Жетинчи сан

ИСЛАМДА АЖЫРАШУУ ЖАНА АНЫН ӨКҮМДӨРҮ
Мазмуну
док. доц. Абдуррахман ХАЧКАЛЫ
Журналдын өткөн санында Ислам дининин үй бүлөгө берген мааниси тууралуу сөз козгогон элек. Ошол макалада үй бүлөнүн жеке адам менен коомчулукка аябай маанилүү экендиги жөнүндө айткан болчубуз. Ошентсе да, айрым учурларда үй бүлөлүк турмуштан күткөн бактылуулук менен бейпилдик орундалбай калып, бири-бири менен бирге жашоодон жубайлардын бирөөсү жабырланып, зулумдукка жол ачыла турган болсо, анда ал жубайлардын ажырашуусуна Ислам дини жол берет. Бирок, ажырашуу бул – жакшы иш эмес. Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед (саллаллааху алейхи ва саллам) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: «Аялдарыңарды Алланын атына кепилдик берип туруп (жубайлыкка) алдыңар, (демек) алардын укуктарын тебелеп-тепсебегиле», - деп, жубайлардын баш кошуусунун Алланын аты менен болгондугун баса белгилеген. Мына ошондуктан үй бүлө кадыресе көрүнүш катары каралбастан, ыйык жана куттуу бир коломто катары каралган.
Биз бул макалада ажырашуу тууралуу толук, кеңири айтып бере албайбыз. Ошентсе да, учурубуздагы ажырашуулардын көптөгөн проблемаларга жол ачуусуна байланыштуу кандай жагдайларда жубайлар толук түрдө ажырашкан болуп эсептелээрин, алар кайрадан бири-бири менен баш кошо алышабы же жокпу деген сыяктуу маселелердин тегерегинде сөз кылмакчыбыз. Ажырашуу – талак берүү жолу менен болгон сыңары эле, керектүү учурларда казы (диний сот) тарабынан да ажыраштырылат.
Ислам дининде этибарга алынган ажырашуу жараяны кандай болуусу керек?
Ажырашуу жараяны (процесси) Курани Каримде да айтылган. Мухаммед Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) да ажырашуу тууралуу айткан хадистери, жасаган иш-аракеттери бар. Куран менен сүннөттө баяндалган жол менен иш жүзүнө ашкан ажырашуу – сунний талак (сүннөттүн негизинде иш жүзүнө ашырылган ажырашуу) деп аталат. Эң оболу тема менен байланышкан аяттарды берүү менен Куран ажырашуу жараянында момун мусулмандардан эмнени талап кылгандыгы тууралуу айта кетели:
«Эгер эрди-катындын аралары бузулуп кетүүсүнөн корксоңор, анда күйөө тараптан (туугандарынан) бир адилет өкүм кылуучу жана аял тараптан бир адилет өкүм кылуучу чакыргыла. Эгер алар жарашууну каалашса, анда Алла алардын (эрди-катындын) ортосуна ынтымак салат. Акыйкатта, Алла – Билүүчү, Кабардар!» (Ниса сүрөсү - 4/35)
Бул аятта жубайлардын ажырашууларынан мурун эки тарап тең бирден өз өкүлүн алып келүүсүн жана жубайлар өз ара чечалбаган маселени алардын көрсөтмөлөрү, кеңештери менен чечүүсүн буйруйт. Ажырашуу менен байланышкан башка аяттардын бири: «(Эркек өз аялын кайра никесине алуусу мүмкүн болгон) талак (ажырашуу) эки ирет гана (берилет. Экиден ашпоосу тийиш). Андан соң (же) жакшы жашоо менен (аялды) кармап калуу же болбосо, жакшылыкча коё берүү (гана калат). (Эй эркектер!) аларга (аялдарга) берген нерсеңерден (махирден) (аз да болсо) кээ бир бөлүгүн (кайра) алуу (силер үчүн) адал эмес. Бирок, ал экөөсү (аял-эркек) тең (үйбүлө турмушу туурасындагы) Алланын чектерин сактай (мыйзамдарын аткара) албоодон коркушса гана (аялга берилген махирден белгилүү өлчөмдө алып калуу адал болот). Эгер силер ал экөөнүн (эрди-катындын) Алла чектеген чектерде тура албасынан (Алла буюрган мыйзамдарды аткара албоосунан) корксоңор, анда аялдын (эринен ажырашуу үчүн) күйөөсүнө берген төлөмүндө (аялдын акы беришинде, эркектин да аны алышында) экөөсүнө тең (эч кандай) күнөө жок. Мына ушул – Алланын чектери (эреже-мыйзамдары). Аны бузбагыла. Ким Алланын чегинен өтсө (мыйзамдарын бузса), дал ошолор заалымдар.» (Бакара сүрөсү - 2/229)
Бул аяттарда жакшылап назар сала турган жагдайлар бар. Бул аяттарда жакшы жол менен ажырашуу, эч кимдин эч кимге зулумдук кылбоосу жана эч кимдин укугунун тебеленип-тепсебөөсү сыяктуу жагдайлар кайра-кайра баса белгиленип айтылган. Эрди-катын бири-бири менен жарашса да, же алар бири-бири менен жылдыздары төп келишпей ажырашса да буларды жакшылыкча, жакшы жол менен аткаруусу керек. Исламда ажырашуу – бул душмандык, же болбосо экинчи (каршы) тарапка зыян берүүчү иш болуп эсептелбейт. Ошондой эле ажырашуу жогорудагы аяттарда да айтылгандай, жубайлардын туугандарынан чакырылган адилеттүү, бардык жагдайды салмактап көргөн, иштин көзүн билген адамдардын да кеп-кеңештерин уккандан кийин, негиздүү бир себеп менен гана иш жүзүнө ашырылуусу зарыл. Учурда болор-болбос иштердин айынан болуп жаткан ажырашуулар сыяктуу, же негиздүү бир себеби жок туруп эле болубаткан ажырашуулардын болбоосу зарыл.
«Эгер (никеңерге алган) аялдарды кол тийгизбей (жакындык кылбай) туруп, же болбосо алар үчүн махирди белгилебей туруп талак кылсаңар (ажырашсаңар) (силер үчүн) күнөө жок. Жана (мындай учурда никени бузганыңардын беделине) бай байлыгына жараша, кедей алына жараша жакшылык кылуу менен ыраазы кылгыла! Бул (өкүм) – жакшылык кылуучуларга милдет.» (Бакара сүрөсү - 2/236)
Бул аят болсо, эркектерди керек болсо эч кандай жыныстык мамиледе болбостон эле болгон ажырашууларда да ак никесине алган аялдарына белгилүү бир өлчөмдө мал-мүлк берүүсүн үндөйт жана ушундай жол менен мүмкүн болушунча аялдардын көңүлүндө калган жараттарын айыктырууга, алардын кайгы-капаларын унуттурууга, маанайларын көтөрүүгө буйруйт.
«(Талак кылган аялдарыңардын) белгиленген мөөнөтү (идда) аяктаган кезде аларды жакшылык менен алып калгыла (т.а. кайта никеңерге алгыла), же жакшылык менен (т.а. калың, мал-мүлк акыларын берип) ажырашкыла жана (жарашып, же ажырашып жаткан чагыңарда) араңардан (мусулмандардан) эки адилеттүү адамды күбө кылгыла, (ал) күбөлүк милдетти Алла(нын ыраазычылыгы) үчүн өтөгүлө! Мындан (бул өкүмдөн) Аллага жана акырет күнүнө ишенген (адам) гана үлгү (ибарат) алат. Ким Алладан корксо (т.а. жогоруда айтылып өткөн талак кылуу жол-жоболорун, эрежелерин Алладан корккондугу үчүн сактаса), ага (Алла түрдүү кыйынчылыктардан) чыгар жол ачып берет» (Талак сүрөсү - 65/2).
Бул аятта болсо эрди-катын ажырашкан маалында алардын ажырашуу жараянына адилеттүү адамдарды күбө тутууларын буйруйт. Азыркы учурда мындай адилеттүү күбөлөрдү тутуунун ордуна расмий түрдө каттоодон өткөрүү да боло берет.
Бул аяттарда айтылып өткөндөй, бири-бири менен көз-караштары дал келбей, мындан ары бирге жашай албай калган жубайлардын ар биринин туугандарынан бирден адилеттүү, көптү көргөн, иштин көзүн билген адамдарды чакырып, алардын кеп-кеңештерин алууга буйруйт. Жубайлардын маселелерин алар чечүүсү зарыл. Эгерде алар «эми жубайлардын ажырашуусу керек» дешсе, анда жубайлардын ажырашуусу керек. Ошондой эле, ажырашуу төмөнкү тартипте аткарылуусу тийиш:
Талак сүрөсүнүн биринчи аятында минтип айтылат: «Эй, Пайгамбар! Эгер силер (момун мусулмандар) аялдарыңарды талак кылсаңар, алардын иддаларында (тазалык учурларында) талак кылгыла!» (Талак сүрөсү - 65/1)
Абдуллах бин Аббас менен Абдуллах бин Масъуд (разияллооху анхума) бул аятты: “Аялга жыныстык катнашта болбогон таза (т.а. этек кири келбеген) учурда талак берүүнү буйруп жатат,” – деп айтышкан. Демек, эркек аялына таза (б.а. айыз көрбөгөн) учурда аны менен жыныстык катнашта болбостон ага бир талак берет, анан аялы иддасын (белгилүү мөөнөтүн) күтөт. Арийне, аялына айыз маалында талак берген Абдуллах бин Умарга, (разияллооху анху) Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллааху алейхи ва саллам) жубайына кайрадан кайтуусун, эгер аны менен ажырашкысы келсе таза (этек кири келбеген) учурунда гана аялын талак кылуусун буйруган. Мына ушундай жол менен берилген талак сунний талак деп аталат. Мындай жол менен берилбестен, башкача түрдө берилген талактар бидъий талак (сүннөткө туура келбеген ажырашуу) болуп эсептелет жана кээ бир аалымдардын айтуусуна караганда бидъий талак чыныгы талактын ордуна өтпөйт, башкача айтканда, андай ажырашуулар шарият боюнча ажырашуу (талак) болуп эсептелбейт. Мухаммед Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) Абдуллах бин Умарга (разияллооху анху) айыз учурунда аялына талак бергендиги үчүн жубайына кайрадан кайтуусун жана эгер аны менен ажырашкысы келсе таза (айыз көрбөгөн) маалында гана аялына талак берүүсүн буйругандыгы мунун далили катары эсептелет (Бухари, Талак – 1).
Бир жолу үч талак берип ажырашса болобу? Ушундай жол менен ажырашуу Куран менен сүннөткө туура келеби?
Сунний талактын кантип аткарыла тургандыгы тууралуу жогоруда айтып өттүк. Ага туура келбеген талак берүүлөр (ажырашуулар) бидъий талак болуп эсептелет. Бир жолу үч талак берип ажырашуу да бидъий талак болуп саналат. Мындай талак берип ажырашуу Куран менен сүннөткө туура келбейт. Ошондуктан, айрым сахабалар, ошондой эле Ибн Таймийя, Ибн Кайюм аль-Жавзийя сыяктуу улуу аалымдар менен учурубуздагы ислам аалымдарынын кээ бирлери бир жолу берилген үч талакты бир талак деп эсептөөнү туура көрүшөт (караңыз: Ahmet Yaman, İslam Aile Hukuku, Konya, 2002, s. 72). Алардын таянган далилдери – Куранда эркек өз аялын кайра никесине алуусу мүмкүн болгон талак эки ирет гана (экиден ашпоосу тийиш) бериле тургандыгын, эгер үчүнчү ирет талак бере турган болсо, алардын кайрадан бирге турмуш куруусуна болбой тургандыгы тууралуу айтылган аят (Бакара сүрөсү - 2/229) менен Ибн Аббастан (разияллооху анху) келген мына бул риваят болуп эсептелет: «Мухаммед Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) доорунда, ошондой эле Азирети Абу Бакр менен Азирети Умар (разияллооху анхума) халифа болуп турган мезгилдердин башында бир эле маалда берилген үч талак бир талак деп эсептелчү. Калктын бул маселеге кайдыгер мамиле жасагандыгын көргөн Азирети Умар (разияллооху анху) бир эле маалда берилген үч талакты чыныгы үч талактын ордуна өтө тургандыгын белгилеп кеткен». (Муслим, Ыйман – 25-26)
Бул ривяттан маалым болгондой, Мухаммед Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) доорунда бир жолу берилген үч талак бир талактын ордуна өтчү. Ал эми бир жолу берилген үч талактын чыныгы үч талактын ордуна өтө тургандыгын айтышкан ислам аалымдары Азирети Умардын (разияллооху анху) мамлекет башчысы катары кабыл алган чечимине таянышат. Андыктан, элдердин абалдарына жараша, учурубуздагы аалымдардын айтканындай бир жолу берилген талактын саны канча болсо болсун, аны бир талактын ордуна өтө тургандыгы тууралуу айтылган фатва (диний өкүм) Куран менен сүннөттүн негиздерине дал келет.
Аялына бир жолу үч талак берген адам эмне кылуусу керек?
Мындай акыбалда калган адам бир жолу берилген үч талакты бир талак деп эсептеген сахабалар менен ислам аалымдарынын айткандары боюнча амал кылат жана ал адам аялына бир талак берген болуп эсептелет. Арийне, бул өкүм (фатва) Куран менен сүннөттүн негиздерине шайкеш келет. Андан кийин сунний талакты аткарууга аракет кылат жана талак берүүдөн мурун эркек менен аялдын туугандарынан бирден адам чакырылат. Ал чакырылган адамдар өз ара жубайлардын проблемаларын карап чыгышат. Алар жубайлардын ажырашуусун туура деп табышса, анда эркек аялы менен жыныстык мамиледе болбостон жана аялы да этек кири көрбөгөн маалда ага бир талак берип ажырашат. Ошондой эле, азыркы учурда баш кошуу менен ажырашуулар расмий түрдө жүргүзүлүп жаткандыктан, жубайлардын ажырашууларын да расмий түрдө каттоодон өткөрүүлөрү абзел. Расмий түрдө каттоодон өтпөгөн ажырашуулар эч кандай укуктук (юридикалык) күчкө ээ болбогондуктан, мындай ажырашуулар ар кандай адилетсиздиктерге жол ачуусу толук ыктымал. Мына ошондуктан, үйлөнүү жана ажырашуу иштеринин расмий каттоодон өткөрүлүүсү зарыл.
Идда деген эмне? Идданын мөөнөтү канча?
Идда – күйөөсүнөн ажырашкан, же күйөөсү өлгөн аялдын башка бирөөсүнө турмушка чыгаардан мурун милдеттүү түрдө (күтүп) өткөрүүсү керек болгон мөөнөт.
Күйөөсүнөн ажырашкан аялдын (боюнда жок болсо) үч ирет этек кирин көргөндөн кийин, күйөөсү өлгөн аялдын (кошбойлуу болбосо) төрт ай он күндөн кийин, ал эми күйөөсүнөн ажырашкан, же күйөөсү өлгөн аялдын боюнда бар болсо, ал баласын төрөгөндөн соң иддасы (белгиленген мөөнөтү) бүтөт. Ошондой эле, күйөөсүнөн ажырашкан, же күйөөсү өлгөн кошбойлуу аял төрөт маалына жеткирбестен эле боюнан түшүрүп койсо, бойдон түшкөн баланын органдары чоңоюп, билинип калган болсо, андай учурда деле ал аялдын иддасы бүткөн болуп эсептелет. Тетирисинче, бойдон түшкөн баланын органдары анчалык деле чоңойбой, байкалбаган абалда болсо, ал учурда ал аялдын иддасы бүткөн болуп эсептелбейт. Мында, ал аял жөн гана күйөөсүнөн ажырашкан, же жесир калган аялдын иддасын гана бүтүрөт. Анткени, мындай акыбалдарда ал аялдын боюнда бар, же жок экендиги күмөн деп кабыл алынат. Андай күмөн саноо менен идда аягына чыкпайт.
Улгайып калгандыгы, себептүү айыз көрбөгөн аялдардын иддасы үч ай болуп эсептелет. (караңыз: Талак сүрөсү - 65/4)
Айыз көрө турган курагында болгону менен этек кири келбеген аялдардын иддасы тууралуу ар кандай көз караштар бар. Бул маселе жөнүндө Осмон Империясынын Үйбүлө Укугу Мыйзамдарында (мындан ары ҮУМ – котормочу) тогуз ай деп айтылат.
Идда күтүүдөн башкы максат бул – (ажырашкан, же жесир калган) аялдын боюнда бар же жок экендигин билүү. Идда күтүүнүн хикматтары (даанышмандыктары, сырлары) катары буларды айта кетсек болот: бири-бири менен ажырашкан жубайлардын психологиялык жактан нормалдуу абалга келүүсү, аялдын башка бирөө менен турмуш куруу үчүн өзүн даярдоосу, коомчулуктун назарында ажырашкан жубайлар тууралуу жаман ойлорго жол бербөө ж.б. Ошондой эле, талак берген күйөөнүн үч ирет талак берүү укугу аягына чыга элек болсо, аялынын иддасы бүткөнгө дейре аны менен кайрадан бирге жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусун да идданын хикматтарынын бири катары кабылдасак болот. Ал эми жесир калган аялдын идда күтүүсүн өзүнүн маркум күйөөсүнө жана анын туугандарына көрсөткөн урмат-сыйы катары карасак жакшыраак болот. Жогоруда айтылгандай, идда өзүнүн ичине көптөгөн хикматтарды камтып турат.
Жыныстык катнаш аткарылбастан болгон ажырашуулардын жыйынтыгы эмне болот?
Нике кыйылып, бирок, жыныстык мамиле жасалбастан болгон ажырашуу – баин талак (жаңыдан нике кыйдырып, кайрадан махирди белгилебестен жубайлардын кайрадан бири-бири менен чогуу жашоолоруна жол бербеген ажырашуу) деп аталат жана андай ажырашуулар бир талактын ордуна өтөт. Андай учурда аял никеси кыйылып жаткан учурда белгиленген махирдин жарымын алганга укуктуу болот (караңыз: Бакара сүрөсү - 2/237). Эгерде махир белгиленбеген болсо, анда аялды ыраазы кылуу максатында бир нерселер берилет (караңыз: Бакара сүрөсү - 2/236). Мындай ажырашуудан кийин, эгерде ал жубайлар кайрадан бири-бири менен чогуу жашоону каалашып, жарашыша турган болсо, анда алар жаңыдан нике кыйдырышып, кайрадан махирди белгилешүүсү зарыл.
Мас адамдын талагы талак ордуна өтөбү?
Мас – бул мас кылуучу заттардын таасиринен улам эмне деп айткандарын жана эмне иш кылгандыгын билбеген адам.
Шариятка боюнча (мубах, адал жолдор менен, м: наркоз, дары-дармектин таасиринен ж.б.) мас болгон (акылынан танган) адамдын талагынын талак ордуна өтпөй тургандыгын бардык аалымдар бир пикирден кабылдашкан.
Ал эми арам (мисалы, арак-шарап ж.б.у.с.) жолдор менен мас болгон адамдын талагы тууралуу аалымдар өз ара эки топко бөлүнүшкөн. Айрым аалымдар арам жолдор менен мас болгон адамдын талагын чындап эле талак ордуна өтөт дешет. Бирок, кээ сахабалардын, Ханафи мазхабынан Имам Тахави (өл. 321/933) жана Кархи (өл. 340/951) сыяктуу аалымдардын көз карашы, ошондой эле ҮУМдин 104-пункту боюнча мас адамдын талагы итибарга алынбайт жана чыныгы талак ордуна өтпөйт. Анткени, Бакара сүрөсүнүн 227-аятында да көрсөтүлгөндөй, талактын (ажырашуунун) кандайдыр бир чечим, б. а. чыныгы ниет менен иш жүзүнө ашырылуусу керек. Ал эми мас адамдын болсо, (шариятта) кандайдыр бир ишке ниет кылуу укугу жок. Ал эмне деп айтканын, эмне иш кылганын билбеген жана акылга калчап иш кылалбаган адам. Анын айткан сөздөрү эч кандай укуктук (юридикалык) күчкө ээ эмес. Мас адамдын берген талагын чыныгы талак ордуна өтөт деп эсептешкен аалымдардын максаты – ал (мас болгон) адамды арам болуп эсептелген аракты (алкоголдуу ичимдиктерди) ичкендиги үчүн жазалоо болуп эсептелет. Исламда ичимдик ичкен адамдын жазасы ага 80 балак (таяк) уруу болуп эсептелет. Ичимдикти ичкен адамды мындан башка жазалар менен жазаландыруу усулга (шарияттын эрежелерине) туура келбейт. Окутуп жаткан маалында мугалимдин ниети жок туруп эле өзүнүн окуучуларына талак ордуна өтө турган ар кандай сөздөрдү айтуусу (мугалимдин чындап ниети болбогондугу себептүү) эч кандай көңүлгө алынбаганы сыңары, мас адамдын айткан сөздөрү да эч кандай талак ордуна өтпөйт. Демек, мас адамдын берген талагы итибарга алынбайт, т. а. анын талагы талак ордуна өтпөйт деген аалымдардын айткандары туура жана ошол фатва боюнча амал кылынуусу керек.
Аябай ачууланып, ачуусуна алдырган адамдын талагы талак ордуна өтөбү?
Мухаммед Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам): «Ачуулуу (иглак) маалда талак жок,» - деп айткан (Бухари, Талак – 11). Мына ошондуктан, адамдын акылы менен оюн башкара албай калган деңгээлдеги ачуулуу маалында айткан талагы чыныгы талак ордуна өтпөйт.
Жубайлардын бирөөсү Ислам дининен чыга турган болсо эмне болот?
Мусулман жубайлардын бирөөсү Ислам дининен чыга турган болсо, анда ал жубайлар автоматтык түрдө ажырашкан болушат. Бирок, кээ бир аалымдардын мындай жубайлар аялдын иддасы бүткөнгө дейре ажырашкан болуп эсептелбейт дешет. Мындай учурда аялдын иддасы бүткөнгө дейре динден чыккан адам кайрадан Ислам динин кабыл ала турган болсо, анда кайрадан өзүнүн жубайы менен жашаса болот. Мында эч кандай тоскоолдук жок.
Ажырашууну расмий түрдө каттоодон өткөрүү зарылбы?
Ажырашуу ар кандай укуктук маселелерге өбөлгө болгондугуна байланыштуу аны расмий түрдө каттодон өткөрүү туура болот. Аялдын нафакасы, балдарга билим берүү жана аларды тарбиялоо, алимент, аялдын иддасы, аял кошбойлуу болсо төрөлө турган баланын акыбалы, аялдын кайрадан башка бирөөгө турмушка чыгуусу ж.б.у.с. иш-аракеттер, аялдын расмий түрдө ажырашкандыгына байланыштуу болот. Ошондуктан, ажырашуунун расмий каттодон өткөрүлүүсү дурус болот. Анткени, ажырашуу – бул кайдыгер мамиле жасай турган бир иш, же болбосо оюн эмес.
Кандай жагдайларда аял казыга (сотко) кайрылып, өзүнүн күйөөсү менен ажыраштыруусун талап кыла алат?
Төмөндө көрсөтүлгөн учурларда аял казыга (сотко) кайрылып, күйөөсүнөн ажыраштыруу талабын коюуга укуктуу:
1 – Эркектин аялы менен кошулууга мүмкүн болбогон абалда (оорулуу) болуусу: Мисалы: Эркектин жыныстык органынын кесик болуусу, алсыз (импотент) болуусу ж.б. Күйөөсүндө ушуга окшогон проблемалар болсо, аялы казыга арызданып, өзүнүн күйөөсү менен ажыраштырып коюусун талап кыла алат. Ошондой эле, Имам Мухаммеддин жана көпчүлүк мужтахиддердин көз карашы боюнча ар кандай зыян бере (залакасын тийгизе) турган ооруулар да жогоруда айтылып өткөн айыптардын катарына кирет. Мисалы, азыркы учурда СПИД ооруусун булардын катарына кошсок болот. Аял ВИЧ болгон жолдошунун үстүнөн казыга (сотко) арыздана алат.
2 – Күйөөнүн нафаканы орундатпай коюусу: Ханафи мазхабынын аалымдарынын айтуулары боюнча эгер эркек аялынын нафакасын орундатууга алы, кудурети жетпесе, анда аял андан ажырашууну талап кыла албайт. Мындай учурда аял же өзү иштейт, же болбосо нафака акысын казынын (соттун) чечими менен күйөөсүнөн алат. Ал казынын (соттун) чечими менен күйөөсүнүн атына карыз (кредит, ипотека ж. б.) алуу жолу менен иш жүзүнө ашырылат. Ханафи аалымдарынан башка аалымдардын көпчүлүгүнүн көз карашы боюнча эркек аялдын нафакасын орундата албаса, аял аны менен ажырашуу талабын койгонго укуктуу. Мисалы, эркек үй бүлөсүнө кайдыгер мамиле кылса, жумушка чыкпай койсо, үй бүлөсүн узак мөөнөткө таштап кетип калса, ичимдикке берилип кетип, аялынын нафакасын орундатпай койсо ж. б. жагдайларда аял аны менен ажырашуу талабын коё алат.
3 – Эркектин дайынсыз жоголуп кетүүсү: күйөөсү дайынсыз жоголуп кеткен аялдын гана эркек шариятка туура келбеген бир себеп менен үй бүлөсүн таштап кете турган болсо, аялдын койгон дооматынын негизинде, арадан бир жыл өткөндөн кийин казы (сот) ал жубайларды ажыраштырып коёт. Бүгүнкү күндөгү аалымдардын көз караштары боюнча да ушундай (караңыз: Nihat Dalgın, İslam Hukukunda Boşama Yetkisi, s. 166-167).
4 – Жер карата турган кылмыш жасагандыгынан улам эркектин абакка кирүүсү: ҮУМдин 80-пунктунда жазылгандай, эрди-катындын бирөөсү намыска тийип, абийирди кетирип, кадыр-баркы менен беделине доо келтире турган ж.б.у.с. жер карата турган кылмыштуулуктун айынан абакка кире турган болсо, анда анын өмүрлүк жолдошу ажырашуу талабын койгонго укуктуу.
5 –Башка себептер: Эркектин өз аялын өлтүрүүгө аракет кылуусу, күйөөнүн үйлөнөрдөн мурун жалган нерселерди айтып, аялын алдаган болсо, такыр эле аягына чыкпаган олуттуу маанайдагы пикир келишпестиктер ж.б.у.с. абалдарда аял казыга кайрылып, күйөөсү менен ажыраштаруу талабын коё алат.
Ислам дининде талак берүүдөн башка да ажырашуунун жолдору бар. Мисалы, аял күйөөсүнөн алган махирдин беделине ага белгилүү бир өлчөмдө мал-мүлк берип, күйөөсүнөн ажырашууну суранат. Күйөөсү да аялынын айтканына макул боло турган болсо, анда аял күйөөсү менен ажырашкан болуп эсептелет. Шарият боюнча үйлөнүүгө укугу жоктор (мисалы, жинди, балагатка курагына жетелектер ж.б.у.с.), же бири-бири менен үйлөнүүсү арам болгон адамдар (м: бир туугандар, бир тууганынын баласы ж.б.у.с.) үйлөнүп алышкан болсо, казынын аларды ажыраштырып коюуга укугу бар. Ошондой эле, эркек аялына зина кылды деген доомат коюп, ал дооматын төрт күбө (адам) менен далилдеп бере албаса, анда алар бири-биринин айткандарына (дооматтарына) каршы касам ичишип, акыр аягында ажырашышат.
Которгон: Шамшидин Маматкулов