Жакандын жазган Инжилиндеги Исанын сөзү да тастыктайт. Анда Иса өзүнүн шакирттерине:

«Мен силерге чындыкты айтып коёюн. Менин кеткеним силер үчүн жакшы! Эгерде мен кетпесем силерге Көңүл жубатуучу келбейт. Эгерде мен кетсем аны силерге жиберет. Ал келип бул дүйнөнүн күнөөсүн жок кылат. Чындык Руху келгенде силерди чындыкка жылоолойт. Ал өзүнүн атынан сүйлөбөйт. Эмнени укса ошону айтат жана силерге келечекте эмне болоорун билдирет. Ал мени даңктайт» - деп кайрылат.

Ошондой эле Инжилдердин грек тилинде жазылган булактарында Мухаммед пайгамбарыбыз «Параклитос», башкача айтканда, «Куткаруучу» деген ат менен кабар берилет. Бирок Инжилдердин кыргызча котормолорунда бул сөз Иса Пайгамбарга айтылгандай кылып которулган.

Жогорудагы айтылган Куран жана Инжилдердеги маалыматтарга таянсак жөөттөр менен христиандар Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в.) келе тургандыгын алдын ала билишкен. Бирок, алар Мухаммед пайгамбарыбыз (с.а.в.) ааламга ырайым болуп келгенден кийин аны жалганга чыгарышты. Азыркы учурда жөөттөр менен христиандар Мухаммед пайгамбарыбызды (с.а.в.) «жалганчы» деп айтышат. Ал эми мусулмандар жөөттөргө жиберилген Муса пайгамбарга жана христиандарга жиберилген Иса пайгамбарга да ишенишип, аларга урмат менен таазим кылышат жана алардын атын даңкташат.

Алла Таала Курани Каримде Мухаммед пайгамбарыбызга (с.а.в.) чейин келген бардык пайгамбарлардан келечекте ааламга ырайым кылып жибере турган пайгамбарын сүйүнчүлөөнү буюрган жана анын доорунда жашап калышса ага баш ийүү керектигин айткан.

Али Имран сүрөөсүнүн 81–аятында Алла Таала мурунку пайгамбарларга мындайча кайрылат: «...Аллах пайгамбарларга: “Силерге Китеп, даанышмандык бердим. Анан силерге берилген нерселерди (пайгамбарлыгыңарды) тастыктоочу (башка бир) элчи келет. Силер ага сөзсүз ишенип, ага жардам беришиңер керек!» - деп алардын убадаларын алган. Ал: «Менин келишимимди тастыктап, кабыл албайсыңарбы?» - деп айтты. Алар: «Тастыктайбыз!» - дешти. Анда Алла: «Күбө болгула! Мен да силер менен күбө боломун» - деди.

Аталган аят көрсөтүп тургандай Мухаммед пайгамбарыбызга (с.а.в.) чейин келген баардык пайгамбарлар өзүнүн үммөтүнө акыр заман пайгамбарынын келе тургандыгын сүйүнчүлөгөн.

Жөөт жана христиан дининен башка диндерде да көмүскөлүү түрдө пайгамбарыбыздын келишине далалат кылган бир нече ишенимдерди байкоого болот. Мисалы, Зоорастризм ишениминде акыр заман жакындаганда Саоншят деген куткаруучунун келе тургандыгы тууралуу ишенимдер бар . Муну да пайгамбарыбыздын келе тургандыгына салыштырууга болот.

Буддизм ишениминен да ушуга окшогон мисалдарды көрүүгө болот. Аларда да келечекте бир куткаруучунун келе тургандыгы тууралуу айтылган. Бул куткаруучунун аты Меттея болуп эсептелет. Ал азыр рухтар ааламында Тусита деп аталаган бейиште жашайт. Меттеянын келиши жөнүндөгү ишеним буддисттердин ыйык китептеринде орун алаган. Буддизмдин Ислам дининен 1000 жыл мурда пайда болгондугун эске алсак, анда алардын бул ишенимин Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) келе тургандыгын кабарлаган бир маалымат катары кароого болот.

Индуизм ишенимин карманган индустардын ыйык китеби Ведаларда да Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) келиши боюнча кээ бир маалыматтарды алууга болот. Мисалы Ведалардын Самаведа бөлүмүндө Ахмад деп аталган куткаруучунун жаңы шарият алып келип, ааламды жамандыктардан тазалай тургандыгы кабар берилген. Ошондой эле Ригведада Мамах деп аталган куткаруучу келип дүйнөдө жамандык менен жакшылыкты бири-биринен ажырата тургандыгы кабар берилген.

Жогоруда айтылган маалыматтар улуу Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) акыр заман пайгамбары жана Алла Тааланын акыйкат элчиси экендигин тастыктайт.

Башына